Мусакун Сатыбалдиевдин котормосундагы акындар поэзиясы

  • 04.01.2021
  • 3333

Кийинки кездери мен бир катар чет элдик акын-жазуучулар менен чыгармачылык алака түзүп, алардын айрым чыгармаларын кыргыз тилине которууга аракет кылдым. Бул аракетимдин натыйжасы кандай болуп чыкканын окурмандар журтунун өз баамына коёлу. Өз кезегинде алар да менин бирин-экин аңгемелеримди жана ырларымды өз тилдерине которуп, социалдык тармактарга жарыялашты.

Ошентип, менин аздыр-көптүр чыгармаларым дүйнөнүн 12 тилине которулду, азыркы учурда да которулуп жаткандары бар. Бул да менин чыгармачылыгымдын алга жылышына чоң өбөлгө, моралдык зор колдоо болуп жаткандыгын айта кетким келем.

Мусакун САТЫБАЛДИЕВ, Кыргыз Улуттук жана Россия Жазуучулар союзунун мүчөсү, Россия адабиятынын Эларалык академиясынын академиги, «Есениндик алтын медалдын» лауреаты.     

Оразмурад МЫРАДОВ 

Түркмөн акыны       

*     *     *

Негедир мен жашагансыйм он кылым,
Мобул тоолор көз алдымда өскөндөй.
Билем бактын кичинесин күн тийбес,
Шах, өкүмдар жакында эле өткөндөй.

Шондон кийин алар берип тактысын,
Мураскерге, же тарттырып душманга.
Биримдиктүү канча өлкөнү көрдүм мен,
Көп узабай - чачырашкан туш-тушка.

Көрүп жүрдүм татынакай жаш кыздар,
Ар күн сайын кемпир болуп калганын.
Менсиз зуулап бул мезгилдин барасы,
Же болбосо миң жаш өтүп калгамын...

*     *     *

Таанышым бар, берип келет кеп-кеңеш,
Ай кур койбой жүз көрүшүп турам мен.
Мындан көпкө макул болбойт ал кургур,
Чай дайындап, чакырсам да дембе-дем.

Таанышым бар, көзү ачылбас арактан,
Жума калбайт, босогомдон бир кетпейт.
Үйгө келет, таппай калса - жумушка,
«Ичпе», деген сөздөр ага түк жетпейт.

Таанышым бар, дайым башты айланткан,
Келет күндөп, кеткен сайын так калат –
Жан дүйнөдө, чындыкты айтсам, денеде,
Бизди сезим кулга айлантып, таш жарат.

Таанышым бар, мага кайрат, дем берген,
Бир гана саат жок болсом мен жанында:
Кызганычтан не кыларын биле албайт,
Менин сүйүүм ойнойт анын канында.

Бир таанышым болгон болчу, мага асыл,
Кырк жыл болду бул дүйнөдөн ал өткөн.
Мени алпкелген бул жарыкка - шол апам,
Жан сыздата, үч жашымдан жок, кеткен.

*     *     *

Кең дүйнөнүн түбү болот бут тийген,
Мен да келип, кондум соңку чекитке.
Балким, жаздым эң акыркы ыр сабын
Мен өмүргө бир серп салып кетишке.

Жүрөгүмдүн чоң жарасын жашырбай,
Кырк кабыргам сөгүлсө да чыдадым.
А жан дүйнөм сыздап жатат басылбай,
Жар кырында кетип турат чыдамым.

Бир жак чети кетилгендей дүйнөнүн,
Демим чыкпайт, муунамын көз тунуп.
Ырп этерге дарманым жок жан досум,
Өз көрүмдү көргөнсүймүн бир туруп.

Дүйнөнүн да бут тийүүчү түбү бар,
Ошол түпкө жете турган күн келет.
Мен өлбөсөм – чыгуу керек жогору,
Бу жалгыз жол, ушу ойлор дем берет.

*     *     *

Эгерде сен чындыкка жеткиң келсе,
Мени ээрчи, бул азаптан арыласың.
Ал жакта кийим, алтын упа болбойт,
Денең менен жаныңды кошо аласың.

Жол алыс, чарчап кээде жыгыласың,
Чыгалбай ыр дүйнөдөн, сени унутам.
Ошондо жандан чыкпай, өөп ойгот,
Ысык чай берсең өзүң кайра турам.

Мени алаксыт керемет бийиң менен,
Сахна кылып элестет кумдуу чөлдү.
Мен болсо, жан бирге достор менен,
Таң калып көрөт элем, жумбай көздү.

Эгер мен жаралансам, сен даяр бол,
Сакайтып алганга наз денең менен.
Мейли бизге таза кум төшөк болсун,
Жамыналы жылдыздуу асман кенен.

Бул сунушка, сен эгер макул болсоң,
Коркунучтуу жолдон да өтөм десең,
Мени ээрчи, ошондо сен бийиктесиң,
Ошентип, мен тарыхты издеп кетем.

Мадхукар ДХАКРАО

Индия акыны

ЖЭЭК

Шар аккан дарыянын
Жээгин сен издейсиңби,
Жашоонун кемесинде
Жапжалгыз келесиңби...

Саякат – демек жашоо,
Сезгенге абдан кымбат.
Ар кимдин асыл жээги
Издешет аны кылдат...

11.12.20.

КҮТӨМ

Кээде мен, өмүр барда,
Тамчы суу дале барда,
Тамырым өсүп турат...

Эми мен эстутумда
Жөн гана сактап келем,
Бузулган асылдыкты,
Келгендер, кеткендер да,
Көрүшсүн, ойлошсун деп.

Асылдык азыр эски,
Бабалар чогултушкан.
Мына эми дубалдагы
Кадалган сүрөткө окшойт...

Мен аны короодо ачык,
Аздектеп, сактап келем.
Өткөндөн, келечектен
Назарын салат кимдер,
Алиге күтүп жүрөм...

Абдукаххор КОСИМ

Тажик акыны

КУСАЛЫК

Мен да эмес, куса мени багындырат,
Анан да зар, сагыныч кысат жанды.
Жалгыздык жүрөгүмө муз тоңдурат,
Асылым кайда ысытчу кызыл канды.

Жараткан, жалгай көргүн дале мени,
Сен берген сүйүү күчү соолуп барат.
Сүйүүнүн периштесин жибер, деми,
Бөркүмдөй ишенемин, сактап калат.

Мен да эмес, куса мени багындырат,
Кербени чөлдү көздөп, тартат сапар.
Ал жактан сагынч, куса эс талдырат,
Болом мен жарым тамчы сүйүүгө зар.

Дармансыз жыгыламын, бирок сезем,
Колуман кармаганын ким бирөөнүн.
Шыбырын уктум анын... эске келем,
Күткөмүн сүйгөн жандын сүйөгөнүн.

Кусалык, мен сага түк моюн сунбайм,
Тагдырым канча ийсе да бүгүлбөдүм.
Кубана жашоодомун, ырымы ырдайм,
Сындыра алышкан жок, күбүлбөдүм.

АКЫН ЖҮРӨГҮ

Жүрөгүмдө кайгы, муңга орун жок,
Түнт, караңгы түнөгөнгө орун жок.
Өтүп кеткен, келген, келчү кырсыкка,
Жарык күйгөн жеке шамга орун жок.

Миң бөлүккө бир жүрөгүм бөлүнгөн,
Кырк жеринен кабыргадай сөгүлгөн.
Сүйүү сөздөр кулагымдан сырт кетет,
Мындан ары жашым да жок төгүлгөн.

Азгырыктуу көздөр калды арт жакта,
Жүрөк окшоп, бырчаланган ак такта.
Сүйүү учуру бир керемет дүйнөдөй,
Жүрөк окшоп, бырчыланган ак такта.

Эмне үчүн? Сурап калсаң кокус, сен,
Кулап аткан ушу дүйнө бербейт дем.
Талкаланган бул жүрөктө сүйүү жок,
Сен акындын жүрөгүн ал болсо - эм.

Бул жүрөктө сезимди арбын жараткан,
Дүйнө оорусун сакайтам деп бараткан.
Миң бөлүккө бөлүнсө да түк өлбөйт,
Көз жашын бүт күлкү менен тараткан.

Жүрөгүмдөн жалын тапкын, жазга бер,
Мээрим менен гүлгө толсун дүйнө-жер.
Бүт адамдын жүрөгү наз, тынч согуп,
Күн нуруна мончок болсун саамай тер.

1. «Ашыктык вальсы» романсы

Ашыктардын бийин бийлеп жамгырда,
Кучакташып, жүрдүк жердей айланып.
Кош каректин жалынынан тагдыр да,
Ийменгендей, шаттуу түнгө байланып.

Эх, айлуу түн, кетпей турсаң бир азга,
Биз сүйүүнүн деңизинде чалкыйлык.
Эх, айлуу түн, жеткир бизди гүл, назга,
Сүйүү деген зор кемеде калкыйлык.

Жан дүйнөмдө сүйүү сезим от болуп,
Сенин эрдиң... бир ырахат татам мен.
Бүт унутуп, дүйнө... өзүм жок болуп,
Биригишин каалап турам бүтүн ден.

Жаздын жылуу жамгыры да басылбай,
Таптаза аба - көңүлдөрдү куш кылган.
Музыка үнү - бул жашоодо асылдай,
Жаз жамгыры эки жашты бий кылган!

2.  Сөзү жок сүйүү

Биз экөөбүз жаркын таңды тосподук,
Иче албадык бирге олтуруп вино да.
Сүйүүбүздү кош каректен билдирип,
Жарабадык сүйлөшкөнгө бир сөз да.

Бир партада, мен жаныңда олтуруп,
Мугалимден бир сөз укпай жалдырап.
Сенин атыр жытың мени мас кылып,
Отурчу элем бүткүл денем калтырап.

Коштошконбуз жаз айында экөөбүз,
Кагылганда акыркы ирет коңгуроо.
Сүйүүбүздү кала албадык билдирип,
Бошогондой жан дүйнөдө бир буроо.

Тагдыр экен, бирге болуу буйрулбай,
Шамалдагы камгак болдук кымбатым.
Бирок, дале сезим козгоп жай бербейт,
Атыр жытың... Көз алдымда сымбатың.

Сажит ХУССАЙН

Пакистан акыны

МЫКТЫ САБАК

Тээ алыс, мен бир тоонун этегинде,
Жай аккан чоң дайраны карап турам.
Жээктен түркүн гүлдүн жыты уруп,
Көңүлгө куш кондурган ойго тунам.

Батууга жакын калган күн алоолоп,
Ар гүлгө ар башкача түр, көрк берет.
Жашоонун күңүрт жагы оолак кетип,
Жан дүйнөм ырахаттын гүлүн терет.

Бирок мен дирилдеген жан дүйнөмө:
Ээликпе, карма өзүңдү деп тыямын.
Замандын агымынан сыртта калбай,
Жүргөн оң, кетилбесин курч туягың.

Бирок сен жүрөк үнүн дайыма уккун,
Түстөрдү жаман-жакшы бөлбөгүн эч.
Жарыкка алып барса, баш тартпагын,
Заман да өзгөрүүдө, калба андан кеч.

Ыраазы болбо эч качан өзүңө-өзүң,
Изденгин, бирок дайым өзгөртпө өң.
Эгерде айткан сөзүм жакпаса, анда,
Мезгилден мыкты сабак алганың жөн.

Инвер ШЕУДЖЕН

Адыгей акыны

*     *     *

Кусалыктын жатам мен кучагында,
А кээде кең асманга зарымды айтам.
Кечти узатам жалгыздык тузагында,
Жээктин тынчын алып артка кайтам.

Күнүм өтөт изи жок, жашайм кандай,
Өмүрдүн жылмаюусу кайда кеткен...
Жүрөгүмдө бир томук муз тургандай,
Биздин жол биротоло кайчы өткөн.

Көз жетпес алыстыкка кеттиң жаным,
Жылдыздар арасынан көрүнбөйсүң.
Кайгы жеп, калбай барат эми алым,
Асылым, көөдөнүмөн  бөлүнбөйсүң.

Биздин сүйүү көз ирмем чагылгандай,
Бирок ал чын таалайдын чокусу эле.
Жаз кетип, күзгү чоң сел агылгандай,
Гүл соолуп,  колдо калган бүрү эле.

Ошол түндөр сезим, эркти бүт алган,
Унуткарып бул дүйнөнүн жок-барын.
Колдоруңдун наздыгын ай, эс талган,
Шыбырыңан сезип аттым мен багым.

Жок, дале көөдөнүм бу турат сыздап,
Унтулбай, ичтен жеген курттай сүлүк.
Да бир күн өттү актай, кыштай муздап,
Эртеңки, келер күнгө таштап бүлүк.

Кусалыктан мөгдөдүм, билсең жаным,
Түн сайын сыйынамын бир сен үчүн. 
Жалгыздык, кайрадан сыздайт жаным,
Түн күзөп, шамым күйүп бүтөт бүтүн.

*     *     * 

Кандай ысык жаштыгыңда кучагың,
Бирок бакыт алыс калган өңдөнгөн.
Күз келгенде басынгандай кусанын
Салмагына, суз чөйрөнү көз көргөн.

Үстөлдө чай, кайнатмасы мөмөнүн,
Бактан келет жыты үзүлгөн алманын.
Сезе албайм муздак колдон бөлөгүн
Кеч сыздадат бир музыка арманын...

Кең асманды булут чүмкөп түнөрөт,
Кайык сымал какжыраган, сүзбөгөн.
Сенин көзүң бир жомокко чөгөрөт,
Жок, жан дүйнө дале күдөр үзбөгөн.

Качаңкы бир китеп сымал барактап,
Миң элесиң, көз алдымдан өткөрөм.
Чач агартып, мезгил өмүр карактап,
Терезеден кунар качкан күн көрөм.

Бирок дале деми суубайт кучактын,
Сени көксөп унута албай келем мен.
Дал мизинде турган сымал бычактын,
Күздөн кайра суранамын сүйүүгө эм.

ЧЫН СҮЙҮҮ

Эки кадам турган кезде кырында,
Терең жарга кулап кетүү кеп эмес.
Жүрөгүңдү дирилдетип, кылымда
Чын сүйүүдөн ажырабайт бир элес.

Көкүрөгүң ичтен сыздап токтобой,
Баскан кезде тириликтин салмагы.
Асыл күнүң өткөндүгүн жоктобой,
Абдан кымбат унутулбай калганы.

Шектенүүлөр көөдөнүңдү жегенде,
Тушаганда тагдырың бүт тараптан.
Жалган айтып, баарысы калп дегенде
Чын сүйүүдөн - апапакай таң аткан.

Көөдөнүңдө жашырынган үмүттүн
Өчпөс чогу кыйындыкта дем берет.
Пастай элек демек, күүсү күлүктүн
Түн көшүлтүп, ыр бешиги термелет.

Селт эттирет бейиттердин карааны,
Жазымыштын чечүү кыйын түйүнүн.
Антсе деле, көз тайгылтат барааны
Тагдыр-жолдо жанган оту сүйүүнүн.

ТҮН КАТКАН АКЫН

Түнкү уйкуга көшүйт кең калаа,
Ойлор курчап мынча, сени акын.
Ким жөнүндө жейсиң сар-санаа,
Жан дүйнөңдө жүрөт ким жакын.

Саптар түшөт эң жай, чарчаңкы,
Төөбасты ойлор бекем ныгырып.
Түштүбү эске бир маал, качаңкы
Асыл күндөр... жүрөк сыгылып.

Же болбосо сен бул жымжыртта,
Кусалыкка баттың, жылчык жок.
Ассоль кыздай сүйгөн жаштыкта
Эстен кетпей, көңүл күйгөн чок.

Ошол нур-кыз таалай тартуулап,
Унут кылган бүт шул дүйнөнү.
Ошол элес тирүү, дале жол улап,
Кайрылчудай жарк деп сүйгөнү.

Мына ушулбу күтүүң, акын дос,
Жылдызы жок түндөр күзөткөн.
Жан дүйнөңдө анын орду бош,
Сыздап жүрөк, көп ой жүдөткөн.

ӨМҮР БОЮ БАРАТАМ

Бул өмүрдө сүйүү келет бир гана,
Билсең, саган өмүр бою баратам.
Жоктук менен өлүмдү да мен тана
Жүрөгүмдөн кереметтер жаратам.

Сен карасаң жашоо кетет жадырап,
Сенсиз күндөр - сая кеткен өмүрүм.
Тагдырыңа сүйүү келсин жалындап,
Калганы бүт күйүп өчкөн көмүрүм.

КЕЛДИМ КИЧИ МЕКЕНГЕ

Кызгылтым кеч чыгам талаага,
Жел уйпалап куудай чачымды.
Бүттү ошентип чөккөн санаага,
Тууган жерге ийдим башымды...

Шыбак жыты каптайт талааны,
Көк асманды чүмкөйт булуттар.
Мен кыдырдым канча калааны,
Кээ-кездерде болуп дүйнө тар.

Чалпоо аттар жулкат тизгинин,
Ат жалында жүргүм келет бир.
Жүзүнө окшоп ак дил, изгинин,
Бир ат силкет жалын улам дир.

Таза абасы, башка бул жердин,
Чыйырларда өчпөйт издер көп.
Атам үйү - уюткусу кендердин,
Жүрөк жылыйт бары-бары төп.

Мунун баары башка чынында,
Жасаганга кол түк тийген жок.
Таазим кылып, өөп чымын да,
Тургум келет, көңүл эмес ток.

Мен бейитке келдим, жүгүнүп,
Көз жаш төгүп алам жеңилдеп.
Чет жактарда жүрдүм бүгүлүп,
Келдим кайра кичи мекен деп...

СЕНИ МЕНЕН БОЛГОН КЕЧ

Жылдыздар күлүңдөп шам сымал,
Кеч күүгүм, тынчтыкка чөмүлгөн.
Мезгил да токтойт тып сен жанда
Жан дүйнөм жыргалга көмүлгөн...

Көз ирмем жылт эрийт ак кардай,
Калтырган арт жакта эч жик жок.
Мына ушу бир кымбат мезгилди
Түбөлүк байлайм дейт көңүл шок.

Эстутум - сүрөттөйт даана, анык,
Ошол күн кош кучак өрт болгон.
Жан дүйнө туйлаткан үн чыгып,
Бир назик күү менен коштолгон.

Дем чыкпай жыргалдын түбүнөн,
Таң калган кыйкырык чыкты жай.
Сүйүшкөн бул жаштар сүйүүгө
Ак таңды чылк бөлөп салгандай.

Жылчыксыз катылган сезимдер,
Кош көздөн жылдыздай төгүлөт.
Бир жанга айтпаган жан сырлар,
Мелт-мелт деп, эринден өбүлөт.

Жылдыздар чыга элек күүгүмдө,
Кыз чыгып тагдырын ыр кылат.
Эгер биз экөөбүз бир болсок,
Бакыттан мезгил да  жай жылат.

Шыбыроо... Сүйүүнүн от сөзү,
Бүлбүлдөп шам күйөт жандагы.
Түк бүтпөс сезилген ушул кеч,
Кош сезим бир болуп кандагы.

Спирос ЗАФИРИС

Грек акыны

*     *     *

Жүзүмдөй мөлтүрөгөн эриндериң,
Эсимди эки кылат эрксиз менин.
Жылдыздай ороп алып сезимимди,
Эрдиңден эрип чыгат бүтүн деним.

Эрдим бир тийген маалда эриниңе,
Сен дагы моюн сундуң берилүүгө.
Түбөлүк жүрөгүңдө калганымда
Жалгыздык басынбайт жерилүүгө.

Тереза СМОЛЬСКАЯ

Орус акыны

БЕЛЕК    

Атасынын ал сүйкүмдүү кызы эле,
Сезилчү эле бул түбөлүк турчудай.
Пион жыты, гүл бүрлөрү алмашып,
Жылдар өттү көз ирмемге тынчыбай.

Кулпунайда тынч албаган аарылар,
Ширесинен дал бейиштин соргондой.
Шайыр кызга - жан шериги атасын -
Сезилчү эле сепил кылып койгондой.

Кыз да өсүп, ак саамайдан гүл ачып,
Ата байкуш, мээнет менен кыр ашат.
Чаалыгууну түк жолотпой жанына ал,
Жакшы тилек, үмүт менен сырдашат.

Эстен чыкпайт сегизинчи июнь күн,
Жандай көргөн кызына алып белегин.
Камчыланып, шашып жатты көтөрүп,
Нур төгүлгөн мээримдүүлүк желегин.

Кучак толгон жыпар жыттуу пион гүл,
Бир чакада мөлт-мөлт эткен кулпунай.
Жан кызынын бул туулган күнү эле,
Көздөрүндө күлүп турчу жаркын Ай.

Ал жаш эле, тал чыбыктай солкулдап,
Күтпөс жерден... атакеси мерт болду.
Балалыктын дүйнөсүнөн кол тартып,
Бечера кыз, жаш жүрөккө муң толду.

Эртең менен эшик кагып, чабарман,
Атасы алган кош белекти тапшырды.
Көк асмандан карап турду Периште,
Өзү бербей, жүрөгүн муң капшырды.

Сантош Кумар Похарел

Непал акыны

МЕНИН ЖАЙЫМ

Уруксат бер, кош көзүңө чөгөйүн,
Жүрөгүңдөн маган орун бербесең.
Көз ирмемде ак жалынга бөлөйүн,
Бешенемден махабатым көрбөсөң.

Көңүлдөргө кереги жок сөздөрдүн,
Бул жашоодо болот абал ар кандай.
Жат бирөөгө орун берип өзгөрдүң,
Мен өзүңсүз как талаада калгандай.

Сенин кара көздөрүңдөн табам жай,
Көңүл буруп койсоң ошо бакыт зор.
Калса эгер күнүң кокус болбой шай,
Белек кыла өзүмө алам кылбай кор.

АКЫНДЫН ЖҮРӨГҮ

Жүрөк согот тулпардын дүбүртүндөй,
Ансыз дүйнө тунжурап калмак бүтүн.
Ташты жарган тамчыдай саам тынбайт,
Дегендей: тирүүлүктүн сырын түшүн. 

Бейтааныш адамдардан мага угулат,
Дүкүлдөп көөдөнүмдөн чыккан добуш.
Акындык жүрөгүмдө максат жашайт -
Карекке таза бойдон мелт-калт толуш.

Жашаган ыраак жакта кымбат достор,
Силер да сездиңерби - жүрөк доошун.
Дал дилден дөөлөт, тилек жаап турат:
Өмүрдүн бекем кылсын жибек боосун. 

Канткенде жүрөк сөзүн мен жеткирем,
Жай кылган башка жакты жүрөктөргө.
Адамдардын назарын кантип бурсам,
Бул жашоодо нарк берген мүрөктөргө.

Кызысың а сен болсоң - периштенин,
Отмун мен чагылгандай - сүйөм сени.
Түн түнөйт жүрөгүмдө... өзүң жоксуң,
Жанет жеп, каптап турат сезим сели.

Керемет бир дүйнө ошол акын жүрөк,
Жүрөктөр сүйүүсү жок кочуштай тар.
Биз өзүңө, ардагым, жетсе экен дейм,
Бул - акын жүрөгүнөн чыккан саптар.

Сен алыста, жан биргем, кантип эми,
Жеткире алам акындын сүйүү ырын?
А эгер жеткире алсам, толкун болуп,
Жүрөктү гүл каптамак айтсам чынын.

Сүйүүнүн кургап калган гүлү жетпей,
Мынчалык бир керемет, эмнеге асыл?
Менменсип кетти деп сен айтасың го,
Ал менин жүрөгүмдө сүйүүм жашыл.

ЖАШОО ФИЛОСОФИЯСЫ

Бейиш менен тозок кайда - көрүнбөйт,
Бирок ишен, шол сөздөрдө талаш жок.
Күндө окуйсуң, кооптонткон көп нерсе,
Канткен менен бул жашоого көңүл ток.

Көк асманда сары жылдыз жымыңдап,
Бул ааламдын эркеси окшоп жылмаят.
Эртең менен өмүрдү улап жаркын күн,
Көңүлдөргө шаң тартуулап, нур жаят.

Ой-кыялдар чөлгө сиңген бир тамчы,
Окшоп кетет... уйку менен бирге өлөт.
Даанышмандар өлүм сырын түшүнгөн,
Өлүмдөн да көз тайгылткан гүл терет.

Миң түйшөлө, түндө кимдер уктабайт,
Жаңы жашоо эртең менен кайра улап.
Жаратмандык дүйнөсүндө жашоо түз,
Аң-сезимди жакшы иштерге багыттап.

Өмүр барктап, өзүңдү өзүң бек сактап,
Бул жашоонун сыгып калгын маңызын.
Куткаруучу бир күч шунча самайсың,
Түшүнө албай, анын токтоп калышын.

Мухаммадамин КОЖАКБАРОВ

Өзбек акыны

АКЫН ЖАНА МЕН

Керемет бир ыр окусаң капыстан,
Өмүр чиркин түбөлүктүү сезилет.
Жер жүрөгү канга толуп, ачышкан,
Кайгы, муңга канча кылым эзилет.

Абийир деген эң бир ыйык ибадат,
Кара күчтөр адилдиктен чөк түшөт.
Чексиз дүйнө ак сүйүүдөн куралат,
Дүйнө ырдан тазаланып, наз күтөт.

А чынында бу дүйнө эмес керемет,
Жалаң гана жашагандай беткаптар.
Арман, кутум, наристелер ый эмет,
Нарк-насилди тебелешет бетпактар.

Карап турам тынчтыгы жок доорду,
Өбөк болчу адамың жок жыгылсаң.
Муң сызылат колуңа алсаң чоорду,
Таянбагын башка жанга тыгылсаң.

Эмне үчүн түшкө кирет Жолон акын,
Жол улап, таалим алган Алыкулдан?
Багымдын сезбей турам али баркын,
Мекендин алын көрүп жан сыздаган.

Колумда тамагым да аш болбойт эч,
Мени алыс таштап кеткен кеме кайда?
Э, досум, ыр дайрасын тайманбай кеч,
Ыры жок жашоо мага кандай пайда?

Жашоо сахна, аралаш жакшы-жаман,
Сөз гана түбөлүктүү, солк этпес түк.
Адаммын, ыр издеген жыртып таман,
Дүйнөнү басып алсын ыр, гүлдөн жүк. 

КҮЗ

Жан дүйнөмдө удургуйт сары санаа,
Чаалыккандай дүйнө да тунуп турат.
Саргайган бариктерге чөккөн талаа,
Балалык кезди эстетип, көзгө урунат.

Көз жетпес залкар тоолор этегинде,
Түгөнгөн сапар, жолду улайм таңда.
Бир катаал мезгил тоскон кезегинде,
Эми аны жеңүүчү күч ойнойт канда.

Алтын кушту кармаймын акыр түбү,
А бирок али билбейм кайдан, качан?
Теңирдин тартуу кылган ушул күзү,
Жалжылдак көздөрүңдү эске салган.

САГЫНЫЧ

Сенсиз өтөт жайдак күндөр,
Күттүрөсүң мени зарылтып.
Колго тийбей жазгы гүлдөр
Мезгил өтөт сени сагынтып.

Таңдар атат дайым жылмая,
А көңүлдө кайгы күүгүмдөй.
Күтпөсөм да, дале нур жая,
Үмүт турат менде жүлүндөй.

Күлкү турат менин жүзүмдө,
Антсе да бар дилде бир арман.
Соолугандай гүлдөр күзүндө,
Күндөр өтөт сенсиз эң жаман.

СҮРӨТЧҮ

Көзүн жумуп, сүрөт тартат,
Талаа... калаа... сан гүлдөр.
Ойлор толкуп, эргүү артат,
Жылдар, ай, күн, күүгүмдөр.

Дабанды ашып кетет ойлор,
Күмбөз көзгө жылт этет.
Пенде акылын тушап коёр,
Жаа... жебелер шуу кетет.

Ал тарыхка бир нук салып,
Кармасам дейт көп кылым.
Боёктордон башы айланып,
Билбей келет түс, «ырын».

Мезгил учун кармай албай,
Жашайт тынчсыз күнү-түн.
Миң түйшөлөт таба албай
Бул дүйнөнүн түр, түсүн.

КЫРГЫЗ ТИЛИ

Эл-журттун жүрөгүнүн ар кагышы,
Өзүңдөн эч айрылбас кыргыз тили.
Дилгирлик, кайраттуулук насилиңде
Улуттун сенде жашайт таза дили.

Кыргыз тил, өз тилимдей сүйөм сени,
Түндүгүң жайын тапкан жүрөгүмдөн.
Сени эмес, жаным берем керек болсо,
Ыр жазып келем сенин түнөгүңдөн.

Баатыр Манас сүйлөгөн сыймыктана,
Кылымдардын кыйырынан келаткан тил.
Токтогул, Жеңижок да, Алыкулдар,
Толкутуп жүрөктөрдү ыр жазган тил.

Кыргыз тил, улуу тилсиң, түбөлүктүү,
Мен сенден бир ыйык күч алып турам.
Кеп-кенен Ала-Тоонун койнунда бул,
Сен элсиң тилиң менен, Кыргызстан!

Которгон Мусакун САТЫБАЛДИЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз