Лао-цзы: Ойлоруңа этият болуң, алар иш-аракеттердин башталышы

  • 27.10.2025
  • 766

Башталышын да, аягын да бирдей кабыл алган адам, ишинде аткарылбаган үмүттөрдүн кыйрашынан кутулат.

♦   ♦   ♦

Эгер адам көпкө чейин башка бирөөнүн тепкичи менен өйдөгө чыгып жүрсө, анда өзүнүкүн табуу үчүн ылдый түшүүгө тийиш.

♦   ♦   ♦

Зыян пайдага айланып кетиши да мүмкүн, пайда да зыянга айланып кетпейт дешке болбойт.

♦   ♦   ♦

Күчтүү болуш үчүн суудай бол. Тоскоолдук жокпу — ал агат. Төрт бурчтуу идиште ал төрт бурчтуу; тегерек идиште — тегерек. Ушунчалык момун болгондуктан, ал эң керектүү жана маанилүү.

♦   ♦   ♦

Шамалдын багытын эч качан өзгөртө албайбыз, бирок колубуздан келгени — парусту туура коюу.

♦   ♦   ♦

Эгер кимдир бирөө баарын түшүндүм десе, анын эч нерсе билбегени ошо.

♦   ♦   ♦

Жүздөгөн чакырымдык саякат бир кадамдан башталат.

♦   ♦   ♦

Акылсыз адам кемчилик үчүн башкаларды күнөөлөйт, акылдуу — өзүн, а акылман — эч кимди күнөөлөбөйт.

♦   ♦   ♦

Эгер артыңдан адамдарды ээрчиткиң келсе, аларды ээрчи.

♦   ♦   ♦

Бакытка жеткирер эч кандай жол жок. Бактылуулук — бул өзү жол.

♦   ♦   ♦

Жашоосуна топук кылган адамдын ички дүйнөсү бай.

♦   ♦   ♦

Эгер жөн гана өзүңгө ыраазы болуп, башкаларга өзүңдү салыштырбасаң, башкаларга атаандашпасаң, сени бардыгы сыйлайт.

♦   ♦   ♦

Татыктуулардын мыйзамы — жакшылык кылуу, эч качан урушпоо, бактылуу болуу.

♦   ♦   ♦

Адам табиятты, зарылчылыкты кабыл алганда гана жеке гармонияга жетет.

♦   ♦   ♦

Эгер кайгырып турсаң, демек сен өткөн чакта жашайсың. Эгер тынчсыздансаң, демек келечек жөнүндө ойлоносуң. Эгер тынч болсоң, демек учур менен жашаганың.

♦   ♦   ♦

Акылыңды керексиз ойлордон бошот. Жүрөгүңдү тынчтандыр. Дүйнөнүн ызы-чуусун тынч байка. Ошондо баары өз ордуна келгенин көрөсүң.

♦   ♦   ♦

Адам максаттары өскөн сайын өсөт.

♦   ♦   ♦

Ойлоруңа этият болуң, алар иш-аракеттердин башталышы.

♦   ♦   ♦

Сага бир мерте зыян келтирген адамды мындан ары жаныңа жакындатпа.

♦   ♦   ♦

Жогорку адептүү адамдар өздөрүн адептүү деп эсептешпейт, ошондуктан алар жогорку адептүүлүккө ээ.

♦   ♦   ♦

Акылдуу адам өзүн жарыкка чыгарбайт, ошондуктан жаркырайт; өзү жөнүндө сүйлөбөйт, ошондуктан даңктуу; өзүн даңктабайт, ошондуктан татыктуу; өзүн жогору койбойт, ошондуктан башкалардан жогору турат.

♦   ♦   ♦

Эч качан бир адамды анын бут кийими менен басып көрмөйүнчө – баалаба.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз