Дүйшөмамбет Орозалиев: Зикир

  • 24.05.2025
  • 1884

АҢГЕМЕ

Болгон көр дүйнөсүн сатып, ал аз келгенсип жан дүйнөсүн да кошо сатып бүткөн соң баары бир жакка житип кеткенсип, мобереки борбор шаарда жайгашкан эң чоң базардын оозундагы бири чыкканга, дагы бири киргенге жол издеп бири-бирин жөөлөп, айрымдарынын көзү жайнай бактылуу жылмайып, башка бир даары кабактарына кар жаадыра жол бошоткулары да келбей үңүрөйгөн пенделерге толо демейде таң заардан кеч күүгүмгө дейре эл үзүлбөчү жол тоомунда бүгүн жылас болгондой жымжырт. Бул Улуу Ааламдын бейпилдигин чайыттай тийген Күндөн бөлөк байкай турган адам пенде турсун, жадагалса тирүү жан жоктой.

А өзүчү? Өзү ошондо тирүү беле?.. Селт эте түштү да, айланасын элеңдей карап, адам издей баштады Чырак. Оюна алданемелер келе түштү. Калган эл-журт каякка кеткен эме? Адатымча уктап калган эмесминби? Келинчегим Айгүл деле ойготпой кетип калганбы? Анан калса мобу жер базардын кире бериши беле же футбол стадионунун билет саткан жериби? Аа... Чек арадагы өтмөктүн темир түтүктөрдөн ширетилип жасалган тосмолору окшойт. Жо... Жок... Базар эле болчу бул жер...

Алда кайдан үзүл-кесил угулган жагымдуу аваздын доошу акырындап жакындай берди да анын ойлорун учуруп кеткенсиди. Чырак жандана түшкөнсүдү. Тигинде бирөө жүргөнсүйт. Классташы го. Шашыла колун сунду:

– Салам алейкум, кандайсың, эй, Матек?!

– Жакшы дос, өзүң?

– Кайдан, бу?..

– Бул жакта иштечүмүн да...

Билектен жоонураак темир түтүктөрдөн жаадай ийип ширетип жасалган катар-катар тосмолордун биринде чыканагына таянган Матек учурашкан колун оро-парасын көздөй шилтеп сөзүн улады:

– Орусиядан келгенден бери ушул базарда соода-сатыкта элем.

– Аа, бул базар беле? –деген Чырак өзү берип жаткан суроосуна өзү таң калды. Өзү сурагандай болгон жок эле. Бирөө түртмөлөгөндөй, эрксизден айтылып кеткендей сезим келди.

– Сен класстагы эң жакшы окуган бала элең го, качантан бери келесоо болуп калгансың, биздеги эң чоң базарды билбей калдың беле? Аңкоосубасаң калп эле.— Матек кичирек бетине анча жараша бербеген, кавказдыктардыкындай ашыкча чоң мурунун тырыштыра жылмайып, момолой чычкандан бетер көзүн төгөрөтө, элүүдөн өтсө да алигиче ак кире элек капкара чачын сыламыш болду.

– Ии, базар ушул эле да, ээ... Бул базарда эл көп болчу эле го, азыр эч ким көрүнбөйт.

– Ооба, ушинтип адам жок болуп калды бул заманда, — деп сөзгө аралашты бирөө.

Жалт караган Чырак Казакстанда соода-сатык кылып жүрүп тиги классташынан да эртерек кайтып келип, көп жылдан бери ушул базарда тиричилигин жүргүзгөн дагы бир классташы Азизтайды көрдү. Адатынча каалгадай тиштерин кашкайта, колун эки жакка жайып, ашыкча бышкан ышкындын акбаш боткогундай агарган башын бир жагына кыйшайткан бойдон күлүп туруптур.

– Берки Караш таксыр да иштечү эле, ээ, базарда? – деп сурады Чырак ал-жай сурашкандан кийин.

– Ал таксырыңдын ибадаттан колу бошобой, бейиштин камын көрүп жүрөт. Жакелең да ушул жакта болчу.

Эки теңтушунан башка классташтары жөнүндө да сурамжылаган соң Матекти бир аз тамашалаган болуп, дал ушул базар оозунан эле өр таяна тоону көздөй жөнөй берди Чырак.

– Макул, досум, тоого бараттым эле. Ийгилик каалайм силерге! Салам айт калган классташтарга!

Негедир ушул маалда андан башка киши деле көрүнбөдү, берки классташы кандай пайда болсо, дал ошол бойдон байкоосуз кайдадыр житип кеткенсиди. Бул базардын оозунан эле тоо башталганына таң кала, улам кылчая төмөн жакты карап, өйдөлөп чыга берди. Көп эле жол баскандай болду. “Айгүлтоого чыгып баратамбы?” деген ой келе калды. Чын эле кайсы тоого чыгып баратат болду экен? Кайдан келе жатканын, каякка жөнөгөнүн, эмне максатты көздөгөнүн эстей албады. Өзү деле ал жөнүндө билгиси келип, ары-бери көз чаптыргыча:

– Ассалоому алейкум, кунфуист! — деп салам айтты бирөө.

– Оо, Мырзаке, алейкума салам! — кубана алик алып кучакташа кетти Чырак. — Сиз да Айгүлтоогобу?

– Ооба,— деди адаттагыдай жүзүнөн нур чачкан, мээримдүү жылмайган калыбынан жазбай,— биз да эл катары чыгып келели.

– Эми сиздин киндик кан тамган жер да, тез-тез эле келсеңиз керек?

– Жок, кайдан. Мен мурда келген эмес элем бул тоого.

– Аа, жакшы анда, чогуу чыгышты насип кылган экен Кудай. Жүрүңүз, кыбырай берели.

Мырза сонун киши да. Өз кесибинин чебери. Врач. Канчалаган адамдарды дарылап, нечен үй-бүлөлөрдү ажырашуудан сактады. Көп пенденин сообуна калды. Бул ойлор сезиминде жылт эткени менен, жаңы эле кармаган балык булт этип колдон жылмышып, сууга түшүп таптырбай кеткен сымал азыр эле учурашкан кишини таппай калды.

Жаан жаңы басылган экен, жазгы топурак да башкача жыттанып турду. Тирүүлүк жыттанды. Жер деми сезилип, бетинен булоо чыгып атты. Бирөө жол көрсөткөн болуп:

– Бул тоодон тиги силер барчу тоого мобу жерден өтөсүңөр,–  деп кол жаңсады.

Ал жактан узундугу бута атымдай аралыктагы, эндүүлүгү жарым кулачтай, бийиктиги бир кулачтай келген, а тоо менен бу тоону бириктирип турган өтмөк жол ордуна ылайдан жаңы эле курулган пакса дубалды карап туруп калды. Паксадан курулган дубал дейин десе өтө эле эндүү, өтмөк жол дейин десе – ылайдан жасалган дубалдай. Жамгырдын сиңип кете элек тамчылары жаба төгүлгөн суудан бетер ылайды эзип сарыгып атканын көрүп, анын үстүнөн басып өтүп кетишине көзү жетпеди. Тайгаланган бойдон тээ төмөн көздөй бала кездеги муз үстүнөн жылгаяк тепкендей шуулдап түшүп кетеринен күмөнү жок эле. “Мындай эле оң тарабынан айланып өтүп кетсек болчудай” деп сапарлашына сунуш кылды Чырак. Анысы да макул болду.

Бир нерселерди кобурашып чыгып баратышты. Бирок өзү көрүнбөдү. Мырза бая жолуккан жерде эле калып кеткендей болгон. Анда мен ким менен сүйлөшүп келатам? Азезилби? Азирейилби? Ушул ой анын денесин чыйрыктырып жиберди. Бала кезде “паланчанын баласын шайтан азгырып кетиптир, канча күндөн кийин түкүнчө жерден табышыптыр, акыл-эси баштагыдай болбой калган имиш”, “түкүнчөгө арбак жолугуптур, паланчага кара мышыктын кебетесинде жан алгыч жолуккан имиш” деген сыяктуу балдар арасында айтылчу коркунучтуу имиш калптарга ишенип алган неме караңгыда тоодо мал издеген учурларында бир нерсе шырп этсе, аткан октой чымылдаган бойдон түзгө – айылга түшүп баса бергенин эстеди. Шаке досу мергенчиликке жалгыз барганын, айсыз түндө да эч нерседен коркпогонун, анын айтуусу боюнча кандай жандык болбосун, жырткычыбы, шайтан-шабырыбы – эмнеси болсо да адамдан коркорун, бу жер бетинде адамдан өткөн жырткыч да, коркунучтуу жандык да жогун, өзүнүн орто жаш курагында деле коркунчаактыгы дале бардыгын, Шаке досунун эр жүрөктүүлүгүнө тымызын суктанганын эстеди.

Бу жалган дүйнөдө ар пенде өлүмдөн коркуп жашарын, тирүүлүктө кылган бардык аракети да, ой-ниети да, ибадаты да дал ошол коркунучтан өзүн алаксыткан, өзүн-өзү алдаган жолойлору экенин эстеди. Негедир ушу саам анда коркуу сезими такыр жоголуп калгандай, жалган дүйнө өзүнүн толгон-токой азап-тозоктору менен чогуу башка чөлкөмдө калгандай сезилди. Анан адаттагыдай Шаке досу менен маектешип аткансып бала кезде атасынан уккан Тизген-Чым деген ашуудагы арык нугунун курулуш тарыхын айта баштады:

– Илгеркилер иштерман болгонун караң, эй. Аркы тоонун үстүндөгү тектирдеги айдалган буудайга суу чыгарыш үчүн тээ жети чакырым алыстагы алыштын башынан арык казып, тоо боорун кыялап жүрүп отуруп, бу тоо менен тиги тоонун ортосуна атчан адам чалгынын сабын учунан кармап жогору көтөргөнчөлүк бийиктикте чым тизип тоону өстүрүп, чоңойтушуп, үстүнөн арык алып өтүшкөн экен. Эми чымды да өгүздөргө жүктөп бир жарым чакырым төмөндөгү саздан чоң-чоң өгүз көтөргөн өлчөмдө кетмендеп чаап, анан ташып чыгышканына кантип ыраазы болбойсуң? Ошол жерге окшош экен. Жанагы өтмөк дубалы да арыкка окшошун карасаң.

– Билем кантип курушканын, ал мезгилде адамдар бир муштумга бириге алчу, бир сабактын данындай ширелишип ынтымак болчу,– деди тиги көрүнбөгөн неме.

Чырак андан мунун баарын каяктан билерин же анын өзүнүн ким экендигин сурагысы келип улам жүткүнгөнү менен негедир тили күрмөөгө келбеди. Тоого чыгып баратканда өпкөсү көөп суусаган учурлар мурда болгону менен азыр чарчагандын дайыны жок, жөн эле суу ичкиси келди. Жаандан кийин чоң жалпак таштын үстүндөгү кеседей, табактай чуңкурчаларга көлчүк болуп суу толуп калчу эмеспи, ошондон эңкейе ичип алганымда жакшы болот эле деп ойлогон Чырак эки жагын элеңдей издеди да, чоң таш түгүл жылан өлтүрөргө таш табылбасын түшүндү.

– Суу табылат, азыр,– деп койду тиги көрүнбөгөн неме.

Айгүлтоого ай чыкканда ачылган, коңгуроого окшогон желбүүрү бар, анысы да кызгылтым келип, көз жоосун алган кооз гүлдү, Айгүл гүлүн көргөнү бараттым беле? Эл ай чыкканда, түнү менен барып ай батканга чейин ошол керемет кооздукка суктанышчу экен, а мен күндүзү келип алганымы карасаң. Чырактын бул ойлорун тиги көрүнбөгөн неменин:

– Эч ойлонбо. Алдыда Айгүлдөр толтура кездешет,– дегени бузуп жиберди.

Тик беттен чыгып баратканда Чыракты бирөө жөлөп-таяп, керек болсо көтөрүп алып чыккансып, желге желпилдеген камгактай жеңил өйдөлөп, канаты бар немедей тез эле тоонун чокусунда туруп калды.

Тигинин кылганы экенин түшүнүп эле тим болбой, эми анын бир тууганындай, жакынындай сезилгенине таң кала, эң бийик чокудан өрөөнгө тегерете көз чаптырды. Пай-пай... кандай ажайып жер. Чырактын балалыгы өткөн аймакка абдан окшошуп турду. Тоолору да, тектирлери да дал өзүндөй болбосо да кыйла окшош эле. Өз айылына келе элегине жыйырма бир жыл болуптур. Өзгөрүп кеткенби? Ушул тоолордо нечен жолу ат аркандап, кой кайтарып, бээ айдап жүрүп чоңойбоду беле. Бирок бул жакта күз келип, жыйым терим бүткөнү көрүнүп турат. Талаада буудай тептегиз орулуп, бир тал саман же бир даана дан калтырбай жыйналганына таң калды. “Адамдар ушунчалык сарамжал, ашкере жоопкерчиликтүү болуп калган бейм” деп ойлоду.

– Суу ичем дебедиң беле. Тигине суу,– тиги көрүнбөгөн неме оң жактагы үч-төрт жыйналган буудай талаанын ортосунда алыстан көкмөк болуп көрүнгөн көлдү, сол тарабындагы чоң талаанын четиндеги андан чоңураак көлдү көрсөттү.

Аттын оозун коё берди Чырак. Бала кезде көчүгү ээрге тийер замат мындай ээн талаада атты жиниктире чапчу эле. Азыр да ошондой чапты. Бирок аты да көрүнбөй, көрүнсө да суудай түссүз сезилди. Суудайбы же айнектейби, иши кылып тунук атты биринчи жолу чапты. Болгондо да жиниктире чапты. Ат кебетесиндеги суу дейбизби же суу түстүү ат дейбизби, айтор куюлуп кетмек турсун жылт-жулт эте күнгө чагылыша бир ажайып сөлөкөт чуркап баратты. Көз ирмемде жетип барып, тоонун башындагы мөңгүлөрдөн башталган булактар куйган көлдөгү суудан ичип да, көлгө чумкуганга да үлгүрдү. Анан заматта тигил көлгө чү койду. Бул жерде көл жээгинде музыканын доошу шаңдуу жаңырып, шаан-шөкөттүн, тойдун үстүнөн чыкты.

Бийлеп аткан кыздар бир башкача аппак адеми көйнөктөрдү кийишип, европалык түспөлдөшкөн кыздар көк, жашыл өңдөгү кыргыз оймолуу чыптама жана ошого окшош үкү топу, азиат түспөлдүүлөрү кызыл чыптама жана кызыл топу кийип алышыптыр. Бардыгы ырдап-чоордоп, көз тумандаткан жаштыктын деминенби, улуу ырахатка балкыганбы, келген адамды байкачу деле түрү жоктой. Жүздөрү албырып, тагдырдын мындай белегине бардыгы ыраазыдай. Тегерете тизилишип, айлана бийлеп аткандардын катарында куйругуна тик туруп алган, чоңдугу тогуз кабат үйдөй, өзү да жоон жолпу, кит кебетеленген дельфин да бийлеп жатты. Сууда бийлегендерин кинодон же интернеттен көргөнү менен кургакта бийлеген дельфинди биринчи көрүшү. Жакын турган көлдөн чыгып келди дейин десе, дельфин деңизде болчу эле, бу тоонун арасындагы көлгө кантип келгенине акылы айраң. Бир маалда өзү ага минип алганын байкады, тиги болсо локулдап бийлеп жатты. Жылмышпай кантип кармалганына таң калып, дельфиндин бийинен улам Улуу суфийлер Тамашена ажы менен Авла ажынын деңиз аркылуу Мекеге баратканда кемедеги маектешкенин эстеди:

“Кеме менен деңизде сүзүп баратканда Тамашена ажы Авлага тапшырмаларын берип жатып:

– Ар бир Устаттын бир эле шакирти болот. Убактысы келгенде ал өзү да Устаз-шейх болот. Ошол убакыт-саат сага келди, уулум. Мен билгенимдин баарын сага бердим. Сен эми өз мектебиңди түзүп, өз окууларыңды андан ары улантып алып кет. Мен карыдым, акыркы жолу Меккеге баратам, Алла мени чакырганда Чеченстанда болом, бирок өз денем менен ыйык жерге көчүп жай алам. Сага денеңди өзүң туулуп өскөн жериңде берүү тагдыры пешенеңе жазылган, Алла ошондой буйруган, сен аны билесиң. Биздин рухтарыбыз ар дайым баягыдай эле сүйлөшүп, сен зынданда отурганда окуп үйрөнүп, денеңди багындыргандагыдай эле өз ара мамиледе болот. Эми муну карачы!

Тамашена ажы деңизди көрсөттү. Дельфиндер кеменин жанында шакекче түзүп алышып, өздөрүнүн чынжырдай катарларын үзбөй, абдан сонун секирип атышты.

– Көрдүңбү?— деди Тамашена ажы, – Бул менин бийим, мюриддер үчүн кылган зикирим, эми сен да өзүңдүкүн кылышың керек.

– Макул, – жүзүндөгү ыраазычылык жана олуттуу көз караш менен Авла жооп берди, – мына, бул менин зикирим.

Колу менен ошол эле жерге жаңсады эле, ошол шакекче түзгөн дельфиндердин ортосунда бул акылдуу жаныбарлардын башка үйүр тобу пайда болуп, тик өйдө мамыдай секирип, түз кайра куйругу менен сууга чумкуп кирип бийлеп жатышты. Бул өтө шайкеш жан таң калыштуудай кооз, эки көз карандысыз дельфиндердин эки башка бийи[1] эле.

Чырак бул тасманы эстутумунда тегереткиче, үлбүрөгөн үлпөт көйнөкчөн перидей сулуу кыз аярлай басып, күйөө-баланы ээрчий маңдайынан чыкты. Жүзү билинер-билинбес уялыңкы кызарганы менен айланага аппак шоола чачып, нур жаап турду. Үлпөт көйнөгүнүн ийин тушундагы ашемделген ак матага кошула чачыраган ак шоола кош канаттай болуп, айдан түшүп келген аппак периштедей көрүндү. Бөрсөйгөн эринине, муңайым көзүнө кумарлуу тигилген Чырактын көзү оттой балбылдады. Ууртунан жылмая, оозу азырак ачылган калыбында кантип сулууга колун сунганын байкабай калды. Алгач жыйрыла берип, айланадагы көп адамдардын бирине алаксып калганы эле болбосо, ар дайым өзүн адептүү алып жүргөн түгөйүн бир карап алып, кайра бул ышкылуу жапайы чалышка таң кала эрксизден тигилген кыздын назик кыймылы Чырактын “билигин” тамызды. Алоолонгон көзү анын чоло жерин калтырбай сугалактана “өпкүлөп” жиберди. Кыздын да көзү жайнап, бети чоктой кызара түштү да, жигиттин кумар отунун табына арбала колун сунганга камынып жүткүнө берди. Ошол учурда бурула калган түгөйү колунан кармап өзүнө тартса да болбой, Чыракка карай мойну кайрыла тиктеген бойдон аргасыздан жигитинин артынан кадам шилтеди.

– Оюңда бир көрүп сүйүп калдым деп турасыңбы?— деди көрүнбөгөн неме,– Айбандык ышкы-кумарыңды, деги эле напсиңди ооздуктай билгениңде гана чыныгы сүйүүгө кезигесиң. Нике Кудай тарабынан гана буйрулган. Нике кайып дегенди уктуң беле? Кудайдын мыйзамдарына каршы чыккан пенде ошого жараша жообун аларын эсиңден чыгарба!

Сунулган колун тартып алганды унуткан Чырак шаңдуу жаштар менен айланасы курчалган бойдон узап бараткан түгөйлөргө улутуна карап калды. Ичи ачыша түштү да, эңкейе калып колуна урунган ылайдын каткан кесеги менен кыздын болочок күйөөсүн уруп жиберди. Жаштар чурулдай түштү. Күйөө бала топтон суурулуп чыгып Чыракка атырылды.

– Ыктыяр өзүңдө, не кылсаң да өзүң бил, бирок Кудайды унутпа! Кандай иш кылсаң да ошого жараша Кудайдан жаза же белек аларыңды билчү элең го?— деди көрүнбөгөн неме.

– Жанагы периште үчүн кандай жаза болсо да макулмун,– деди Чырак.

Эки бүктөп коюшка көзү жетип турса да Чырак эрксизден качып жөнөдү. Анысына өзү да түшүнбөй чуркап баратты. Тиги да жаалданып артынан кубалап алды. Улам колуна тийген кесек менен топуракты аралаштыра уучтап, кууган немени ургулаган бойдон темир тепкич аркылуу өйдө чыгып баратты. Ал да артынан калбады. Кабат үйлөрдүн батирлерине көтөрүлгөн тепкичтердей болгону менен жалаң темирден ширетилип жасалыптыр. Канча кубалашты ким билет, өтө жогору чыгып кетишкенби, бир маалда караса экөөнөн башка эч ким көрүнбөйт. Качып баратып тепкич түбүнө көз жүгүртсө, тээ төмөндө түбү жок карарган туңгуюктан башы айланды. Кабатын да, убакытты да эсептешке шаасы жетпедиби, айтор, тепкич аркылуу коюу туманды көзөп өтүп кетишти кубалашкан бойдон. Дагы эле чыгып баратышты. Булуттар тээ төмөндө көрүнбөй кыбырап, жер деле алыс калгандай болду. Көптөн кийин тепкич түгөнүп, кененирек аянтчага чыгышты. Жете келген неме озунуп, жакалаган менен бир силкип эле Чырак тигинин үстүнө жыгылды. Анысы да чачы Пушкиндикиндей тармал, өзү кара тору болгону менен ынды каралардан агыраак келип, бет түзүлүшү өспүрүм кыргыз баланыкындай тегерек эле. Сол колу менен жакасынан муунта кармаган Чырак жанагы периштени буга такыр эле ыраа көрбөй,тегерек бетти демейдегиден катуу түйүлгөн оң муштуму менен былчылдата жанчып салгысы келди. Муштай берерде көрүнбөгөн неме:

– Урба аны! Ал деген принц да!— деп жиберди. Токтой калган Чырак:

– Бул кайсы падышанын баласы?

– Одиссейдин баласы Телемах да...

Колун тез эле бошоткон Чырак негедир суроо үстүнө суроо жаадырып да, кечирим сурап да жиберди:

– Кадимки легендарлуу Одиссейдинби? Оо, жакшы атанын баласы турбайбы. Канча азап-тозоктон сынбаган, баатыр, акылман падыша го. Энеси да мыкты аялзаты да. Одиссейди жыйырма жыл бою аруулугун жоготпой күткөн Пенелопанын баласы турбайсыңбы, ээ? Мени кечирип койчу, алганың менен бактылуу бол, өзүңө эле буюрсун! Керек болсо өмүр бою кызматыңды кылайын, кечирип койчу?!

– Мына эми өзүңө келдиң, — деди көрүнбөгөн неме.

– Сен кимсиң, өзү?— деп суроого батынды Чырак.

– Сен бир нерсе издеп жүрдүң беле?— деди көрүнбөгөн неме.

– Ушунчалык бийикте белең?

– Бийикке чыктым деп ойлогонуңда эле жоготтум дей бер...

– Тереңдесиңби, анан?..

– Тереңге үңүлө алдым деп ойлосоң деле жоготосуң...

– Ойлобош керекпи эч нерсени?..

– Ой бар жерде напси бар. Напси бар жерде мен көрүнбөйм.

– Ойлобой кантип жашамак элем?..

– Көөдөндү көөлөй бил.

Алыстан үзүл-кесил угулган жагымдуу аваздын доошу күчөп, жакындап келатты. Улам жакындай берди да, капыстан эле аялдын үнүнө айланып кетти.

– Ало. Айгүлсүңбү? Бул мен Айгүлмүн. Ии, жакшы. Кудайга шүгүр. Өзүң кандайсың? Аркы тил саткан Айгүлгө айтып койчу, уйдун тилинен төрттү даярдап койсун. Айгүл сен дагы кабыргадан алты кило, сулп эттен он алты кило даярдап кой, ээ? Макул, мен он экилерде барып калам. Тигиним түн бир убакка чейин китеп окуп, анан кыйратып койгонсуп түшкө чейин уктайт да. Хе-хе. Ооба, ошондой, хе-хе. Мен го жерге жарык киргенде эле турам.

“Аялым Айгүлдүн үнү го” деп ойлоду Чырак. “Бул каяктан чыга калды асманга, мындан алыс кете албайт экемин го, бул жакта да базар бар беле?, Айгүлдөр толтура жолугат деп атты беле?, Айгүл, Айгүл, Айгүл деп тим эле зикир чалып аткандай го” деп ойлоду.

Көрүнбөгөн немеден дайын жок. “Ой бар жерде мен жокмун деп атты беле?” деп ойлоду. Керебеттин кычыраганын укту. Жумшак кадамды туйду да, аялы аны ойготуп албас үчүн аярлаган мамилесине ичи жылыды. Төшөктөн чыгарып жаткан колунун үшүп калганын, муштуму түйүлүп турганын сезди. Көзүн ачкысы келбей бир топко жатты. “Айгүл, Айгүл, Айгүл” деп ичинен кайталап атып жылмайып алды. Өмүр бою ошентип келиптир. Алла, Алла, Алла деп зикир чалганда балким башкача болот беле... “Таза ниет дагы, ак эмгек дагы, эч кайтарым сооп күтпөй жасаган жакшылыктар дагы зикир кылган менен барабар” деп кайсы бир китептен окуганын эстеди. Өзүнө караганда Айгүл көбүрөк зикир кылат тура деп ойлоду.

Турары менен терезеге басып барды. Зикир кылып аткан дербиштен бетер экинчи кабаттан да жогору асманды карай кулачын жайган өрүк бактын тартайган бутактары туманды теше сайып турганын көрдү.

[1] Бул баян А.В.Крутиковдун “Арсэль” аттуу чыгармасынан алынды.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз