Рысбек Эшматов: Кубатбек Жусубалиевдин чыгармачылык сыры

  • 10.03.2021
  • 4410

Кыргыз адабиятында терең психологизмге каныктырылган чыгармалар жазуучу К. Жусубалиевге таандык. Жазуучунун кыргыз прозасына кошкон жаңычылдыгы – өнүккөн адабияттарды өздөштүрүү аркылуу модернисттик, постмодернисттик дүйнө таанымды, стилдик өзгөчөлүктөр менен ыкмаларды кыргыз прозасынын топурагына көчүрүп келгени. Бул көрүнүш анын «Муздак дубалдар» романында айрыкча терең байкалат. Романда жазуучу «өзүн өзү талдоо» (самопознание, самоанализ) ыкмаларын жакшы колдонгон; бул болсо батыш адабиятында «аң-сезим сели» (поток сознания) деп аталган адабияттагы агым, ыкма катары белгилүү. Бул агымдын ири өкүлдөрү болушкан Марсель Пруст, Джеймс Джойс сыяктуу жазуучулар философиядагы жалпы эле «бейаң» жөнүндөгү окууларды колдонуу менен адамдын менталдуу дүйнөсүнө басым жасашып, жан дүйнөнүн (психиканын) мыйзамдары – бейаң көрүнүштөрү эске алынууда – адам жашоосунда өтө ачык, рельефтүү көрүнөрүн байкашып, адам баласынын бул менталдуу дүйнөсүнүн өзгөчөлүгүн, башкача айтканда, адамдын ой жүгүртүүсүнүн татаалдыгын көркөм чагылдырып, кармап берүүгө аракет кылышкан.

К.Жусубалиевдин чыгармачылыгына баш багып, жазуучунун көркөм дүйнөсүндөгү адабий түштөрдүн психологиялык табияты жөнүндө сөз айтардан мурда, жазуучунун жазуучулук манерасынын өзгөчөлүгүн – стилдик бөтөнчөлүктөрүн, көркөм дүйнө жаратуудагы колдонгон методдору менен принциптерин туура баамдап, туура түшүнүш үчүн, деги эле жусубалиевдик көркөм дүйнөгө ичкериден кирүүгө жол табуу максатында адабиятта модернисттик эстетиканы жаратуучулардан болгон Марсель Прусттун чыгармаларындагы көркөм методдор жөнүндө теориялык деңгээлде сөз айткан белгилүү филолог, котормочу Б.А.Грифцовдун пикирин узагыраак болсо дагы параллель келтирүүнү эп көрдүк.

«Прусттун романында «каармандар» жоктугун бир жолу туура белгилешкен, анын жалгыз каарманы эстутум болуп саналат, анын предмети – мезгил. «Издөөлөр» – эстутум жөнүндөгү роман. Адам практикалык пайдасын же ырахатын издеп, азырынча бир нерсени бөлүп-жарып кабыл алып жатса, ошого чейин анын кабыл алуусу бурмаланган абалда болот. Чыныгы таанып-билүүнү эстутум гана бере алат, тагыраагы: эрксизден болгон эскерүүлөр гана бермекчи. Эскерүүлөрдүн эрксиз байланыштарынан Прусттун китеби келип чыккан, предметтердин көптүгү боюнча ар түстүү, байкоолор, эскертүүлөр, бурмалоолор, бардык кайрылып келүүчү анча көп эмес байкоолорго көңүл бурулган. Бирок жазуучунун маселеси – бул анча көп эмести өзүнчө бөлүп чыгаруу эмес, көп менен дайым аралашып, ошол нерсенин жүргөнүн, бар экенин көрсөтүү. Ал негизги мотивдерди алып чыгып көргөзбөйт, алардын кармалышын өздөрүнө калтырат.

Маңызында, көңүл бурдуруучу эскерүү коштоп жүрүүчү, биздин алдыбызда «автоматтык жазуунун» сейрек учуроочу көрүнүшү. Мындай учурда жашоонун ар бир кичине учуру эбегейсиз өсүп отурат. Эгер аң-сезимдин мазмунун каалаган мезгилде кагазга түшүрүүгө туура келсе, ал кандай маани-маңызсыз болгон күндө деле, бул жазуу сансыз барактарды коротууну талап кылат. Эгер жазуучу бул автоматтык жазуу принцибин өзүндө өздөштүрүп алган болсо, баяндоонун бүт темпи башкача боло баштайт. Чынында эле Пруст башка жазуучуларга өтө эле аз окшошот. Адатта жазуучу өзүнүн психикалык агымынын бийиктиктеринин аз гана бөлүгүнөн маалымат берүүнү зарыл деп эсептейт. Жазуучу аз эле нерсени тандап алат, жашоо романдын беттеринде баш айлантар тездик менен зуулап өтөт. Пруст «жай жылуу» менен иштейт, бир дагы таасир обочолоно өтүп кете турганынан коркпой туруп, таптакыр дал келбей тургандай болгон, бирок дайым тутамдашып байланышкан ар түрдүү аң-сезим мазмундарын микроскоптуу изилдейт.

Ушундай автоматтык жазууларда гана ар түрдүү, кээде ар түрдүүнүн толугу боюнча карама-каршысына чейинки психикалык тенденциялардын бир мезгилдердеги кайчылашуулары көрүнө баштайт, буга чейинки ойлорду жиреп өтүп, капысынан эле ойлордун багытталган жүрүшү түйшөлүүлөрдүн түйүндөрү кармалбай сыйгаланып жаткансыгандай болгон, кандайдыр бир керексиз жактарды көздөй кетип жаткансыйт. Ушунда гана психиканын агымдуу келери көрүнө баштайт. Ушул принципте Прусттун эң эле маанилүү жетишкендиги. Анын жанында чоң психологиялык мектеби бар жазуучулар баяндоолоруна канча бир фактыларды киргизишпесин, статистикалуу боюнча кала беришет. Көз алдыдан ар кыл предметтер өтөт жана өзгөрөт, бирок көз караш ошол өзгөрүлбөгөн боюнча кала берет. Пруст бул жалпы кабыл алынган адабий шарттуулукту жеңип өтүүгө аракет кылган. Сезим удургуткан түйшөлүүлөрдү анын өзгөрүлмөлүүлүгү менен кармап бергиси келген, өзгөрүлмө процессине түздөн-түз жетелеп алып барган, баарынан мурда ал өз алдына ушундай маселе койгон».

Аң-сезим сели аталган бул стилдик ыкманы алгач кыргыз адабиятына Кубатбек Жусубалиев «Муздак дубалдар» романы менен алып келди. «Автор сырткы дүйнөгө эмес – кейипкердин ички дүйнөсүнө көбүрөөк көңүл бурат. «Муздак дубалдарды» окуп жатып, каармандын сырткы турмушун анчалык таасын көрбөйбүз, тескерисинче, анын ойлору, сезимдери, болгондо да түнт сезимдери (подсознательное – көмүскө аң-сезимдери) алдыңкы катарга чыгат» – деп, бизге чейин Жусубалиевдин чыгармачылыгын системалуу караган М.Токтогулованын жазган жыйынтыгында туура байкоолор бар. Анда, каармандын ошол ичкери турмушунда өтүп жаткан ойлорун, сезимдерин, болгондо да, жан дүйнөсүнүн күңүрт түпкүрүнө чейин жол салып, көмүскө аң-сезимине чейин изилдеп көрсөткөн ички дүйнөсүнүн татаал жактарына, көрүнүштөрүнө чейин чагылдырып бергенге автор кантип жетишип жатат? Буга жазуучу дүйнөлүк адабияттагы ушундай стилде жазылган модернисттик, постмодернисттик жазуучулардын, агымдардын чыгармаларын, ыкмалары менен методдорун чыгармачылык менен терең өздөштүрүүнүн натыйжасында жеке өзүнө гана мүнөздүү «жусубалиевдик» стиль иштеп чыгуу, жаратуу аркылуу жетишкен.

Бул стиль алды менен тилдик каражаттардын эсебинен калыптанары байкалат, башкача айтканда, автор тилдеги адабий тил жана диалектизмдер катары туруктуу нормативдерге ээ болгон көрүнүштөрдү бузуу жолу менен, чыгармаларында адабий тилди диалектизмдер менен байытуу же диалектизмдерди жыш колдонуу аркылуу, тилдеги иштелип чыккан семантикалык, грамматикалык эрежелерди эске албай туруп, жаңы сөздөрдү, жаңы конструкциядагы сүйлөм түзүлүштөрүн зордоо жолу менен киргизүү аркылуу, салтка айланып калган туруктуу көркөм эрежелерди, стилдерди, түрлөрдү, калыпка түшүп калган көрүнүштөрдү бузуу жолу менен өзгөчөлүү дүйнөсүн чагылдырар өздүк стилин жараткан. «Муздак дубалдар» романынан мындай стилдик көрүнүштөрдү каалашыңызча тапсаңыз болот: чыгармада салттуу стилде курулган сүйлөмдөр менен бирге тилдик эрежелерге, нормаларга сыйбаган чубалжыган түзүлүштөгү сүйлөмдөр кездешет, адабий стилдеги сөздөр менен оозеки стилдеги сөздөр аралаш берилет, вульгардуу (орой) сөздөр кездешет, диалектизмдер жыш колдонулат, диалог түрүндө берилүүчү (эки кишинин сүйлөшүүсүн туюндуруучу) сүйлөмдөр жөн эле кара сөз түрүндө (текст катары) берилет. Автор фольклоризмдерди тилдик каражат катары колдонуу менен да өз чыгармачылыгына стилдик өзгөчөлүк жарата алган.

Натыйжада, туруктуу сөз айкаштары, фразеологиялык ширешмелер, макал-лакаптар бузулбаган калыбында да, бурмаланган абалында да жазуучунун чыгармаларына өтүп, алар чыгармаларды өзгөчө бир поэтикалык көрүнүштөргө ээ кылуу менен, экинчи жагынан тилдик арсеналдарды да жаратып турушканын байкаса болот. Жусубалиев жөнөкөй нерсени деле татаалдаштырып, табышмактатып, каймана-метафоралык мааниге келтирип, кээде подтекст аркылуу жарым-жартылай психологияга чулгап берип, өтө эле күчөтүп жиберип, таптаза эле символдоштуруп салып, тумандатып салмай да адаты бар – бул да Жусубалиевдин стили. Автордун ошол татаалдатам, табышмактатам деген ашкере аракетинен улам чыгарманын семантикалык мааниси окурмандын аң-сезимине жетпей калган учурлар жусубалиевдик прозадан көп эле кездешет. Жазуучунун табышмактуу сүрөттөөгө кызыгуусу артканынан кээде сөз оюнуна берилип алганы байкалат. Чыгармада аң-сезим селинин улам жаңырып, улам өзгөрүлүп, улам жыйылып, удургуп келчү ыргагын, өзгөчөлүгүн, бүтүмүн же агымын бузбай бериш үчүн – үтүр, кош чекит, үтүрлүү чекит, анан барып сызыкча, анан кайра үтүр, анан кайра үтүрлүү чекит сыяктуу болуп уланып кете берүүчү пунктуациялык символдордун эсебинен улаштырылуучу, эгер ашыра айтпасак, романдын жарым, бир жарым, эки бетине чейин чамалап барса дагы чынжырлары үзүлбөй сакталуучу, эч бир тилдик эрежеге баш ийбеген автоматтык маанидеги образдуу айтканда, башы ат чабым алыста калса, аягы эми бир чай кайнам убакытта барып бүтө турган эң эле узун конструкциялык курулушка ээ сүйлөмдөр да кездешет.

К.Жусубалиевдин чыгармаларында өнүккөн психологизм адабий метод катары доминанттуулук жүргүзөт. Бул албетте, жазуучунун чыгармаларынын психологизмге каныктырылганын окурманга баамдатып турат; чыгармалардын өтө эле психологиялуу болушу жусубалиевдик прозанын стилдик өзгөчөлүгүн да билдирип турат. Өнүккөн психологизм аркылуу Жусубалиев каармандарынын ички дүйнөлөрүн терең ачып бергенге жетишкен. «Чыгармадагы психологизмдин мүнөзү көбүнчө каармандын түрү менен да аныкталат» , – деп белгилеген М.Токтогулова авторефераттык эмгегинде. Чыгармадагы каармандын түш көрүүсү, адабий түш чыгармадагы психологизмдин мүнөзүнө жараша талданат же ачылат. Адабий түштү аныктоодо каармандын түрүн аныктоо – адабий түштү талдоодогу негизги маселе: жусубалиевдик көркөм дүйнөнү жалпысынан алганда деле, азиз кемпирдин эскирген кинолента сыяктуу үзүк-үзүк түштөрү, Рамандын атасы жөнүндөгү кусалуу түшү, же Жижи үчүн жазылган жомоктордун тогузунчу түрмөгү болгон «Метаморфозадагы» (сюжетсиз новелладагы) лирикалык «мендин» айлана-тегерегин жалбырттап жалмаган өрттүн чок ортосундагы аянтчада калган коркунучтуу түшү, же ушул эле «аккан арыктын баласынын» (Арыковдун) бир нече калаты түштөрү (роман бүткөнчө баш-аягы беш жолу түш көрөт же түшүн айтып берет), анан Кожожаштын психологиясына байланыштуу түштөр, качан Кожожаш аскага камалып калганда, Карыпбай карыянын аян катары көргөн түшү – ушул онейростук мотивдер (каармандардын көргөн түштөрү) жусубалиевдик көркөм дүйнөнү дагы терең психологиялуу көрсөтүү менен, чыгармалардын системаларында көп кызматтарды аркалап турат.

Жазуучу чыгармачылыгынын башталыш мезгилинен тартып эле өзгөчөлүү мүнөздөгү каармандарды жаратуу түйшүгүндө болгону байкалат. Алар эл арасындагы даанышман адамдар – кексе карылар: азиз кемпир, Жамбынын кайнатасы, Толубай сынчы, чоорчу чал, Уулбай абышка жана өтө сезимтал, өтө баёо балдар, дагы, эр мүнөз-кумарпоз Кожожаш мерген менен Эргеш улакчы; кырдаал адаштырса да тазалыкты, адамдыкты сактап калышкан Анархан, Жамбы сыяктуу каармандар.

Жазуучунун өзгөчөлүү каармандарынан кийинки жаралаар жаңы каарманы жазуучунун кийинки изденүүсүнүн борборунан орун алары мыйзамдуу көрүнүш. К.Жусубалиев мурунку каармандарынан да өзгөчөлүү келген каармандын жаңы түрүн кийинки чыгармасында (1969-ж.) – «Муздак дубалдар» романында жаратты. Романдын башкы каарманы – Арыков. Марсель Пруст да (он бир томдук) романынын башкы каарманын Марсель деп атаганы менен адабиятчылар Прусттун романында «каармандар» жок экенин белгилешкен сыяктуу, К.Жусубалиевдин да чыгармасынын башкы каарманы – эстутум; башкача айтканда, эскерүүлөрдүн эрксизден болгон ассоциативдүү байланыштарынан келип, «Муздак дубалдар» романы жаралган, себеби Жусубалиевди, биринчи кезекте, адамдын менталдуу дүйнөсү – аң-сезим сели, адам психикасынын өзгөрүлмөлүү агымдары кызыктырган.

Жусубалиевдин романындагы башкы каарман баяндоочу тарабынан, бир туруп «аккан арыктын баласы», бир туруп «Арыков» деп аталып жатышы да бекеринен эмес, аң-сезим селинин тынымсыз агымын изилдөөгө ылайыкталып жазылган, романдын өзгөчөлүү табиятына жараша, башкача айтканда, башкы каармандын атына автор аң-сезимдүү түрдө символдук маани ыйгарып жатканы. Себеби романдын жалпы түзүлүшүн жол жүрүү, кыймыл сыяктуу мотивдер уюштуруп жатканы да ошол башкы каарман Арыковдун жан дүйнөсүндө өтүп жаткан ой-агымдардын өзгөрүлмөлүү табиятына байланыштуу (аккан арыктын баласы – Арыков болуп жатканы – дайым суудай болуп агып, жаңырып, тазаланып туруучу ойдун, санаанын, изденүүнүн адамы экенинен ишарат кылып жатканы). Ошентип, романдын жалпы сюжеттик структурасын негизги кейипкердин башынан өткөргөн бир күндүк окуясы түзөт – Арыков атасын тосуп алыш үчүн эртең менен үйүнөн чыгып автобекетти көздөй аттанып, ал жактан атасын жолуктура албай кайра үйүнө кайтып келгенге чейинки жол жана атасы айылдан шаарга келип, кокусунан өлүп, атасынын мурдасын кайра айылга алып бараткандагы жол – тагдырындагы мына ушул жолдорду басып өтүп жатып айлана-чөйрөсүндөгү адамдардын бири-бирине, өзүнө жасаган мамилелерине, коомдогу сан түркүн көрүнүштөргө, өзүнүн ички дүйнөсүндө өтүп жаткан карама-каршылыктуу сезимдерге, ойлорго, эскерүүлөргө көңүл бурат, ошолордун нагыз маанисин, түпкү тереңин, негизги өзөгүн кармап калгысы, түшүнгүсү келет, демек, өзүн өзү таанууга умтулат.

Арыков – өтө сезимтал, өтө байкагыч, өтө изденгич, ошол эле мезгилде жан дүйнөсүндөгү карама-каршылыктуу ойлордон, сезимдерден улам өтө кыйналып жашаган татаал жан – коомго иришип кете албаган, обочолонуп жашаган, пассивдүү адам, чыгармачыл инсан. Баяндоочу анын адамдык касиетиндеги бул өнүмдүү-өнүмсүз жагдайды чоң энесинин өзү жөнүндө айткандарын эскерүү катары романда бир нече жолу баяндап-айттыруу менен куп гана белгилеп, ачып берет (ошолордун бирин мисалга тарталы): «...Анан туруп бул оюнун, баятан бери ойлогондорунун баары бир пулдук экендигине абдан кыжыры келди. Бечара энеси айтып калчу эле: тиричиликтин өөдөсүндө жок, же ылдыйында жок немелер ошондой кур санаачыл болушат. Эми Кудай Тааламдын амири менен бир адам болуп калгандан кийин бир неменин өтөөсүнө чыгыш керек да, ошентип жүрө бергендин ордуна». «ХХ жүз жылдыктын бир катар адабий чыгармалары психологизмдин жаңы жана өтө эле оригиналдуу формасына ээ болушту. «Аң-сезим селин» кайра жаратуучу аталган көркөм принцип өзүн бекемдеди» , – деп белгилеген адабиятчы В.Е.Хализев. Прусттун романдарында кейипкердин аң-сезими кейипкердин таасирлерине, эскерүүлөрүнө жана элес-кыялдары жараткан элес-сүрөттөргө таянарын, ал (аң-сезим) кайсы бир аракеттерге умтулуудан эркин болорун, курчап турган реалдуулукту кайсы бир жактарга сүрүп таштоо менен «дүйнөдөн сактануучу, калканыч» (убежище, защита от мира) катарында көрүнөрүн, ошол эле мезгилде сырткы реалдуулукту өзүнө таандык кылып, жутуп алуучу нерсе экенин С.Г.Бочаров белгилеп өткөн.

Ошого ылайык, В.Е.Хализев «Во французском «новом романе» 1960–1970 годов (А.Роб-Грийе, Н.Саррот, М.Бютор) постижение и воссоздание нескончаемо текучей психики приводило к устранению из литературы не только «твердых характеров», но и персонажей как личностей», – деп белгилеген. Ал эми Р.Барт болсо: «Если известная часть современных литераторов и выступила против «персонажа», то вовсе не затем, чтобы его разрушить (это невозможно), а лишь затем, чтобы его обезличить» , – деп жазды. Эстетиканын билерманы Ю.Борев: «Аң-сезим сели» адабияты инсандын ички дүйнөсүн абсолютташтыруу менен аны реалдуулуктан ажыратып таштайт жана өзүнө өзү бекинген инсанды (замкнутую на себя личность) бекемдейт», – деп так белгилеп бере алган. Айтор, айтылган пикирлерди эске ала отуруп, К.Жусубалиевдин «Муздак дубалдар» романындагы Арыковдун образы – коомго иришип кете албаган жигерсиз жагдайы: жумшактыгы, өтүмсүздүгү, ички дүйнөсүнө жутулуп кеткен түнт мүнөзү, сырткы дүйнөдөн обочолонуп турган пассивдүү табияты аркылуу адабиятчы В.Е.Хализев белгилеп өткөн, француздук «жаңы романдардын» авторлору жараткан чыгармалардагы кейипкерлердин образдары менен (автоматтуу түрдө) бир катарда туруп бааланарын айтып өткөнүбүз калыстык болор.

Албетте, романда Арыковдун менталдуу дүйнөсүндө өтүп жаткан аң-сезим сели көркөм чагылып жатса, алардын көбү бейаң көрүнүштөр менен көмүскө аң-сезимдерден турары табигый көрүнүш. Ал эми З.Фрейд үчүн «түш көрүү – бейаңды таанып-билүүчү «падышачылык жол» (сновидение – это «царская дорога» к познанию бессознательного): түштөрдө гана бейаң көрүнүштөр менен көмүскө аң-сезимдердин нагыз табияттары кармалат – бейаң көрүнүштөрдө гана иррационалдуулуктун бардык эшиктери ачылат. «Ошондуктан романдын көпчүлүк бөлүгүн ирреалдуу көрүнүштөр түзөт. Мисалы, ой чабыттары, түштөрү, элес-кыялындагы окуялар, жөөлүгөнү, атасы жөнүндөгү түшү, кусалыгы менен сүйлөшкөнү ж. б.» «Живопистин областындагы менин тартылып турганым ушул нерседен турат, эң эле күрөшчүл башкаруу менен иррационалдуулуктун конкреттүү образдарын деталдык тактыгы менен материалдаштырып берүү» , – деп сюрреализмдин «атасы» Сальвадор Дали өзүнүн «Завоевании иррационального» деген эмгегинде белгилегендей, К.Жусубалиев да Арыковдун түштөрүндөгү иррационалдуу образдарды эң эле кылдат көрүнүштөрү менен кошо сүрөттөп, материалдаштырып берген.

Каармандын менталдуу дүйнөсүндө өтүп жаткан аң-сезим сели – «каармандын өзү жөнүндөгү ички монолог-ой толгоолору, ички диалогдору, бейаң деңгээлдеги башка ойлору эскерүүлөрү менен кээде катар сүрөттөлөт, кээде улам алмашылып, кээде аралашып-чаташып кетет. Кээ бир учурларда жолдо баратып көргөн нерселер, окуялар, капысынан кулагына угула калган сөздөр каарманды өзү жөнүндөгү ойлордон адаштырып, башка жаңы ойлорго жетелеп кетет...» Бул – каармандын аң-сезим селин чагылдырып берүүдө колдонгон К.Жусубалиевдин көркөм методу. Арыковдун онейростук мотивдерин көркөм сүрөттөп берүүдө (түштүн негизинде деле) ошол метод колдонулган. Бирок Арыковдун түшүнө конкреттүү токтолуп, түштүн образдарына деталдуу мамиле жасаардан мурда, мындай бир эки нерсенин башын ачып, токтоло кеткенибиз жөндүү.

«Д.Джойстун досу жана жардамчысы Сэмюэль Беккет (өзү анча чоң эмес жазуучу) Джойстун текстин «окуш» керек эмес, «көрүш жана угуш керек» деп бекемдечү турбайбы. Бул, демек, окурман пассивдүү болбой, активдүү болуш керек, автордун жетегинде эле кала бербей, тексттеги окуяга кошо аралашып кеткен катышуучу болуш керек. Ага (окурманга) ашкере акылдуусунуунун ордуна, автор эмне кылып жатканына байкоо жүргүзүү менен көз курчун жана тыңшоосун курчутуу пайдалуу. Бул алакалардын андай деле жаңы модели эмес: ушундай окшош образ менен детектив окулат. Эгер бул ыкма өздөштүрүлгөн болсо китеп менен болгон байланыш камсыз болгону, анткени автор кызыктуу нерселерди жасай билет. Ал эми романды жабдый турган комментарий болгону кошумча гана роль ойнойт, балким, адаттагыдан чоңураак роль ойноор, кантсе да роман интеллектуалдуу эмеспи, автор табышмактатканды, татаалдатканды жакшы көрөт» , – деп С.Хоружий Д.Джойстун «Улисс» романына «Сөз аягы ордуна» жазган макаласында белгилегендей, К.Жусубалиевдин «Муздак дубалдар» романы да интеллектуалдуу романдардын тибине жатат, романдын интеллектуалдуу табияты романдын жалпы көркөмдүк структурасынан эле байкалбастан, Арыковдун бейаң сезимдери менен көмүскө аң-сезимдерин чагылдырып өткөн сюжеттик эпизоддор менен мотивдерден да байкалып турат.

Себеби К.Жусубалиев кейипкерлердин бейаң дүйнөлөрүн чагылдырып берүүгө өтө чоң даярдык менен келген. Романдын көркөмдүк структурасындагы өтө көлөмдүү адабий түш катары таанылган «Арыковдун өзүнүн өлүмү жөнүндөгү» анын экинчи түшү дагы (себеби романдын жалпы көркөмдүк системасында түш кеминде үч беттен ашык көлөмдү ээлеп сүрөттөлөт) мына ушул көрүнүштүн өзүн далилдеп турат. Адабий түштө жазуучунун окумал аң-сезими аркылуу келген идеялар менен таасирлер өтө жыш кездешет. Адабий түштү сүрөттөп берүүдө жазуучу муну атайлап аң-сезимдүү түрдө да, бейаң түрүндө да жасагандыгы баамдалат. Арыковдун түшү романдын жалпы структурасынан өзүнчө бөлүнүп калбайт, кайра өзүндөгү аң-сезим селинин бир мазмундук элементи, бир көрүнүшү катары, романдын жалпы көркөмдүк структурасы менен семантикалык маанисине органикалуу аралашып, сиңишип тургандай, жарашыктуу абалда берет. Адабий түштөгү жазуучу тарабынан берилген идеялар менен таасирлердин (алар түштөгү ситуациялуу окуялар, тиги дүйнө жөнүндөгү элес-кыялдар, өлгөн туугандарынын образдары, түштүн образдарына чөгөрүлгөн мифологиялык моделдер, туюуга негизделген сезимдик элес-картиналар ж. б. образ-ыкмалар түрүндө берилет) башын ачмайынча, «Неожиданно я оказался на пороге комнаты, ключей от которой мне до тех пор не давали. Там, куда мне давно хотелось попасть, Тарковский чувствовал себя свободно и уверенно», – деп Тарковскийдин киносунун таасиринен кийин Ингмар Бергман айткандай, ансыз К.Жусубалиев атайын татаалдатып, табышмактатып эркин чагылдырып, сүрөттөп койгон Арыковдун бейаң дүйнөсүн ачып кирүүчү ачкыч окурмандын колуна берилбейт. Албетте, адабий түштө анын сверхреалдуу (сюрреалисттүү) келген бейаң дүйнөсү чагылып жатса, анда жазуучуга бул дүйнөнү чагылдырып берүү үчүн, биринчи кезекте, фрейдизм окуусунун таасири чоң болгон; жакшылап байкаганда ал түшү ошол түш көрүп жаткан мезгилдеги анын жашоосунун бир учурунан алынып токулган турмушунун кичине бир үзүгү эмес, анын бала кезинен тартып инсан катары калыптанган жашоосунун кийинки мезгилине чейинки өмүрүнүн өткөн мезгилдеринин баарын өзүндө концентрациялап чагылдырып турган, анын түштөгү образдык көрүнүшү.

Арыковдун жашоосунун мындай жыйылып, кысылып-сыгылып, концентрацияланып берилген түштөгү образ-моделин жаратууда жазуучунун чыгармачыл аң-сезиминде – ой-жадында айтылуу Юнгдун окуусундагы «коллективдүү бейаң» – «индивидуалдуу бейаң» фантазиялары жана баштапкы образ катары таанылган «архетиптик» теориясы турган; каармандын аң-сезим селин, бейаң көрүнүштөрүн чагылдырууда авторго модернисттик агымдын ири жазуучусу Ф.Кафканын таасири чоң болгону байкалат, себеби К.Жусубалиев дагы түштөгү ситуациялуу окуялар менен образдуу көрүнүштөрдү Кафка сыяктуу мифологиялык моделдерге сыйдырып, жалпылаштырып бере алган, Кафкадагы башка модернисттик (мисалы, кубулуу сыяктуу) ыкмаларды колдоно билген – түштөгү образ-символдордун тереңине мифологиялык моделдерди чөгөргөн. Арыковдун бейаң­ дүйнөсүндөгү символдорду, ситуациялуу жагдайларды, сезимдерди берүүдө, андан тышкары, экзистенциялык агымдын өкүлдөрү Ж.П.Сартр менен А.Камюнун чыгармаларындагы экзистенциялык философиянын жөрөлгөлөрү менен абсурд идеясы дагы жардамга келгени байкалат; булардан бөлөк, онейростук кыялдарынан библиялык-курандык мифологиялык мотивдердин бурмаланган вариацияларын, киши өлгөндөгү элдик каада-салттардын трансформацияга учураган көрүнүштөрүн, фольклоризмдердин түрлөнүп кубулган образдарын жолуктурабыз.

Арыковдун бейаң дүйнөсүн (адабий түштү) жаратууда автордун окумал аң-сезими тарабынан атайын аң-сезимдүү колдонулган бул психологиялык, философиялык, окуялык-ситуациялык, мифологиялык, социалдык-этнографиялык, фольклоризмдик көрүнүштөр, установкалар бейаң дүйнөсүндөгү (түшүндөгү) образдардын, символдордун, интуициялык жактан кармала турган сезимдик туюмдардын маани-маңызын кармап берүүчү, жаратуучу, түзүүчү кызматтарды аркалап туруу менен, ошол эле мезгилде, кейипкердин (Арыковдун) сюжеттик жүрүм-турумун, аракет-умтулууларын, алакаларын, аны курчап турган нерселерди, көрүнүштөрдү түштүн спецификалуу күчүнө, өзгөчөлүгүнө ылайык, чыныгы маани-маңызына адекваттуу болбогон, бурмаланган жаңы, кошумча маани-маңызга ээ кылып, сүрөттөп берүүсүнө түрткү болуу менен ошол эле мезгилде кейипкердин бейаң дүйнөсүн ачып кирүүчү ачкыч катары кызмат аткарышат.

Арыковдун түшүнө карата айтыла турган экинчи бир жагдай буга байланыштуу: Сальвадор Дали өзүнүн субъективдүү сезиминде дүйнөнү чирип бараткан, өлүп бараткан абалында көргөн: дүйнөнүн ошол өзү кабыл алган, элестеткен өзүндөгү субъективдүү образын өзүнө таандык стилдик касиеттер – образдар, символдор, ыкмалар менен объективдештирип, өзүнүн картиналарында, полотнолорунда чагылдырып берген. Ошонун сыңарындай, эмнегедир К.Жусубалиевдин «Муздак дубалдар» романынын башкы каарманы Арыков жакшылыгына караганда жамандыгы үстөмдүк кылган дүйнөнү ошол жамандыгы, өлүм-житими, жоготуусу көп, трагедиялуу келген кара жагынан көрөт; турмуштун азап-тозоктуу драмалуу жагдайын башынан көбүрөөк өткөзөт, атүгүл башкы каармандын сюжеттик жашоосу чыгарманын башынан аягына чейин өмүрдүн мына ушул кара жагы менен жылчыксыз чулганган. Автор киши өлгөндө айтыла турган элдик салттык ыр кошокту өз романына эпиграф катары колдонуу менен, романда ошол романга башкы каарман катары алынган – дайым суудай болуп агылып, жаңырып, тазаланып, тынбай изденип туруучу Арыков менталдуу дүйнөсүндө өтүп жаткан аң-сезим селинин ар кыл көрүнүштөрү аркылуу өз керт башынын кайгы-муңун, трагедиясын көрө биле тургандыгы жөнүндө көркөм иликтенип жазылган чыгарма экендигин, чыгармада ошондой ойлор, идеялар айтыла тургандыгын эпиграфта камтылып өткөн идея аркылуу чыгарманын башында эле окурманга кыйыр билгизип, туйдуруп жатат: себеби романга эпиграф катары алынган кошокто аң-сезиминен мурда бейаң дүйнөсү озунуп – аяндуу түшү аркылуу өз кара башынын жоготуусун (трагедиясын) көрө билген лирикалык мендин жан дүйнөсүнүн айласыз абалы, тушуккан туңгуюгу айтылат:

«Капылет жатып түш көрсөм,
Карарган көлдөр көрүнөт.
Карарган көлдөр үстүнөн,
Карайган өрдөк бөлүнөт.
Карарган көлдөр – көз жашым,
Карайган өрдөк – өз башым» .
 

М.Токтогулова болсо романда түстүк, сандык жышаандар (белгилер) чыгарманын идеясын ачуучу психологиялык кыйыр ыкма катары кызмат аткара турганын белгилеген; «Чыгарманын башынан аягына чейин кара түс басымдуулук кылып, архаикалык мааниде колдонула тургандыгын» айтып келип, кара түстүн архаикалык семантикасы «оор кайгы», «муң», «күйүт», «өлүм» сыяктуу түшүнүктөр менен барабар келерин архаикалык маданияттарды изилдеген бир катар окумуштуулар өз эмгектеринде далилдеп өтүшкөнүн мисалга тартуу менен, романдын эпиграфынан тартып эле архаикалык маанидеги кара түс үстөмдүк жүргүзөрүн ачып көргөзөт: кошоктун алты сабынын бешөөнүн баш жагына улам кайталанып келүүчү «карарган», «карайган» деген аныктамалар бир нече мааниге өтүп; кара түс, биринчиден, архаикалык мааниде колдонулуп, азаны, кайгы-муңду символдоштуруп турса, экинчиден, кара түс «кара башым», «кара жаным» сыяктуу сөз айкаштарындай эле «жеке», «керт» деген маанини да түшүндүрүп турарын белгилеп, «кара» дагы бир маанисинде «көп» деген түшүнүктү туюндуруу менен, романда кара түстүн архаикалык мазмунун күчөтүп сүрөттөгөн мотивдер, эпизоддор жыш кездешерин каңкуулайт. Кара түс ырасында эле романдын сюжеттик өзөгүн башынан аягына чейин аралап өткөн негизги түс болгонун байкаса болот.

Романда ошол үчүн өлүм мотиви кеңири чагылдырылган. Романдын сюжеттик өзөгүн да Арыковдун атасынын өлүмү түзүп турат. Ал жашоо-өмүрүндө жоготууну башынан көп өткөрөт: чыгармада атасынын өлүмүнөн башка дагы чоң энесинин, Уулбай чалдын, башкарманын өлүмү чагылдырылган. Чыгармада өлүм жашоону символдоштуруучу төрөлүү учурун чагылдырган мотив менен коштолуп берилсе дагы, муңдуулук жашоону башынан эле коштоп жүрүүчү, анын өзүнө мүнөздүү көрүнүш экенин баамдатып туруучу ой айтылат – Арыков төрөлгөндө апасы өлөт, атасы төрөлгөндө чоң атасы өлөт. Романда өмүр-өлүм философиясы негизги идеядан, Арыковдун өзүнүн сөзү менен айтканда, «Өлүм менен Тиричилик, эми булардан ашкан жашыруун сыр барбы ааламда». Түшүндө өзүнүн өлүмүн көргөн сюжеттик мотив да (шарттуу сюжеттик эпизод да) Арыковдун өмүр-жашоосундагы өлүм-өмүр жагдайын туюндуруп турган негизги сюжеттик идеялардан. Атасынан айрыларын анын бейаң дүйнөсү биринчи жолу ушул түшү аркылуу анын өзүнө бейаң түрүндө кабарлайт.

Чыгармада түш Арыковдун аң-сезимине ассоциативдүү түрдө түшөт, качанкы бир төртүнчү класста болуп өткөн окуяны эстөөгө аракет кылганы – анын ошол окуяга байланыштуу болгон эстутумунда сакталып калган түшүн кайра башынан эсине түшүрүп айтып берүүсүнө мотив иретинде берилет. Чындыгында, бул түш бейаң дүйнөсү аркылуу мазасын алып аң-сезимине кайра-кайра кайталанып кире берүүчү түшү... «Адатта андан мурунку түштөрүндө ошол арабанын арткы тегирчеги өзүн тепсеп баратканда эле ойгонуп кетчү. Кызык, бул жолу таптакыр ойгонгон жок». Ошол ойгонбогон боюнча уктай берип, бул жолу өзүнүн өлүмү жөнүндөгү ушул узак түшүн көрөт: түшүн токтогон жеринен кайра улантып көрөт. Мурунку түштөрүндө ошол арабанын арткы тегирчеги өзүн тепсеп баратканда эле ойгонуп кеткени кандай да, бул жолу эмнегедир ойгонбой калып, арабанын тегирчеги өзүн тепсеп кеткенден кийинки окуяны улантып көргөнү кандай? Түштүн мына ушундай калаты абалынан дагы Арыковдун психологиясы кармалып жатат.

Адабий түштүн ассоциативдүү поэтикасы аркылуу К.Жусубалиев «Муздак дубалдар» романында адамдын менталдуу дүйнөсүндө өтүп жаткан аң-сезим селинин бир көрүнүшү болгон анын бейаң дүйнөсүнүн түпкү тереңине үңүлүп кирүүгө окурман үчүн жол ачып жатса жана адабий түштүн өзүндөгү ассоциативдүү образдар аркылуу анын табиятындагы татаал психологиялык көрүнүштөрдүн түпкү мотивацияларын бекемдеп кармап берип, чыгармадагы психологизмди тереңдетип сүрөттөөгө жетишсе, бул бир жагынан, К.Жусубалиевдин чыгармачылык сыры ар тармактуу экендигин жана жазуучунун чеберчилигинин бийиктигин, философиялык ой жүргүзүүсүнүн тереңдигин айгинелеп турат.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз