Топчугүл Шайдуллаева: Көр казгыч

  • 02.09.2022
  • 4654

АҢГЕМЕ

Күн сайын таң эртең менен айылдан районго жылган сары автобустун ичи жыкжыйма жүргүнчү. Бири базарга, бири ишке, дагы бири жөн эле шаарга түшүп келгенге жөнөп алышкан. Тоо таянган айылга каттаган автобустун шопурлары ар дайым наалыганы наалыган. Анткени автобуска чыккан жүргүнчүлөрдүн жол кире акысына пул бергени аз. Көбү бир ууч кургак өрүк же алма, сүт, айран, айтор болгон тамак-ашын көтөрүнүп, жол акынын ордуна ошол көтөрүнчөктөрүн шопурларга сунушат.

Айрыкча жүргүнчүлөрдүн улгайгандары. Мындайда шопурлар эмне кыларын билбей сөгүнүп-кагынып, баклашкаларга куюлган айран, сүттөрдү, политилен пакеттердеги өрүк, алмаларды алып өзү отурган жердеги бутунун алдына катар тизип коёт. Бензиндин жыты урган бул тамак-аштар үйгө келгенче жегенге жарабай да калат. Ушундан улам бу райондон тоону көздөй жол алган айылга, пулу жок тоолуктарга каттагандан кайсы шопур болсо да качып турат.

Бүгүн, азаттык майрамы күнү да автобус толо эл, айрыкча жаштар топурап майрамдап келгени районду көздөй жөнөп алышкан. Булардын арасында өзгөчө жасанган, жаңы кийимдери өзүнө куп жарашкан, жашы өтүп калган эркек кишинин көңүлү өтө куунак эле. Ал жанында отурган келин менен бакылдашып сүйлөшүп келатты.

– Бир жакшылап майрамдап келейин деп баратам, кызым, пул болсо жетет. – Ал костюмунун төш чөнтөгүн колу менен таптап койду. – Бирөө-жарым достордон жолугуп калса, Кожентке чейин барам, өлүп да кетсин бу дүйнө, бир күн болсо да көргөндү айт.

Жанындагы келин атасындай кишинин сөздөрүнө муюгандай, үнсүз башын ийкегилеп келатты.

– Сен, кызым, чамамда, айылга анда-санда келесиң, көбүн билбейсиң, элде азыр өлүм көбөйдү, оору-сыркоо көбөйдү, кээси оорубай-этпей эле өлүп калууда. Өткөндө Камчы чалды көмгөнү баргандардын арасынан бирөө ошол жай башында, топурак салып аткан жерде жан берди. Пенде кудайдын колунда экен… – Бу кишинин сөзү бүтпөй кокус үзүлүп кетти. «Тарс» деген үн чыкты да, автобус катуу тормоз берип, сүрдүгүп барып токтоду.

Ичиндеги адамдар чайпалып, көбү терезеге, кармагычтарга урунуп, бала-чака ыйлап, катын-калач ызылдап жиберди. Көрсө, асфальт жолдо катуу келаткан мотоцикл жүргүнчүлөр бараткан автобуска урунуп алыптыр. Жолду кан жая берди. Автобустан биринчилерден болуп жанагы жасанган эркек киши атып түштү. Башынан жараат алган мотоциклчен жигит дем албай калыптыр.

– Шоруң каткыр, Сейит тура, кечээ эле Орусиядан келбеди беле. Акча таап келди деп эне-атасы сүйүнүп атты эле… – Жүргүнчүлөрдөн бирөө-жарым аны тааный коюп ыйлап жиберди. Автобус андан ары жылбай, эл чуркурап, бала-чака бозоруп, азыр эле бир жанды мойсоп кеткен автобусту жаман көрүп, жөө жалаңдап кайра айылды көздөй жол алышты.

Заматта баарынын майрамы бүтүп калды. Улуулар болсо эптеп сөөктү айылга жеткирүү түйшүгүн жеп, жол өткөн машинелерге кол көтөрө башташты.

Баягы жасанган кишиге кайрадан түйшүк түштү. Ал айылдын көр казчусу-гөркөөсү эле. Эми тезинен айылдагы чогуу иштей турган балдарды чогултушу керек. Аларга баш-көз болуп жай казууну баштабаса болбойт. Бул ишти ал айылда бирөө-жарым каза болгонун угар замат айттырбай-дедирбей баштай берет. Айла жок, өлүктүн барар жери көр да. Бирөөнүн өлгөнүн угуп туруп, анан качан мага келип айтышканда гана иш баштайым дегени осолдук да.

Бир чети жашы өткөндө ушул ишти уюштуруп, сооп таап жатканына өзү да ыраазы. Анан эмне кылат, тогуз баласынан карыган чакта тогуз тыйын ала албаса, кемпири экөөнө да дан, суу керек. Гөркөө кызматын уюштургандан бери, кудай сакта, мунун турмушу оңолуп калды. Жан бар жерде, каза бар дегендей, көрсө, элге керек нерсе экен. Мурда өлүк көмүүлөрдө айылдын карылуу жигиттерин чогултуп, анан аларга баш-көзчү таап же алар көр казганды жакшы билбей, айтор кыжаалатчылык болор эле.

Гөркөө олбурлуу келген, карылуу-күчтүү, эр көкүрөк, жашы бир топко барса да шайдоот адам эле. Шарт боюнча көрүстөнгө сөөктү алып келгенде анын жакын туугандары, сөөк ээлери көрдүн ичине кирип, аны жайына коюп чыгат. Кээ бир учурда сөөк ээлери жок болуп калат, болсо да жаш. Же оорулуу болуп, кээси көрдүн сүрүнөн коркуп кире албаган учурлар көп. Ошондой маалда гөркөө ойлонуп турбайт, гөргө секирип түшөт да, сөөктү өзү жалгыз колуна алып, кабырга жаткырат. Мындайды ал көп аткарды. Адатта, гөркөө көрдүн туура казылышына да абдан көңүл бөлөт. Түбөлүк жай деген жай болуш керектигин ойлонот. Колундагы жигиттери менен гөрдү казып бүткөн соң, казанактын даяр экендигин текшерүү үчүн адегенде өзү кирип жатып көрөт, буту, колун түз сунат, эки жагын шашпай байкаштырат, кемчилиги болсо кайрадан оңдошот.

Гөркөө үйүнө келди да, жасанган кийимдерин заматта чечип салып, кетмен, күрөктөрүнүн жайында экенин текшерип көрдү, анан колунда иштеген жигиттерди издеп жөнөдү. Жолдо баратып автобуста сүйлөгөн сөздөрүн эстеди, эмнеге антип сүйлөдүм экен деди, майрам күнү да өлүмдү неге эстеди экен. Өзү да бүгүн өлүм дегенди унутуп, бир жазылып, эс алып келейин дебеди беле…

Түшкө калбай айылдын батыш тарабындагы чоң көрүстөндө дагы бир мүрзө казылып жатты.

– Эркек кишинин жайын көп терең казбагыла, анын күнөөсү аз болот, ургаачы болсо терең казылат… – Гөркөөнүн үнү кетмен-күрөктүн тарсылдагы арасынан угулуп турду.

08.09.2003

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз