Акгүл: Жутулган үн

  • 02.06.2025
  • 667

Кыска трагедиялык новелла

Бала кезде анын көздөрү жайнап турчу. Үнү да бар болчу — тунук, эркин, өзүнө ишенген. Көз карашы түз эле болочокко багытталган. Ал күндөрдө үн — максат, көз караш — үмүт болчу.

Бирок келин болуп жаңы үйгө кадам таштаган күндөн тартып, үнү акырындап өчтү.

Кайненеси мындай деди:

— Акылдуу келин унчукпайт.

Ошол күнү анын максаттары жымжырттыкта жоголду. Окуусу да калды. Калем төшөлдү. Китеп жабылды.

Күйөөсү:

— Көп сүйлөбө. Өзүм билем.

Көз карашын эч ким сурабады. Ою менен пикири үнсүз калды. Айтса — угуучу жок. Ошентип, тынчтыкка оронгон каршылык да акырындап өчтү.

Бир ирет каршылык көрсөтүп көрдү. Бирок...

— Үнүңдү чыгарба, — деп күйөөсү ары түрттү.

Ошондо ал үнүн жутту.

Ачуу менен жутту.

Көз жаш менен жутту.

Үмүт, кыял, тагдыр — баары жутулду.

Кошуналар макташты:

— Үн-сөзү жок, жакшы келин.

Бирок эч ким байкаган жок — ал тынч эмес болчу. Ал үнсүз кыйналып жашап жаткан. Эч кимге өз үнүн угуза алган эмес. Жада калса өз энесине да...

Классташтарына, бала кезде чогуу өскөн курдаштарына да үн ката албады.

Өз үнүн өзү жутуп алган.

Бүгүн ал мылтык үнүн да жутуп кеткиси келди.

“Даңк!” — деген үн бөлмөнү жаңыртты.

Бир мүнөт... Бир көз ирмем...

Эгер ошол үндү да жутуп алса — баары мурдагыдай кала бермек.

Эч ким эч нерсе билмек эмес.

Бирок бул жолу болбоду.

Бул үн — акыркысы болду.

Ал үнсүз жашаган, бирок үнсүз өлө албаган аялдын акыркы үнү болду.

Эртеси таң атканда коомчулукка кабар тарады.

Социалдык тармактарда:

“Кызганычтан күйөөсү атып салыптыр” дешти.

Кошуналары: “Үнү жок, жакшы келин эле” дешти...

Бир гана энеси көз жаш менен күбүрөдү:

— Мен кызымдын үнүн укпай калдым... Ал мага эч нерсе айткан жок.

Жутулган үн — эми угулду. Тынч эмес. Трагедиялуу жаңырык менен.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз