Бурулсун Айдарбекова: Эсте жашаган эссе

  • 13.01.2026
  • 505

ЖАМААЧЫ БАЙПАК...

Бала кезимде байпакка жетпей чоңойдук. Бирок ар бир байпак узак өмүр сүрчү. Анткени байпак жыртылса, чоң апам аны таштачу эмес. Кичинекей, эски сандыгынан чүпүрөк тандап, сонун жамаачы салып, тыкан кылып тигип койчу. Анын ийне-жиби, дат баскан темир кайчысы дайым даяр эле.

– Ай жубарымбек, келе, ийнени саптап бер! – чоң энем сүйлөнөт.

Жипти шилейкейлеп, ийнеге өткөрүп берем да, бүткөнчө ошол кары кемпирди тиктеп отурам.

Жыртылган байпак чоң энемдин колунда жаңыдай болуп калчу. Дагы айрылса, таманын бүт кесип алып таштап, эки түгөйүнө тең жаңы таман салып, окшош кылып тигип, байпактын эки түгөйүнө тең жаңы өмүр берчү. Биз аны кийип алып, уялбай көчөгө чыкчубуз. Анткени баары жамаачы байпак кийбеген балдар дээрлик жок эле...

Жаңы байпакты болсо мектепке же конокко гана кийчүбүз. Ал эми кышында жүн байпак бар эле. Сексендеги чоң энем жүндү ийрип, эринбей баарыбызга байпак токуп берчү. Ал айрылса, жыртыкты жамабай, байпакты бүт ыдыратып, кайра токуп койчу. Эски жиптен жаңы байпак жаралчу.

Ошол жамаачы байпак менин балалыгымдын эң терең сабагы болуп калды.

Азыр байпакты саат сайын алмаштырабыз. Жыртылды деп эмес, эскирди же түгөйү жок деп ыргытабыз. Мен кызыма кымбат байпактарды сатып берем. Бирок алар жыртылганга жетпей эле түгөйү жоголот. Анан экинчиси да таштандыга кетет. Ошондо ойлоном: биз байпакка жетпей чоңойсок да, ар бир нерсенин баасын, баркын билип чоңоюптурбуз. А азыр эч нерсе баркталбайт...

ЧИЙ КУУРЧАК...

Бала кезимде колумдан келген иш көп эле. Ошол кезде билинбесе да, азыр ойлосом, жан дүйнөм эмгекке, жаратууга эрте эле шыктуу экен. Эң алгачкы “чыгармачылыгым” — чийден жасалган куурчак болчу.

Эки чийди алып, бири-бирине бекем бириктирем. Анан ага кошо колу кылып дагы бир чийди туурасынан коюп, жип менен катуулап байлайм. Ошентип жылаңач, арык, бирок мага дүйнөдөгү эң кооз куурчак жаралат.

Куурчактын бетин жасоо өзүнчө чоң иш: чоң энемдин жемпиринен уурдап алган бир топчуну алып, ак чүпүрөктүн ичине салам. Жип менен тегеретип байлап, тегиздеп, баш кылып алам. Ошол ак чүпүрөктүн үстүнө калем менен көзүн, кашын, мурунун, оозун кылдат тартып чыгам. Бир сызык туура эмес кетсе, куурчактын жүзү бузулуп калса санааркап, кайрадан оңдойм. Ошентип баягы жансыз чийге акырындан жан кирип, мени тиктеп тургандай кудум.

Чачын кара шоона жиптен жасайм. Узунурак кесип, башына ийне менен тигип чыгам. Айрым чачтары туура эмес илинип калса да, ал мага кемчилик эмес, өзгөчөлүк болуп көрүнчү. Себеби бул куурчак фабрикадан чыккан эмес, өз колумдан жаралган эмгек эле.

Андан кийин эң коркунучтуу, бирок эң кызыктуу бөлүк башталчу — чоң энемдин эски сандыгына “уурулукка” кирүү. Ал сандык чоң энем үчүн ыйык нерседей эле. Ичине жыртыш, чүпүрөк, ар кандай майда-барат баалуу материалдар катылган. Ал нерселер чоң энем үчүн менден да кымбаттай сезилчү. Себеби, жыртыш — кийим, кийим — турмуш, турмуш — өмүр болчу. Бардык буюмдун саны, сапаты бар эле.

Эч ким жокто, эки жакты элеңдеп карап, сандыкты акырын ачып, көзүмө эң кооз көрүнгөн жыртышты тандап алам. Колум калтырап турса да, куурчагым үчүн көйнөк, чапан тигишим керек. Эгер чоң энем көрүп калса, токмоктойт. Бирок ошол коркунуч да мени токтото алчу эмес. Анткени куурчагым жылаңач калбашы керек эле.

Ошентип, куурчагым толук даяр болот. Мен аны барктап, баалап, тирүү нерседей сактайм. Чоң энем көрүп калбасын деп катып коём. Кээде жашырып койгон жериме барып, акырын алып чыгып, бир карап, катып ойноп, кайра ордуна салам. Ал менин сырдашымдай, балалык дүйнөмдүн бир бөлүгү.

Бир күнү ошол куурчагымды көчөгө көтөрүп чыгып, ойноп жүрдүм. Көңүлүм куунак, дүйнө жарык. Ошол маалда кошуна бала келип, колумдан куурчагымды жулуп алып, экиге бөлүп салды. Жүрөгүм да кошо сынып кеткендей болду.

Мен өңгүрөп ыйладым. Басылбай ыйладым. Ошол баланы өлөрчө жек көрүп калдым. Анткени ал жөн эле оюнчукту эмес, менин эмгегимди, балалык кыялымды, колумдан жаралган дүйнөмдү талкалап салган эле. Ал куурчак мен үчүн баалуу болчу. Себеби, ал өз колумдан жаралган чоң эмгек эле.

Ал кезде баарыбыз чийден куурчак жасап ойночубуз. Дүкөндөн алынган куурчакты көргөн эмесмин. Базардагы кооз оюнчуктар биз үчүн жомоктогудай эле.

Балким, ошол жетпей калган нерсе жүрөгүмдө өксүк болуп калгандыр. Азыр базардан куурчак көрсөм эле баса калам. Колума кармап, карап, баягы чий куурчагымды эстейм. Эх менин балалыгым...

Кызыма куурчактын түрүн алып бердим. Каалаганын алдым. Ал эки күн ойнойт. Анан эки колу, эки буту ар жакта калат. Бети-башы боёлуп, өңү өчүп, баягы куурчак таштандыга кетет. Ошол менен анын өмүрү эки күндүк.

А менин чий куурчагымчы… Ал көптөн бери жок. Бирок алиге чейин жүрөгүмдө. Эмгек менен жасалган нерсенин баасы, балалыкта жаралган кыялдын салмагы ошондо эле билинген экен.

Азыр ойлосом, ошол чий куурчак — менин балалыгымдын баалуу күндөрү экен.

Сынып калган, бирок унутулбаган…

ЧЫРАКТЫН СОЛЯРКА ЖЫТЫ...

Жарык көп өчөр эле. Бирок бизге бул маселе эмес болчу. Тескерисинче, жашоо бир калыпка түшкөнсүп, үй ичинде тааныш тынчтык. Жарык өчөр замат солярка жыттанып, чырак күйөт. Ошол жытты азыр эстесем, балалыгым көз алдыма тартылат.

Тезектин түтүнү, солярка жыты, үй ичиндеги жай кобурашкан үндөр — баары аралашып, балалыктын таттуу кечтери эле.

Эжем экөөбүз бир мүшөктү сүйрөп алып, токойду көздөй жөнөчүбүз. Күнгө кургап калган тезекти терип, мүшөктү толтуруп, үйгө алып келебиз. Кийин ошол тезек отко жагылып, чайыбыз кайнап, тамагыбыз бышчу. Биз үчүн бул оор жумуш эмес эле.

Жарык кээде эртең менен өчүп, кечинде күйчү. Кээде кечинде өчүп, түн бир оокумда күйөт. Айрым күндөрү таптакыр эле жок. Бирок үй эч качан караңгы сезилчү эмес. Анткени бизде чырак бар эле.

Кечки тамакка камданып, үстөлгө олтурар замат жарык өчүп калган учурлар көп болду.

Ошондо атам адегенде терезени карап, жай гана:

— Жарык жалпы өчүптүр, — деп коёт.

Андан кийин чырактын айнек фонарын этияттап чечип, ширеңкени билегине тамызат да, кайра фонарын тагып, үстөлдүн так ортосуна коёт. Чырак күйгөндө үй ичин жумшак, сары жарык каптап, тиричилик уланат.

Чырак жарыгы менен тамак ичебиз. Апам унчукпай, үстөл үстүн жыйноо менен алек. Атам жарыкка үңүлүп гезит окуйт. Биз сабактарыбызды.

Чоң энем мышыкча темир мештин түбүнөн чыкпай, эки шиши колунда тырсылдап, тынымсыз кыймылдап отурганын көрөсүң. Ал жүн байпак түйүп отурган болот. Бизге кышка кам көрчү. Ар бирибизге экиден байпак токуп коёт.

Адегенде бутубузду кочуштап ченеп алат да, ортосуна жеткенде:

— Бир кийип көр, — деп калат.

Байпакты ыдыратып албайын деп этият кийип көрөсүң.

Чоң энем кайра колу менен ченеп:

— Бутуң менен сенин, гилейип кимди тарткан? — деп сүйлөнүп коёт.

Ошол үн, ошол сөздөр азыркыга чейин эсимде.

Апам болсо ошол эле чырактын жарыгы менен идиш жууп, үйдүн бүтпөгөн иштерин бүтүрчү. Караңгыга карабай, жаны тынчу эмес.

Чырактын жарыгы анын жүзүнө түшүп, чарчоону да, мээримди да кошо көрсөтчү.

Үйдө бир тентек мышык бар эле. Ал чоң энеме көп тоскоол кылчу. Чоң энем байпак токуп отурса, ары-бери тоголонгон жиптери менен ойноп, тырмап кирет. Чоң энем бир бутундагы маасысын чечип алып, баягы тентек мышыкты бир коёт да, сүйлөнүп ишин улантат. Мышык чуркап барып жыгач үстөлдүн алдына жашынат. Анан кайра эле көзүн жылтыратып чыга келет.

Ошентип, байпак жарыксыз, чырактын эле жарыгы менен бүтчү. Далай иш ошол чырактын жарыгы менен бүтөр эле. Чырак үйдү гана жарык кылбай, биздин балалыкты да жарык кылып тургандай сезилчү.

Азыр жарык өчпөйт. Үй дайыма жарык. Бирок ошол чырактын жарыгындай жылуулук жоктой сезилет. Балдар чырактын эмне экенин билишпейт. А мен үчүн чырак — жөн гана жарык эмес.

Ал — атамдын жай кыймылы, апамдын тынымсыз колу, чоң энемдин үнү, тентек мышык жана бир үстөлгө баткан бүтүндөй бир балалык.

ЧЫБЫК АТ, ТЕМИР ЧЫЛАПЧЫНДАГЫ БАЛАЛЫК...

Сабактан кийин үйгө келип, оюнга чыгуу үчүн апам айткан ар бир ишти кылдат кылам. Ал кезде оюнга баруу оңой эмес эле: үйдөгү бардык оокатты бүтүрүп, анан гана көчөгө жөнөмөкпүз.

Айылдан анча алыс эмес бош жер бар. Айылдагы балдар-кыздардын баары ошол жакка чогулуп, качмай топ, жашынмак, чыбык ат минип ойночубуз. Чыбык атты атайын токойдон сындырып келебиз. Жоон жагын аттын башы кылып, чыбыкка минип алып, дагы бир тал чыбыкты камчы кылып алабыз. Мен кичинемден эркек мүнөз болгон үчүн, чыбык минип көп ойнодум.

Чыбык ат минип, чаң сапырып, бозала чаң болуп, керели-кечке көчөдө жүрөбүз. «Апам чакырып калбаса экен», «көзүнө илинбей калсам экен» деп, оюнга тойбогон жаныбыз тиленебиз. Тим койсо таң атканча тарабай ойной тургандай сезилчү. Анда телефон деген балээ жок эле. Балалыктын таттуу күндөрү ушундай көз ирмемдер менен өтчү.

Бир маалда:

— Силерде деги үй барбы же эшикке иттин жанына түнөйсүңөрбү?! — апамдын кыйкырган үнү угулат.

Бирок ызы-чууну шылтоолоп, укмаксан болобуз.

Чогуу ойногон балдарды да ата-энелери бир-бирден чакыра баштайт. Биз болсо уккубуз да келбейт. Үйгө киргибиз келчү эмес. Караңгы киргенде балдар чет-четинен тарап, үйлөрүн көздөй жөнөшөт. Мен али да болсо ойногум келип, айласыз үйгө кайтам.

Кирип барып эле:

— Апа, ачка болдум, тамак ичебизби? — дейбиз.

Апам:

— Мени же, көчөдө сага эч ким тамак берген жокпу? — деп кобуранып, сыртка чыгып, сарайдын боорунда илинген темир чылапчынды алып келет да, мештин түбүнө коёт.

Биз жапыз сокмо тамда, баарыбыз батып жашачубуз. Үйдүн так ортосунда темир меш табында, үстүнө эки кара чайнек боркулдап кайнап турчу. Негизи ал чайнектер ак эле болчу. Ошол мештин үстүндө кара чайнекке айланып калган. Апам ташып кетпесин деп, капкагын кыйшайтып коёт.

Биз эшиктен кирерибиз менен апам кайнаган чайнектеги сууну эки чакага куюп, муздак суу менен аралаштырып, темир чылапчынга олтургузуп, эжем экөөбүздү кезек-кезеги менен жуунтат.

Утуру сүйлөнүп коёт:

— Кириң кантет, силерде үй деген жок. Карачы кебетеңди. Элдин балдары кийим жыртпай, кирдетпей эле ойнойт. Силер эле эшикке эки мүнөт чыксаңар, кокочо болуп жетип келесиңер...

Ага каяша айткандан коркосуң. Улам жини менен денеңди катуу жышыйт.

Кокус жинине тийсең:

— Азыр ысык сууну башыңан ылдый куюп жиберем! — дейт.

Ошентип, адегенде мени, анан эжемди темир чылапчынга олтургузуп, кара самын менен жуунтат. Ал самын менен бетибизди да, денебизди да, башыбызды да жуйбуз. Анын жыты азыркыга чейин эсимде. Ал — балалыктын жыты.

Ошентип, кечке көчөдө ойноп, кеч киргенде үйгө араң барчубуз. Азыр болсо балдар кечке телефон тиктеп отурат. Эшикке да чыгара албайсың.

ЧОҢ КЕЛГЕН ЧОКОЙ, БАДЫРАК ЖЫТТАНГАН БАЛАЛЫК...

Түтүн айылды каптап, кемеге жактан тим эле буркураган жыт келет. Анда апам чоң казанга от жагып, буудай кууруп жаткан учуру. Чытыраган бадырак менен түтүндүн жыты менин балалыгымдын анык жыты эле.

Мен:

— Ураа, бадырак жейм! — ичим көөп кыйкырып, эки көзүм казанда.

Апам от жагып жатып:

— Эми казанга түшүп кетет экенсиң, өлүп баратасыңбы? — деп сүйлөнөт да, буудайды жай аралаштырат.

Ошол бадырак жыты менен даамы балалыгымдагы эң таттуу көз ирмемдер.

Ысык экенине карабай, бадыракты колума алып, үйлөп-үйлөп тамшана жейм. Анан нары жакта таарда төгүлүп жаткан буудай менен арпаны тооктордон кайтарып, эжем сабактан келгенче коруп отурам. Күн териңди куйкалап, тим эле өрттөп жиберсе да үйгө кирмей жок. Анткени ал буудай биздин кышкы аштыгышыбыз, биздин наныбыз болчу.

Мектеп бизге жакын эле. Коңгуроонун үнү менен, окуучулардын чурулдаган күлкүсү менен кошо чоңойдум. Ал үндөр турмуштун өз ыргагы сыяктуу.

Коңгуроону алыстан тыңшайм да, ал кагылганда:

— Апаа, апа-аа, эжем тарады! — деп сабакка даярдана баштайм.

Эжемдин келишин чыдамсыз күтөм. Анткени экөөбүздө бир эле бут кийим бар. Ал келгенде, бут кийимин чечет. Мен бут кийимдин башына гезитти ушалап тыгып кийем да, мектепке сызам. Күн сайын ушу. Муну мага атам көрсөткөн. Ал кезде жокчулук болгону менен айылда элдин пейли кең болчу. Кээде үйдө нан жок, кошунанын үйүнө барып, арылдаган кабанаак итин таш менен бир коюп, үйүнө сүзүп кирмей:

— Бир нан берип турасызбы, апам нан жапканда кайра беребиз, – деп нан сурап келмей.

Кийин апам нан жапканда кайра алып барып бермей. Туз, сүт, максым ачыткы деп кошуналардан сурап келүү уят эмес болчу. Азыр антип сурамак тургай, эч кимдин үйүнө чакыруусуз кире албайсың го.

Жетишпеген жашоо бизди сабырдуулукка, кайрымдуулукка үйрөттү. Эжем экөөбүз сумкабызды да мектепке кезектешип асынып барган күндөрүбүз болчу. Кийинки жылы мектепке эжемден арткан кийимди гана кием, ага жаңысын алып берет. Менден кийинки кийимди инилерим кийип жыртат. Кыз-эркек деп тандамай жок. Ага акылыбыз да жетчү эмес.

Жайкы каникулга чыкканда, бала экенибизге карабай, күздүн камын өзүбүз көрүп баштайбыз. Анкени, биз көп бир тууган болгон үчүн, ата-энемдин бизди толук камсыздоого чамалары келбейт эле да. Биз көнүп деле калганбыз. Жок деп кейигенди деле билчү эмеспиз. Жокчулук болгону менен жан дүйнөбүз ток болуп чоңойдук.

Анда айылда эшек көп. Биз токойго жакын жашачубуз. Үйдүн артындагы дөңгө жакын жерде эшектер күлгө оонап, чаңга оронуп жатышчу. Ошол чаң баскан эшектер биздин балалыктагы жолдошторубуз эле.

Эжем экөөбүз кошуна балдар менен чогуу эшектерди “уурдап” келчүбүз. Уурулук дегенибиз — балалык акыл менен жасалган, күнөөсү жок уурулук экен. Эшектерди сарайга камап, чөбүн, суусун берип, таңды күтчүбүз.

Таң агара баштаганда, болжогон саатта эшектерди минип, эки куржунга эки чаканы салып, апамдын нанын, жармасын азык кылып, Саргайыңкы тоосун көздөй жөнөйбүз. Каңгып жүргөн эшек бүт айылдыкы. Ээлери деле эшегин издечү эмес. А апам… апам бизди таппай эле калчу.

Жолду катар ойноп-күлүп, утуру жарышып жүрүп отуруп баягы карагат жыттанган тоого жетебиз. Балалыктын балдай таттуу доору – ошол тоого жетип, адегенде апамдын наны менен жармасын култ-култ жутуп, өзөк жалгайбыз. Анан карагатка киришебиз. Колубуз карагаттын ширесине боёлуп, бетибиз кызыл ала, тилибиз көп-көк. Чакаларыбыз толгондо тоону жаңырта кыйкырып, бири-бирибизге белги беребиз.

Кайрадан бая калган нанды жеп, суудан ууртап, айылды көздөй жөнөйбүз. Айылдын башынан үйлөр көрүнгөндө, эшектердин ээлери көрүп калбасын деп, аларды коё беребиз. Карагат толгон чакаларды талга асып, эки жагынан көтөрүп, жөө үйгө жөнөйбүз.

Апам бизди көрүп:

— Силерди жер жуттубу? Үй деген барбы? — деп сүйлөнүп келатып, карагатка көзү түшкөндө – жүзү жылый түшөт. Кайдан билсин апам… биз эшек уурдап жүргөнүбүздү.

Ошол карагатты эжем экөөбүз жайы менен терип, сатабыз. Акчасына мектепке кийим-кече алабыз. Анда миң сомго эле толук кийинчүбүз.

Апам шаарга каттаган жалгыз кошуна байкеге акча берип жиберет. Ал бизди көз ченем менен өлчөп, бутубузду жип менен ченеп, бир өлчөм чоңурак алып келет. Эгер бут кийим чоң болуп калса, атам гезитин ушалап:

— Кийинки жылы да киесиң, — деп башына тыгып коёт.

Ошондо бут кийим чапчак болуп калчу. Бирок нааразы да болчу эмеспиз. Бул барына көнүмүш болуп калган. Анда бардык ата-эне баласына “кийинки жылы киесиң” деп чоңурак кийим алчу.

Азыр болсо кызыма сезон сайын кымбат бут кийимдин эң жакшысын алып берем. Бирин кийип, бирин чечет. Бир аз эскирсе эле жаңысын сурайт. Баалабайт…

Кээде ошол кара казандын, күпүлдөп күйгөн от, бадырак жыты, чоң бут кийим көз алдыма келет да, азыр баарына шүгүр дейм. Жокчулук болгон менен, токчулук да болчу. Балалык да, баалуулук да бар эле. Азыр болгон сайын болсун дейбиз. Балалык бар болгону менен баалуулук жок.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз