Жаныбек Маданбек: Тизелебей,  тик жүргөнүң каниет

Бир сап ырга өмүр сыйбайт, бирок бир сап ыр менен өмүрдүн өкүтүн, өмүрдүн баркын туйдурса болот. Мындай кудуретке эгедер таланттар чанда чыгат. Биз сөз кылар тубаса талант, тубаса эки колу жок кытайлык кыргыз акыныбыз Жаныбек Маданбектин чыгармачылыгы,  өмүрү туурасында окурмандарыбызга кыскача баян курганы турмун.

Кытай Эл Республикасындагы Текес ооданынын Көк-Терек кыргыз айылында жашаган Жаныбек аттуу бир боорубуздун ырлары келиптир кат куржунубузга. Аны бизге жердеши жана шакирти,  он тогуз жашар таланттуу акын Баккелди Дүйшеев тааныштырды. Баккелдинин айтымында,  Жаныбек Маданбек кытай кыргыздарынын эң белдүү,  эң мыкты акыны экен. Эми ал биз үчүн да мыкты акын катары таанылары шексиз...

Адатта улуттук адабиятыбыздын сыймыгы болгон ысымдарды атасак, сап башында алп акын деп Алыкулду (Осмонов) оозанабыз, кыргызды ааламга тааныткан Чыңгыз Айтматов менен сыймыктанабыз... А бүгүн мен улуттук адабиятыбызда мындан арыга ысымын сыймык менен атай турган Жаныбек Маданбектин чыгармачылыгы туурасында жамы журткө сүйүнчү кеп жайылткым бар. Өзү 47 жашта экен.

Азыр мен өпкөм өпкөмө батпай өрөпкүп тургандагым, азиз окурман! Жаныбектин төмөндөгү ырларына көз жүгүртүп отуруп, көөдөн өрттөнүп, көзгө жаш айланды. Кытай кыргыздарынын арасынан чыккан эки колсуз генийдин ырлары эң биринчи менин колума тийип отурганына кантип көкөлөбөйм. Кантип өрөпкүбөйм... Кантип ыйлабай коём... Бул көз жаш кубанычтын көз жашыбы, сыймыктануудан сыгылып чыккан жашпы – билбейм. Көздөн жаш каканактап отуруп окуп чыктым.

“Беткейимдин ылдыйы – тар,  тыкы – кең,  
Беш мүчөмдүн төртү соо да,  бири кем.
Ошондо да сайда калып сандалбай,  
Опол тоонун бийигинен билинем”, – деп турса оозуң ачылбай коёбу! Мулжуюп эки колу жок болгону менен тулку боюңду дүрт эттирген мындай саптар ооздон жөн эле бүркүлө береби? Жок! Өмүр өкүтү баарыбызда бар, арийне, тубаса – эки колу мулуюп туулган акындын арманын элестетип отуруп ырларын окугандагы сезим – жүрөгүңдү таарыбай коёбу...

Андан да шумдугу – өз заманынан эрте туулган Абай кургур казак элинин кедергисин кескен кемчилигин какшап айтып өтсө, өзүбүздө Салижан Жигитов өттү кыргызды жеберине жеткире тилдеп жүрүп. Жаныбектин да “Кыргыз” деген үчилтик поэмасын окуп бүткөнчө, улам бир жеринен кыргызды безге сайган чындыкка кабылып, бали дедим. Бали! Кыбамды кандыра сындаптыр. Минтип кыргызды кыргыз сындаса кандай жарашмак эбак. Минтип кыргызды кыргыз эбак көзгө сайса кана-ов!

Учурда дүйнө элине дем-шык берип турган эки колу жок Ник Вуйчич болсо, эми кыргыз тилдүү автор Жаныбек Маданбектин чыгармалары кыргыздын кыйрына тарап, ал тургай биз аны дүйнөгө тааныта алсак кана...

Ник Вуйчич

Улуттун кулк-мүнөзүн келиштире сындаган жерлерине, чын эле макул болосуң ичиңден. Чын эле ушундай калк экенибизге аргасыз моюндайсың!

Биз кыргызбыз, тил жагынан чеченбиз,  
Бирок, бирок техникага бечелбиз.
Билим, өнөр, илим кууп изденсек,
Биз да ошол айга бир күн жетербиз.

Йе, жолуң болгур кыргыз десең, Жаныбек! Кыргызды сүйгөн жан сендей болсо эмне... Кыргызды сындоонун кыябын келиштирипсиң поэмаңда! Канча акын кыргыз деп шилекей чачыратып ыр окуду, ыр токуду, бирок дээрлик баары кыргызды ашкере мактап, ашкере көкөлөтүп жүрүп, көтүнө кеткен эл болбодубу эй! А сенин сының жүйөлүү айтылыптыр. Кыргызды кебездеп мууздаптырсың, батыл АКЫН! Көөдөнүн керген кыргызды те көккө көкөлөтүп барып, жерге түшүрүпсүң чыгармаңда! А көптөрүбүз кыргызды жерге түшүрө албай жүрбөйбүзбү... Сен түшүргүдөй жазыпсың. Каркыбар калемгер сендей болсун!  

Кыргыз деген сыйды кууган дулдулбуз,  
Кыяк-комуз... ырды тууган булбулбуз.
Кырдаал заман – илим менен иши жок,  
Кыр-ой кезген,  шаардан безген кургурбуз.

Ушул төрт сабыңда эле кылымдар бою кыргыз түшүнүгүндөгү өксүк комплексибизди ачып салыптырсың. Кыргыздын кулагы чындыкты укса эле чычалайт. Туйлайт. Куйкасы курушат. Эки жыл мурда экс-президентибиз Роза Отунбаева урбанизация маселесин кеп кыла койсо, кечээ эле тоодон түшүп келген жармач патриоттор ал кишини төөбастыга алып жатып калса болобу! Чын тийбес чычалак кыргызды мына көрүп ал: “айткандын оозу жаман” болуп, оозуна келгенди оттогону болду, боктогону толту... Жакамды ошондо бир уучтадым.

“Кыр-ой кезген,  шаардан безген кургурбуз” – дегениңдей эле бар биздин эл. Борбор калаабыз Бишкектин тарыхына деле бир кылым толо элек. Бирок “мырк” деген сөздү укса кырданган кыргыз көп экенин ошондо көрдүк... Бу жолуң болгур кыргыздын накыл кебин билерсиң: “Жакшы көргөн уулуңа шаар көрсөтпө” деп акыл айтат эмеспи. Күйөсүң да, күйөсүң! Ошентип шаарлашпай, отурукташпай келген кыргызың анан илим-билимге баш коёбу, маданияты өсөбү?!

Казы-картаны кыя кесип жеп, кымыз ичип карт кекирип жүргөнүнө маашыр го. Көчмөн эл экенине сыймыктанат. А дүйнөдө эң артта калган калктар көчмөн элдер экенине кыргызың арданбайт. Кайра сыймыктанат. Ал эми башка элдер эбак цивилизация жолун издеп шаарлашыптыр, отурукташып алыптыр эрте...

Бул жагы көп сөз. Сенин чындыгыңа кайра келели. Сен даа француз жазуучусу Жюль Ренардай: “Мен шал болуп жыгылсам да, бирөөлөрдүн жүрүм-турумун сынга ала берем” накылы менен жашаган кеменгер акын экениңди көргөздүң! А биздей алты саны аман-соо адамдар эми сенин чыгармачылык дасмияңды дүйнөнүн башка элдерине таанытууга милдеткербиз. Чыгармаларыңды четинен башка тилдерге которууну көздөп жатабыз. Мындан ары “РухЭштин” “Нуска” котормочулар тобу өз аракетибизди көрө берели. Ырларыңды башка тилдерге котортолу, а балким улуттук адабиятыбыздын дагы бир жаңы сыймыгы болуп калгың бардыр...

Ал эми жалпы Кытай Эл Республикасында жашаган кыргыз боордошторубузга бул жактагы Ала-Тоонун атпай журтунан амандык тилейбиз! Кытай-Кыргызстан – эки өлкөнүн рухий көпүрөсү солк этпесин ылайым! Кошуна эки мамлекеттин адабий-маданий көпүрөсү боло турган өзүңдөй жаркын таланттар жана шакирттериң үчүн “РухЭш” сайтында кызматташтыгыбызды ар дайым уланта беребиз...

Олжобай ШАКИР

ТҮБӨЛҮК ОТ-СУУ

Денеңдин бул – жарымы сөөк,  жарымы эт,  
Дениң сакпы,  көөнүң шатпы,  Жаныбек?
Тирдик деген кан базарда,  майданда
Тизелебей,  тик жүргөнүң каниет.

Жүрөгүмдүн теңи суу да,  теңи от,  
Жүрөт отум – чай кайнатып сууну шок.
Суу да күйөт,  от да күйөт,  а бирок
Суу өчүрөт күйүп жаткан отту чорт.

Оңумда – күн,  солумда – ай,  астым – так,  
Отуз күндөн,  он эки айдан аштым сак.
Окуп-чокуп,  ойго токуп,  жыл сүрүп,  
Отко-сууга түшүп жүрүп таптым бак.

Беткейимдин ылдыйы – тар,  тыкы – кең,  
Беш мүчөмдүн төртү соо да,  бири кем.
Ошондо да сайда калып сандалбай,  
Опол тоонун бийигинен билинем.

Кан тамырдын бири – кызыл,  бири – көк,  
Карабашыл кышы болсоң билип өт:
Кара жердей,  глобустай тоголок,  
Кан башыңдын туюгу көп,  жиги көп.

Бешенемдин алды – ачык,  арты – тар,
Бенделериң бет-беделди ар тутар.
Бир күн өмүр көрсөм эгер,  дил жаккан –
Билик менмин бир күн үйдү жаркытар.

Чачтарымдын көбү кара,  кээси ак,  
Жаштыгымды кызгангансып не чыгат?
Чач агарса агарсынчы кантейин,  
Чарадай баш болсо экен мээси сак.

*     *     *

Жандүйнөмдүн азы кыш да,  көбү жаз,
Жактырасың жакындарым көрүп аз:
Жаздай жайнап,  күздөй күлүп,  кыш күтүп,  
Жакшы ат калсын,  ансыз деле өмүр аз.

Жарык – чексиз,  жашоо – чектүү өмүрдө,  
Жапаа чегип жашасак да көбүндө:
Оттой ысык,  суудай тунук эт жүрөк,  
Орнойт экен түбөлүктүү көңүлгө.

КЫРГЫЗ

(Үчүлтик толгоо)

1

Кыргыз деген кылым кезген булутпуз,  
Кылаң кырбыз,  кээде кырбыз – тунукпуз.
Кылгырганда кабак бүркөп түнөрүп,  
Кубанганда чайттай ачык туруппуз.

Кыргыз деген мүчөл санап жыл сүргөн,  
Кызды ызааттап,  чоңду урматтап сый жүргөн.
Кыраан Манас,  чыгаан баалап илгери —
Кыз Сайкалды,  Каныкейди чын сүйгөн.

Кыргыз деген бийик тообуз,  “элетпиз”,  
Кырда өскөн,  ойго көчкөн терекпиз.
Кыскасы азыр,  идиш болуп ичкенге,  
Кысылганга,  кызыкканга керекпиз.

Кыргыз деген жатка намыс бербеген,  
Кыраан элек зоону беттеп жердеген.
Кыр-ой кезген күндөр калып кечээги,  
Кыргоол болдук ноону тиктеп жем жеген.

Кыргыз деген жылкы мүнөз калыкпыз,  
Кышта суукка,  жайда ысыкка каныкпыз.
Колот жайлап,  коюн айдап – ай карап,  
Кош кербенге алыс жандап калыппыз.

Кыргыз деген айры куйрук куштайбыз,  
Кызыл чалсак – айланчыктап учпайбыз.
Кычкыл десе шыпкай жутуп шылкыйып,  
Кысыр эмди тайдай тоюп уктайбыз.

Кыргыз деген кыл чайнаган айгырбыз,  
Кыз-келин деп кылчактабайт кай кыргыз?
Кызмат күтпөй,  ишин бүтпөй эркектер,
Кызуу жүрүп ырын арнайт жайдыр-кыш.

Кыргыз деген сыйды кууган дулдулбуз,  
Кыяк-комуз... ырды тууган булбулбуз.
Кырдаал заман – илим менен иши жок,  
Кыр-ой кезген,  шаардан безген кургурбуз.

Кыргыз деген кызык элбиз эренсиз,  
Кызыктырган кымбат жагы ченемсиз.
Кырк чилтенбиз... сайдын акак ташыбыз,  
Кыян түгүл,  кыяматка элеңсиз.

Кыргыз деген сүргүн көргөн түркөйбүз,  
Кызыл тилден түркүн кызык чүргөйбүз.
Кыткылыктап ат үркүтүп – жат келсе
Кыйбай карап,  өзгө кабак бүркөйбүз.

Кыргыз деген айкөл элбиз,  жоомартпыз,  
Кыры жантак,  түзү жайдак... ооматсыз.
Кылаң-сылаң,  алка-мончок деп жүрүп,  
Кырчын жаштар алка-шалка оораксыз.

Кыргыз деген баатыр элбиз,  балбанбыз,  
Кыйын кезде жоого беттеп барганбыз.
Кылыч,  жебе,  найза менен көп ойноп,  
Кырдан кетпей,  шаарга жетпей калганбыз.

Кыргыз деген кыргын көргөн коркокпуз,  
Кырсык десе мүдүрүлгөн жортокпуз.
Кош кылганда “Коңурбайды сайдык” деп,  
Кой жыйганда бөрү менен ортокпуз.

Кыргыз деген кыйын элбиз,  эренбиз,
Кыйыр үмүт,  ой-санаага тереңбиз.
Кыйкырынып ураандаган “кыйындар”,  
Кыдырынып шаарга кирсек кереңбиз.

Кыргыз деген чабан элек,  малчы элек,  
“Кыру,  өш!” – деп маарап-мөөрөп калчу элек.
Кытмыр күлүп “кызыл кулак” атыгып,  
Кылып үмүт — карап калдык балчелек.

Кыргыз деген асыл журтпуз,  момунбуз,  
Кылкылдаган жашыл көлбүз,  сонунбуз.
Кызык издеп саякаттап келгенге,  
Кылтыңдаган артист кызбыз... оюнбуз.

Кыргыз деген кырдын гүлү ушундай,  
Кыйкуулаган көлдүн үркөк кушундай.
Кырууласа жемге үйүр ат болуп,  
Кыл чылбырда жетеленет кышы-жай.

Кыргыз деген табиятка сыйынган,  
Кырчын талды батынбаган кыйуудан.
Кул,  маңкурттар тартынышпайт,  тал тургай —
Кулпурган ал мазарыңды жыгуудан!

Кыргыз деген кыйла ырыстуу эл элек,  
Кырдап калпак,  ырдап турчу эр элек.
Кымызы мөл,  ырысы көл,  пейли төр...
Кыз-уулдары сыйлап сунчу керемет.

Кыргыз деген алтындай аз улутпуз,  
Кырк уруудан кыттай тыгыз уюппуз.
Калпак,  ак үй,  Манас,  комуз,  ыр-дастан...
Каада-салтын,  касиетин унуткус!

*     *     *

Мал сойгондо мактанып билек түргөн,  
Маки,  мушу терисин жиреп кирген.
Көпкө берип эт-ашын,  анан өзү
Көктөн,  чөптөн,  тоо-таштан тилеп жүргөн.

Атаганат элим-ай,  атаганат,  
Ала көөдөн эриңе атаа-наалат.
Аксарбашын конокко союп берип,  
Акысына акча эмес бата алат.

Баатыр,  жоомарт,  акын эл – кыргыз элим,  
Башка журттан издеп ал Кыз Жибегин.
“Барса келбес” баянсыз жерге барып,  
Бакый болгон Төлөгөндөй кургур эриң...

Эзелтеден элимдин кубанычы –
Эпос,  жомок,  комуз,  ыр,  уламышы.
Эргип учат кыялы тулпар болуп,  
Эки бутун кыйса да тушамышы.

Жамак түшкөн карабай көчүгүнө,
Жагалданат жаңы кийген өтүгүнө.
“Керек болсо жыгылат терек” дешип,  
Кебек алып,  ун берген өсүмүнө.

Эки тоонун этегин конуш жайлап,  
Эт-бетинен кеткенин болуш шайлап,  
Эргулдары жүрүшөт үзөңгү тээп,  
Эл көзүнө жөн эле конуч майлап.

Ашуу ашып,  суу кечкен кыргыз,  кыргыз,  
Асыл баалуу суусары,  кырмыз,  кундуз...
Ак ичишип,  эт жеген ал баягы –
Алыс калган этно кызык турмуш.

2

“Кыргыз” десе дүк-дүк кагып жүрөгүм,  
Кыярамын,  кубанамын,  күлөмүн.
Бильярддын паласында тоголоп,  
Миллиарддын арасында жүрөмүн.

Кыргыз десе элең этип кулагым,  
Кыр алдынан серең этип тумагым:
Кызыгына — айкүр конгон сакадай,  
Кыңырына бөгө түшүп “куладым”.

Кыргыз десе жарк дей түшөт жанарым,  
Кызыгамын — уккуча анык кабарын:
Кылган иши жакшы болсо – төш кагып,  
Кыңыр болсо – көчүк кагып каламын.

Кыргыз десе кулак төшөйм кунт коюп,  
Кысыр уюм тууп берчүдөй кут конуп.
Кызык учур алсам – басам жайнаңдап,  
Кынтык болсо – бөгүп калам бук болуп.

Кыргыз десе түн уйкуман ойгоном,  
Кылтыйтып баш тынчым кетип ойлоном.
Куттуу ишке кудулуңдап кубанып,
Куру болсо жуурканыма ороном.

Кыргыз десе атагансып атымды,  
Куш жастыктан жулуп алам башымды.
Кур кабарга сакал-башым сыйпалап,  
Куш кабарга кайрып тарайм чачымды!

Кыргыз десе чочуп кетем элеңдеп,  
Кылбаганды кылдыбы бир чемен деп...
Караланса — кайгыланып өбөктөп,  
Кадырланса — алчыланам сереңдеп.

Кыргыз десе күн өткөрүп төбөмөн,  
Кыз күткөнсүп ашып-шашып жөнөлөм.
Кызгын болсо — кызгалдактай кулпуруп,  
Кынтык болсо — музгалдактай көгөрөм.

Кыргыз десе жылдыз болом өзүнчө,  
Кымбат жагы жаркып-жайнап көрүнсө...
Кынга батпай,  өздү мактай сүйүнүп,
Кыйын болом дүйүм элдин көзүнчө.

Кыргыз десе чакыргансып бабамды,  
Кыя тиктейм,  сереп салып заманды.
Кымбатына — чум алтындай чулганып,  
Кынтыгына — кум кыламын санаамды.

Кыргыз десе эне-атамбы деп калам,  
Кылык-жорук... тоо-таштарын эске алам...
Кылган-эткен оокаттарын кылалбай,  
Кыңырайып базар жакты бетке алам...

Кыргыз десе кылым түшөт эсиме,  
Кыр чаңдаткан кыл куйругу тетине...
Кыжаалатмын,  уяламын урпактан,  
Кыңыр ишин баспасын деп бетиме.

Кыргыз десе Манас,  кыйыз... чопо чоор,  
Кылт дей түшөт жадыбызга ошолор...
Куйрук улай көч артынан ээчиген
Кулун,  музоо,  козу-улак,  ботолор.

Кыргыз десе жымың кагат жылдызым,  
Кымкап кылып тон кийгендей кундузун.
Кыйын болот, кыйын болот тагдырым,  
Кыргыздыктан танып кетсе уул-кызым!

Кыргыз десең кыргызмын деп айта алам,  
Кыргыз эмес – башын чулгап чайкаган.
Кыргыз деген ар-намысым, азабым,  
Кыргыз менен бийик дайым мартабам!

Кыргыз десем эрип кетет жүрөгүм,  
Кыз-уландар жээрип,  безсе жүдөдүм.
Бильярдын ташы болуп тоголоп,  
Миллиарддын жашы болуп жүрөмүн.

3

Биз кыргызбыз,  көчүп-конгон улутпуз,
Бирде туман, бирде кыроо булутпуз.
Бүркүт болуп бирде көктө шаңшысак,  
Бөрү болуп капчыгайда улуппуз.

Биз кыргызбыз,  тээ алыстан келгенбиз,  
Бийлеп-чордоп,  ырдап баскан кербенбиз.
Бийлик үчүн күрөш кылбай “сый күтүп”,
Бирдик үчүн жатка колду бергенбиз.

Биз кыргызбыз,  куш үйрөтүп,  ат күткөн,  
Бөртмө,  элечек,  калпактары ак түстөн...
Акты улуктап,  акты сыйлап,  ак чачып,  
Ай-жылдызды жер бетине алп түшкөн.

Биз кыргызбыз,  туу көтөргөн Манасын,  
Биринчи ирет тилге үйрөткөн баласын.
Тили,  дили,  сыйы менен оп тартып,  
Тыгыз кылган жүрөктөрдүн арасын.

Биз кыргызбыз,  эпос,  жомок,  ыр айткан,  
Бир миң жылды – бир күн басып узаткан...
Оозун ачып,  обоз болуп дүйнө эли,  
Оозубузга,  оюбузга кылат таң.

Биз кыргызбыз,  кыйыз,  тери,  темирден
Буюм жасап,  боюн түзөп... теминген.
Жаргылчакты тапкырлаптыр бабалар,
Жарала элек кезде чоң суу – тегирмен.

Биз кыргызбыз,  зарын уккан замандын,  
Билип-билбей каарын көргөн жамандын.
Сагызгандан кабар алып үркүшкөн,  
Сайды бойлоп, тоо этектеп карангүн!

Биз кыргызбыз,  каниетчил,  үмүткөр,  
Эрке канат — буудан,  тулпар,  күлүктөр.
Өгүз, топоз, төө жетектеп өтүшкөн,  
Өрүм кайыш, узун буйла, чүлүктөр.

Биз кыргызбыз, саяпкербиз, атчыбыз,
Билерманбыз, саятчыбыз, бапчыбыз.
Жоого таштап качан кыйып кетчү элек,
Жолукса эгер жорго, күлүк, жакшы кыз?

Биз кыргызбыз, көчүп-конгон сай-кырга,  
Биздин тарых — көркөм жомок, санжырга.
Тилмечтикти, таш жазманы мындай кой,
Тилин билген ит-куш менен малдын да.

Биз кыргызбыз, мээрими бар, каары бар,  
Бул тилинде шекери бар, заары бар.
Бакканыбыз ит-куш менен төрттүлүк,
Бир доңуздан башкасынын баары бар.

Биз кыргызбыз “жер уюкка” ишенген,  
Бир кездеги кутулбаган кишенден.
Тарыхта биз ач калсак да – такыр жок,
Тарп этти жеп, эшек саап, ит эмген.

Биз кыргызбыз, төш таянып уктаган,  
Бит чакмактан, ит капса да укпаган.
Коногуна сыйлап айран, каймагын,  
Кол куушуруп, өзү аяк жуктаган.

Биз кыргызбыз, кенебеген бөбөктөй,
Битин сыгып, кан ичпейбиз бөлөктөй.
Күүлөгөндө канчык издеп кетебиз,  
Күзүндөгү үйүгүшкөн дөбөттөй.

Биз кыргызбыз, койчусу көп, ойчусу аз,  
Байлык, кенчи, эгини көп, орчусу аз...
Ээрден түшпөй эт, кымызым деп жүрүп,
Ээ, карасаң – элден бүгүн кончу пас.

Биз кыргызбыз, кычкылдарга кыныккан,  
Пиво, арак, кымыз, бозо — кылык, шаң...
Койчу тойдо, жыргал ойдо жүргөндө,  
Карышкырлар кой короого кызыккан...

Биз кыргызбыз, өтүк кийсе кубанган,  
Бир орунга көчүк тийсе сыланган...
Бутундагы коркот чокой-чарыктан,  
Боюндагы коркпой чаян-жыландан!

Биз кыргызбыз, катын десе кашайган,  
Сырын билбей, сыртын карап кашарган...
Сулуу көрүп сүйүп калган анысы,  
Сур жыландай чагып алса татарган.

Биз кыргызбыз, карт тарыхтын дөөсүбүз,  
Бирок бүгүн “өш” дегендин төөсүбүз.
Атты сатып, төөнү союп салпактап,  
Айга чапкан адамдардын жөөсүбүз.

Биз кыргызбыз, Ала-Тоосу, Көлү бар,  
Бийик жерде сай-колоту, төрү бар.
Ээн жатып, ээн калган элим-ай,  
Эми шаардан кыз-уулуңду көрүп ал.

Биз кыргызбыз, тил жагынан чеченбиз,  
Бирок, бирок техникага бечелбиз.
Билим, өнөр, илим кууп изденсек,
Биз да ошол айга бир күн жетербиз.

Биз кыргызбыз, көзгө илбейбиз тыйынды,  
Бир тыйындан сом курамак кыйынбы?
Бут алдында алтын жатса көрбөйбүз,  
Бука болуп биз көксөйбүз кыйырды.

Биз кыргызбыз, жерге конгон жылдызбыз,
Бүркүт, булбул... Токтогулбуз, Чыңгызбыз.
Бүгүн ушул жаңы заман көчүндө,
Бүлдүркөбүз, мурунтукпуз, чылбырбыз.

Биз кыргызбыз, өзүн-өзү даңктаган,  
Бир мактанса жерге-сууга батбаган.
Калпагына туштук болсо эркектер,  
Как ошондо төштү кагып мактанам!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз