Биздин айтар сөзүбүз бар: эже-cиңди Деланилердин биринчи жүз жылы (7-8)

  • 17.10.2025
  • 971

Башталышы мында>>>>

III-БӨЛҮК

Касиеттүү Августин

Жарандык Согуштан кийинки ондогон жылдары «билим алуу» болочогу талаадагы оор эмгек же ак адамдардын үйүндөгү түгөнбөс жумуштар менен чектелген мурдагы кулдардын турмушун жакшыртууга дилгирлердин башын бириктирген ураан болгон. Бул жылдары ынды каралар непада кат таанып, аты-жөнүн жаңылбай жазганды үйрөнүп алышса, өздөрүн башына бакыт кушу конгондой бактылуу сезишкен.

Ынды каралардын бир ууч, бирок көбөйүп бараткан орто катмары жогорку билим алууга жол ачылмайын, бийик максатка умтулуу бейпайда экенин айкын түшүнүшкөн. Билим деңгээли жетиштүү аз сандагы ынды кара окуучулар үчүн колледждер менен университеттер аларды кучак жайып тосуп албасын беш колундай билишкен. Ырасында эле көпчүлүк окуу жайлар аларды каратып туруп, эшигин жаап алган. Көпчүлүк ак адамдар ынды караларда окугандай жөндөмү жок деген жалган ишенимдин туткунунда жашаган.

Ал эми ынды каралар арасында билимиңди келечекте колдоно албасаң, классикалык билим алууга убакытты бекер коротуунун эмне кажети бар дегендер көпчүлүктү түзгөн. Ынды кара аялдардын адында андан да үлкөн тоскоолдук турду. Күйөөгө чыгып, эне болобуз деген үмүттөгү аялдардын дээрлик баары жогорку билим алуунун зарылдыгы жок деп эсептешкен.

Бул тушта ынды каралардын өсүп-өнүгүүсү үчүн маанилүү тепкич болчу колледждер көбөйүп жатты. Түндүктүк филантроптор ордолуу Вашингтондо Говард университетин, Теннеси штатынын Нэшвил шаарында Фиск университетин, Түндүк Каролинанын Роли шаарында Шоу университетин жана башка коллеждерди ачышты. Виржиниядагы Хэмптон институту, Алабамадагы Таскиги институту сыяктуу жеке адамдардын жардамы менен негизделген ынды каралардын окуу жайлары кесиптик даярдыкка басым жасады. Ошол эле убакта ынды каралар үчүн епископалдык чиркөө тейдеги диний уюмдардын колдоосу менен ачылган колледждер иштей баштайт. Ушундай жол менен 1867-жылы Роли шаарындагы Касиеттүү Августин мектеби (азыр колледж) түптөлөт.

Бүгүн негизи ынды каралар окуган жүздөн көп колледж болсо, алардын сексен төртү Касиеттүү Августин колледжи сыяктуу жеке менчик. Ал окуу жайлардын көбү, өзгөчө, коомдук институттар өз миссиясын кантип өзгөртүүнү ойлонуштурууда, себеби актар окуган окуу жайлар ынды кара окуучуларды кабыл алат, атүгүл аларды издеп жүрөт. Кээ бир педагогдор ынды каралардын колледждери студенттерге маданий жактан колдоо көрсөткөндүктөн, алардын пайдасын акчалай өлчөп болбойт дешет. Бул жааттагы талкуулар дале уланууда, бирок ынды караларды окуткан коллеждер бир кылымдан ашык убакыт афро-америкалыктардын өнүгүүсүнө башат болуп берди. Эже-сиңди Делани байбичелер «бийик сереге жетүүнүн» жолун өздөрү таалим-тарбия көргөн Касиеттүү Августин мектебинде үйрөнүшкөн.

Сара Делани, А.Елизабет Делани, Эми Хиль Харт  

7

Сэди жана Бесси

Биздин апабыз ата-энеси нике кыйып, мыйзамдуу түрдө үйлөнүшпөгөнүнө бир кыйла уялып жүрүп өттү. Ал бир күнү кимдир бирөөгө мыйзамый жол менен баш кошом же эч качан күйөөгө чыкпайт деп чечет. Бул маселеде Виржиния Түндүк Каролинага караганда алда канча консервативдүү болгон жана анын Виржиниядан кетип, Роли шаарындагы Касиеттүү Августин колледжине кирүүсү ушул жагдайга байланыштуу болушу ыктымал. Ал болочок күйөөсүн Касиеттүү Августин колледжинде табат жана сүйүктүүсү өзүнө салыштырганда капкара экенине көңүл бурган эмес.

Апабыз сыңары өңү агыш ынды кара аялдардын кээси териси кара эркектерден жаа бою качышкан, бирок апабыз бул жөнүндө ойлобогон. Анын айтышынча, сүйгөнү жигиттердин көй кашкасы, өз ишин мыкты билген эркек болгон. Эй, апабыз даанышман аял эле! Ушинтип даанышман аял акылдуу эркекти сүйүп калат.

Атабыз да апабызды сүйгөн, бирок колледжди бүтөр алдында кеңешчи-мугалимдери ага үйлөнбөгүн, жок дегенде азырынча үйлөнбөй тур деп акыл айтышат. Алар билимдүү бүтүрүүчү үй-бүлө кургандан мурда бар жөндөмүн динге кызмат кылууга арнайт деп ойлошкон. Бирок атабыз мугалимдердин кеңешине кулак салбайт. Ал дегеле бирөө менен талашып-тартышканды каалабаган, дайыма өз каалаганын жасагандыктан, адамдарга менен ачык-айкын кыжылдашкандай жагдайга жол бербеген. Колледжди бүтүп, поездге отурат да Флориданын Фернандина Бич шаарындагы ата-энесине барып, көңүлүнө жаккан аялды тапканын айтат. Ата-энеси уулуна белекке көркөмдүү Библия берет. Атабыз Бибилиянын ички бетине өз колу менен: «Генри Бөрд Деланиге колледжди бүткөндөн кийин ата-энеси берген» деп жазып коёт. Андан соң кайра поездге отуруп, Ролли шаарына келип, 1886-жылы 6-октябрда Касиеттүү Августин чиркөөсүндө мисс Логан менен баш кошот.

Келерки 1887-жылдын 12-сентябрында тун баласы Лемуэль Тэкара Делани төрөлөт. Аны Атабызга коллежге кирүүгө көмөктөшкөн өңү ак епископ диниятчысынын урматына Лемуэль деп аташат. Ал туулгандан кийин апам ар эки жылда үзбөй көз жарат: 1889-жылы Сэди, 1891-жылы Бэсси, 1893-жылы Жулия Эмери, 1895-жылы кенже Генри (Гарри), 1897-жылы Люциус, 1899-жылы Уиллям Манросс, 1901-жылы Хюберт Томас, 1903-жылы Лаура Эдит жана 1906-жылы Самуэль Рэй туулат. Биздин бардык инилерибиз жана сиңдилерибиз одүйнө кетишкен.

Ар бир наристе кимдир бирөөнүн урматына аталган. Сэдди (Сара Луиза) чоң энебиз менен таенебиздин ысымдарын алып жүрөт. Бэсси (Анниа Элизабет) д-р Анна Ж.Купердин[1] урматына аталган. Ата-энебиз д-р Куперди үй-бүлөбүздүн жакын досу эсептешкен жана аны Анниа катары билишкен. Анниа менен алгач таанышканда, ал Касиеттүү Августин мектебинде сабак берген. Бул мектеп Жарандык Согуштан кийин обол семинария жана мугалимдерди даярдоочу курс болуп ачылган.

Смедестердин үй-бүлөсү Роли шаарынын бир бөлүгүндө ынды каралар үчүн Касиеттүү Августин мектебин, ал эми шаардын башка бөлүгүндө актар үчүн Касиеттүү Мария атындагы католик мектебин негиздешкен. Апамдын айтышынча, ага-ини Смедестердин бири Касиеттүү Августин мектебине ат минип келчү экен. «Ал атынан түшүп, башындагы калпагын колуна алып, ийилип окуучуларга таазим эткенде, колундагы калпагы жерге тийе жаздачу. Ак эркектин ынды кара окуучуларга баш ийип таазим эткени аябай кызык көрүнөт эле!» деп айтып калчу апам.  

Касиеттүү Августинди бүткөн көптөгөн керемет ынды кара жаштар алган билимин эсепсиз боордоштору менен бөлүштү. Коллеждеги үч жүз же ушу чамалуу ынды кара студенттердин чөйрөсүндө өскөндөр үчүн жалпы китеп окуу, жазуу, ойлонуу чогуу уктоо, тамактануу сыяктуу эле табигый көрүнүш болчу. Биз ошол замандагы башка балдарга салыштырганда жомоктогудай шартта чоңойдук. Бул ырыскыны саналуу гана балдарга буйруган экен!

Бирок кыздардын ар бир кадамы көзөмөлдөнчү. Ал кезде секелек кыздар менен бойго жеткен бийкечтер бирдей көзөмөлдөнгөн. Себеби, кулчулук замандан бери ынды кара аялдар менен кыздар кодуланып, абалы жакшырган жок. Эгер бизге кандайдыр бир жамандык жасалса, атабыз менин кыздарымды ушундай кылышыптыр деп даттанса, алар атабызды дарга асып коюшмак.

Биздин үй-бүлө кампуста жашады. Биз кампустан сыртка коштоочусу жок чыгууга тыйуу салынган. Атүгүл кампустун ичиндеги айрым жерлерге өз алдыбызча баруубузга уруксат берилбеген. Эгер апабыз же атабыз жаныбызда жок болсо, Касиеттүү Августтин коллежинин мугалимдеринин бири коштоп жүрчү. Көбүнчө атабыздын флоридалык бөлөсү Лаура коштоп алчу бизди. Аны атабыз «Лот бөлө» (Cousin Lot) деп атаса, биз Лаура бөлөгө кыскача «Кулот» (Culot) деп кайрылат элек.

Байкуш Кулот колунан көөрү төгүлгөн чебер экенине карабай, флоридалык ак аялдын колунда иштечү. Ак аял акчаны көп тапканы менен, бардык жумушту кылган Кулотко жалчыбаган тыйын төлөйт эле. Кулот бир учурда Балтимордогу кечилканада да жашап жүрдү, бирок кечил аялдар көчөдө кайыр сурап, жан багышканын билгенден кийин, аерден кетип калды. Атабыз Касиеттүү Августин мектебинде тикмечиликти окута баштагандан тартып, Кулот биз менен чогуу жашады. Ошол боюнча актардын кол астында иштеген жок. Ал картайып, көз жумар алдында гана Фернандинага кайтып кетти.

Кулот коштоочулук жумушуна абадан жоопкерчиликтүү мамиле кылды. Ал бизди карт дөбөттөй кайтарды: жаныбызга эч кимди жолотчу эмес. Биз аз да болсо, акча таап алалы өзүбүзгө деп, мектепке караштуу пахта талаасында отоо чөптөрдү отоп, жаңы өсүп келаткан пахта көчөттөрүн суюлтуп иштечүбүз. Кулот талаа четиндеги дарак түбүндө бизди көзөмөлдөп отурчу: бир көзү менен ийне тепчисе, экинчи көзү бизди көзөмөлдөйт. Ооба, мырза, ушундай болгон!

Касиеттүү Августиндин кампусуна караштуу чарба мектептин кызматкерлери менен окуучуларды азык-түлүк менен камсыздаган, ошондой эле колу жука окуучуларга талаада иштеп, аз да болсо акча таап, окуу акысын жана айрым чыгымдарын төлөөсүнө мүмкүнчүлүк берген. Биз да бош убактыбыз болуп калса, аз болсо да, акча таап алалы деп, талаага чуркачубуз. Кээ учурда мектепте акчасы түгөнүп калганга байланыштуу эмгегибиз төлөнбөй калчу.

Бэсси пахта терүүдөн эч кимди алдына чыгарчу эмес. Сэдди секелек кезинде эле күнүнө 45 килодон көп пахта терчү. Бул өспүрүм кыз үчүн өтө эле чоң көрсөткүч болчу! Бирок Бэсси 90 килого чейин терип, көпчүлүк уландарды артка калтырчу. Мен да пахтаны жеңил терчүмүн. Жалпысынан аялдар пахтаны эркектерге караганда тез теришет, ал эми Бэсси сыяктуу шамдагай, чымыр денелүү кыздар эркектерди өздөрүнө караандатышпайт эле.

Кулот жалгыз бой жашап, баласы жок болгондуктан кээ учурда бизди трамвайга түшүрүп барып, Жонсондун дарыканасынан лаймад суусундугун алып берип сүйүндүрчү; эгерде шаарга жалгыз барса, бизге момпосуй алып келет. Таң калычтуусу: Кулот өз алдынча чечим кабыл алганды билбейт эле. Ал шаарга баратып: «Мен келгенче шкафтын суурмасын тазалап койгула» дейт. Бирок эмнелерди ыргытуу керектигин түк айтпайт. Ошон үчүн анын заттарын өзүбүз каалагандай ылгап, жаратпаганыбызды ыргытчубуз. Мурдагы кулдардын көпчүлүгү ушундай болчу. Себеби, кулчулук заманда аларда ээ чыкчу буюм-терими болбогондуктан, ар кандай керексиз нерселерди чогулта беришчү жана аларды кандай пайдаланганды билишчү эмес.

Ооба, бүгүн да мурдагы кулдардын көбү тирүү, биздин атабыз да алар сыңары кулдардан. Алардын көпчүлүгү жаңы шартка көнбөй кыйналышты. «Кулдар эркиндикте кантип жашаганды билишпейт, айрыкча, ит абалында жашагандар» - деп а калчу атам. Ата-энелерибиз башкалар киши катарында көрбөгөн мурдагы кулдарга сый-урмат менен сылык-сыпаа мамиле кылууну өздөрүнүн милдети деп билишкен.

Биздин үйдүн жанындагы кароосуз эски тамда Холловей мырза деген кары чал жалгыз жашады. Апабыз бизди такай чуркатып, мурдагы кулдун ал-жайын билип турчу. Жекшемби сайын сый тамак ирети желчү тортту аны менен бөлүшчүбүз. Апам себетке салып берген тортту жана шекер-каймакты бир туугандар кастарлап көтөрүп, Холловей мырзага алып барчубуз.

Санки эже да бизге коңшу эле. Кулдар эркиндик алганда, Санки эженин кожоюну ага алакандай жер менен кошо күркөдөй жыгач тамды берет. Ал өзүн элден оолак кармап, эртеден кечке багында күймөнүп жүргөнүнө курсант болгондой көрүнчү. Жекшемби күнү биз анын кепесинин жанынан өтүп баратканда, атабыз калпагын колуна алып: «Санки эже, арыбаңыз» деп саламдашчу дайыма.

Жыл сайын болчу Кудайды алкоо күнү* Касиеттүү Августин мектебине коңшулаш үйлөрдө жашагандардын баары майрамдык өзгөчө сый тамактан куру калбасына астейдил кам көрчү. Атабыз майрам болчу жуманы себет токуп баштачу жана себетке муктаж адамдардын тизмесин тактап чыгат. Апабыз мектептеги кыздар менен чогуу таттуу дөшкөдөн[2] (картөшкө) пирог, жашылча, тоок бышырат. (Күрп - ал заманда биз үчүн кол жетпеген дөөлөт болгондуктан, анын даамын Виргинияда жашаган тайенебизден башка эч кимибиз билчү эмеспиз. Таятабыз Милиям мырза аң уулаганга чыгып, жапайы күрп атып келгендиктен, алар Кудайды алкоо күнү салтка ылайык күрп бышырышкан.) Кудайды алкоо күнү таң эртеден майрамдык тамак салынган себеттерди таратуу – биздин ишибиз эле. Кайсы бир жылы коңшу аялдардын бири Бессиге: «Садагаң кетейин, менин үйүмдө нандын күкүмү да жок. Ошого күн сайын чөгөлөп алып, менин балдарыма Кудайды алкоо күнү келсин деп жалбарам. Сен менин үйүмө жеткениңде, үйүбүзгө Кудайды алкоо күнү келет!» - деп кайрылат.

Ачкачылык - мурдагы кулдар үчүн он эки ай бою чоң түйшүк болгон ал учурда. Дайыма кимдир бирөө эшик каккылап, тамак сурап кирип келчүдөй көрүнчү. Апабыз эч качан эч кимди куру кол кайтарган эмес. Апабыз ошондой суранчылар келгенде кылып жаткан ишин токтотуп, аларга шам-шум этип алгандай оокат даярдачу. Алардын көбү өз жолун таап кетти, бирок ар кимдин тагдыры ар кандай болот экен. Жэсси Эдвард деген киши кампустун чарбасына караштуу ээсиз калган эски тамда он жыл жалгыз жашады, ошол тамда көз жумду. Биз үй-бүлөбүздүн мүчөсүндөй болуп калган бул адамга «Жессе байке» деп кайрылчубуз дайыма.  

Жесси байке илгери Түндүк Каролина штатындагы Скотлэнд-Нек кыштагында кул болуп жүргөн. Атабыз байкушту аяп, кат ташуучу кылып жумушка алган. Өз жумушуна өтө жооптуу мамиле кылгандыктан, канча жалынып-жалбарбайлык, Жесси байке: «Жок, болбойт. Тайакем Делани мырза: «Ээсинен башка адмага бир да катты бербегин!» деп айткан. Кат деген кат!» - деп бизди күн сайын келген каттарга түк жолотчу эмес.

Ал мектептин ашканасынан күнүнө үч жолу үзбөй тамактануусун апабыз көзөмөлдөп турчу. Тамакты өз маалында жебей кечигип жүрө берчү. Жекшемби сайын шаардын ортосундагы баптистердин чиркөөсүнө чокунганы кетип, түшкү тамактан кечигип калчу. Ошол себептүү жекшемби күнү: «Каршы болбосоңуз, мен түшкү тамакты өзүм менен алып алайын» - деп бала сымал апабызга жалдырамай адаты бар болчу. Апабыз анын берегидей эрке кыялын байкаса да байкамаксан болуп койчу жана дөшкө ботко же башка бышкан оокаттан кесеге салдырып берет эле.

Ушинтип жүрүп, бечара Жесси байкебиз да картайды, бирок анын канча жашта экенин эч ким билчү эмес. Ал карыган сайын бошошо берди. Биз кээ күндөрү анын үйүнө барып, майда-чүйдөгө толгон бөлмөсүн тазалап, буюмдарын ирээттеп берчүбүз. Кээде анын буту-колунун тырмактарын алып, өзүн жуундуруп, киши кейпине келтирип койчубуз.

Бир күнү Жесси байке ооруп калды. Атабыз аны ооруканага жеткирди, бирок доктурлар эч нерсе кыла алышпады. Байкуш төрт күндөн кийин ооруканада жан берди. Кампуста кедей-кембагалдар, кароосуз адамдар үчүн мазар бар эле. Атабыз алдагы мазарга тегеректеги колунда сокур тыйыны жок ынды караларды көмдүрүп жүргөн. Жесси байке үчүн да мазардан жакшы бир жай табылды.

Биздин мазар менен актардын мазарынын айрымасы чоң болчу. Сайдын аркы өйүзүндөгү актардын мазарын сербейип өскөн бак-дарактар далдалап турчу. Алардын сөөгү көмүлгөн жай – Эмен мазар аталчу эл ичинде. Испан-Америка согушунда окко учкан жаш жигит акыр сапарга узатылганда, анын тажиясына шаардын мэри менен штат губернатору келген. Чогулган эл «Куш сыңары тоолоруңду көздөй уч»[3] гимнин ырдашты. Мүрзөнүн башына мармар таш коюлуп, эстелик орнотулду. Биз Эмен мазарын көрүп, аябай суктандык. Эмне үчүн ак адамдардын мүрзөсүндөгү ташка алардын аты-жөнү жазылат!? Албетте, береги ак адамдардын акчасы болсо керек, алар акыркы сапарга жөрөлгө менен узатылды.

Жесси байкенин жаназасы такыр башкача өттү, бирок Кудай алдында анын жаназасы ак адамдын жаназасындай эле жакшы, атүгүл андан да жакшы өткөндүр! Биз жана биздин кичинекей сиңдибиз Жулия – маркумдун негизги азадарлары болдук. Талаадан жапайы гүлдөрдү терип келип, алардын сабактары менен жыгач крести айланта токуп чыктык. Хантер мырза, директордун окуу иштери боюнча орун басары, ак түстүү, бирок асылзат адам өзүнө мектептин устаканасында жасаткан жыгач табытты Жесси байке үчүн тартуу кылды. Маркумду акыр сапарга узатууну атабыз жетектеп, тажияны Англия падышасын көмүп жаткандай каадалуу өткөрдү. Ошентип, Жесси байке арабыздан тынч узап кетти.

8

Сэди

Ата-энем жумушу көп адамдардан болушса да, биз үчүн дайыма убакыт табышат эле. Алар убакытты биз үчүн жасашты. Бир жолу кичинекей инибиз Сэм: «Апа! Апа! Тез кел! Тез кел!» - деп чыркырайт. Апам жаман нерсе болгон окшойт деп, ашканада жасап жаткан ишин таштап, тызылдаган бойдон Сэмге жетсе: «Апа, карачы, күн батып баратат. Бүгүн Жараткан өзү бизди күндүн батып баратканы кандай кооз экенин көрсүн деген эмеспи?» - дейт ал. Ошентип апа-бала күндү уясына батканча карап турушат.

Апам бирок тартипти бекем кармаганды да билчү. Кичинекей кезимдеги бир окуя күнү бүгүнкүдөй көз алдымда. Кимдир бирөө мага сакадай кутучада момпосуй берди. Мен аны бирден жеп отурсам, апам мага: «Сен момпосуйду Лемуэл менен бөлүшкүн» деди. Момпосуйду бөлүшкүм келбей, кыңылдап бакыра баштадым. Апам «а» дейт, «бу» дейт, укпаймын. Акыры апам момпосуйду колумдан алып, отко ыргытып ийди. «Бул келерки жолу бөлүшүү зарыл экенин унуттурбас сабак болот сага!» - деди ал.

Биз тогуз бир тууган болгонубузга байланыштуу апам өкүм болушу керектир балким. Кээ бир аялдар перзентүү болууну каалашпай, түрдүү айла-амалдарды жасашты, бирок ал учурда бойго бүтүрбөөнүн эч кандай жолу жок болгон. Бир жолу апам курбусунан кат алды. «Нэнни, непада сен тиги балдарды каалабасаң, мага кабарлагын, мен аларды кантип болтурбоонун жолун сага айтып берем» - деп жазыптыр. Бул катка апам аябай капаланды. Апам катты окуп, жарыя сүйлөдү: «Мен жараткан мага буйруган бардык балдарды каалаймын, баарын тегиз!»

Апам бизге дайыма айтчу: «Өмүрүңөрдө кандай окуя болбосун, тартынбастан айткыла мага. Кудай өз пенделерин сүйгөндөй эле, эне да өз баласын сүйөт. Мага жаман иштерди бөлүшкөнүңөрдүн зыяны жок. Бирок мага эч качан жалган айтпагыла. Жалган айткандын кереги жок, себеби эне баланы түшүнөт».

Ал чындыгы «эмгекчил» апа болчу, Касиеттүү Августин мектебиндеги ар бир иш өз нугунда бүтүүсү үчүн бар күч-аракетин үрөчү. Апам бөбөк төрөгөндөн кийин, мен анын бөлмөсүнүн сыртында кичинекей отургучума отуруп алып: «Сизди бөлмөгө киргизбейм. Апам эс алууга тийиш» деп эшик кайтарчумун. Бул апамдын баласы катары аткарган алгачкы арзыбаган жумушум болгон. Апама жолугуум керек эле деп кимдер гана келбеген? Албетте, инилерим менен сиңдилеримден тышкары коллежде окуган студенттердин баары жана жардам сураган ар түркүн адамдар келишет. Апам да кампуста жашаган жаштардын баарын жакшы көрчү, алар да апама «Делани апа» деп кайрылышып, пасторго айтпаган сырларын апам менен бөлүшүшчү. Бирок мен аларды апама киргизбейт элем. Апамдын кичинекей жардамчысы болгонумду силер түшүндүңөр да.

Бүгүнгө чейин апам баарына кантип үлгүргөнүнө акылым жетпейт. Анын жумуш күнү ар дайым күн чыккандан бир кыйла мурда башталат, ага карабай ар түнү темир ваннага суу толтуруп, ар бирибизди жышынтып жуунтат. Киринткенди эң кичинекейибизден баштагандыктан, мен улуулардан экинчи болгонумдан улам, кезегимди күтүп отуруп арыйт элем. Апам эмне себептен бизди күн сайын жуунтканын билбеймин. Актардын ынды караларды балит дегенин кулагым чалган, балким апам алдагыдай пикирге каршы ушинтип күрөшкөндүр. Ооба, биз алар (актар) көргөн балдардын эң тазасы болуубуз керек эле.

Апам баарыбызды жуундуруп бүткөндөн кийин атамдын бөлмөсүнө барчубуз, атам бизге «Тооратты» окуп берчү. Ал бизге «Тоораттын» өзү зарыл деп тапкан окуяларын окуйт. «Тооратта» никесиз жыныстык катнашка баргандар жана ушул сыяктуу адепсиздикке байланыштуу окуялар бар экенин бойго жеткенимден кийин гана билдим. Атам «Тооратты» окуп бүткөндөн кийин, ошол күнү өз ара чырлашкан бир туугандар бир-бири менен элдешип жарашышат эле.

Ич арабызда болгон жаңжалдар жөнгө салынмайынча, атам бизге уктаганга уруксат берчү эмес. Апам-атам ар бирибиздин жуурканыбызды үстүбүзгө жакшылап жаап кетсе да, атам түндө ойгонуп, кимдир бирөө ачылып калбадыбы деп текшерип турчу. Ал мен үчүн көп тынчсызданган. Анткени, мен бир нече жолу керебеттен кулап түшүп, тактай полдо жүзүмө айдын нуру тийип уктап жаткан экенмин. Атам мени жуурканга ороп, терезенин пардасын жаап коёт. Эртеси эртең менен атам мага: «Сэдди, мындан ары керебеттин жанында тактай полдо бетиңе айдын нуру тийип уктабайсың. Себеби, айдын нуру сенин жүзүңдү бузат» дегени жадымда.  

Бардык кыздар бир бөлмөдө уктачубуз, Ламуэлден башка улуу балдардын баарында тар болсо да, өз бөлмөлөрү бар болчу. Биз алгач Смиттин тамында жашадык, бирок үй-бүлөбүз чоңойгондон кийин Деланинин коттежи катары жалпыга белгилүү кампустагы башка тамга көчкөнбүз.

Атам имаратта жетекчи болгондуктан, биз апабызды урматтап, татыктуу мамиле кылганыбыздан күмөн санабас үчүн ал биздин жүрүм-турумду көз жаздымда калтырчу эмес. Ал ар бирибиздин өз милдеттерибизди кандай аткарганыбызды текшерип турган. Апамдын кенжеси болгонум үчүн ага жабышып, этегин койо бербечүмүн, апам мага көп көңүл бурганын жакшы көрчүмүн. Апама мөмө жемиштерин жана жашылчаларды консервалаганга же анын колу тийген иштерге жардамдашат элем. Апама жардам берип жүргөндө, Бэсси көбүнчө кичүүлөр жасаган иштерге баш-көз болчу. Ачыгын айтсам, менин баамымда, Бэсси кичүүлөрдү башкаргандан мага караганда көп маашырканат эле! Бир жолу кичинекейлер «Бэсси падышанын уруксатысыз бир да чиркей жерге коно албайт» деп даттанышкан. Бэсси кичинекей диктатор болгон!

Күнүнө эртең менен атам бизди «инспекция» кылуу үчүн катарга тизип, бут кийимдерибизди кара май менен жалтыратып сүрткөнүбүздү, кулактарыбыз менен моюнубуздун тазалыгын, тырмактарыбызды текшерчү. Атам биз менен сыймыктанчу жана бизди инспекция кылып, бекер сыймыктанбаганына ишенчү деп ойлом. Биз Деланинин ысмын алып жүргөндүктөн, эрезеге жетип, үйдөн кетенибизден кийин да өзүбүздү татыктуу алып жүрүүбүздү каалачу.

Демейде атам бизди текшерип бүткөн чакта чиркөөнүн коңгуроосу кагылат. Атам эртең мененки таат-ийбадатты өткөрүү үчүн чиркөөгө шашып жөнөйт. Биз болсо чиркөөдөгү ийбадатка катышкандан кийин кампустагы мектепке барып, коллежде педагогикалык практикада жүргөн мугалимдер окуткан класстардын окуучулары менен чогуу сабак кылчубуз. Андай класстарда жакын жерде жашаган жана окуп жазганды үйрөнүүгө дилгир улуу курактагы аял-эркектер да окушчу. Биз ушундай мектептен билим алдык. Ошондуктан биз менен түрдүү курактагылар билим алышты. Бул бизге кадыресе көрүнүш болчу. Себеби, башка усулдагы мектептер бар экенин билген эмеспиз.

Өз өмүрүмдө «тамга тааныйын, жазганды үйрөнөйүн» дешип, жанын сабап аракеттенген улуу курактагы башка адамдарды жолуктурбадым. Бул алар үчүн сабатуу болуунун бирден бир мүмкүнчүлүгү болгондуктан, андай мүмкүнчүлүктү пайдаланууга жанын сеп алдырбай аракеттенишкен. Биз менен кампуска жуук жашаган бей-бечаралардын балдары да чогуу окушту. Алардын көпчүлүгү жылан сыйпалагандай жарды жашашкан.

Биз, Деланинин балдары кээ учурларда мугалимдер жок жерден кыйкым таап, бизге кычаштык кылышканын сезчүбүз. Бир мугалимибиз бир күнү болор-болбос шылтоо таап, мени класстан айдап ийди. Эртеси апам мектепке келип, мугалим менен сүйлөшүп, мени мектепке кайра орнотту. Дале жадымда: мугалим бизге мектепке эрте келип, сабак башталганга чейин колдоруңарды мешке жылытууңар керек деп айткандыктан, мен эрте келип жылынып алгам. Башка балдар суук үйдө уктаганы аз келгенсип, колдорун жылытканга үлгүрүшпөй, класста үшүп отурушканы мугалимди кыжырланткан, ал бар ачуусун мага чыгарган деп ойлойм. Балким кичинекей болуп, мугалимдин айткандарын түшүнбөгөн чыгармын. Мугалим мени ыгы жок эрке өскөн деп ойлогондур, ким билет?  

Таң калычтуусу, биз, Деланилер алакан толо акча кармабадык. Ата-энебиз коллежди бүтүп, абройлуу кызматта иштегендиктен, элдин баары бизди төрт түлүгү шай, тың чыкмалардай көрүшкөн. А чынында биз ар бир тыйынды санап жашадык. Кийим-кечени миссионерлердин дүкөнүнөн сатып алчубуз. Мен бала чагымда бир гана жолу жаңы кийим кийгеним али эсимде. Ошондо Жаңы Англияда жашаган ак миссионерлер Кристмас майрамына Деланинин балдарына белек дешип, жаңы бычымда тигилген кийим-кече жөнөтүшкөн.

Биздин үй-бүлөдөгү тогуз бир туугандын ичинен жалгыз Манросско layette[4] буйруптур. Ошон үчүн апам аны кичинекейинде ханзададай кийинтчү. Андай кымбат белекти апамдын санаалаш курбусу, мектеп мугалими - Манросс айым деген ак мугалим берген. Ал учурда апам көз жара элек, ошого кубанычтары койнуна батпаган апам-атам бөбөк туулганда аны тиги аялдын урматына Манросс деп атамак болушат.

Бир жолу Бесси, кичинекей сиңдим Жулия жана мен атамды тегеректеп: «Ата, бизге беш пенни бербесең, чыгарбайбыз!» деп кыткылыктап күлгөнбүз. Атам каткырып: «Кыздарым, канча аракет кылбагыла, менде бир пенни[5] да жок!» деген. Айтканы чындык болчу. Мунун өзү – көп акчасыз деле өмүр өтө берерин көрсөтөт. Биз барына канаат кылып, ынтымактуу жашадык.

Атам асыл киши болгон. Атамдын сөзүн эки кылчу эмеспиз. Майкл айым менен болгон окуядан кийин атамды ого бетер сыйлачу болгонбуз. Береги айым мектепте музыкадан сабак берчү, Жулияны аябай жакшы көрөт эле. Жулия музыкага абдан шыктуу болгондуктан, кийин Нью-Йорктогу атактуу Жулярд коллежинде окуду. Майкл айым жаңы фаэтон алгандан кийин кичинекей Жулияны арабасына түшүрөм деп келди биздикине. Атам: «Жок, болбойт! Майкл айым эмне кылганы жатканын такыр билбейт. Анын арабасы оодарылып калса эмне болот?! Капылет кайдан келерин ким билет?»- деп макул болбоду.

Жулияга уруксат бериңиз деп канча жалбарбадык, атам көшөрүп өзүнүкүн бербеди. Анан эмне болду дебейсизби? Майкл айым фаэтонго отуруп, чыла жол менен шаарга чапкылап жөнөдү. Көп узабай, атка чегилген араба оодарылып кетсе болобу! Майкл айым оңкосунан кетип, жеңил жараат алды, бирок фаэтондун Жулия отурчу жагы быт-чыт талкаланды. Бул кырсык Бэсси экөөбүзгө катуу таасир этти, а Жулия жөнүндө сөз жок! Ошо болду, атама моюн толгогонду токтоттук. Атамдын айтканы айткандай, дегени дегендей болчу.

Ал көп нерсеге кызыккан, өзүнө ылайык эрмеги бар чыныгы интеллигент болгон. Астрономияны өзгөчө жакшы көрчү. Күн ачыкта түнкүсүн баарыбызды сыртка чыгарып, Күндүн жоро жылдыздары (планеталар) менен Жерди жандоочу үркөр жылдыздарды көрсөтүп, аттарын жаттаткан бизге. Эсимде, түнкү асманда Галлей комметасы көрүнгөндө атам толкунданып, аябай сүйүнгөн. Оттой жанган комета жылдыздуу асмандын бир кыйырынан экинчи кыйырына өтүп кетенче, баарыбыз аны узатып сыртта турганбыз. «Менимче, келер жолу Галлей көрүнгөндө, ушуерде туруп, эч кимибиз көрбөйбүз го аны» - деп өкүт кылган атам. Атам жаңылган экен. Бэсси экөөбүз Галлей кометасын кийин да көрдүк, бирок ал бизди мурдагыдай муктандырган жок.

Атам аракты оозуна алчу эмес. Бирок апам төрөгөндөн кийин дайыма шаарга барып, апама өңү саргылт сыра сатып келчү. Сырага жумуртканын сарысын кошуп, эгног[6] жасачу. Адатта эгног жасагандан мурда кабинетине кирип кетчү. Кийин түшүнсөм, ал кабинетине жашынып, эгногго кичине ликёр кошчу окшойт. Өзүңөр байкагандай, атам жаш балалуу апама көп деле жардам бербептир. Атам ликёр кошулган эгногду апама аначы аял үйүнө кеткенден кийин берчү: апама берген бар жардамы ушул болуптур. Башка учурда үйдө ликёрду эч көргөн эмесмин.

Атам бизди бир гана жолу келтектегенин билем. Анда Бэсси экөөбүз кичинекейбиз. Атам үйдөн бир кыйла алыстап кеткенибизди көрүп калат. Ал жакка атайылап барган эмеспиз. Жашпыз да, бадалдуу токойдун кооздугуна азгырылып, үйдөн алыстап кеткенибизди байкабаптырбыз. Атам зөөкүр бирөөлөр бизди зордуктап коюшу ыктымал деп коркуптур. Ал кезде мен сегизде, Бэсси алтыда болсо керек. Атамдан коркконубуздан шабдалынын башына чыгып кеткенбиз. Ачууланган атам «жерге түшкүлө» деп буйруду. Дарактан түшүп баратып Бэссиге: «Атам бизди камчы менен канча сабаса да, үн чыгарбай чыдайлы!» - деп шыбырадым. Бэсси «макул» деп баш ийкеди. Атүгүл өз ыктыяры менен менин алдыма турду. Бэссинин эки ийнине, эки шыйрагына камчы «тып», «тып» тийип жатты, бирок Бэсси «ыы» деп да үн чыгарбады. Атам камчыны тыпылдатып уруп, Бэсси «кыңк» дебей чыдады. Бир маалда чарчаган атам: «Бейбак десе, кодолектен айрымаң жок» - деп күбүрөндү.

Кезек мага жетти. Камчы тийгенде Бэссинин денеси кандай жыйрылганы көз алдыма тартылып, «кыйкырбайлы» деген убадамдан тайдым. Ошон үчүн камчы бир шилтенгенде эле жаным чыкчудай бакырдым дейсиз... Атам токтоду. Башка урбады. Мен өз жанымды аядым. Мени кимдир бирөө алдаганы жатса, калпын жонум менен сезчүмүн. Бирөөнүн жамандыгына кантип чыдайсың, ага эмне башыңды тосуп бересиңби?

Англис тилинен Амирбек Азам уулу которду

[1] Д-р Анна Ж.Купер (1858-1964) – агартуучу, ынды кара аялдардын жогорку билимдүү болуусун жактаган алгачкы жарандык активисттердин бири. Касиеттүү Августин мектебин жана Оберлин коллежин бүтүп, 1925-жылы Париж университетинде докторлук даражасын жактаган. Өлкө байтакты Вашингтон шаарынын М Стриит көчөсүндө 1870-жылы ачылган Жогорку мектепте окуу бөлүмүнүн жигердүү жетектеп жүрүп, АКШга таанылган. Узак жылдар бул мектеп Вашингтондо эле эмес, өлкөдө да ынды караларга академиялык деңгээлде жогорку билим берген жападан жалгыз мамлекеттик окуу жай болгон. Анын бүтүрүүчүлөрү коллежге жана университетке киргендей билим алышат.

[2] Кудайды алкоо күнү (анг.тилинде Thanksgiving Day) АКШда 1863-жылдан бери белгиленген үй-бүлөлүк майрам. Ал күнү майрамдык дасторкондо сөзсүз куйкалап бышырылган күрп (анг. Turkey) болууга тийиш. Ошондуктан, бул күндү “Turkey Day” деп да аташат. Дасторконго күрптооктон башка таттуу картөшкөнүн пюреси же дөшкө (картөшкө) пюре, жашылча, клюкванын соусу, ашкабак пирог жана суусундукка алманын сидри коюлат.

[3] Англис тилиндеги аталышы - "Flee as a Bird to Your Mountain". Автору Мэри Дана Шиндлер. Гимнге айланган ыр алгач 1840-жылы жарыяланган.

[4] Layette (фран. лиет) – бөбөк үчүн атайын даярдалган кийим-кече. XX кылымдын 20-жылдары АКШда кош бойлуу келиндер, алардын достору, жакын туугандары менен достору бөбөк үчүн топу, свитер жана жылуу байпак токуп, жууркан камдашкан. Бүгүн бул буюмдардын тизмеси узарган жана азыр дүкөндөрдө үргүлжүң сатылат. Теги француз тилинен келген бул сөз кутуча, үкөк, сандыкча дегенди билдирет.

[5] Пенни - АКШдагы 1861–1865-жылдардагы Жарандык согуштан кийин жүгүртүүгө чыгарылган майда тыйындардын эл койгон аты. Ырасмий аталышы сент. 1 сент доллардын жүздөн бирине барабар.

[6] Эгног (англ. Eggnog) – демейде сүт, каймак, шекер, кам жумуртканын сарысы жана агы (белогу), ошондой эле алкогол (бренди, ром, виски, бурбон) кошуп жасалган ичимдик.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз