О`Шакир: Апамдын маасы-гөлөшүнөн уялганым ай

  • 01.01.2026
  • 1059

 

ЭССЕ

Апам келиптир айылдан. Мактангым келди ага. «Иштеген жеримди көрсөтөм, жүрүңүз» деп эле ой-боюна койбой алып жөнөдүм. Опера-балет театрына. Өзүм театр алдындагы вокалдык студияда окуп жүргөнүмдө эле академиялык хордун солисттигине алышкан. 

Заңгыраган опера-балет театрынын босогосун аттагандан кийин билдим: апамдын маасычан келгенин. «Ии-ий, кокуй, – дедим ичимден... – Апамдын бул түрүн көргөн артисттер не дейт?» 

Ак куудай керилген балериналар, суйкайган сулуу актрисалар кирип-чыккан жаркыраган театр имаратынын төрүн аралап, апамдын маасы-гөлөшчөн жүргөнү эч коошпойт десең... Айылдан келген карапайым кара кемпир менин көзүмө эле ысык көрүнбөсө, башкалардын көзүнө кандай көрүндү экен, билбейм...

*     *     *

Тепкичтен өйдө көтөрүлө бергенибизде – сценадагы репетицияга чуркап бараткан балериналар апамдын көзүнө өөн көрүндү окшойт. Өзү токолдору толтура чоң молдонун кызы эле да...

– Булар эмне тыйтактап чуркап жүрөт? – деди апам менден уялгансып. 

– Булар апа, бийчилер. Театр деген ушундай. Тата-пата, тата-пата... – деп ар нерсеге билерманмын.

*     *     * 

Апамды жандай басып Малдыбаев, Власов, Фере, Бейшеналиева, Кийизбаева, Миңжылкиев өңдүү залкарлардын сүрөтүн көрсөтүп жүрөм. Кечээ эле мал сарайда ботала-шотала болуп чыла кечип, бок чыгарып жүргөн уулу бүгүн минтип жаркыраган театрда иштеп атканына, анан калса байлатпа жинди мүнөзү бар мендей көкүрөк күчүк тентеги ушундай асемдүү жерде иштейм дегенине ишенип-ишенбегендей түрү бар... 

– Жүрү, – дедим анан апама, кызыктын баары алдыда экенин көрсөткүм келип. 

Апамдын ансайын төбөсү көккө жетип сүйүнүп алганы. 

Театрдын коён жатагынан өйдө көрсөтүп мактанган жаным, апамды атактуу концертмейтер Светлана Ивановна Мнацаканова менен тааныштырмак болдум. Орусча ныпым билбеген апамды сүр басты. Эркине койбой жетелеп жөнөдүм. Экөөнүн ортосунда котормочу болуп алдым. Сексенден ашып калса да бийик такалуу Светлана Ивановна менен маасычан апамдын бою тепетең экен. Апам анда жетимишке таяп калган кези. 

Эки кемпир жөн эле эски тааныштардай маңдайлары жарыла сүйлөшкөнүнө бери жакта менин көңүлүм курсант. 

– Эмне деп атат, балам? – дейт апам. 

– Абыдан жакшы баланы тарбиялапсың деп сизге ыракматын айтып атат, – дейм апама ашыра мактанып. Айрым жеринде апыртып да жибердим окшойт...

– Жакшы болбой калсын ушу, – дейт апам Светлана Ивановнанын мактоосунан шекшингендей. – Эркек балдарымдын эң кичүүсү деген ушул балам өтө тентек чыкпадыбы, – деп ымандай сырын бөлүшүп, жайына койсом айылдагы кемпир-кезектердин бирин таап алгансып, кобурап отура бергиси бар.

Айтор, мектепти бүтөр-бүткөнчө далай мерте ата-энелер жыйналышында кызартып уят кылганымдан жүрөк үшү калган апамдын Светлана Ивановнанын мактоолоруна ишенмеги кайдан. Анткени мектепте жүргөнүмдө аз жерден «детский колонияга» кетип кала сактап, атам ыраматылык прокурору менен милийсасын паралап жүрүп алып калганы бар... 

Бир маалда эле Светлана Ивановна пианинодо ойноп, а мен ырдап атам. Апам көккө көтөрүлө түшкөнсүдү. А менин мурдум асманга кайкайып калганы.

*     *     *

Ал күнү театрда «Курманбек» операсы болмок. Алдыбыздан СССР эл артисти Хусейн Мухтаровго капыл-тапыл кезигишип калдык. Ал киши Тейитбектин ролун аткармак. Улуу залкардын жөнөкөйлүгүн кара: озунуп өзү салам узатты апама. 

Кыргызчаны суудай сүйлөгөн ал кишинин улуту дунган экенин айтсам, апам ишенип-ишенбейт. 

– Кып-кыргыз эле го...

– Бүгүн ушул киши ырдайт, – дедим. 

Спектакль башталганга чейин эле апамды театр залына ээрчитип барып отургуздум. Театрдын шыбын көргөндө, апамдын оозу ачылып эле калды. Шыптагы сүрөттөрдү ким, кантип тартканына таңгалды. Алиги сценаны көздөй ары-бери чуркаган балериналардай, бул жердин шыбында да балериналардын сүрөттөрүнө апам менин көзүмчө жакшылап карай албады. Көзүн ала качты. 

Дагы таңгалткым келди. 

– Караңызчы, апа, – дедим, –могу айланадагы жаркырагандын баары алтындын буусуна жалатылган. 

– Ушунун баары алтынбы?! – апамдын оозу аңырайды. 

Чынында театр көркүнө алтын жалатылганы – апамдын оозун ачыргандай эле бар да. Калп айткан менен болобу: ыраматылык атамдын апама кызыл камчылыгы бар эле. Ичип келгендегисинде апама кол көтөрсө туш-тушунан арачы түшүп, балдары чурулдап-чуркурап бергенде араң басылчу. Бирок апам кургурга алтын тиш салып бергени эсимде жок экен. Алтын шакекти деле кыздары алып берди, алтын тиштерин да кыздары салып берди. Эркек балдарынан кимиси апама алтын арнаганы да эсимде жок. Айтору, алтынга кийин жетти. Кыздары жеткирди.

А өзүм апама алтын тиш салып бермек тургай: колоктогон бойдок, өз каражаным үчүн иштеп, окуп жүргөн кезим. Эми ойлосом, апам ошондо театр ичинде жалатылган алтындардан канча тиш салдырса болоруна эсеби жетпей, оозу ачылып отурду бекен деп ойлойм азыр...

*     *     *

– Болуптур, апа, жарым сааттан кийин спектакль башталат. Мен да сахнага чыгышым керек, барып кийинейин, гримденейин, – деп апамды сербейтип отургузуп коюп жүгүрүп кеттим. 

Спектакль аяктады. Апамды үйгө жетелеп кеткени залга келсем, өмүрү опера укпаган жаны спектакль бүтөр-бүткөнчө кулагы дүңгүрөп, башы ооруп, араң эле чыдап отуруптур. 

– Каңкылдагыңардан башым ооруп кетти, – деп театрдан чыкканча шашты кургурум. 

Ошондогу театрга барып башы ооруганын кыздарына өмүр бою айтып түгөтө алчу эмес эле. 

– Мунун каңылдаган жерине бардым, иштеген жерине… ошентип да киши ырдайбы? – деп калчу. 

Ии, баса... кийин сурап атпайбы: 

– Сени качан чыгып ырдайт десем, чыкпадың го? 

– Чыкпадымбы, апа. 

– Чыксаң, көрбөйт белем.

– Мен деген хордун арасында ырдайм да. 

– Билбейм, кагылайын. Сакалчан бүрөө чыкканынан сенби десем, үнү корулдаган башка экен, – дечү. 

– Ал киши жанагы сизге салам берген Хусейн Мухтаров.

– Жаман киши экен, баласына тетири бата берген... – апама ал кишинин ролу жакпай калыптыр...

– А мен сиз отурган жакты сахнадан улам-улам карап аттым, – дегениме эле ыраазы болуп, ошондогу операдан башы ооругандагы окуясын кыздарына даттанып барыптыр, – башым ооруп келдим, – деп. 

Эсимден кеткис апамдын ошондогу маасычан театрга келгени – жаштыгымдын эң айжаркын күндөрүнүн бири экен көрсө... 

Апам бүгүн кашымда болсо кана, аттиң! Башын оорутпаган, ушул эскерүүмдү окуп бермекмин.

7-март, 2020-жыл.

Саймалуу колдор

Апам кургур уул-кыз төрөп он алты,
баарыбызды багып, бөлөп он алты -
тартып азап, убайым жеп өмүрдө
тапты бекен бизден жөлөк -- он алты?..

Туш-тушунан ээрчигендей балапан,
турчу түнү: үрүл-бүрүл таң ата.
Түйшүк анан эртеден кеч бүтпөгөн.
Күндү карайт - күүгүм батып баратат.

Жетпейт эле апакеме убакыт,
жетти бекен жыргал жашоо, куу бакыт?
Жетпейт эле он алтынын кем-карчы,
жеген чыгар турмуш эзип, кууратып?

Шырдак шырып, кыздарына сеп камдап,
ала кийиз, туш кийизи деп сандап...
ийик ийрип, сайма сайып, жүн тытып,
теменеси тешип манжа, жеп бармак...

Оттон, суудан алаканы туурулган,
а түндөсү нанга камыр жуурулган.
Оюн, күлкү салар элек биз болсо,
он алтыбыз туш-тушунан чуу кылган.

Жүндү боёп, кечке кийиз тепкилеп,
тогуз кызга камдап жүрүп септи көп:
турмуш анын колдоруна кесилген
кыйма-чийме сайма салган тепчилеп.

Өмүр бою анда тыным болбоду,
баарыбызга байпак, колгап торлоду.
Сайма болчу кооз: кызыл, көк, жашыл,
жарык, шишик, жумшак, мээрим колдору.

Ойлойм эми: бүтпөй азап чеккени,
о кургурум, уул-кыздарын эптеди.
Оору дагы өз саймасын түшүргөн
оймо-чийме чаар болучу беттери.

О апакем, колдору кооз саймалуу,
ошончо биз туш-туштан жеп айлаңы -
түйшүк менен өтүп кетти өмүрүң,
түйшүк сенин болсо керек майрамың!
29.03.24.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз