Жаңыл Мырзалы: Жабык эшик артындагы шамалдын үнү

  • 12.11.2025
  • 454

АҢГЕМЕ

Коңшу айылдын четиндеги боз үйдө шамал улам күчөп, эшиктин чатыры калдыраган сайын келин чочуйт. Ал үйдүн ээси – Сайкал. Бул үйдүн босогосунан аттаганына беш жыл өттү. Бирок ошол беш жылда анын үнү бир да жолу эшиктен сыртка чыккан жок.

Кайненеси – Күмүш. Карылыгы келип калса да ичиндеги катаалдыгы жумшарбаган кемпир анысы. Картайган сайын каары курчуп барат кайра. “Аял киши жумуш менен тарбияланат” дегенин миң кайталаганды жакшы көрөт ал. А бирок муну айтуудан чарчабаган өзүчү? Өзү эле өмүр бою кайсы жумуштан жыргап кетиптир баш көтөрбөй жүрүп?.. Өзү бактылуу болуппу?..

Ымырт таң. Күн али чыга элек. Сайкал очокко от жакты. Күйөөгө тийгенден бери анын колу көмүрдүн капкара чаңына көнүп калган. Көмүр да анын жашоосунун өңү. Бирок ошол кара түстүн ичинде да жашоонун ысыгы бар экенин бир гана өзү билет.

Кайненеси чыптамасын кийип, сыртка чыкты.

— Үйдүн арт жагын тазалабапсың, — деди муздак үн менен.

— Кечинде жамгыр жаап, топурак чыланып калыптыр, апа…

— Жамгырды шылтоо кылба. Жамгыр да аялдын ишин сынап келген илгертен...

Сайкал башын ийкеп унчукпады. Бул үйдө жооп кайтаруу – күнөө, чоңдордун айтканын угуу – ыйык мыйзам.

Сайкалдын күйөөсү Аман күн сайын мал артынан кетет. Кечинде чарчап келет. Ошол чарчоонун артында ичкен арагы менен эркектик өктөмдүк, зөөкүрлүк да саңырсып турат сасып. Кечинде эшик тарсылдаса эле Сайкалдын жүрөгү диртилдейт.

Бир күнү эшиктен күүлөнүп кирген Аман жини менен бакырды:

— Кайсы иш экен бүтпөгөн? Керелдин кечке үйдө отурасың!

Сайкалдын көздөрү жарк этип жанды да, анын үнүндө коркуу жоголуп, ичтен чыккан чыңалуусу жаңырды:

— Үйдө тынчтык болобу, Аман… Кулак-мээм тынган күн болобу бул үйдө?! – деди салмактуу.

Аман аны колунан тартып жулкулдатып, көзүнө тике кадалды:

— Кайдан таптың мындай сөздү?

— Тынчтыктын кадырын сен унутсаң да, мен унута элекмин…

Бул жооптон кийин үйдүн ичиндеги үнсүздүк — эң коркунучтуу нерсе болуп калды.

Эртеси күнү Сайкал коңшу келин Айсулууну көрдү. Айсулуу бак ичинде оттун күлүн жыйнап жүрүптүр.

— Эмне кылып атасың? — деди Сайкал акырын.

— Күлдүн астына үрөн салдым. Билесиңби, күлдөн да гүл өсөт экен.

Сайкал жылмайымыш этти, бирок көздөрү жашка толуп турган.

— Күлдүн астында менин үнүм жатат, Айсулуу. Ал дагы чыгып кетсе экен…

Айсулуу анын колун кармады:

— Бир күнү чыгат. Жаратман унутпайт үнсүздөрдүн муңун.

Бул сөз Сайкалдын жүрөгүнө биринчи жолу жылуулук ыроолоду.

Кечинде Аман дагы кечикти. Кайненеси унчукпай отургандан улам Сайкал жай кыбырап лампаны өчүрдү. Үй караңгы боло түштү. Караңгылыктын ичинде анын ойлору жарык эле.

Ал акырын терезенин капталына карады:

— Мен да күл ичинен өсөм. Болгону азыр көмүлүп турам, — деди шыбырап.

Шамал үнү угулду сырттан. Бирок бул жолу ал жыртык чатырды эмес, анын ичиндеги тынчтыкты чайпап өттү.

Бир нече жумадан кийин Аман бир күнү мас бойдон келип, колундагы чыныны дубалга уруп жиберди. Сайкал үн да каткан жок. Болгону жай басып, эшикке чыкты. Шамал катуу эле. Ай жарыгы жерге түшүп, анын жүзүн жарытты. Ал ошол маалда биринчи жолу эч кимден коркпогон аялга окшоп турду.

“Эркек уят менен жашайт, аял унчукпай өлөт. Бирок үнсүз өлгөн аялдын үнү шамалга айланат” – деген шамалдын ыры айланып турду теребелди. Ошол шамал ошол түнү кыштакты аралап, ар үйдүн терезесин каккылап өттү. Кайсы бир үйдүн келини эшикке чыгып, ошол шамалга кулак түрдү. Шамалдын ырын укту.

Эртеси эртең менен кайненеси ойгонсо, Сайкал үйдө жок экен. Очокто күл калган, үстүндө бир тал гүлдүн сабагы. Күмүш анын кол жазмасын тапты:

“Мен кеттим. Мен эч кимге өч эмесмин. Мен жөн гана үнүмдү сыртка чыгардым. Бул үйдө эч кимдин үнү өлбөсүн. Күлдөн да гүл өсөт, апа.”

Кайненеси узакка карап турду. Көздөрүнөн жаш чыктыбы — билбейт. Бирок колдору титиреп, ошол күлдүн үстүнөн гүл сабагын акырын кармап турду. Ал сезди: бул гүл анын келининин үнү экенин.

Айдын нуру түшүп, түн агыш тартып турган маалда, айыл үстүнөн шамал өттү шуулдап. Шамал терезелерди кагып, каалгаларга шыбырады. Кимдир бирөө угат болду бекен?

Балким, ошол шамал — Сайкалдын үнү, Айсулуунун деми, Жамийланын өкүнүчү беле... Ар бири күлдүн астынан өсүп чыккан үндөр эле ал үндөр.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз