Биздин айтар сөзүбүз бар: эже-сиңди Деланилердин биринчи жүз жылы (9-10-11)
- 28.10.2025
- 479
- 1
 
                                    9: Бэсси
О, кудай, ошондо атам бизди камчылаганын эстесем, алиге чейин Сэддиге ачуум келет! Камчы жонубузга тийгенде кыйкырып ыйлабайбыз деген сунушту ал айткан. Бул чындык, ошон үчүн, өлсөм да бул сөзүмдөн кайтпайм.
Мен, апамдын туугандарын тарткам. Апам бетке чабар адам болгондуктан эч нерседен тайманбайт эле. Бир жолу биздин үйдөгү телефонду кайсы бир ак киши пайдаланмак болгондо апам катуу ачууланганы азыр да эсимде. Ал кезде телефон чанда бир үйдө болгон. Телефон номуру 184 болчу, ал бир жолу шыңгыраса, дөңдөгү тамда жашаган Хантер мырзаны чакырчубуз. Ал мектептин окуу бөлүмүн жетектөөчү. Телефон эки жолу шыңгыраса, коңгуроо бизге экенин билчүбүз.
Күндөрдүн биринде ак киши эшик кагып, биздин телефонду колдонсом болобу деп сурады. Тиги киши апама «жеңеке» деп кайрылды. Ак адамдар ынды кара аялдарды кемсинтенде ушинтип да кайрылышкан. Ал эми биздин эркектерди «байке» же «бала» деп чакырышкан.
Апам жанагы кишиге: «Сен менин телефонумду пайдалансаң болот, бирок мени «жеңе» деп айта албайсың. Менин сага туугандыгым жок» - деп чорт айтты. Минтип айтуу - ал заманда ынды кара аял үчүн өтө чоң эр жүрөктүүлүк эле. Атам тиги кишинин сөзүн этибарга албай коймок. Ал табиятынан сабырдуу, момун болгондуктан, ызы-чууну жактырчу эмес жана эч качан кишиге жамандык жасабаган. Ошол себептүү, баягыда Сэдди экөөбүздү камчы уруп жазалоо атам үчүн өтө кыйын болгон. Атамдын көп жакшы сапаттары бар эле. Ал өмүрүн татыктуу жана башкаларга өрнөк болгондой жашап өтөм деген аруу тилекти жүрөгүндө бекем тутуп, тирүүсүндө ошол бийик мүдөөсүн аткарууга умтулду. Ушундан улам менин үйдө торопой кармаганым атамды бушайманга салган. Ретта башка торопойлордон кичинекей болгондуктан, аны өлсө өлөр дешип, карабай таштап коюшкан экен. Мен аны кызыл эт торопой кезинен бөтөлкө менен сүт берип, бөбөктөй асырап чоңойттум.
IV бөлүк
Жим Кроу
Кулчулук бүткөндөн кийинки муундагы ынды кара америкалыктар үчүн эркиндик колдон учкан бакыт болду. Стратегдер тарабынан жан башына салык, ынды кара америкалыктарды добуш берүүгө катыштырбоо, «Жим Кроу заңы» деген аталыш менен белгилүү расалык чектөөлөр жана башка ушу сыяктуу амал-айлалар ойлоп табылды. Түндүк Каролинада Жим Кроунун заңы колдонула баштаган күн – Сэдди жана Бэсси Деланилердин эсинде «бардык нерселер өзгөргөн күн» катары калган.
Жим Кроу заңы Түштүк коомунда 1896-жылы Жогорку Сот Плесси – Фергюсон иши боюнча өкүм чыгаргандан тартып күчкө кирди. Бул иштин башаты - луизианалык аргын Гомер Плесси ынды каралардын вагонунда отуруудан баш тартканы үчүн камакка алынуусуна барып такалат. Луизана штатынын заң-закону боюнча, Плесси мырза аргын болгону үчүн ынды каралардын вагонунда отурууга тийиш эле. Плесси мырза доо арыз менен АКШнын Жогорку Сотуна кайрылып, арыз канааттандырылбайт. Бирок Жогорку Сот актар жана каралар поездде баратканда «бирдей жабдылган эки башка вагондо отурууга тийиш» деген өкүм чыгарат.
Жим Кроу заңы расалык сегрегацияны заңдаштырып, анын өмүрүн ырасмий түрдө дагы көп жылдарга узартты. Жаңы заң боюнча, америкалык ынды каралар коомдук жайларда, анын ичинде мектепте, коомдук транспортто жана ооруканада өңү актарга аралашпай бөлөк жүрүүсү керек. Ал турсун түштүктөгү штаттарда коомдук дааратканалар менен суу ичүүчү кудуктарда «ынды каралар үчүн» жана «актар үчүн гана» деген көрнөк-жарнак орнотулган.
1914-жылы түштүктөгү бардык штаттарда ынды каралардын макамын актардан төмөнкү деңгээлге койгон заң кабыл алынган. «Биз эбак экинчи даражадагы букара экенибизди билгенбиз, - деп эскерди Сэди Делани.- бирок Жим Кроу заңы төмөнкү даражабызды ташка чекти.»
Бул заң ондогон жылдардан кийин гана биротоло жок кылынды. 1954-жылы АКШнын Жогорку Соту Канзас штатындагы Топека шаардык билим берүү кеңешинин үстүнөн Браун берген арызды карап, мамлекеттик мектептердеги расалык сегрегацияны Конституцияга каршы деп тапты. 1964-жылы Жарандардын укуктары жөнүндө акт, 1965-жылы Добуш берүү укуктары боюнча акт жана 1968-жылы Турак жайдагы адилетттүлүк акты кабыл алынганы - Жим Кроу заңынын табытына урулган акыркы мык болду.
10: Сэдди жана Бэсси
Жим Кроу заңы алып келген башаламандыкты тартипке салганга Америка өкмөтүнүн эрки жетпеди. Бул заң жараткан калайман биздин жадыбыздан бүгүнгө дейре өчпөдү. Жарандык согуштан кийин ынды каралар өз ырыскыларына ээ чыга баштоосу өңү актардын кеменгерлерин бушайманга салып, алар Жим Кроу заңын иштеп чыгышкан. Ал учурда ынды каралардын арасында мүлк-дөөлөттүү адамдар пайда болуп, алар шайлоого катышып, бийликке талап койо баштаган. Көпчүлүк актар ынды каралардын да жаны, ариети бар деп ойлошкон эмес. Алар бизди мал катары санашкан. Мындай ойлору чындыкка айланганын каалашкан.
Ал кездеги иерархия боюнча коомдогу эң таасирлүү күч - ак эркектер, алардан кийинки орунда ак аялдар турган. Ынды каралар төмөнкү катмарга кирген. Садагаң болоюн, ынды кара эркек таналарга кыйын болгон десең жаңыласың, эң төмөнкү баскычта - ынды кара аялдар турган. Ооба, мырза! Ынды кара аялдарга төмөнкө орун периштелерден мураска берилген.
Сиз байкадыңыз да, Жим Кроу заңы аял-эркектер арасындагы теңсиздикти жана расалык бөлүп-жарууну сактоого, анын негизинде актар менен ынды каралардын кан аралашуусуна жол бербөөгө багытталган. Тагдырдын тамашасы экен, ал убакта айрыкча Түштүктө тегинде ынды каралардын каны жок ак адамдар өтө сейрек болчу. Өздөрүн ынды каралардан жогору санаган ак адамдардын көбүнүн тегинде ынды каралардын каны болгон! Муну алардын айрымдары билишсе, башкалары билишкен эмес. Бирок ынды каралар аргындарды жаңылбай ажыратышкан. «Ынды каралардын каны күчтүү болгондуктан, кишинин тегин жүзүнө жазып коёт!» - деп атабыз тамашалап калчу. Айланайын, өңү ак сулуу аялдардын быжыгыр чачын көрүп, алардын тегинде бөтөн элдин каны бар экенин билесиз да. Мындай аргындар жарды актардын арасында арбын кездешчү. Алар: «Сулуу болуу үчүн ынды каралардын канынан бир-эки тамчы кошуп койуу керек» - деп күдүңдөшчү.
Алдагыдай кан аралашуу - кулчулук заманында башталган. Себеби, ак эркектер кол алдындагы кул аялдарды зордуктап коюп, ал аялдар мулат балдарды төрөшкөн. Кулчулук жоюлгандан кийин бул сыяктуу аргындар адамдардын бири-бирине тартылуусуна түрткү берген. Биздин үй-бүлөнү алсак, апабыздын тегинде да актардын каны бар. Бир жерде жашаган түрдүү адамдар бири-бирине жардам бере алышпаганы менен, алардын өз ара жакындашып, бири-бирине кызыгуусу табигый иш экенин билесиздер да. Ак аялдар теңине албаган же аялы чанып кеткен ак эркектер ынды кара аялдар менен мамиле түзүп, үй-бүлө курушкан. Ал заманда аялдар үчүн бөтөн эркектер менен жыныстык катнашка баруу коркунучтуу болгон себептүү, алар ала кылды аттабаган. Аялдар төрөт учурунда да көп өлгөн. Ак эркектердин көбү сүйүшүп-күйүшпөстөн туруп, ортого арачы салып үйлөнүшкөн. Ак аялдардын коомдогу таасири ынды кара аялдарга салыштырганда бир кыйла күчтүү болгондуктан, алар кээ учурда эркектерди теңине албай, баш кошуу жөнүндө сунушун четке кагып, шагын сындырышкан.
Ошентип, Жим Кроу заңы расаларды бири-биринен бөлүп, ынды караларды ылдыйга басып туруу үчүн кызмат кылган. Ата-энебиз берегидей заң киргизилгени жатканын билишсе да, жаңы шартта жашоого бизди даярдашкан эмес. Менин оюмча, алар жаңы заңды бизге түшүндүрүү үчүн ылайыктуу сөздөрдү таппай коюшкан. Тырмактай кезибизден эле жек көрүү менен жашообузду, дүйнө биз ойлогондон да катаал экенин эрезеге жетпей билүүбүздү жана жүрөгүбүздө кара тактын болушун каалашкан эмес.
Биз Жим Кроу заңы бар экенин биринчи жолу жай айында жекшемби күнү түштөн кийин билдик. Ал кезде беш жана жети жашта болчубуз. Апабыз, атабыз бизди Роли шаарындагы Пуллен паркына пикникке алып баратышкан. Троллейбуска түшкөндө дайыма биринчи катарда отуруп, чачыбызды беттен соккон желге ыргалтып барганды жакшы көрчүбүз. Адатынча, биринчи катарга отурганы жатсак, айдоочу бизге «артка баргыла» деп өкүм сүйлөдү. Биз, Деланинин балдары, нааразы болуп, чырылдап жибердик. Бирок ата-энебиз эч нерсе болбогондой: «Унчукпай жана чуулдабастан барып, арткы орунга отургула» - деп жайгарышты бизди.
Пуллен паркына жетип, аерде да өзгөрүү болгонун түшүндүк. Бактагы булактын жанына чоң жыгач такта орнотулган экен. Анын бир бетинде «ак» деген, ал эми экинчи бетинде «ынды каралар» деген жазуу майбоёк менен жазылыптыр. Шайтан алгырдыкы десе, эмне болуп кетти? Биз, сөөгү ката элек жаш бала болгонубуз менен, садагаң кетейин, баарын жаакка чапкандай түшүндүк. Жаныбызда бөтөн эч ким жок учурда, Бэсси актар суу ичүүчү жактагы чөмүч менен суу сузуп ичкен ошондо.
Бул окуянын эртеси Касиеттүү Августин коллежинин мугалими биздин класстын окуучуларын дарыканага адаттагыдай эле лимонад сатып бергени ээрчитип барды. Мурда лимонад ичкени дүкөнгө көп келгенбиз. Бул мерте дүкөнчү мугалимге: «Мен сени күткөн эмесин» - деди. Мугалимибиз катуу ачууланып: «Сен мени күтпөгөнүңдү көрүп турамын, сен бирок чындап эле мына бу жаш балдарды тейлебейсиңби?» - деди. «Кечиресиң. Бул заң» - деп жооп берди дүкөнчү.
Кызыгы, дары саткан дүкөн ээси ак киши эле. Анын мыйзамдуу баш кошкон ак аялынан башка да ынды кара аялы бар болчу. Анын кара аялынан туулган кызы биздин дос эле. Ал кыз дайыма дарыканага барып, каалаган момпосуйун жеп, лимонадды тойгончо ичип, жыргап жүрчү. Актар арасында кадыр-барктуу дүкөнчүнүн экинчи аялы жөнүндө актар жамааты бейкабар болгону менен, ынды каралардын баары билген. Бул киши Ролли шаарынын мэри да болгон.
Ырыскың каткыр, Жим Кроу заңы ынды каралар үчүн кудайдын жазасындай эле шермендечилик болду, расалар аралык теңдик жөнүндөгү үмүтүбүздү таш каптырды. Атабыз: «Чыныгы теңчилик ынды каралар тегиз кат таанып, өз жерине ээ болгондо келет» деп жүрдү. Ошондой эле ынды каралар бири-бирин колдошу керектигин такай айтчу.
Ошентип, атабыз бизге момпосуй сыяктуу даам-татымдарды сатып бергени ынды кара Жонс мырзанын дүкөнүнө алып барчу болду. Анын дүкөнү биздин үйдөн алыс экени аз келгенсип, баалары да кымбат. Жонс мырзанын дүкөнүнө барчу жол A&P соода компаниясына караштуу дүкөндүн жанынан өтчү. Ошого атабыздан дайыма: «Ата, биз эмнеге момпосуйду A&P дүкөнүнөн сатып албайбыз?» - деп сурачубуз. «Жонс мырзага жашоо үчүн акча керек, ал эми A&P акчага муктаж эмес. Биз өзүбүздүн экономикалык эркиндигибизди сатып алуубуз керек» - деп жооп берчү атабыз. Ушинтип, атабыз акчасын айткан сөзүнө төп жайда сарптаган.
Атабызда эски америкалыктарга мүнөздүү айкөлдүк бар эле. Ал индивидге же жеке адамга ишенгени менен жамааттын иши үчүн жанын сайганга даяр болчу.
Силер атабызды жанда жок касиеттүү адам деп ойлобошуңуздар үчүн анын кемчиликтерин да айтпасак болбойт. Ал мурда да, азыр да бир айла таап, A&P компаниясына караштуу дүкөндөн кофенин Eight O'Clock Coffee[1] сортун үзбөй сатып алат. Мына, көрдүңөр да, атабыз төрт түлүгү шай адам болбосо да, кудай өзү күбө, жакшы адам болууга умтулган!
11: Сэдди
Жим Кроу - жексур, чиелешкен заң болгон. Кудайга тобо, Бэсси экөөбүз Жим Кроу заңы кабыл алынганга чейин эле актар менен мамиле куруп, бири-бирибизди билип калганбыз. Түдүк Каролина ырасында либералдуу штат эле, штаттын борбору Роли - билимдин бешиги болчу. Роли шаары түштүктүк ынды каралардын жашоосу үчүн ал кездеги көп башка жерлерге караганда алда канча жакшы жай эле. Шаар ичинде шагырап жүргөн конфедерациянын ветерандары[2], алардын кээси Капитолийдин тепкичтеринде отурса, башкалары Эски жоокерлер Үйүнүн жанында топтолушканы дале эсибизде. Ветерандар өзүнчө топко биригип, кишиге мээрман мамилеси менен башкалардан айрымаланып, көчөдө бараткан адамдар менен баарлашканды жакшы көрүшчү.
Актар менен болгон биринчи жолугушуубуз бизге жакшы таасир эткен. Алар - Жаңы Англиядан[3] Касиеттүү Августин коллежине келген миссионерлер болчу. Ошол ак миссионерлер Бэссиге жана мага фарфор куурчак беришкен. Алардын баасы өтө кымбат болсо керек. Арийне, ал куурчактардын түсү ак эле; ал заманда кара түстүү куурчак кайдан. Мага куурчагым аябай жакты, бирок Бэсси ак куурчагын эмне кылганын билесизби? Ал бизге белекке берилген художниктердин палитрасын алып, бир нече майбоёкту аралаштырып отуруп, өз өңүнө окшош күрөң түстөгү боёк жасады. Анан ак фарфор куурчактын жүзүн күрөң майбоёк менен шашпай боёду. Ак миссионерлер муну көрүп эч нерсе айтышкан жок. Апам менен атам жылмайып гана коюшту.
Ошол ак миссионерлер менен Касиеттүү Августин мектебинин мугалимдери кара расадагы адамдарга жардам берип, өз башын тобокелге салышкан. Шермендеге айланышкан. Бэсси экөөбүз болсо адамдардын асылы деп суктанчубуз аларга. Бэсси баарына башын тыгып, кызыга берчү. Бир мертебе мугалимдер анда-санда бөлмөдөн сыртка чыгып турушканын байкап, атабыздан «Алар кайда баратат?» деп сурабайбы. Анткени, мугалимдер да дааратканага барат деп эч ойлобоптур. Ошон үчүн мугалимдер да дааратканага барарын угуп, айбай таң калат. «Бардык адамдар окшош. Алар окшош жерден келген жана барар жерлери да окшош. Алар бу жашоодо окшош жумуштарды аткарышат. Сени менен башкалардын айырмасы, сен көпчүлүк ынды караларга караганда жакшы билим алгансың, калас» - деп түшүндүрөт Бэссиге атам.
Биз жакшы көргөн мугалим Грейс Мозли деген ак айым болчу. Ал жана апасы Касиеттүү Августин коллежине мугалим болуп келишкен. Биз аларды коомдун каймагы эсептечүбүз. Нарктуу үй-бүлөдө чоңойгон бул эки аял адамгерчиликтүү, маданияттуу, билимдүү, жакшы манералары менен көпчүлүктөн айырмаланып турушчу. Мозли айым Касиеттүү Августиндин ак мугалимдери ынды каралардан бөлүнүп жашаганын жактырчу эмес. Ал өзү биздин арабызда жашаганга дилгир болчу.
Анан ар шаршемби кечинде, Мозли айым Бэсси экөөбүздү жана кенже сиңдибиз Юлияны өзү жашаган үйгө чакырат. Баарыбыз Мозли айымдын керебетине тизилип отурабыз, ал бизге Шекспирдин чыгармаларын жана башка классиктердин китептерин окуйт. Кичинекей Юлия тез эле уктап калат, а Бэсси экөөбүз Мозли айымга кыналып отуруп, анын окуганын кунт коюп угабыз. Ушул керемет күндөрдү унутпай жадымда сактап жүрөм, аны эстегенде дайыма сүйүнөм.
Бир күнү Мозли айымдын үйүнө баратып, жол боюнда өскөн жапайы пияздан сындырып алып, ырахаттана жедик. Мунубузду атам билип калып, бизди аябай урушту. «Уят болгон турбайсыңарбы, Мозли айымдын үйүнө эски пияздын агетиндей сасып барып», - деди ал. Атам пиязды көрсө, итиркейи келчү. Тескерисинче, апам пиязды жакшы көрчү, бирок атамдын көңүлү үчүн пияз жечү эмес.
Мозли айым жана биздин ак таятабыз Миллиам мырзаны билгенимден улам Жим Кроу заңына байланыштуу окуя мага жандырмагы татаал табышмактай көрүнчү. Апамды адамдар көп учурда түсү ак адам деп ойлошкондуктан, ал кызыктуу окуяларга кабылып жүрдү. Бир жолу апам Виржинияга ата-энесин көргөнү баратып, мени ээрчитип алды. Бул 1891-жылы болсо керек, мен эми басып калган кезим, апам кош кат – Бэсси боюнда. Кайра келатканда Гринсборо шаарында поезд которуп, Ролиге барчу поезди бир сааттай күттүк. Вокзалда бир ак киши апам менен көпкө сүйлөшүп отурду. Анан мени колуна алып, асманга ыргытып, тутуп ала баштады. Апам аны токтотууга аракет кылды, бирок тиги киши апамдын сөзүн чымын чаккандай да көрбөдү.
Ак киши менин ынды кара экенимди билген болсо, мени ойнотпосун жана апам менен жылуу-жумшак сүйлөшпөсүн апам билгенин эми түшүндүм. Апам эмне: «Кечиресиз, мен ынды карамын!» деш керек беле. Жок, апам эч нерсе дебеди. Кийин поезд Роли шаарына жетип токтогондо, жакшы кийинген ынды кара эркек - биздин атабыз - поездге секирип чыгып, апамды кыса кучактаганда, муну көргөн ак эркектин оозунан келмеси түшүп: «Ымм, каргыш ургур десе!» деди кумсарып. Ак адамдар аны табалап күлүп жатышканын байкап: «Мейли эми. Эмне болсо да, убакытты жакшы өткөрдүм» - деди өзүн сооротуп.
Жим Кроу заңы кабыл алынгандан кийин ынды каралар жана актар үчүн бөлөк-бөлөк вагондор, ошондой эле шарлар арасында каттаган Pullman поезддери пайда болду. Акчалуу ынды каралар Pullman поездине түшүп жыргашты, бирок көпчүлүк ынды караларда алардай мүмкүнчүлүгү жок эле. Ошол себептүү ынды каралардын дээрлик баары жергиликтүү поезддерге гана түшүшчү. Атам епископ болуп шайлангандан кийин ылымдаш кондукторлор аны «Жим Кроунун вагонунун» ордуна Pullman поездине түшүңүз дешип, көп шыктандырышты. Бирок атам ымалалаш кондукторлорго «жок» деп, «Жим Кроунун вагонуна» түшүп жүрдү. «Баары жайында. Мен өз элим менен болгум келет, алар кантип жашагандарын көрөйүн, билейин» - дейт эле атам ымаласы жакын кондукторлорго.
Бүгүн Жим Кроу заңы жоюлгандан кийин, апама поездге түшүү керек болсо, актардын вагонуна түшмөк. Бирок ал көшөрүп, ичи балит экенине карабай, ынды каралар сыяктуу «Жим Кроунун вогонуна» отурмак. Апам өз элине окшош жашоону каалаган. Бирок айрым учурларда кондукторлор апамды ак расадан деп ойлошуп, актардын вагонуна отургузушкан!
Апам-атама бир жакка поездге түшүп баруу керек болсо, алар сөзсүз «Жим Кроунун вагонун» тандашкан. Апам атам экөө жүргөндө, аларды көргөн адамдар, апамды ынды кара деп ойлошот. Бирок апам ал Виржинияга ата-энесин көргөнү баргандагыдай жалгыз жүргөндө, аны ак расадан экен дешет.
Жим Кроу заңы эбак жоголду, бирок анын тагы кээ бир адамдардын жүрөгүндө сакталуу. Анткен менен эскинин даты жүрөгүмдү өйүгөнүнө жол бербеймин. Садагаң кетейин, ал жөнүндө кеп болсо, сөздү тамашага бурам. Ар кандай пикирлер, кеп-сөздөр менин каалаган ишимди аткарууга эч качан жолтоо болгон эмес.
Сага ак адамдар менен кантип тил табышканымды айтып берейин. Роли шаарында «Heller» аталган бут кийим дүкөнү болгон. Анын ээси адамгерчиликтүү жөөт киши эле. Ынды кара адамдар бут кийимди атайын жайда кийип көргөнү жатса, маңдайында ак адам кароолдой болуп карап турчу. Бул Хеллер мырза ойлоп тапкан тартип эмес, бул Жим Кроу заңынын кесепети! Ошол дүкөнгө барганымда: «Кутман таң, Хеллер мырза, мына бу ботинканы терезенин алдында туруп, кийип көрөйүн» - дейт элем. Жөөт киши: «Абдан сонун, Делани айым, дүкөндүн төр жагындагы атайын жайга барып кийип көрүңүз» - дейт. «Кайсы жерге, Хеллер мырза?» - деп сураймын. Ал колун жаңсап, төр жакты көрсөтүп: «Төр, алдагы жер» - дейт. Мен кайра: «Төр кайда?» деп сурайм.
Тиги киши менин көкбеттигимден өлүп калбаса экен деп тилейм. Айласы кеткен шордуу: «Делани айым, каалаган жайга отуруңуз!» - дейт акыр аягында чыдабай. Ушул сөздү гана күткөн жаным актардын бөлүгүнө барып отурам, өзүмө өзүм маашыр болуп.
Бэссинин оюнча, мен азыр жогоруда айтылгандай акмакчылык жасабашым керек экен. Анткени, Хеллер мырза мени ал көргөн ынды каралардын эң келесоосу деп ойлогон болушу мүмкүн. Ал эмне ойлосо, ойлогондур. Ага эмне башымды оорутам. Мен үчүн актардын секциясында отурганым маанилүү.
Бойго жеткен курагымда Колумбия университетин магистр даражасы менен бүттүм. Университетте бизди окуткан ак окутуучу мен жөнүндө: «Тиги Сара Делани. Сен ага муну жаса десең, ал жүзүңө карап жылмайып коюп, бурулуп кетер замат өзү каалаганын кылат» - деп айтчу.
Мен ушинтип атама окшошмун.
Англис тилинен Амирбек Азам уулу которду.
[1] Eight O'Clock Coffee – Америкада белгилүү кофенин бренди, Great Atlantic & Pacific Tea компаниясы (A&P) 1919-жылы алгач сатыкка чыгарган.
[2] Конфедерациянын ветерандары – АКШдагы Жарандык согушка (1861–1865) катышкан Конфедеративдик Штаттардын армиясынын мурдакы жоокерлери арасындагы байланышты колдоо үчүн 1889-жылы түзүлгөн уюм.
[3] Жаңы Англия - АКШнын Түштүк Чыгышындагы алты штатты камтыган регион.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
 Колдоо көрсөтүү
                                     
                                    Колдоо көрсөтүү
                                 KY
 KY RU
 RU EN
 EN TR
 TR
 
 
                                     
                                     
                                     
                     
                     
                     
                     
             
            
Комментарийлер (1)
Көптөгөн чыгармаларды которуп. келесизби.Ийгилик каалаймын!