Дүйшөмамбет Орозалиев: Көрсөң эмне күмүш түстүү Акылды

  • 17.07.2021
  • 3345

*     *     *

Баарыңарды сүйүп жашайм эми мен,
бакыт таптым балдарымдын деминен.
Баарыңарды балдарымдай көрөйүн,
силер дагы мени ата дегиле.

Сүйүш үчүн адамзатты жадырап,
силер дагы балам дечү чагыңар.
Аруулукту наристеден үйрөнсөң,
Махабат да көөдөнүңөн табылар.

Бала бар жер сүйүү толгон бейиштей,
бала деген кудай көздүү периште.
Пайгамбардай асыл адам көп көрдүм,
бала көздүү таба албадым мен издеп.

Сүйүү таптым наристенин көзүнөн,
балалыкка кайтсам кана өзүм, эх...
Эл ичинде пайгамбардай адам көп,
бала көздүү киши качан кезигет?..

*     *     *

Калпка дагы, чынга да баш чайкашып,
каруу күчүң – досуң экөөң кайдасың?
Тааныбапсың алтын түстүү САБЫРды,
көрсөң эмне күмүш түстүү АКЫЛды.
Эрте көрсөң ушул байлык – пайда ушу.

Өзүн кудай сезген ЖАШТЫК качтыңбы?
Жалбыракты өрттөп күлүн чачтыңбы?
Же чөктүңбү мас чөйчөктүн түбүндө,
же өчтүңбү шамча ууру түнүңдө?
Бок курсагың сылап белди аштыңбы?

Махабат деп кумарыңа бой уруп,
азуу барда туш болгонго тоюнуп,
көз көргөнүн, кол жеткенин жулмалап,
чарчадыңбы оңду солду булгалап?
Кайда кеттиң сүйрөп жашыл союлуң?

*     *     *

Көздөрү көгөргөн тагдырым,
өзүңө шылтайын бардыгын.
Пешенем саймалуу таш беле,
чиймеңе тиш өтпөй наалыдым.

Түшүнчү, суу ичкен кудугум,
түкүрүп өзүңө соолудум.
Эрдиме жабышчу тамчы да
эмшеңдеп өзүмө жоо бүгүн.

Жоругум келди бүт жакшыга,
жолуккам а балким бактыма.
Жазмышка шүгүр де... Баёосуң
ишенген такага... бакшыга.

Башкысы – байпагым таптаза,
мүнөзүм жакпастыр. Жакпаса
ыр сап да, курсак да буйруктан.
Баарынын устасы Накбашат.

Шүгүр де жазмышка, шүгүр де...
напсини кубаттап жүгүрбөй.
Өзүңдү табасың өрттөсөң,
чыныгы өзүңдү күлүңдөн.

*     *     *

Кумдай болгум келип турду... Кумга тигилип.
Нөшөрүңдү алгым келди дароо сиңирип.
Тоодой китеп окуп эмне?.. Сени тааныбай.

*     *     *

Досум өлдү... Ыйлап жатты жары, балдары.
Өкүрүмүш болгон бир дос мактайт арбагын.
Тирүү кезде неге пенде көрөт терс жагын?..

*     *     *

Терезеден үңүрөйөт түн мага,
учуп кирди жалгыз шайтан көпөлөк.
Авалаган иттин үнү тынбаган
ыр токутпайт... Чырак али өчө элек.

Ашканада телефонун чукулайт,
убакыттын токолундай байбичем.
Шымсыз ырым сылайт жүндүү бутуман,
жүндүү дебей өпкөн эле ай нечен.

Кийим тиккен эски кара машина,
китептерим бурчка такап тырышат.
Ырдан калпак тиксем бекен башыма
же жыртылган жүрөгүмдү шырысам...

Чаң соргуч да тажап дубал сүйөнөт,
ырларымдын сордурсамбы пырларын.
Ичи чыкпас, түйшүгү жок күйөөгө
аял сымал бөйрөк таяп турганын.

Китептердин чаңын сүрттүм кол менен,
ушу колдор күүгөн бирде шайтаның.
Баңги болгон, аңги толгон жол менен
ыр кучактап ушул үйгө кайтамын.

Оо Махабат, напси чексиз, жол кенен.
Билем бардык жолдор Сага кайтаарын.

*     *     *

Бал ширин деп тезек сүйгөн чымынга
аары мактап убактысын коротпойт.
Бал чогултат салтын бузбай кылымдап,
жомок айтпайт, жашоосу бар жомоктой.

*     *     *

Нурун чачат күн эч кимди тандабай,
туш келгендин өөп бетин, көчүгүн.
Оо Махабат! Сен экениң байкабай,
асманымдан коё жаздым өчүрүп.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз