АҢГЕМЕ
Полюбил я носить в легком теле
Тихий свет и покой мертвеца...
(С.Есенин)
Кыз аябай сулуу эле... Айрыкча күлгөндө мурун үстүнө пайда боло калчу “жылдызчалар” ансайын ажарын ачып жиберет, ошонусун жакшы көрөт бала... Ал эмне “жылдызчалар” экенин өзү да толук билбейт, эгер кыз өзү сурап калса да түшүндүрүп бере алмак эмес, болгону – сезет, түшүндүрө албаса да макул, деги эле сөз менен жеткире алгыс нерселер өмүрдө көп болорун, сезим делбиретип, жүрөк опкоолжуп акылдан үстөм алып каларын көңүлүнүн кай бир тереңинде туйган менен, ал чындыкка моюн бербей текеберленип келатпайбы... Бирок ал текебер ойлор жалгыз болгондо гана келет, а кыз жанында болгондо кеп таптакыр башка...
Чогуу басышканда билгизбей кадам артта жүрөт. Кыздын кара-кочкул чачтарынын илебин шамал айдап келсе, көөдөнү толгончо искесем дейт... Узунчасынан келген кичинекей колдорун кармасам дейт. Колдорун эң жакшы көрөт... Жок, көздөрүн жакшы көрөт... Андан да чачтарын көбүрөк жакшы көрөт, же басканын... жок... баарын... баарын бирдей жакшы көрөт...
Азыр да бала артта келатты. Бирок жакшы көргөн чачтарынын жытын искөө үчүн эмес, кызды таарынтып алды, ошол үчүн. Бир аз мурун колуна тийген айлык акысы оюндагыдан аз чыгып, “муну кантип жеткирер экем” деген купуя оюн байкоостон жарыя айтып алды, чатак ошодон чыкты.
– Акчамдын көбүн сага коротуп жатам деп айта албай жатасың, – деп жекирди кыз.
– Акча сизден айлансынчы, аруум.
– Жок, – деди кыз. – Мага айтпай эле койбойсуңбу?
– Ошону кеч ойлодум.
– Жок, – деди кыз. – Эмнеге эки жумушта иштебейсиң жетпей жатса?
– Убактым жетпейт, менин кесибим башка, билесиң го...
– Жок, – деди кыз кайра. –Адам деген өсүш керек.
Баланын көөнү ошондо зырп дей түштү. Сөз төркүнүн түшүндү. Эмнегедир кечинде көргөн түшү келди оюна. Эртең менен күзгүнүн астында канталаган көздөрү менен ошол түшүн ойлоп көпкө турганын, түндөсү бир маалга чейин “биз үчүн, биз үчүн” деп жөөлүп окуп олтурганын ойлоп, кайсы бири түшү, кайсы бири өңү экенин биле албай бүшүркөгөнүн эстеди... А кыз тикендей жүрөккө сайылган дагы бир далай сөзүн айтып, алдыга узап кетти... Бала ойлоруна сүңгүгөн бойдон артынан ылаалап басты.
“Адам өсүш керек” – эмне айткысы келгени түшүнүктүү да: элге окшоп иште, акча тап, жомокторуң менен учуп жүрө бербе деген баары айткан кепти айткысы келгени бышык. Бул сөздөр менен ата-эне, дос-туугандын баары кулактын кужурун алышкан, бирок бала ага кайыл, айта беришсин, баланы түшүнгөн да жан бар, аны бала тоосундай көрөт, ошол жан түшүнсө, ошол жан ишенсе болгону... Бирок... азыр жанын ачытып бараткан кепти ошол тоосунан, кубат туткан сүйгөнүнөн угуп жатпайбы... Мындай иш болушу капарына да келген эмес эле. Бүт аалам бир тарап болуп тураганда, экөө бир тарап эле, эми өзүн жалгыз калгандай сезди. Мурун минтип айтчу эмес... Айтчу, бирок сөзү менен гана, анчейин эркелеп гана. А көздөрү “ишенем” деп жанып турчу, ошол жетер эле балага, өзүнө ишеними артып, кубатына кубат кошулуп кетет. А азыр тартынбай айтып жатат, көздөрү да жанган жок, сустайып муздак бойдон, бул жөн эмес... Ишенбей калса керек... Сабыры түгөнсө керек...
Ойго тумчугуп күңгүрөнүп бартты бала. Алдыда жер тиктеп бараткан кызына көзү түштү ошол учурда. Аны мектептен чарчап келаткан секелек кызга окшотту. Жок болсо да колунда сумкеси бардай элестетип алып, жүзүнө жылмаю кирди. Кызына суктанды: мынча жагымдуу, мынча ширин болбосо, кудум бешикте жаткан аллейдей... Кызык нерсе, эмнегедир кыздын баскан-турганы, кылык-жоругунун баары кичинекей бөбөктү элестетчү. Айрыкча таарынганда такыр эле эмгектеген наристедей болуп кетет: ыйламсыраган бото көздөрүн жоодуратып, астыңкы эрди ыйлар баланыкындай ылдый агып, эмне сөз сүйлөсө да аягын созуп сүйлөйт... “Наристем” деген, “балапаным” деген эркелеткен сөздөр ошондой абалдарда жаралган. Анан да Розим дейт, бул аттын да өзүнчө тарыхы бар...
Ошол учурда кыз артта келаткан баланы көз кырынан баамдады да, жерди бир тээп ордунда токтоп калды.
– Кукуруза! - деди анан кыйкыргандай. – Мен, кукуруза жейм. Бурулуп баланы караган жок, турган калыбында сөөмөйү менен жолдун аркы бетин көрсөттү.
Чоң жолдун боюнда турган арабада түтүнүн булоолонтуп сууга бышкан жүгөрү сатылып жатыптыр. Бала түшүндү, унчукпай барып эки жүгөрү сатып келди. Кыз токтогон жеринен бир кадам да жылган жок. Бала колунда жүгөрү менен кайтып келгенде кубанганын билдирбөө үчүн көздөрүн жаап алды.
– Жок! – деди анан.
– Эмне болду?
– Эмнеге эки?
– Жакшы көрөсүң да.
– Нет! Сен мени семиз кыз экенсиң дедиң!
Бала каткырып күлдү.
– Качан айттым?
– Айттың! Айттың! – кыз жерди дагы бир тепти.
– Айтпадым.
– Нет, айттың! Мени болсо семизсин дедиң! Эки кукуруза жейсиң дедиң!
– Макул, макул. Тапканын кара. Ал эми мэ.
– Нет!
– Ал.
– Нет, семиз болуп кетем.
– Макул... Семиз болуп кетсең да сүйө берем сени.
– Нет, – деди кыз кайра кабагын салып. – Сен болсо китептерди сүйөсүң, мени болсо... жок!
Бала колтугуна кысып турган эки китебин артына коомай беките койду.
– Эси жок кыз, китепке да салыштырабы кишини. Айрыкча сиздей аруу кызды.
– Жок! Сен китеп жазгандарды сүйөсүң... Бабелди сүйөсүң, Гаршинди сүйөсүң.
Бала кайра каткырды.
– Кимди? Кимди сүйөм?
– Баа-абель, Га-аршин... сүйөсүң ошолорду. А мени карабайсың.
– Эси жок, тентек кыз, – деди бала күлүп.
– А мен сени менен сүйлөшкүм келсе, и потом... мм... сен... сен болсо окуйм, окуйм дейт экенсиң... Мм... и потом сен китептериңди менден да жакшы көрөсүң, мен билдим ошону...
Жаңы тили чыккан баладай болуп кыз дагы көп нерселерди булдуруктады, бирок бала калганын уккан жок. Алдында турган периштенин сулуулугуна, аруулугуна тойбой гана карап турду. Сүйлөп жатканда бакырайган көздөрү чанагынан чыкчудай алайып, таарынган себептен баланы карамаксан болуп, максатсыз эле айланага көз жүгүртө бергени ансайын ширин көрүндү. Эрксизден кызды кучагына тартты. Бирок кыз дагы эле токтогон жок, кучагында туруп да булдуруктаганын уланта берди. А бала “жок” деди ичинен. Сен андай сөз айткан жоксуң, айткан жоксуң... Мен жаңылыш уктум, сен мага ишенесиң, сен... сен башкага кетпейсиң. Ооба, билем, мансапка аябай эле жакынсың, бул биздин жалгыз айырмачылыгыбыз, бирок сен эстүү кызсың, мансаптууну ээрчип кетпейсиң, мен ишенем... кетпейсиң, - деп жалбарып жиберди.
Кызды кучагынан бошоткондо сөз эмне жөнүндө болуп жатканын эстөө кыйынга турду.
– Анда... анда такыр окубайынбы? – деп койду.
– Нет, оку, бирок кичине эле. Ки-ичине...
– Макул... Ал эми муну, бирөөсү мага да.
– Нет! Экөөсү тең мага!
Бала жылмайып, экинчи жүгөрүнү да кызга сунду.
– Күлбө-ө... Ммм... Жебейм анда...
– Макул, макул, күлбөйм, ал мэ.
– Нет!
Ошону менен сейилдөө көңүлдүү улангандай болду. Тамактанганы барышты, андан чыгып кино көрүштү. Бала өз ойлорунан чыгып, кадимкисиндей болгонго тырышты, бирок ар качан кыздын көздөрүн караганда, көргүсү келген мурунку ишеничти таба албай, көөнү ансайын ныл тартып оорлошо берди. Баарынан эң жаманы – жашоосунда жападан жалгыз медери, өмүр жолунун айсыз караңгы түндөрүндө, баазиде ата-эне да чанып турган абалдарда жарк этип бир бурчтан пайда болуп турган жылдызы, ар качан да жийиркенип караган мансапка арбалып, өзүнө каршы турганы жатканын ойлогондо, ичи от-жалын...
Кыздын үйүнө чейин узатып, ошол жерден коштошушту. Бала ойлогон ойлорунун бирин да айткан жок, а кыз алардын баарын айттырбай эле түшүндү. Ал баланын жашоого болгон көз карашынан, акыркы күндөрү көзү жеткен “майнапсыз” максаттарынан небек түңүлгөн, небак кол жууган... Ошентсе да баланы кучактады, калп болсо да сүйүү көздөрү менен карап, сыртынан жымыңдап күлүп үйүнө кирип кетти...
Бала кыздын терезесин бир аз карап турду да, үйүнө жөнөдү. Жайдын саратан күндөрү эле, айлана мелүүн тартып, адамдар да, авто-унаалар да суюлуп калган. Автобустар токтогону качан, бирок баланы ал тынчсыздандырбады, тескерисинче кубантты. Зуулдаган авто-унаалардын шоокуму коштогон чоң жолдун бою менен басты. Ачылып калган жарат ошондо айрыкча сыздап баштады.
Айтса-айтпаса кыздын сөздөрүндө жан бар... Азыр технология заманы, эл эмне менен алек, өзү эмне менен алек? Башкасын айтпаганда да, деги кенен-кесири пикир алышканга да курдашы жок эмеспи... Ким менен болсо да жакшы маек куруш үчүн жасалма болушу керек, дилин ачып сүйлөшсө же шылдыңга калат, же урушуп калары да чындык. Анан ушундай жан дүйнөсүнө жат, жагымсыз адамдардын арасында кимди таң калтырганы жүрөт? Баары өрдү көздөй чапса, жалгыз өзү көпчүлүккө каршы, ылдый чапкандай кеп болуп жатпайбы. Муну мурда түшүнбөдү беле? Түшүнгөн! Миң ирет ойлоп, миң ирет ынанган. Болгону... болгону азыр... азыр жалгыз калды... Мурда деле бүт аалам бир тарап болсо, өзү бир тарап эле, бирок жанында жанагы кичинекей наристе кызы бар эле. Сен менин “кубатымсың” дээр эле... Мен сенден сүзүп алып ааламдык деңиздерге куям дээр эле го...
Бала энтигип токтой калды. Аябай бат басып баратканын эми сезди, денеси майышып, чыпылдап тердеп да кетиптир. Ааламда жандуудан өзү эле калгандай көөдөнүн бир башкача коркунуч сезим жалап өттү. Айланага көз салып, адам түспөл бирөө көрүнсө ошону эш тутсам деди, бирок чоң жолдогу авто-унаалардан башка кылмылдап турган бир тирүү жан көрө алган жок.
Ошол маалда жеңил жел жүрүп, жан жолдон ыраакта өскөн жалгыз дарактын бутактарын термеп, жалбырактарын шуулдатып өттү. Жалбырактар баланы муңдашууга чакыргандай сезилди. Акырын басып бактын астына келгенде, жыш жалбырактардын арасынан маңкайып толуп турган ай көрүндү. Терең дем алып, теребелге бир көз жүгүрткөндөн кийин, бул турган жери так түшүндөгүдөй жер экенин байкады. Так ушундай жалгыз өскөн, бирок мындан кыйла жоон, кишинин төрт кулачындай келген зор, бийиктиги асман тиреген дарактын астында турган экен.
Көздөгөнү дарактын эң чокусуна чыгуу. Эмнеге, кандай кажети бар деген суроо түшүндө да, ойгонгондо да оюна келген жок. Ошентип даракка чыгуу уруна баштаптыр, бирок канча убараланган менен чыга албайт, анткени дарак тең жарымына чейин бир да бутак байлабаган экен. Баланын ою жарымына эптеп жетсем, ары жагына бутактарга карманып чыгып кетем болуп турганда, артында кыз пайда болду. Кайдыгер көздөрү менен байкапар гана карап турат. Таяп кой деп өтүнүп кирди бала, а кыздын түрү өзгөрүп да койгон жок, мурункусунан да суз, сустайып гана карап тура берди. Акыры канча жолку майнапсыз аракеттеринен кийин көл-шал болуп кара терге түшүп, бактын бутактуу жерине чейин өзү жетип барыптыр.
Чоң бутакка бир колу илээшер менен биринчи эле оюна кызы келди, тартып алмакчы болуп кол сунайын десе, кыз турган жеринде жок. Издеп баштады. Айлананы караса, жана эле бопбош теребелде кайдан-жайдан дагы бир бак пайда боло калыптыр. Бирок бала турган бакка такыр окшобойт: кыйла ичке, бою жапыс, анан да асты бутактуу, а жарымдан үстү таптакыр бутак байлабаган, кудум тетири өскөн дарактай. Караса кыз ошол бакка чыгып баратат. Бат эле дарактын бутагы жок жерине жетип барып, андан ары чыкканга жер жок, же андан ары карманып чыгарга бутак жок туруп калды. Баарынан да кызыгы кыз жалгыз эмес экен, жанында бирөө коштоп жүрөт... Бирок бала ага эмнегедир ээликкен жок. Кызык болду, эмнеге мен бул бакта, ал тигил бакта, анан да башка бирөө менен деп ойлонбоду, эч капарсыз эле жолун андан ары улап, бактын так чокусуна жол алды...
Дарактын жалбырактары дагы шуулдады. Жалбырактар арасынан айдын көзү дана көрүнүп, шооласы балага тийип өттү. Бала оюнан чыгып, кайра тегеректи карап чыкты, тирүү жан көрүнсө аябай муңдашсам деп тилеп олтурду. Бул оюн жыйып алганча дагы бир кызык ой келди: эми көзүнө бирөө көрүнсө, аны менен муңдашкысы эмес, кызыл чеке болуп мушташкысы келди... Мушташта ал каршылашынын астында калам деп ойлоду, башкача болушу мүмкүн да эмес. Ура бер демек анан... Мен өз доорума кечигип келдим... же... эрте келдим. Ансыз да мени сабап жатасыңар, ансыз да мени токолдун баласындай кылып бөлүп, кордоп жатасыңар... Ура бер! Ур, – демек...
Айнып баратамбы?..
Бала бактын астынан туруп, кыздын үйүн көздөй жөнөдү. Эмнеге баратканын ойлогусу келген жок, жөн эле көргүсү келди... Жамалын көргүсү келди, эркелегенин көргүсү келди...
Бир аздан соң жана гана узаткан жерде кызды күтүп турду. Кыз кыйлада чыкты.
– Сени сагындым, - деди кызды көрөрү менен.
Ошол эле замат келгенине ушунчалык өкүндү. А кыз унчукпай, таңыркаган көздөрү менен гана карап турду, маспы деп ойлоду.
– Аа... – бала эмне дээрин билбеди.
– Сенде эртең жумушпу? – деди ортодогу ыңгайсыз тынымдан кийин.
– Ооба, жумуш.
– Сен менин кубатымсың э, аруу кызым? – деди бала дагы кыйла тынымдан кийин араң батынып.
– Албетте, - деп күлдү кыз.
– Эркемсиң дагы эле мурункудай...
– Албетте.
– Мени колдоп турасыңбы ар дайым?
– Сөзсүз.
– Ийгиликке жете албасамчы?
– Баары бир.
– Макул... Сен жок болсоң, мен эч нерсе кыла албайм.
– Билем. Мен сенин булагыңмын да. Менден алып ааламдык деңиздерге куясың.
– Ооба! Ооба! Ошондой э? Баары бир тарап, - экөөбүз бир тараппыз, ошондойбу?
– Албетте.
– Макул... Макул... Мен... анда барайын.
Бала бурулуп жөнөп калды. Кыздын боору ушунчалык ооруп турду, байкушту бир аз болсо да кубантып койгусу келдиби, баланы кайра токтотту. Эмне дээрин таба албай мукактанып калды да, анан муну айтты:
– Түшүмдө... мм... сен чоң адам болуптурсуң... – Кыздын жалганын бала түшүндү, мыйыгынан жылмайымыш болуп басып кетти.
Кайрадан чоң жолго түштү. Эми эч нерсени ойлонбой баратты. Жанагы бактын астына келди. Кайрадан өзүн ааламдан жалгыз калган жандуудай сезди. Оюна эч нерсе келген жок, ошентсе да көзүнөн ысык жаш агып кетти. Бул жалгыздыктын же жолсуздуктун жашы эмес, бул – жоготуунун жашы болду. Бирок бала муну түшүнгөн жок, түшүнгүсү келбеди... Муну баарын билген, баарын түшүнгөн, бирок эч кимге, адамдын өзүнө да убагында билгизбеген, эң сезгич, эң акылдуу, адамдын азабы менен бактысын кошо көтөрүп жүргөн жүрөк гана сезип, ачуу ый менен болмуштан кабар берип жатты...
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR