Айгүл Тоголокова: Алгачкы белек

  • 11.01.2026
  • 266

АҢГЕМЕ

(Мусакун Сатыбалдиев агайга арналат)

Кичинекей терезенин түбүндө Мурат сыртка көз чаптырып отурду. Жамгырдын алгачкы тамчылары дыбырап, чаңдуу жерге биринин артынан бири түшө баштады. “Жамгырда калып суу болуп ко” деп, мектепке кеткен эжесин ойлоп санааркады. Капкара болуп түнөргөн асманды жара тилип, чагылган “жарк” этти. Ошол жарыктын арасынан кымбат адамынын элеси «жылт» эте түшкөнсүп, Мураттын жүрөгү туйлады. Чын эле бир кыздын элеси асманга тартыла калып жок болду. «Ошол элес да бир жолу көрүнөбү» дегенсип, асманды улутуна тиктеп, кудум чагылгандын жарыгындай бир «жарк» этип жок болгон күндөрүн эстеди.

*    *    *

Төртүнчү жолку операциядан кийин эки капталына канат бүткөндөй көңүлү эргип, палатада ары-бери баскан. Тим эле учуп жүргөнсүп көңүлү шат. Ананчы, он эки жашка келгенче баспай, чөк түшүп олтурган тубаса майып жаны эми басканга жарап калбадыбы.

Эки бутунда тең жоон сандан ылдый гипс. Басканга ыңгайлуу болсун үчүн согончогуна эки элидей жыгач кошо гипстелген. Ары-бери басканда «доңк-доңк» үн чыгат. Жанатан бери китеп окуп отурган Ишен Муратка карады да:

– Эй дос, доңкулдатпай залга чыгып басчы, тажатып жибердиң го, – деп корсулдады.

– Жыгылып калсамчы?

– Бул жерден жыгылбаган, түз залда эмне ташка чалынат белең?

– Ырас эле залдын тигил башына бир-эки сапар барып келсең, бат эле басканга көнүп кетесиң. – Райым Ишенди коштоду.

– Бара бер, жыгылсаң жер көтөрөт, – деди комузун кыңгыратып олтурган Жолдош байкеси.

Мурат бир саамдай ойлонду да, ичинен: «чыкса чыгайынчы» деди окшойт, балдактарын аяр шилтеп, эшикти көздөй бет алды. Узун залдын орто ченине чейин барып, кайра тартты. Ашуу ашып келгендей энтигип, чекеси тердеп чыкты. Бир эсе сүйүнүчү койнуна батпай, көңүлү элеп-желеп. Өмүрүндө биринчи жолу узак басышы ушул эле...

*    *    *

Эртең мененки текшерүүгө профессор Алиев өзү келди. Үч-төрт дарыгерди жанына алып, бейтаптардын ал-абалын сурап, ээрчип жүргөн медайымга аста үн катып, бир нерселерди жаздырат. Кезек Муратка жеткенде профессор анын керебетинин аяк жагына көчүк басты:

– Ал-ахыбал кандай, уулум? Басканга көнүп калдыңбы?

– Жакшы ыракмат, акырындан басып атам.

– Азамат экенсиң, уулум, ушунча операцияга чыдадың. Мына, акыбети кайтып, акырындан басып атасың. Дагы бир операция калды. Буйруса, чуркап каласың.

Мураттын жүрөгү шуу этти. Көңүлүнө көк таштай тийген операциялар бүтүп, үйгө кетем го деген ниетте жүргөн эле. Эмне дээрин билбей, тунжурап ойлуу тартып олтуруп калды. Анын абалын айттырбай түшүнгөн кыраакы доктур:

– Шашпай ойлонуп көр, макул десең бир айдан кийин жасайбыз. Сегизинчи палатадагы Мишаны көрдүңбү... Экөөңдүн диагноз окшош, ал акыркы операциядан кийин балдаксыз басып жүрбөйбү. Сен да балдаксыз басып кетесиң, – деди да, Муратты жонунан таптап, ордунан турду...

Бир топко чейин палатада тынчтык өкүм сүрдү. Тээ көптө Жолдош:

– Эх, Мурат, профессор сага айткан сөздү мага айткан болсо, бир эмес, он операцияга да макул болмокмун. Мынтип өмүр бою керебетке байланып калганча... – Ал сөзүнүн аягына чыга албай, мукактанып токтоду.

– Жолдош туура айтат, сен жалакайлык кылба, – Ишен сөзгө аралашты. – Бул жерге кандай абалда келгениң эсиңдеби, мына азыр «доңкулдап» басып калдың. Эми бир жолу чыдап койсоң, тарткан бардык азап-тозогуң артта калат. Өз курдаштарыңдан калышпай, чуркап кетсең жаманбы?

*    *    *

Мурат кайрадан операция жасатууга бел байлады. Канчалык кыйналарын билип, сезип турса да, «Биротоло басып кетем» деген илгери үмүткө жетеленди. Кийинки обходдо операцияга макул экенин профессорго билдирди.

Түштөн кийин Мурат адатындай залдын тигил башындагы каалгага чейин жетти. Айнек эшик ачык турган экен, «сыртка чыксамбы» деп ниеттенип, кайра айныды. Кеч күздүн шамалы дуулдап, шопоюп жылаңач калган бак-дарактардагы бирин-экин жалбырактарды күбүп, туш-тушка сапырып жаткан экен. Сыртты тиктеп бир аз турду да, кайра тартты.

Узун коридордо палатасын көздөп кайтып келатып, чарчаганын сезди. «Бутумду бир аз эс алдырайын» деген ойдо, алтынчы палатанын маңдайында турган жаман диванга отурду. Маңдайындагы палатанын каалгасы чоң ачылып, балдакчан аял сыртка чыкты. Мурат отурган ордуна таштай катып, палатанын ичин карап нес болду. Керебеттердин биринде кыңая отуруп, китеп окуп жаткан акжуумал кыз аны арбап алгансыды. Ал китепти ушунчалык берилүү менен окуп жаткандыктан, эшиктин ачылганын да, өзүн жалдырай тиктеген Муратты да байкаган жок.

– Ай, бала, шашки ойногонду билесиңби? – тигил аял Муратка жакындады.

– Жок, – деди Мурат күнөөлүүдөй.

Ишен байкеси “Зулайка эже менен шашки ойноп келдим, зеригет да байкуш, ары-бери өтсөң эле шашки ойногусу келет”– дегенин эстеди. Ошол Зулайка ушул тура деп ойлоп, ордунан туруп палатасын көздөй басты.  

Эртеси Ишенди ээрчип, шашки ойногону барды. Кечээги бейтааныш кызды кандай болбосун көргүсү келип дегдеди.

– Жакшысыздарбы? – деди ал, Ишендин артынан палатага кирип атып.

– Жакшы, айланайын, кире гой, – деди Зулайка эжеси мээримдүү.

Бейтааныш кыз дале китеп окуп отурган экен. Алар киргенде башын китептен көтөрүп учурашкан болду. Ошентип, ошол күнү кызды биринчи жолу жанынан көрүп, биринчи жолу үнүн укту. Аты Нургүл экен. Ал кечте Мурат мурда-кийин ойноп көрбөгөн шашкини үйрөнүп кайтты. Ушул оюн аны Нургүлгө жакындатарын, ойногонду билсе гана Нургүлдү күндө көрөрүн ойлоп, бүт дитин коюп заматта шашки ойногонду өздөштүрүп алды.

*    *    *

Күндө кечинде Зулайка эжеси менен шашки ойномой адатка айланды. Оюн учурунда көзү Нургүлдө. Муну кыраакы аял сезбей койчу беле. Бир сапар кыз ордунда жокто анын Нарындан экенин, медициналык окуу жайда окуп жатканын, белин кокустатып алып, мында дарыланып жатканын айтты. Сөз арасында негедир жылмайып: «Бирок ал сенден улуу» деп койду. Бул сөзгө Мурат көңүл да бөлгөн жок.

*    *    *

Түштөн кийинки дем алуу маалында Мурат такыр уктай албады. Ал башынан эле күндүз жакшы уктай алчу эмес. Акырын туруп, залга чыкты. Дарыгерлер да, медайымдар да көрүнбөйт. Дабышын чыгарбоого тырышып, акырын басып алтынчы палатага жакындады. Каалга бир аз ачык турган экен, жай ачып, ичкери кирди. Зулайка эжеси уктап атыптыр.

– Кап, Зулайка эже уктап аткан тура, – деди кейиген өңдөнүп, Нургүлгө тигиле.

– Ооба, эми эле парафин алды эле, ошого уктап калды окшойт, – кыз илбериңки жооп берип. Мурат артка кайрылып баратып, кыңырыла токтоду да, өзүн-өзү күчкө салды:

– Тиги китеп кызыктуу бекен? – деп сурады, жаздыктын үстүндөгү китепке ээк шилтей.

– Ооба, абдан кызыктуу, сен муну окуй элексиңби?

Нургүл китепти колуна алып, ары-бери айлантып Муратка көрсөттү. Учу-кыйыры көрүнбөгөн ээн талаа, баштыгын жонуна көтөрүп, кайдадыр кетип бараткан жалгыз адамдын сүрөтү тартылган күрөң мукабалуу китеп экен. Мурат китепти карап тим болду, жазууларын окуй алган жок, себеби тамга таанычу эмес.

– Жок, – деп жер карады. «Окуганды билбейм» дешке оозу барбады, эрки жетпеди.

– Окуп чык, сага абдан пайдалуу, мындан көп нерсени билүүгө болот.

– Макул,таап окуюн.

Эмнегедир бул жолу белгисиз бир күч жүрөгүнө агылып киргендей, кайраттана түшкөнүн сезди. Ошонун деми менен китеп окуп жүргөн кишиден бетер «таап окуюн» деп, ишенимдүү айтып жибергенин да байкабай калды. «Калп айтып койдум» деп өкүнгөн да жок. Себеби, бир-эки сөз менен болсо да, Нургүл менен сүйлөшүп албадыбы.

*    *    *

Мураттын белине операция жасоо күнү белгиленди. Эки бутундагы чечип кийме гипсин (лангет) чечип, парафин алууга даярданды. Андан кийин залга чыгып, алтынчы палатага жетүү. Болгон-бүткөн ою, көкүрөгүнө тынчтык бербеген максаты Нургүлдү көрүү, анын жанында болуу.

– Мурат! – деген үндөн селт этип чочуп кетти. Башын көтөрүп каалга тарапты карады. Нургүл кирип келатыптыр. Негедир ал кийимдерин алмаштырып, жасанып алыптыр. Мураттын жанына келди да:

– Мурат, мен кетип атам, сен да сакайып батырак чык, бул сага, – деп колунда кармаган гезитке оролуу нерсени сунду.

Мураттын кулагына сөз кирбей, эмне болуп кеткенин түшүнө албай жалдырап олтуруп калды. Оозунан сөз качты. «Кетип жатам дейби, кайда кетет, эмнеге?» деген суроо кулагына жаңырып, ага жооп таба албай тунжурады. Жер асты-үстүн болгонсуп, заматта ааламы аңтарылды. Нургүл аны бир саамга таң калгандай карады да, анан палатадагылардын баары менен коштошуп, эшикти көздөй басты. Эшикти ачып, чыга берерде Мурат өзүнө мүнөздүү болбогон, кандайдыр бир өксүгөн үн менен кыйкырып жиберди:

– Нургүл!

Кыз артына бурулуп карады.

– Жакшы бар, – деди Мурат каргылданган үн менен.

Кыз колун көтөрүп, жакшы кал дегендей белги берди да, үстүнө жамынган апакай халатынын эки этегин делбиретип чыгып кетти. Бүттү, баары бүттү. Эми эле шаңкайып турган асманы талкаланып, сыныктары тынымсыз Мураттын башына түшүп жатты. Ал азыр бул дүйнөдө жападан жалгыз, анан жан дүйнөсү аңгырап бош калгандай. Керебетине көмкөрөсүнөн түшүп, өксүп ыйлады. Палатадагылардын бири да үн катпай, мелтиреп отурушту...

Эртеси операциядан баш тартып, Мурат ооруканадан чыгып кетти. Эми ал балдаксыз басып кетеби, чуркап кетеби – айырмасы кайсы?

*    *    *

Чагылган дагы бир жолу «жарк» эткени эле болбосо, шатырап жааган жамгыр да сээлдеди. «Сабак бүттү, келер убагы болду» деп, эжесин чыдамсыздык менен күтүп атты. Ордунан туруп барып, шкафтан гезитке оролгон китепти алып чыкты. Бул бирөөдөн, болгондо да кымбат адамынан алган өмүрүндөгү эң алгачкы белек. Аны бооруна бекем кысты. Китеп менен бирге Нургүлдү бооруна кыскансып бир эсе сүйүнөт, бир эсе ичи ачышат. Анын Муратка айткысы келген сөздөрү ушул китептин ичинде катылып, анын окушун зарыга күткөндөй боло берет. Кээде эжесине окутуп уккусу келет. Кайра: «Жок, анткенге эч болбойт, себеби Нургүлдүн мага гана айткысы келген сөздөрү бар, аны башка адамдардын окушун каалабайм, ал жалгыз мага багышталган», деген ойго басырылат. Азыр да китепти кыйлага чейин кармап, кайра шкафтагы кийимдердин арасына катты.

Бир кезде үстү-башы сыгып алма суу болуп эжеси үйгө кирип келди. Мурат аны чыдамсыздык менен күтүп отурганын билгизип:

– Эже, мага китеп окуганды үйрөтчү деп жалооруду.

Ал муну эжесинен көп жолу суранган. Ар сапарында «макул» дегени менен али окуганды үйрөтө элек. Бул жолу суу болуп, көңүлү чөгүп келгенби, же башка себептен уламбы, айтор, инисин акырая бир карап:

– Китеп окуганды үйрөнүп алып эмне кыласың?! – деп чартылдады.

– Эмне, баспай калганым аз келгенсип, китеп окуганды, жазганды билбеген келесоо болсун дейсиңби? – Мурат үнүн бийик чыгарып, сүйлөп келатып ыйлап жиберди. Инисинен мындайды күтпөгөн эжеси бир саам делдейе түштү да, отура калып инисин кучактап, өзү да ыйлап жиберди...

*    *    *

Күнү-түнү Мураттын колунан барактары тытылып, эскирген Алиппе түшкөн жок. Жарым айга жетпей тамгаларды кошуп, кадимкидей окууга жетишти. Ошондо гана баягы катып жүргөн китепти алып чыгып, оромун ачты.

Жек Лондон «Жашоо кумары» деген жазуусу бар күрөң мукабалуу китеп Мураттын колунда турду...

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз