 
                                    АҢГЕМЕ
Асан кечинде үйүнө келди. Тышта жамгыр төгүп жаткан. Үй ичи да жамгыр жытындай нымдуу, жетимсиреп тургандай. Үстөл үстүндөгү өз сүрөтү — күндүн нурун сүрөттөгөн жарык маанай болчу мурда. Эми өчүп бараткандай.
Телефону үнсүз. Достору аны «качан болсо күлүп жүргөн Асан» дешчү. Эч ким анын күлкүсүнүн артында үнсүз оору жатканын сезчү эмес. Эч ким анын көз карашындагы музду туйбаган.
Кечинде ал өзүнө кат жазды. Ооба, өзүнө гана: “Эгер эртең мен турбасам, бул дүйнө мени кечирсин. Мен эч кимге жамандык каалаган эмесмин. Болгону чарчадым. Ар күнү адам болууга аракет кылдым, бирок эч кимге адам болуу керек экенин эске сала алган жокмун.”
Ал катты бүктөп, үстөл үстүнө койду. Терезе сыртында жамгыр үнү ыйга окшош болчу. Асан акыркы ирет терең дем алды...
Эртеси эшик кагылды. Кошунасы — жаш мугалим кыз келди. Колунда кызыл алма. Эшик ачылбады. Терезеден караса, жарык күйүп турат. Эртеси да үйдөн тирүү жан сыртка башпакпады. Кошуна-колоңдор милийса чакыртышты акыры.
Эшикти милийса менен сындырып киришти. Үй ичи жамгыр жытындай оор болчу. Үстөл үстүндө бүктөлгөн кат жатыптыр. Катты окуган кошуналардын биринин колдору титиреп, катты дароо милийсага сунду.
Жамгыр терезени токтобой ургулай берди. Көчөдө кол чатыр көтөргөн адамдар шашылыш чубай беришти каршы-терши. Ошол кечте алардын биринин да жүрөгү тынч уктай алган жок. Эртең менен социалдык тармактарда сүрөт чыкты:
«Мээримдүү, шайыр Асан эми арабызда жок…»
Ар ким өзүнчө комментарий жазды: “Кечээ эле күлүп жүрбөдү беле?” “Түшүнүксүз…” “Жаткан жери жайлуу болсун.”
Эч кимиси “Биз кечигип калдык” деп жазган жок... Сырдуу кат ар кимдин жан тынчтыгын бузду. Жамгыр төгүлө берди. Бирок бул жолу жамгыр үнү башкача эле. Кайдыгерликтин үнү эле ал.
Мамлекеттик кызматкерлердин бири ошол күнү документке кол коюп жатып, тып токтоду колу: “Биз кимдерди угалбай калдык?”
Ошентип, коом акырындан өзүнөн сурай баштады. Асан өз өмүрүн эмес, коомдун үнүн өзгөртүп кетти. Анын катындагы акыркы сөздөр шаардагы бир дубалда жазылып турду кийин:
“Адам болуу — бирөөнү түшүнүүдөн башталат.”
Жамгыр дагы төгүлүп турду. Бирок бул жолу анын үнү кайгылуу эмес эле. Бул — ойгонгон адамдыктын үнү болчу.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
 Колдоо көрсөтүү
                                     
                                    Колдоо көрсөтүү
                                 KY
 KY RU
 RU EN
 EN TR
 TR
 
 
                                     
                                     
                                     
                     
                     
                     
                     
            