Насыйкат: Жашоо жана өлүм тууралуу ойлор

  • 30.04.2020
  • 10130

Өлүм жашоонун артында болгон себеби, ага даярданып алганга ыңгайлуу.
Козьма Прутков

Өлүм жөнүндө ой бизди адашууга алып барат, анткени ал жашоо тууралуу унуттурат.
Люк де Клапье Вовенарг

Жашоо бул саякат, бирок тынсызданбай эле койгула, аягында токтоочу жай табылат.
Айзек Азимов

Кантип жана качан өлөрүңдү тандай албайсың. Бирок сиз кандай жашоо керектигин бүгүн чече аласыз.
Жоан Баэз

Биздин жашообуз – бул биздин бүгүнкү күнүбүз, а эртең сен чаңга, көлөкөгө айланасың жана унутуласың; өлүм бар экенин унутпай жаша; бул саат да токтобой өтөт.
Персий Флакк

Жашоонун аты эле жашоо, а чындыгында ал өлүм.
Гераклит

Жашоо – бул айыкпаган дарт.
Абрахам Коули

Жашоо – бул биз башталышы эсибизде жок, аягын эч ким билбеген нерсе...
Болеслав Прус

Жашоо сейрек жолугуучу нерсеге айланды.  Көпчүлүк адамдар жашабайт, жөн гана жан багып жүрүшөт.
Оскар Уайльд

Жашоонун эң кызык тамашасы ушул, андан эч ким тирүү кутула албайт.
Роберт Хайнлайн

Жашоо – жашабаган сыяктуу эле өтүп кетти.
Антон Чехов

Жашоонун трагедиясы, адам өлө электе эле жашоодон калганында.
Альберт Швейцер

Жашоо –  сезе билүү, ойлонуу, кыйналуу жана жыргалга батуу, башкача жашоо – бул өлүм.
Виссарион Белинский

Ар бир күн сен үчүн акыркысы болуп каларын ойлой жүр. Күттүрбөй келген саат сен үчүн жагымдуу болот.
Гораций

Ар бирибиздин бир эле жашообуз бар – ал өзүбүздүн жашообуз.
Еврипид

Жакшы жашаган ар бир жашоо, бул узак жашоо.
Леонардо да Винчи

Жашоого өлүмдөн коркпогондор гана жарактуу.
Дуглас Макартур

Өлүмдөн коркпой жана аны аябай жашаш керек.
Лев Толстой

Мен өлүмүм келген күнү өлө турган адаммын, ошондуктан мага кандай кааласам ошондой жашоого мүмкүнчүлүк бергилечи.
Жими Хендрикс

Өлгөн императордон, тирүү жүргөн кудайчы артык.
Жан де Лафонтен

Жүз жыл жашайсыңбы, бир күн жашайсыңбы, баары бир бул жүрөгүңдү сүйүндүргөн кенен үйдү таштого туура келет.
Бабур

Асман бизге жан берсе, жер мүрзө берет.
Кристиан Нестел Боуви

Биз өлүмгө баш ийебиз; а жашоого баш ийбейбиз.
Грэм Грин

Адамдын кандай өлгөнү эмес, а анын кандай жашаганы маанилүү. Өлүмдү ойлоп да кереги жок, ал бир заматта эле ишин бүтүрөт.
Сэмюэл Джонсон

Мени тирүү кезиме караганда, өлгөндөн кийин жогору баалашат. Мен өлгөндөн кийин ыйлабай эле койгула, тирүүмдө ыйлагыла.
Марлен Дитрих

Күндү жакшы өткөзсөң уйкуң тынч болгон сыяктуу эле, пайдалуу өмүр сүрсөң өлүмүң тынч болот.
Леонардо да Винчи

Жашооңдо жолуң болгон жок, балким жакшы өлүм табарсың?
Фридрих Ницше

Өлгөндөргө кайгырып ыйлаганыбыз туура эмес жана бул келесоочулук. Ал адамдарга ушунча жашоо берген үчүн Кудайга алкыш айтсак туура болмок.
Жорж Паттон

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Өлүм баарыбыздын башыбызда бар дечи, бирок удаа-удаа жаштардын , болгондо да таланттуу жаштардын кетип жатканы өкүндүрөт. Эрнис, Элмирбек, эми Зайырбек... Эмне дейбиз, кайрандардын жаткан жерлери жайлуу, топурактары майлуу болсун! Кудайым бейишинен орун берсин! Кайрат кылалы, ылайым эле бул тизме уланбай, унутта калсын, кезек кары-картаңдарга келсин. Оомийн!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз