Акгүл: Күн менен жашынмак ойногон кыз

  • 25.07.2025
  • 1160

АҢГЕМЕ

Акыркы күндөрү ээн үйдөгү сербейген эки караан түшүмө көп кирет. Алардын бири — алтымыштан ашкан таене, экинчиси — секелек небере кыз.

Агарып келе жаткан таң. Ак жайнамазда, башына ак жоолук салган улгайыңкы аял эки алаканын жайып, Жаратканга жалынып бата кылат. Жылтырап чыгып келе жаткан күндүн көзүн карап: «Жаратканга шүгүр, бүгүнкү күндүн көзүн көрсөттүң» — деп ичтен күбүрөйт. Ак жоолугун мойнунан чечип, жоолуктун учтарын байлабастан эле башына коюп коёт. Күн кызыгыча өрүк бакты аралап, түшкөн өрүктөрдү терип кырманга жайды. Бир өрүктүн түбүнө келип:

— Аа, жанибар, аябай бышкан убагың экен. Бөөдө асилден калып калбасын. Бүгүн Апаз менен сүйлөшөйүн, уулдарынын бири келип какпаса болбойт. Анан неберем экөөбүз эптеп терип, жайып алабыз, — өзү менен өзү кеңешти.

Чоң ак өрүктүн көлөкөсүнө коюлган саймалуу жыгач сөрүдө бул дүйнөнүн оома-төкмөсү, кайгы-касирети, түмөн түйшүгү менен иши жок, бейкапар секелек кыз уктап жатат. Жайкы күндүн нуру кыздын бетине жаба тийет. Кыз көзүн ача салып, кайра эле күн нурунан корунуп, көздөрүн жума калат. Күн менен кыз жашынмак ойной баштайт.

— Кана тапчы мени, — деп ак шейшепке кире качып, кичинекей жылчыктан күндү уурданып карайт.

— Мен сени көрүп турам! Кана, тапчы мени, — кыткылыктап күлөт.

Ак сарептен салынган шыбы бийик, бөлмөлөрү кенен эски үйдөн, ак тасмалга ак нанын ороп таене чыгат. Күн менен ойногон небересин ичи элжирөө менен эзиле карайт.

— Тур жаным, күндүн чыкканы качан! Чай ичели, — дейт.

— Таене, карасаң, мен күндү көрүп турам. Ал мени таба албай жатат, — кыз да эркелейт.

Таене ордунан туруп, үн алгынын үнүн көтөрдү. Жайкы эс алуудагы балдар үчүн таңкы берүү башталды.

— Ураа, ураа! Таңкы тамсил башталды! — кыз ордунан ыргып турду.

Ак тасмалдын четинде таене менен небере үн алгыны тыңшай, таңкы даамды сызышат. Балдар үчүн айтылган таңкы тамсилди тамшануу менен угушат. Андан кийин экөө айтылган тамсилдин маанисин чечмелешет. Андагы каармандар ушул эле айылдагы адамдар экенин, сабак болсун деп жаныбарларга алмаштырылып, каймана мааниде берилгенин аста түшүндүрүп берет.

— Кел таене, ушул тамсилди аткарып көрөлү, — небереси таенесинин жанын койбойт.

Радио кечке тынбайт. Таене менен небере саат канчада кайсы программа болорун жатка билишет.

— Таене, «Тапкан тапалак» башталганда чакырып кой, — кыз өрүк бакты аралап кетет. Балдар үчүн табышмак берүү берүүсүн абдан жактырат. Өрүктүн жалбырактарына жашынып, кайрадан күн менен жашынмак ойнойт. Анан ак көбөлөктөрдү кууп, оюнга тойбойт.

Кечке өрүк бакта ак көпөлөк менен куушуп ойноп, күн менен жашынмак ойногон кыз таенесинин койнуна кирип, үн алгыдан «Сыйкырдуу жомокторду» тыңдап, жомоктор дүйнөсүнө барып кыялданып же таенесине бир топ суроолорду берип уктап калат.

Кыз бойго жетти. Таене бейишке кетти.

Чыныгы жашоодо күн кыз менен көп жашынмак ойноду. Ак көпөлөктөрдү — ийгиликтерди кубалап жашады. Канчасына жетти, канчасы жеткирбей учуп кетти. Кыял бойдон калды.

Кыз да таенесине окшоп, жылтылдап чыгып келе жаткан күн нурун карап:

— Жаратканга шүгүр, бүгүнкү күндү көрсөттүң, — деп күбүрөп койду.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз