Топчугүл Шайдуллаева: Эки эшиктүү үй

  • 17.08.2022
  • 3806

АҢГЕМЕ

Аялдын эшигиндеги ити да ургаачы эле. Саадат дөбөт ит бакканга канча аракет кылды, турбады, алары же жоголуп кетет, же өлүп калат. Ушул канчык ити көп жылдан бери эшигинде, көбүнчө бош коё берет, коргонуна чычкан жолотпойт, сак, ээсине берилгени шунчалык, түн бою уктабай, үйдү тегеренип басып жүрөт. Кошуна дөбөттөрдөн калышпай үрөт. Итине ишенген жалгыз бой аялдын түн уйкусу тынч.

Аялдын үйүнүн кире бериш эшиктери экөө. Бири бакты, тамарканы, бири көчөнү, дарбаза жакты карайт. Саадат эки эшикти тең алмак-салмак колдонот. Көңүлү ачык, жайдары күндөрү көчө жакты караган эшиги ачык болот. Бул учурда аялга  коңшу-колоңу кирип-чыгып, чай ичишип, үйүнүн ичи бака-шакага толуп чыгат. Кабак кашы бүркөлүп, сырты эч кимди сүйбөй калганда көчө жактагы эшигин кулпулайт да, күн батыш тараптагы, бакты караган эшигин ачат. Өрүктүн саясында чайын жалгыз ичип, дубал бойлоп өскөн гүлдөрүнө көзү тойгончо тиктеп, ойго чөгүп отура берет.

Кыздары апкелген бир чайнек ысык чай анын көкүрөгүн жибитеби, же аял башка салган тагдырына тооба келтирип, өзүн-өзү тикелейби, бир маалда көңүлү ачылып, кыңылдап ырдап, тамаркасындагы эккен-тиккенин отоп кирет, же кыздарын чакырып мөмө-жемишин жыйнайт, суу коёт.

Саадат сельсоветте көп жыл катчы болуп иштеди. Айылдаштары ишин айтып конторуна да, үйүнө да келе беришчү. Анын кабак-кашын карагандар, дарбаза тараптагы эшигин пайлагандар анда көп эле. Иштеп жүргөн маалында бак тараптагы эшиги көбүнчө жабык турчу. Эми өмүрү ылдыйлаган сайын бу эшигин тез-тез ача турган болду. Анан өзү да кечкисин өрүктүн танасина жөлөнүп отуруп, батып бараткан күндүн кызылын узата тиктегенге көнүп алды. Пенсияга чыккандан бери баягыдай дарбазасын акмалап, буга иши түшүп келгендер азыр жок. Азыр Саадаттын кайсы эшиги ачылып, кайсысы бек экени, көңүлүнүн ачык же капа экендиги менен кимдин жумушу бар дейсиз. Кээ күндөрү эки эшиги тең ачылбай калат.

Саадаттын бүгүн эки эшиги тең жабык. Кечээ ага күтүлбөгөн конок келип кеткен, ошондон бери көңүлү чөгүп, кыжаалат, жүрөгүнүн түпкүрүндө тымызын багып жүргөн акыркы үмүтү үзүлдү: кыздарынын атасы дагы башкага үйлөнөт экен.

Саадат шаардан келген алысыраак эжесинин кызын оюнда эч нерсе жок жайдары тосуп алды. Дасторкон жайып, чай берди.

– Эже, сизди бирөөдөн угуп таң калбасын деп өзүм айтканы атайын келдим... - Келин жер тиктеп сүйлөдү. - Сиздин кыздарыңыздын атасы колумду сурап...

Чай куюп жаткан Саадаттын колдору калчылдап кетти. Сыр алдырбай келинге тигиле карады. Ал отургучка учуп кетчүдөй учкай конуп, күнөөлүүдөй жер карап, дилдиреп, андан жооп күтүп турду.

– Шондой де... ойдо-түштө жок кабарың бар экен, сиңдим?

– Апам мени сиздин астыңыздан бир өт деп жиберди.- Келин  башын өйдө көтөрдү.

Саадат эки бети чоктой кызарып кеткен жаш келиндин минтип үйүнө келип, мындан сөз күтүп, салбарып отурганына бир чети таң калды. Ушул сөздү айтуу буга да оңойбу. Өзүнүн көңүлү бар экен да, болбосо менин босогомду кантип аттайт эле. Болор иш болуптур, Саадат өзүн кармады. Кебелбеген, токтоо түр көрсөттү.

– Жакшылап ойлондуңбу, ал киши улам үйлөнүп ажырашканга көнүп алган, сенин кадырыңа жетээр бекен?...

Келин чочулап, санааркап калгандын ордуна болочок күйөөсүн коргоп кирди:

– Эми жашы алтымышка келип калыптыр, токтолот да, эже. Мен да жалгыз кызым менен калгым келбейт, уулдуу болсом дегем...

“Бу акыл-эстүү, өңдүү-түстүү келиндин жүрөгүн багынткан экен, кайран киши” ичинен ушуну ойлогон Саадат эрин башка жамандаган жок.

– Кам санаба, мен сага батамды берем. - Ушинтти да ички бөлмөсүнө кирип, бир жоолукту көтөрүп чыгып келиндин башына салды.

– Багың ачылсын, сиңдим, – Саадат келиндин эки ийининен коомай кармап, жүзүнө олуттуу карады: – Бир өтүнүчүм бар сага, кыздарым үйүңөргө барышса жакшы мамиле кыл, атасын сагынып жүрүшөт... - Саадаттын үнү каргылданып кетти.

– Албетте, эже, мен атасы менен кыздарына көпүрө болом, катыштырам... кабатыр болбоңуз. - Келин Саадатты кучактап, бетинен өөп жиберди. - Ырахмат сизге!

Жолдо келатканда бул жолугушууну ар кандай элестетип, жүрөксүгөн жаш келин жаны жай ала түштү. Үстүнөн бир оор жүктү алгандай жеңилдеп, ичинен кудуңдап, коштошуп чыгып кетти. А Саадаттын ошол мүнөттөн бери жаны жай таппайт. Бир жерде отура албай, үй ичинде ары-бери баса берди, бөлмөлөрдүн баарына бир канча иреттен кирип чыкты. Кыздарынын дубалдагы жылмайып түшкөн кооз сүрөттөрү, сапсары алкакка салынып илинген Ардак грамоталары, дипломдору, көз жоосун алган эки мейрап көрпө-төшөгү, сервант ичиндеги асем идиш-аяктары мунун көңүлүн жубата албады, сооротподу. “Өлгүр десе, жанды мынча күйгүздүң, сени жок дегенде картайганда өз үйүн табат дегем, он беш жылдан бери улам аял ала бергенден тажабадыңбы! Уулдуу болсоң алигиче ошончо аялдын биринен болмоксуң да, тагдырга да моюн сунуш керек, мынча көк бетсиң, Эркин... Теректей жетилип, бой тиреген кыздарыңды экөөлөп чогуу катар-катар күйөөгө берсек болбойт беле. Атасы дедиртип, тоодой караан болуп жанымда турсаң кыздарың кандай сүйүнөт эле, кыз балага да ата керегин билбейсиңби, дөөпарас! Атасыз, кем өскөн кызга жуучулар да ойлонуп келет экен. Кыздардын тагдырын ойлоп жалгыз кыйналдым, Эркин!” Аял уктоочу бөлмөдөгү дубалда илинген эри экөөнүн жаш маалындагы бирге түшкөн сүрөткө тигилди. Жүрөк тушу ысып чыкты. Ашканасына барып муздак суу ууртады, пиялада калган сууну жүзүнө септи. “Кой, кыздарыма бу кабарды айтайын, эми атаңарды келет деп күтпөгүлө, өзүңөр барып учурашып тургула, азыркы алган аялы жат эмес, мага тууган дейин. Башка менде не айла, атасы жок дегенде кыздарына көңүл бурса экен... Уул төрөбөгөн аялдын күнү курусу-ун!” Ушуларды көкүрөгүнөн өткөргөн аял колундагы бош чыныны дубалга бир чапты да, эчкирип ыйлап жиберди. Буга улай сыртта ити ачуу каңшылап, үйдө аял, эшиктеги кепесинде ити бирин бири укпай, ыйлай беришти. Биринчи болуп Саадат сооронду, ошол замат сыртка атып чыкты. 

– Ай, байкушум, ай, аман-эсен бошонуп ал... – Аял тууп аткан канчыгынын аянычтуу жалдыраган көздөрүнө карай албай терс бурулду. Короонун бурчунда тизилген отунга чуркады, итине атала бышырмакка очогуна казан асып, өзүнчө эле калдастап, бүлүнө түштү. От жагып атып ичинен: “Күчүктөрүнүн көбү дөбөт болсо экен эми” - дей берди. Дөбөттөрүн күн мурунтан эле кошуна-колоңдору, тааныштары “туулганда бересиң” деп ээлеп алышкан. Дайым ушундай, иргелип отуруп акырында ургаачы күчүктөрү калат. Саадат аларды эски сумкесине салып алып, айыл аралап жөнөйт. Аны көрүп айылдаштары: “Минтип үймө-үй күчүк көтөрүп, “аласыңбы” деп азаптанбай, тээ агыны катуу чоң сууга таштап ийбейсиңби?” - дешет. Тообо, жакшы деп сыйлап жүргөн, сылык-сыпаа көрүнгөн адамдары деле ушул сөздү айтат. Алардын кайсы жерине мындай мыкаачылык катылып турганына башы маң. Буларың ит-эненин баасын билишпейт да. Ит-эне ээсине, короо-жайга бөтөнчө бир берилерин, сактыгын билишсе кана!

“Ургаачынын жолу мынча катуу... керек болсо айбанга да”, - Саадат очок боюнда күйүп жаткан оттон көзүн албай муңайды. Отту тиктегенде коюу кирпиктери ылдый карап, бул аялды санаа жетелейт. Муңун ичинен отко айта берет, күйүп кетсин дейби, ушундай адаты бар. “Үч кызымдын бири уул болгондо...” Кыздарынын атасы кайра эсине түштү. Эркектик доорун армансыз сүрдү го бу. Көрсө, эркекке эмне кылса да баары жараша берет экен. Беш жолу аял алса да аны айыптаган эч ким жок, “уулдуу болуунун аракетинде жүрөт да шордуу” деп коюшту. Саадатчы, гүлдөй курагы бой өттү. Муну эстегенде ичинин күйгөнү ушунчалык, очоктогу чокту кармап ийет. Күнбү-түнбү кокус эрим келип калса, ачкычы менен өзү ачып киреби деген үмүттө эчен жыл дарбазасынын кулпусун алмаштырбай жүргөнүчү, бузулса кайра оңдотуп... Кана эми, келгени?

Атала бышып, муздайын деп калганда канчыгы да тууп бүттү окшойт, каңшылаганы басылды. Энесинин мамагын талашкан жайнаган ала-була күчүктөр Саадаттын мустар[1] болгон жүзүнө нур чачыратып, көңүлүн көтөрдү. Ити болсо күчүктөрүн биринен сала бирин жалагылап, жанатан берки азабын унутуп, бакытка тунуп калыптыр. Саадаттын сунган тамагына да карабады. Күчүктөрдөн көзүн албай тиктеген аял баягы оюн дагы кайталай берди. “Ургаачысы аз, дөбөттөрү көп болсо экен эми...”

Күчүктөрдүн теңи ургаачы чыкты. Адаттагыдай дөбөттөрүн көзү ачыла электе эле алып кетишип, ургаачы күчүктөр иргелип калды. Аларды Саадат эски, булгаары сумкесине салып, айыл аралап жөнөдү. Адегенде чоң көчөлөргө түштү. Дарбазага жакын келип, дабышты сезген иттин үнү угулса, ал короодон унчукпай узап кетет, иттин үнү чыкпаса, сүйүнүп, каалганы каккылап, үй ээсин күтүп сыртта тура берет. Дарбаза ачылаары менен күчүктөрүн көрсөтүп мактап кирет:

– Жакшы эненин күчүктөрү, алгыла, энесиндей сак болот...

– Дөбөтпү?

– Ургаачы, энеси жакшы ит... –Саадат жалдырап жиберет.

– Ырахмат, эже, ала албайбыз, дөбөт болгондо...

Баарынын суроосу да, жообу да ушундай окшош.

“Дөбөт, дөбөт” дей беришет, дөбөт болсо эмне башкача үрмөк беле, аның дейди, бирөө-жарым жакшыраак тамак сунуп койсо ошону ээрчип кетип калат же курсагын көбүрөөк тойгузуп алса, үрбөй коёт, ээликкенде канчык кууп айлап жоголот... Ушуну билип, көрүп турушса да баары бир дөбөт күчүк сурай беришет. Оболу ургаачы күчүк багып көрүшпөйбү, анын асылдыгын билишпейби десең... Ачууланган Саадат ичинен күбүрөнүп, өтпөй калган ургаачы күчүктөрүн үйгө кайра көтөрүп келет.

Кээде бир көчөнү баштан-аяк кыдырганда бир күчүгүн алышат. Эртеси башка көчөгө түшөт. Жумалап убара тартса да баарын эринбей таратат. Үйгө келип аны куйруктарын шыйпаңдатып, адамча тиктеп, күтүп турган итинин көзүнө тик карап: “күчүктөрүңдөн ойлонбо, жакшы колго тапшырдым”, - деп үн чыгара айтып, билинер-билинбес кыңшылап алган итинин пешенесинен сылап коёт.

Ушундай күчүк таратып жүргөн күндөрдүн биринде кечке маал үйүнө чарчап кайткан Саадатты  коңшу кемпир көчөдөн кармап алып, катуу наалыды:

Канчык камыраның дагы туудубу, бу качаңгы ит, карыганын билбейт экен да. Ыргытчы алдагы сумкеңди, күчүк ташып өмүрүң өтмөй болду, кудай жалгабаса... сен эми ит көтөрбөй, небере көтөрчү адамсың го, күчүк таратпай, кыз узата турган энесиң го! Итиңдин убарасын тарткыча кыздарды күйөөгө бербейсиңби, шагыратып үйүңө тизип албай... Ушул сөздү айтпайын дедим эле, айттырдың...

Саадаттын башынан ылдый бирөө муздак суу куйгандай, ачуу сөздөн чарчап келаткан денеси чыйрала түштү. Дарбазасы сыртындагы кооз отургучка абай көчүк баскан, мартабалуу кийимчен байбиче буга тууган чалыш, эжеси болот, анан да эң жакын кошунасы. Ал Саадатка тикчийе карап, жаны ачыган адамча ачуусу келип алыптыр.

– Үймө-үй таратып берип койгудай кыздарым ит эмес да, эже. Кудай бактыларын ачпаса эмне кылайын, мен аларды сандыкка салып катып отурган жокмун го?..

“Шуу” үшкүргөн Саадат сумкесин жерге коюп, жол боюндагы таш үстүнө отура кетти. Жүзү кубарып, бечара боло түштү. Кошуна кемпир анын талылуу жерине бир тийген эле. Ал Саадатты тилдегенин уланта берди:

– Айт уулдары бар адамдарга, менин кызымды алгыла деп, мунун эмне уяты бар, күчүгүмдү ал дегиче кызымды ал дебейсиңби, куурагыр?!

Ачууланган кемпир колундагы таягы менен жерди туш келди чиймелеп кирди.

– Канчыгыңды жок кылсаң туура болот эле, кыздарыңдын багын байлаган, сени алаксыткан ошол бейкасиет итиң! Түнү менен бир доошу өчсөчү, уйку бербейт. Силердин эмнеңерди ушунча жанталашып коруйт деймин да, мынча сак! Коруй берип, эшигиңерге эч ким жологус болду.

Эми кемпир таягын улам жерге такылдатып, айткан сөздөрүн бекемдеп атты.

– Дөбөт күчүгүнөн бирди калтыр да, канчыгыңдын өзүн жок кыл. Жок дегенде итиң эркек болсун, куурагыр! Шондо үйүңө кут кирип, береке толот, сүрүнөн айланайын эркектин, ит болсо да аты улук, жолу ачык, дөөлөт болот.

Саадат жер тиктеп калды. Бак-байлыгы ашып-ташкан, биринен-бири кыйын чыккан беш уулдун энесинин өктөм сөздөрү Саадатты ого бетер желкеден басты. Кемпирге башка үн катпады. “Уул төрөбөгөн аялдын күнү курусу-ун!” Ичинен баягы арманы өзүнөн-өзү дагы сызылды. Кемпир болсо наалый берди:

– Жалгыз бой аялдын эшиги анча-мынча кайтаруусуз калса эч нерсе болбойт. Сен, сиңдим дарбазаңды кулпулайсың, аз келгенсип, тамыңдын кире бериш эшигин кулпулайсың. Бекине берип, айылдыктар силерди унутканы калды. Аз келгенсип, канчыгыңдын заарын кара! – Эми кемпир таягын Саадатка кезеп сүйлөдү. –Булардын баарын сага мен айтпасам ким айтат?!

Жалаң ургаачылар жашаган үйгө бирөө-жарым чеки кадам койбосун, кыздарым менен кеп-сөзгө калбайын деп, Саадат өтө этият эле. Үйдө бир эркек болсо минтип корунбайт эле да. Элге окшоп бул да жай турмуш кечирмек. Бир чекитти караган бойдон үнсүз катты. Эстеп көрсө, кемпир эжеси бир чети туура айтат. Чын, бу ити үйдү катуу коруйт.  Бир кезде Саадатка көз артып, түн ичинде баш баккан анча-мынча эркектерди да ушу ити үйгө жолотпой кууган эле. Итинен айбыктыбы, ким билет, алар башка такыр келбей калышкан. Кийин кыздарын чакырып келген айылдын жигиттерин да бу ити жеп жиберчүдөй айбат көрсөтүп, дарбазага кадам бастырбаганын эстеди. Канчасын көрдү, көрбөдү, балким, азыр деле ошентип жүргөндүр. Итине ачуусу келди.

Саадат көзүн жаш чайып, кабагы бүркөө, сабылып, аксаган бир акыбалда коргонуна баш бакты. Алдынан чуркап чыккан канчыгын эркелетмек турсун карап да койбоду. Ээрчип артынан калбаган итин:

– Турчу наржакка! – деп колундагы бош сумкеси менен башка чаап жиберди. Ит ары бурулуп, Саадатты тиктеген тейде куйругун басып, чочоюп отуруп калды. Ит ээсинен мындай мамилени биринчи ирет көрүшү. Ээсин мындай акыбалда да биринчи ирет көрүшү.

Ит кепесине кирип жатып калды, идишиндеги тамагын да ичпеди. Түн ичинде анча-мынча доош чыгарганы болбосо үрбөдү. Эртең менен Саадат күн сайын чыга турган эшиктин маңдайына келип отуруп, ээсин күтүп, кайра кепесине барып, ит куйругун сүйрөп, ары-бери салпайып басып жүрдү. Түштөн кийин сыртка чыккан Саадат дароо жанына чуркап келген итине жүз барбады. Ит чочоюп отурган калыбында ээсин басса-турса тиктеп, көз албай тура берди. Жүзүн абдестедеги сууга чайып алган аял үйгө кирип, керебетине кайра жатып алды. Жарадар адамча өзүнө келе албай, алдан тайыды, кемпирдин сөздөрү анын жүрөгүнө бычактай сайылган эле. Эртеси да таң эрте турган аял эшик тушунда өзүн күтүп отурган итин көрдү. Ал дагы жанына чуркап келди, кыңшылагандай болду. Саадат ити тарапты карап да койбоду.

Өзү, үч кызы, канчык ити – жалаң ургаачылар жашаган эки эшиктүү үйү пенде эгедер болчу бардык бак-дөөлөттөн кур калгандай, анан да буга бейчеки бирөөнү үйгө жолотпогон заар ити чын эле күнөөлүүдөй... Саадат кемпир эжесинин сөзүнө ууланып, эки күн чайналды. Үчүнчү күн дегенде ачуусу тарап, акылын пештеп, өткөн-кеткенин шашпай эсине түшүрүп ойлонду. Бу ити эри үйдөн кеткен жылы, туура он беш жыл илгери келген, көзү ачыла элек күчүк эле. Көчөдо ойноп жүргөн кыздарына бирөө карматып коюп кете берген. Ошондон бери Саадатты бир күн да, бир саат да таштабай бирге жүрөт. Кемпир айткан дөөлөт алып келчү эркек эри Эркиндей болсо, андай дөөлөткө тойдум деди ичинен Саадат. Ушуларды ойлогон сайын итине аялдын ичи жылый берди. Мага напси артып келген эркектерди үйгө кийирбесе эмне экен, туура кылган. Алар менин абийиримди төккөндөн башка эмнеге жарамак. Кыздарыма келген жигиттер иттен коркуп отурса, андай суу жүрөк күйөө баланын мага кереги жок.

Баарынан да түнү тамаркасын сугарганда ити муну коштоп суу башына чейин барып, келип жүргөнүчү. Ал эмес дүкөнгө барса да, конокко барса да ээрчип алганычы. Кыздары кичине маалында мектепке жөнөгөндө да ушул ити узатып барып келет эле. Бу канчыгы коргонду эле эмес, булардын өзүн да коруп жүрдү. Курсагында он, он экиден күчүктү көтөрүп жүргөн маалында да ээрчигенден калбайт эле. Ит ээрчиткен Саадат шериги бар адамча өзүн демдүү сезчү,  ит ээрчиткен Саадат эч кимден коркчу эмес.

Акыры аял бир чечимге келди. “Канчыгымды эч кимге бербеймин, айбан болсо да ал менин кыйбасым...”. Эрте менен эрте туруп, итине өз колу менен тамак бергенге кепесине баш бакты. Итин таппады. “Кечээ эле жүрбөдү беле?..” Заматта коргонду тинтип чыкты, эч жерде жок. Көчөгө чыгып көрүнгөндөн сурап, айылды аралап кетти. Саадат итин көп күн издеди, көп күн күттү. Көрдүм деген бир пенде жок.

Бул убакта ит айыл четиндеги агыны катуу чоң суунун жээгинде, чоң таштын кычыгына башын катып, денесинин жарымы көрүнүп, жарымы көрүнбөй  жансыз жаткан.

 

[1] Мустар – бозоргон.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз