
АҢГЕМЕ
Мөлтүр-Булак алыстан караганда айыл эмес эле, дүпүйгөн чоң бак болуп көрүнөт. Ар бир үйдүн алды, арты бак, ар бир үй түрлүү даам мөмөлүү даракка оронгон. Жаз, жай, күз айлары бул айылдын чырайы бөтөнчө ачылат. Бак адегенде жаз алды айылды аппак, кызгылт гүлдөргө бөлөйт, анан жашыл жалбырактар дүркүрөп өсүп, көп өтпөй жалбырак арасынан жаңыдан байлаган горолор баш багып, мөмөлүү дарак улам жүгү оордоп, шак-бутагы ийилип, кош бойлуу энедей ажарына чыгат.
Айылдагы үйлөрдүн көбү эски, дубалдары жапыз, бозоруп, көзгө комсоо, көчөлөрү ийри-буйру. Мөлтүр-булакты көрккө бөлөгөн эле анын багы – чарбасы. Кышкысын да бак ичине кирген адам дарак башында калып кеткен газанек[1] алмаларды таап алат. Сабагы бекем мөмөлөрдүн кээси бутакка жабышып кыш бою тура берет. Тунук суу ичкен мындай алманын даамын кыш чилденин кары менен аязы да кетире албайт.
Бакты отургузуп, анан алары мөмөгө киргенче баладай карап, колунан кетмен, күрөгү түшпөгөн бул айылдын багбандарынын мүнөзү да, жашоо эрежеси да бир башкача. Эки адамдын башы бириккен жерде бак тууралуу гана сөз болот. Айылдыктар бири-бирин бак-чарбак өстүргөнүнө жараша баалап, ызаат көрсөтүшөт. Там аркасына дарак көктөтө албаган адамды киши деп санашпайт, андай адам менен бет келип калса да астейдил учурашышпайт.
Кыш келип бак-дарактар жылаңачтанып уйкуга киргенде Мөлтүр-Булактын пакса дубал тамдары көзгө даана көрүнүп, айыл жүдөө, көрксүз тартып калат. Айылдыктар бар күчүн бакка жумшаганы менен, негедир чоң, заңгыраган үй-пүй курайын дешпейт. Чоң там салса жер тарып, бак-чарбасы кыйылып, азайып калчудай, кичине тамда эле жашаганга көнүп алышкан.
Ушул айылдын билимдүү, барктуу адамдарынын бири Темир күнү бүгүн интернет булактардан Каирде жашаган таксист жигит тушуккан кайгы тууралуу кокус окуп калды. Чоочун, капкайдагы адамдын оор машакатка түшкөнү анын түн уйкусун бүлүнттү. Кийинип алып сыртка чыкты. Бурулдата чылымын чегип, үйдүн маңдайындагы сөрүгө бутун салаңдата көчүк басты.
Каирлик: энемдин акыбалы катуу деп жазыптыр. Өлүп калса, сөөктү кайда алып барып көмөрдү билбеймин. Эки метр жер сурап барбаган жерим калбады. Шаар көрүстөнүнөн орун алайын десем, ал менин жашаган үйүмдүн баасынан да кымбат экен. Кудайдан тилегеним, мен жер тапканча энем өлбөй турса экен... Эне, кайратыңды топто, дагы бир, эки жыл жакшылап иштесем, сени көмгөнгө жер сатып ала алам. Сөзүнүн аягында “Энеме бата берип койгула, айыгып кетсин” деп кайрылыптыр. Интернетте ага бата бергендер көп экен, Темир да дубасын берди. Үйүнөн чыгып, башка иштерине алаксып жүрсө да, каирлик таксисттин акыбалы керээли-кечке жадынан кетпей, бушайман болду.
“Гөрдүн баасы үйдүн баасынан кымбат дегени эмнеси!” – Темир чылымын ыргытып жиберип, короосунда гыжабасы[2] кайнап, аркы-терки басты. Пирамида – көрүстөндөрү менен дүйнөгө дүңгүрөгөн Мисирде бир кемпирди көмгөнгө эки метр жер табылбаса.
Эми муну окугандан кийин каирликке жардам берүү керек ко. Билбей калса бир жөн эле. Бирөө жарым кол сунабы деген кыязда ал өз касиретин ачык жазды да. Темирдин санаасы санга бөлүндү.
Анын айылы Мөлтүр-Булактын атарабы бүт көрүстөн, батышында “Көтөрөмазар” жатат тоо этектей созулуп, түштүк тарабында ыйык “Лангар ата”, ал да сай ичинде суу бойлоп узундан узун, дагы бир жагында айтылуу “Мыктым гөрү”. Мындай көрүстөндөр курчаган айыл дүйнө жүзүнүн бир да жеринде болбосо керек. Каалашыңча өлө бер, эл да сени каалаган көрүстөнүңө алып барып көөмп коёт. Эки метр эмес, беш метр жерге жатам десең да жата бересин, бепбекер.
Ушуну ойлоп, көңүлү жай алгандын ордуна Темир чочуп кетти. Жаткан жеринен тура калып, тообо келтирди. Айылда акыркы жылдары өлүм көп. Көрүстөндөр тез эле чоңоюп барат. Өзүнүн да жашы бир топко келип калды.
Өлүм, караңгы көр, бозоргон топурак... Темирдин заматта заманасы куурула түштү. Кайда качат, бул өзү деле эртеби-кечпи топурак жазданат. Дене боюн бир боштук аралап, коркунуч каптады. Деми кысылып, жүрөгү дүкүлдөп, алда-немедей акыбалга кептелди. Айылда муну баары көптү билген билимдүү, “билерман” деп сыйлашат. Азыр өлүмдү ойлогондо ошончо билгендери да, билими да буга жардам бере албай, анын аргасы кетип турду.
– Оо, жараткан, өлүмдү адамга берген соң, аң-сезимди, акыл-эсти анын башына неге ыроолодуң?! Өлөрүңдү билип, аны элестетип, күтүп, коркуп жашоо, бу кандай оор азап! – Темир жылдыздары суюлуп, бүркөк тарткан асманга карады. Чачыраган сан жылдыздын баарынын катарын, аталыштарын билет, бүгүн аларга демейдегидей суктана албады. Жабышкан жагымсыз ой аны коё бербеди.
Башын мыкчыган Темир ойго басынды, анын боорукер жүрөгү адегенде дүкүлдөп, анан сыздап ооруп чыкты. Эми ал жакандос үстүнө көмкөрөсүнөн жатып алды. Өлүм тууралуу ой аны бир паста бечара кылып, алсыратып койду. Жата берди. Бир маалда түңкү шамал мөмөлөрү ийилип, бышайын деп турган Темирдин чоң багын адегенде шуудуратып өттү. Шамал күчөгөн сайын бак ичинде топулдап алмалар жерге түшө баштады. “Бу, караңгыдагы дейди шамал мөмөнүн баарын күбүп салмай болду, басылса экен... жакшы быша электе сабагынан эрте ажырап, өлүмгө эрте баш коюп...” – Бул учурда Темирди жок болуу кайгысы биротоло чырмап алды.
Ал кыймылсыз, жерге жабышкан акыбалда жата берди. Эбак көз жумган атасын, энесин эстеди. Энесинин сөөгүн казанакка коюп жатканда колу калчылдап, кулагы чуулдап, буттарынын бар-жогун сезбей калганын эстеди. Жаш эле, андан бери канча жыл өттү. Атасы биринчи кеткен, анын артынан энеси. Экөөнүн тең сөөктөрү алигиче упа болуп калды да...
Темирдин көзүнө жаш тегеренди, тура калып, коргонун жаңырта жоктоп ыйлагысы келди. Майда калтырак денесин каптап, өйдө болор алы жок. Шамал күчөгөндөн күчөп, бак ичинде мөмөлөрү топулдап жерге түшө берди. “Жаныбарым, алмалар, бышпай жатып күбүлмөй болду”. Темир мөмө бактарын “жаныбарым” дегенди атасынан үйрөнгөн. Эсинде, мындан бир кыйла жыл мурда, анда бул бала эле, бир күнү атасы пешайванга жакын өсүп турган алма дарагын кесип салмай болду.
– Үч жылы катары мөмө байлабады, мындай кысыр даракка жерди уурдатып не кереги бар, жок дегенде отун болсун. – Ушинткен атасы араасы менен даракка эми гана тиш салаарда апасы үйдөн атып чыгып, анын колун кармай калган:
– Коюуңуз, атасы, мунун мөмөсү болбосо саясы бар, бу алманы серасыл[3] дейт, сабыр кылың... быйыл болбосо эмки жылы, эмки жылы болбосо кийинки жылы, акыры мөмөсүн берер... – Ушинтип атып апасы алманы өлүмдөн куткарып калган. Кийинки жылы бул алма шактары ийилип, жерге тийгенче көп мөмө байлаган, апасы айткандай эле серасыл экен. Бу дарак азырга чейин жыл сайын ушинтип мөмөлөйт, кимгедир убада бергендей, карызы бардай, өлүм кайгысы аны да чочутуп койгондой...
Ушул окуядан кийин атасынын бак-дарактарга болгон мамилеси өзгөргөн. Ал суу коюп жүргөн учурунда, же аларды бутап, же дарылап жүргөн маалында алма-өрүктөрү менен күбүрөп сүйлөшө берчү:
– Бу сен, жаныбарым, быйыл жалбырактарың неге суйдаң, өңдөн азып калыпсың, эмнеден жабыркадың экен... – Ал жүдөй түшкөн даракка кадимкидей үйрүлүп, түбүн жумшартып, азык чачып, дарак өзүнө келгенче эси кетет эле.
– Сенин болсо быйыл көрүнүшүң жакшы, көз тоёт дечү жалбырактары жапжашыл болуп барпайып, мөмөлөрү ийилип турган алмасын же өрүгүн суктана карап.
Темирдин бала кезинде булардын багы абдан чоң эле. Кийин атасы балдары бой тартканда чоң бакты төрткө бөлүп, төрт уулуна берди. Берип жатып атасынын:
– Силер да балаңарга бак калтыргыла, бул атанын милдети. “Так калтырганча бак калтыр” дейт. Бак багат, так таят, балдарым, – дегени эсинде.
Атадан калган мөмө-жемиштүү бак буларды чын эле ушул күнгө чейин багып, алигүнчө атасындай калдайган караан болуп келет.
Бүгүн өлүм мүшкүлү тууралуу кайгысы алсыратып, бүк түшүргөн Темирди шамалга топулдап түшүп жаткан алмалары улам алаксытып, оюн бөлүп, кайратына келтире баштады. Ордунан туруп, жамгыр жаап киргенче жер жайната төгүлгөн мөмөлөрүн терип, жыйнаса болот эле. Быйыл айылда түшүм ойдогудай. Ушуну эстеп, ичинен кудуңдап алды. Каирлик жигитке жардам бергенге да жетет.
Темир ширин, өтүмдүү мөмөлөрдү өстүрүп, аларды сатып тиричилик кечиргенине, бала-чакасын окутуп, үйлөп-жайлап жатканына сыймыктанып кетти. Канча жылдар ушул багы бар үчүн кыйналбай жашап келет. Башын көтөрүп бак жагын бир карап алды. Шамал күчөгөндөн күчөп, алмалардын топулдагы дагы көбөйдү.
Бир маалда анын дарбазасы алда немедей катуу такылдады.Темирдин баятан берки дүкүлдөп, сыздап ооруган жүрөгү дагы бир булкуп алды. Ким бул түн жарымда?! Айыл ичи аман болсо экен. Ою бүлүнгөн ал оор денесин араң көтөрүп ордунан турду. Жетип барып ачканча дарбаза тынымсыз такылдай берди. Дарбаза сыртында аны алып-сатар Жусуп күтүп турган.
– Темир ава, бу шамалдын кейпин көрүп сизге дароо келдим, айып этпеңиз... – Жусуп аны менен чала-була кол алышты да, айдап келген машинесинен шагыраган бош жашиктерди, кагаз кутуларды Темирдин короосуна ыкчамдык менен ташый баштады.
– Күбүлгөн алмаларды бала-чакаңыз терип, буларга сала берсин, мен эртең менен эрте келип жүктөп кетем.
Ал башка кеп-сөзгө келген жок. Темирдин кабак-кашына да, убайым тарткан жүзүнө да көңүл бурбады. Жашик жүктөгөн машинесин адатынча шашып айдап, башка үйлөргө кетти. Дарбазасын жаап жатып Темир ичинен Жусуп алып-сатарга бир чети ыраазы болду. Айылдын бир даана мөмөсүн жерде калтырбай жүктөп барып, чоң базарга өткөрүп, буларга канттай кылып акчасын алып келип колуна берет. Өзүнөн башка бир да алып-сатарды Мөлтүр-Булакка жолотпойт. Муну да жөн койбой айрым айылдаштары анын кызыл кулактыгын, базары алыс айылдыктардын алма-өрүгүн арзан – герөө алып, анан кымбатка сатаарын, ушинтип жүрүп оңой байып кеткенин, өзү бир түп мөмөлүү даракты отургузуп, өстүрүп көрбөгөнүн айтып жүрүшөт. Жусупка болсо баари бир, мындай кептерге эткээл денеси “солк” этип койбойт, күн-түндөп чуркап жүрүп чоң машинесин мөмөгө толтурат да, райборборду көздөй жөнөп кетет.
Түн коюланган сайын шамал катуулай берди, Жусуп апкелген бош идиштер ары-бери камгактай учуп, караңгы бакта бала-чакасы менен алма терип жүргөн Темирди бир топ убарага салды. Таң эрте бардык кагаз куту, жашиктерди толтуруп, Жусуптун машинесине жүктөп берген соң гана Темир көңүлү жайлана үйүнө кирип, компьютерин ачты. Каирлик жигиттин энесинин ден соолугу үчүн бата бергендердин саны бир кыйлага көбөйүптүр. Имати тарактап[4], берешендиги кармаган Темир болсо ага түз эле кат жаза баштады.
“Алыскы, тоо койнунда жайгашкан, тунук суусу тиш какшаткан, ай көрүнгүс, күн көрүнгүс дүпүйгөн мөмө бактуу, эли мээнеткеч Мөлтүр-Булак айылынан салам жолдойм, – деп баштады ал катты. – Бизде адамдын башына мүшкүл түшсө, чогуу-чараан колдоо көрсөтө турган эзелки салтыбыз бар. Биздин айылдыктар мындайда ойлонуп, кыйылып отурбайт, бир түп алмасынын эле түшүмүн “ме” деп берип коюшат. Ошондо сегиз жүз түп алманын түшүмү оо, бир далай акча болуп калат! Сиз кыжаалат болбоңуз, Мөлтүр-Булакта бир да кедей, жакыр үй-бүлө жок. Баары бакубат турушат. Мунун сыры ширин мөмөлүү биздин Бакта. Биз бак өстүргөндү жакшы көрөбүз жана аны милдетибиз деп санайбыз. Биздин айылдын атынан сизге жакын арада колдоо барат, кабыл алыңыз”.
Катты жазып бүтүп жөнөттү да, Темирдин жүрөгү сүйүнгөндөн туйлап кетти. Бул катты окуп, каирлик жигиттин таң калгандан, ыраазы болгондон көзүнө жаш тегеренген акыбалын элестетти. Темир ордунан туруп алып, бөлмөсүндө аркы-терки баса баштады. Бети албырып, көздөрү күйүп чыкты. Ал бирөөгө жакшылык кыларда дайым ушинтип толкундап, өзүн койорго жер таппайт. Терезе тушуна келип, дүпүйгөн багы тарапка көз чаптырды. Сыртта болсо түндөн берки шамал басылып, майда жамгыр дыбырап төгүп кирди. Дыбыраган жамгыр менен кошо ушул чакта фейсбук бетинде Темирдин катын колдоп, жүздөгөн, миӊдеген адамдар ага ырахматын, ыраазылыгын жаадырып атышкан эле...
2017-ж.
[1]Газанек – сабагынан түшпөй дарак башында калган мөмө.
[2]Гыжабасы – кыжыры.
[3] Серасыл – түшүмдүү.
[4] Имати тарактап – берешендиги кармап.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.