Кыш менин кетпейт окшойт жүрөгүмдөн

(Акын Зайырбек Ажыматовду эскерүү)

Билбейм, улуу адамдардын өлүмү адатта сырдуу болот дешет. Дүйнөнү каптаган апаат-тажывирусунун кесепетинен да, карантин мезгилинде биринин артынан бири узаган, ашыгып-шашылып жашаган, энтигип-күйүгүп эрте кеткен эки чоң акындын, эки чоң интеллектуал, эки чоң өнөр ээси, эки акыреттик достун сүйлөшүп алгандай жарыкчылык менен кош айтышы кыргыз журтун, айрыкча адабият, маданият жана искусство чөйрөсүндөгүлөрдүн эсин эки кылды.

Сиз деле жакшы билессиз да... Орустун улуу акыны А.С.Пушкин Москавадагы эң чырайлуу, көздөрү моймолжуган, сымбаты менен сулуулугу айкалышкан Наталия Николаевна Гончаровага үйлөнгөн.  Наталия Гончарова табиятынан оюн-зоокту жакшы көргөн, ак сөөктөрдүн түнкү кечесинен түн ооп келген, түшкө чейин уктаган, оюнкараак, жеңил мүнөз, сулуулугуна чиренген акылы тайыз, сулууларга мүнөздүү эркектерди манжасындагы шакек сымал тегеретип көргүсү келген эле текебер, сылаңкороз аял болгон.

1837-жылы кыш айынын биринде А.С.Пушкин Геккеренге шылдыңдаган катын жиберет. Акын ал катын жөн жерден жазбайт. Сөзү, атак-даңкы, кадыр-баркы... кыскасын айтканда, өзү тең келе албаса да, орой, адилетсиз, кыңыр-кыйшык, какшык сөзү менен теңелгиси келген душмандары Пушкинге “мүйүзү бар” (алданган күйөө) деген ылакап жармаштырат. Кайсы бир балда душманынын досторунан бирөө акмалап келип, Пушкиндин артында тура калат да, эки сөөмөйүн мүйүзгө окшотуп чыгара коёт, тегерегиндегилер кыраан каткырыкты салып, шылдыңдап күлүшөт. Геккерендин өгөй уулу Жорж Дантес акынга (Наталиянын бир тууган сиңдиси Екатеринага үйлөнөт) бажа боло туруп, үйлөнгөндөн кийин деле Пушкиндин аялына көз артып, ак сөөктөрдүн балында бийге тартып, кез келген жерде тийишип, анысы да биротоло көңүлүн калтырып, алыстатпайт, кыйшаңдашат...

Ал гана эмес, акын жашаган үйдү айланчыктап “Эмне үчүн сенин терезеңдин пардасы ар убак тартылып, жабык турат” деп көк беттик менен аялынын артынан түшөт. Буга акындын аябай ачуусу келет, гыжабасы кайнайт, жинденет. Акын өзүн шылдыңдаган, кемсинткен, оройлук менен арамзалыктын каңшаары катылган каттарды бир-эки эле жолу албайт, көп алат, жанын кашайтып-карайткан, жанын эзип-мыжыккан карамүртөз, кара өзгөй каттар кекиртегине жетет. Төрөпейил Дантестин жакын жолдош-жоролору акындын сезимтал, назик көңүл, баладай ишенчээк мүнөзүн, аялын ашкере сүйгөнүн биле туруп, ортосуна от жагып, эки жакты ого бетер кайраштырып, акындын айласын алты кетирип, акыры дуэлге чакырууга мажбур кылышат.

Бийликтин кысымын өмүрү өткөнчө көргөнү аз келгендей, сүйүп-күйүп алган жарынын жеңил мүнөз, шайкелеңдиги, Пушкиндин поэзиясын түшүнмөк түгөл, ыр уккусу келбеген, жан дүйнөсү жарды, тайыз, кымбат нарктагы “жалтыр-жултур” көйнөгүнө мактанган, жегенине сүйүнгөн, эркектердин жеңил-желпи сүйүүсүнөн лазаттанган, ички дүйнөсү таптакыр башка аял менен күн кечирүүгө аргасыз болот. Так ошол акындын жанына асык атпаган, кайра кара жанын жабыр тарттырган, күйүмдүү жан жолдош боло албаган сулуунун айынан Пушкин дуэлде Дантестин огунан жарыкчылык менен коштошот.

Муну пенделик трагедия деп айтууга болбойт, адамзаттын трагедиясы болгондо да чыгармачыл адамдарга мүнөздүү, таалим-тарбиясынан эмес, табиятынан берилген кыял-мүнөздүн (ашкере намыскөй, ашкере амбициялуу, ашкере улутчул, ашкере ариетчил же өз билгенин бербеген көктүгү, кекчил же өжөрдүгүнөн) өмүрүн тобокелге салган. Башка тирүү жандардай жашоо үчүн жандалбастап, жашоо үчүн кара жанын сактап, кандай болбосун тирүү калуунун амалын ойлобогон. Бул нагыз чыгармачыл жандарга тиешелүү Жараткандан берилген касиет...

Мен акын Зайырбек Ажыматовду ырлары аркылуу тааныгам. Анын поэзиясына кызыгып, адабиятчы катары “Кайран энем канат кагып калчу эле...” (1-макала), “ “Кейибей тур кулунуңа, Ата-Журт” (2-макала) деген адабий талдоону “РухЭш” сайтына жана республикалык “Эркин Тоо” гезитине чыгардым. 9.1. 19.23;42 месенджерден мага Зайырбек мындай билдирүү жөнөттү. “Саламатсызбы! Сизге ыраазычылыгымды кантип жеткирип айтып береримди билбейм. Керемет жазыпсыз. Мени көкөлөтүптүрсүз. Баш көтөрүп жүрө турган кылып кайра жасапсыз. Бүтүндөй текст деле эмес, ар бир тамгаңыз, жылуулук тартуулады. Үйдө үнүмдү чыгарып баарына көркөм окуп бердим. Келинчегим ыйлап ийди)))) Бар болуңуз!”. Экөөбүз интернет аркылуу сүйлөшүп турдук.

Бул менин жеке оюм, көз карашым. Кимдир-бирөөлөргө оор тийсе, кечирим сурайм!.. Менин баамымда: акын-жазуучулар эки түрдүү категорияга бөлүнөт, биринчиси ыры, чыгармасы кандай болсо, турмушта тутунган принциби, кыял-жоругу, көз карашы жана өзү адамдарга айтып-дегенин (акыл-насаат, нуска ж. б.) өзү турмушунда колдонот, турмушунда алып жүрөт. Кыскасы, сөзү-ою менен ыры дал келет, кылган-неткени менен айткан акыл-нускасы шайкешет. Ырлары акындын реалдуу дүйнөсүн жүз пайыз чагылдырбаса да, көпчүлүк пайызында анын прототибин кездештирүүгө болот. Экинчи категориясы, айтканы, жазганы, принциби “китептин тилинен, талабынан, сабагынан чыкпайт” (болбосо кантип башкаларга үлгү боло алат?) бирок, жеке жашоосу теңирден тескери, өз кызыкчылыгы үчүн баарына барат, шайтан менен болсо да тил табышат, достошот, кыянатчыны кол баласындай жумшайт, пайдаланат.

Зайырбек акын так ошол биринчи категорияга мүнөздүү болчу. Баарын ачык айтып, ачык сүйлөгөн, шатыра-шатман, бир кыялы келсе асмандагы айды алып берүүгө даяр кыялкеч, бала мүнөз, таарынып калса, кыйтыйып ичине көпкө ката албаган алабарман, эмоционалдуу, кыргыздын байыртан келаткан духу менен рухуна тойбогон накта мекенчил инсан болчу. “Бийик эле ар кыргыз пайгамбардай”, “Окшош болчу Теңирге мүнөзүбүз”, “Кыргыз болуу дүйнөлүк улуу наам!” деген саптарды кайсы азамат жаза алат, кайсы азамат ооз толтуруп айта алат!?. Ырды кантип жазып калганын, поэзиянын түйшүгүнө кандайча кабылып жүргөнүн “Сайра эне” деген автобиографиялык поэмасында таасын, таамай айтып берет. Кайра кайталап отургум келбейт. Ошол чыгармаларынын деминен, саптарынын илебинен акындын өзүнө мүнөздүү кыял-жоругу, каш-кабагы, ой чабыттары менен ой-сезимдери окулуп турчу... Казактын кашкөй акыны Мухтар Шаханов айткандай; “оозун ачканда, жүрөгү көрүнгөн”, пейили кенен, март, кыргызга таандык эрктик сапаттарды боюна сиңирүүнү адат кылганы байкалып турчу.

Акын поэзиянын мухитине жетсем деген аруу ой-кыял менен жанын сабап жүрдү. Кайсы бир деңгээлде аны чыгармаларында таасындап да берди. Акындын үч жыйнагындагы ырлары буга күбө. Зайырбек Ажыматов улуттук адабиятта өзүн акын – пейзажист, акын-лирик, акын-сүрөткер, акын-нускоочу, акын-публицист (акын медитативдүү лирикага оогон кезде кетти), мекенчилдиги башкаларга окшобогон кенендиги, дайрадай шаркырап аккандыгы менен айырмаланып турат. Анын чыгармаларындагы жеке өзүнө таандык динамикалуу ыргак, көтөрүңкү маанай, бар же жок болом деген тайбастык,өжөрлүк, дене табына сыйбаган кайрат менен инерция жалындап турчу.

Ырларын өзү жатка окуганда да, так ошондой жанып-жалбырттап кете турган чагылгандын отту кашкайып сезилчү... Көрсө, төкмө акын, булбул акын, дулдул акын Элмирбек Иманалиев менен экөө бекеринен дос болбоптур, бекеринен ой дүйнөсү окшошуп калбаптыр, сырдашканга-муңдашканга жан күйөрдүн, төгүлүп-чачылганга түтөрдүн, жан-тенин бирге караган кыянаттык курдаш-достун табылышы оңой эмес.

Элмирбек ааламдан өткөндө, Зайырбек ФБ баракчасына экөөбүз биригип, поэзия кечесин өткөрөбүз дебедик беле деп кан какшап жазды. Эки акындын алдыдагы асыл максаттарына шум ажал жеткирбеди. Алардын ааламдан эрте кеткени бир Кудайга, бир жакындарына маалым... Эч кандай пайгамбарчылыктын деле кереги жок. Акындын табиятында боло турган, нукура акынга таандык жан дүйнөнүн байкалып-байкалбаган, билинип-билинбеген, шоораттуу-шооратсыз, даректүү-бейдарек, психологиялык-интеллектуалдык сызык белгилерди, сапат-касиетти, ички сезимдердин кагылышын, конфликтисин, ички туюмдардын чабылып-чачылган тирешин, дүрбөлөңүн биз, пенделер сезе албайбыз, түшүнбөйбүз, чама-чаркыбыз да жетпейт... Айтайын дегеним, кыска өмүрдө руханий азыктардын өздөрүнө тиешелүү эн белгиси, наркы, касиети, экинчи өмүрү бар баалуулуктарды, таберик казынаны жараткан кыргыздын таланттуу жигиттеринин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Ризван ИСМАИЛОВА, филология илимдеринин кандидаты, ОМЮИ доценти

30-апрель, 2020-жыл

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз