Вольфганг Хильдесхаймер: Камсыздандыруу агентинин туру

  • 13.11.2025
  • 738

АҢГЕМЕ

Пианист Франтишек Хрдланын ойногонун уккан адам эч качан башынан кечирген сезимдерди унутпайт. Анын таң калтырган таланты жана виртуоздук техникасы кылымдын эң мыкты сынчыларын Антон Рубинштейн менен салыштырууга түрткөн. Ал эми музыка таануучулардын аксакалы Эдуард Вацник (азыр 104 жашта, бирок кээде чыгармалардын номерлерин чаташтырганы менен, сынчыл ой жүгүртүүсүн жоготпогон инсан) бир жолу: "Көзүңөрдү жумгула, ошондо Листти угуп жаткандай болосуңар!" – деп кыйкырган.

Лондондон Каирге, Парижден Канберрага чейин бардык жерде акыркы нота ойнолуп бүтөрү менен, кудайдын сүйүктүүсүн чексиз кол чабуулар менен тосуп алышчу. Анан ал чарчап-чаалыгып, бирок момундук менен жаратуучу-композиторго таазим этип ордунан турчу. Терең ийилгенде, жүзүндө кайгылуу жылмаю пайда болчу. "Мына чыныгы талант ээси!" – деп ойлочу концертке келгендер. "Музанын сүйүктүүсү!" Анын трагедиясын, кайгылуу жылмаюусунун себебин мен гана анын жаш кезиндеги досу билчүмүн. Хрдла камсыздандыруу агенти болууну самап, максатына жетпей калган.

Франтишек Мариа Хрдла музыканттардын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы белгилүү музыкант жана мугалим эле, ал фортепиано үчүн классикалык чыгармаларды төрт кол менен ойноо үчүн иштеп чыкканы менен таанымал болгон. (Тилекке каршы, ал жөн гана "аракеч" болгон, ошондуктан анын симфониялары унутулуп калды.) Апасы Иоганн Непомук Гуммелдин алты кызынын бири эле жана музыка дүйнөсүндө арфачы катары өз ордун тапкан. Кичинекей Франтишекти там-туң баскан кезинен эле фортепианодо ойноого үйрөтүшкөн. Төрт жашында ал "Шайырлуу мекендеш" аттуу көлөмдүү антологияны ойной билген, ал эми сегиз жашында балалыктын баркыт шымына кийгизилип, сахнага чыгууга даярдана баштаган. Бирок бул коркунучтуу окуя күтүүсүздөн токтотулган: жаш Франтишек камсыздандыруу агентине жолугуп калып, ал он жашар баланын камсыздандыруунун татаал дүйнөсүнө болгон кызыгуусун ойгото алган.

Балалык кыялына жетүүнү эңсеген жаш өспүрүмдүн тагдырына туш болгон, катаал атасынын түшүнбөстүгү менен күрөшкөн ар бир адам гана бул күрөштүн канчалык азаптуу болгонун жүрөгү менен сезет!

Жаш жигиттин өзүн кыйнап, атасынын тыюусуна карабастан, камсыздандыруу агенттери жана статистиктер менен болгон жашыруун жолугушууларын, жан дүйнөсүн өйүгөн жемелөөлөрдү, терең боорукердик менен элестетүүгө болот. Бирок Франтишек кийинчерек мага мойнуна алгандай, ал түнү бою жууркандын астында Баумгартнердин "Камсыздандыруу маселелери боюнча сот практикасын" окуп, (бир топ кызыктуу болчу) "Капиталдык резервдер жана салык системасы" аттуу эмгегин жазган учурлары анын өмүрүнүн эң бактылуу көз ирмемдери эле.

Бирок канчалык күчтүү болбосун, сезимтал жандуу адам мындай азаптуу сыноого көпкө чыдамак эмес. Жеңилип, көңүлү чөккөн жаш Франтишек тагдырына баш ийүүгө аргасыз болду, көп өтпөй дүйнө жүзүн багындырган сапарын баштады. Анын ар бир кадамы лавр гүлчамбарлары менен коштолуп келген. Мен аны көп убакыттан бери көрө элек болчумун, бирок гезиттерден анын сүрөттөрүн көргөн сайын, ал чарчаңкы көрүнүп, өзүн-өзү жок кылууга, көптөн бери жоголгон идеалга болгон терең сагынычка толгондой сезилчү.

Кечээ, көп жылдардан кийин биринчи жолу, мен аны чет өлкөдөн кайтып келгенден кийин кайрадан уктум: ал мурунку сегиз концертиндей эле Франтишек Хрдлага арналган Малинчевскинин Тогузунчу фортепиано үчүн жазылган концертин аткарды. Ал ушунчалык керемет ойногондуктан, бейтааныш адамдар кол кысышып, атүгүл эң тажрыйбалуу адистердин да көздөрүнө жаш тегеренди. "Каармандыктын" алдындагы тыныгуу учурунда мен кол чатырымды колдонуп, автограф алууну каалагандардын арасынан түртүп өтүп, анын кийим алмаштыруучу бөлмөсүнө кирдим.

Улгая түшкөн досум Франтишек Лавр гүлчамбарларынын жанында кайдыгер, уйку соо ортосунда олтуруп гүлдүн желекчелерин жулуп ыргытып олтурган экен. Мен ага жакындап, эки бетинен өөп, аткаруусу мен үчүн чоң ачылыш болгонун айттым. Ал салкын сурады: "Менден башка бир нерсе күткөн белең?"

"Жок!" – деп толкунданып кыйкырдым. "Малинчевскийди ойноонун жалгыз жолу ушул. Композиторго темпти өзгөртүү же рубатонун кереги жок деп айтуу акылга сыйбайт. Ал эми коммерциялык пианисттик аталган моторикалык жөндөмдөр жөнүндө айтпай эле коёлу..."

Бирок ал мени уккан жок, жөн гана салкын карап туруптур. Кебимдин ортосунда токтодум. Анын көз карашы камсыздандыруу агентинин тобокелчиликти баалаган көз карашын эске салды. Бир аз түшүнбөй, мен таң калыштуу техника менен табигый экспрессиянын сейрек кездешүүчү айкалышы жөнүндө сөзүмдү уладым. Ал муздак бойдон калды.

Ал менин сөздөрүмдү укпагансып сезилди. Эсимди жыйып, ордумдан турдум. Анын колун кайрадан кысып, кийим алмаштыруучу бөлмөсүнө автограф алууга жулунуп жаткандарга жол берип, кетүүгө камынганымда, өзү токтотту: "Айтчы, кымбаттуум, сен камсыздандырылгансыңбы?"

Бир аз уялып, камсыздандырылбаганымды мойнума алдым. Анын көздөрү күйүп жанып, толкунданып кетти. Бир секирди да үстөл жанына келип, суурмадан бир нече камсыздандыруу полистерин алып чыкты. Каршы болушума үлгүртпөй, ал мени киши өлтүрүүдөн, өрттөн, жугуштуу оорулардан, ар кандай кырсыктардан, тагдырдын жамандыгынан жана өз аракетсиздигинен камсыздандырды – мени ар кандай мүмкүн болгон окуядан коргоого алды.

Мен ал учурду эч качан унутпайм: анын кереметтүү чечендиги жана жылуу пафосу, албетте, анын пианинодогу алгачкы күчү менен үндөштү. Кол коюлган полистерди колума кармап, ага таазим кылдым. Ал менин артымдан: "Автограф мергенчилерин бери кубала!" – деп кыйкырып, үстөлгө жыйылган кагаздарды койду.

Моюнга алууга аргасыз болсом да, анын мени коштоп бараткан көз карашында жылмайууга окшош бир нерсе бар эле. "Кызык адам", – деп ойлодум. Чынында эле кош таланттын мындай айкалышы – бул укмуштуудай сейрек кездешүүчү көрүнүш эле.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз