О`Шакир: Абактан адабий базарлык (поэзия)

  • 23.01.2026
  • 532

Ыйладым өксүп...
(Ысык-Көлдү коргоо демилгесин көтөргөндөрдүн бири Айбек Сарыгулга арнайм)

Канча кылым, канча доорлор асмандан
кайсыл зыян Ысык-Көлгө так салган?
Тепчип күн-түн нурун чачып саймалап
изи барбы Айдын, Күндүн сакталган?

Күн, Ай, Жылдыз күнү-түнү чеккилеп,
Көл бетине өз сүрөтүн тепчилеп
түшүрсө да из калтырбайт, так салбайт.
Адам гана Көлгө азап чектирет!

Далай кылым Күн менен Ай асмандан
эмне зыян кылды Көлгө так салган?
Адамдарчы? О зыянкеч жырткычтар,
таманыңда Көл кор болду тапталган!

Адам изи Көл жээгине каттаган –
зыяның көп какыр-чикир таштаган.
Жабырлатып Ысык-Көлдүн кумун да
жадакалса заара кылат жаш балаң!

Ооруп, сыздап а Көл ыйлап солкулдар –
киргил көбүк, заара жыттуу толкундар!
Эс алгандар жээкте кумда капарсыз
арак, пиво кагыштырып олтурган!!!

Тынымы жок толкун кургур шарпылдап,
тынчсызданган сенде кайдан жан тынмак?
Жээкке шилеп түртсөң какыр-чикирди
улам чыгат түпкүрүңдөн калкылдап!!!

Ысык-Көлүм, шедеврлер сыйгыс даа
полотносуң Айга, Күнгө, Жылдызга.
Аттиң бирок: ачкөздүгү ашынган
акча тапчу объект болдуң кыргызга!

Ай, Күн, Жылдыз күнү-түнү чеккилеп,
Көл бетине өз сүрөтүн тепчилеп
түшүрсө да из калтырбайт, так салбайт.
Адам гана Көлгө азап чектирет!

Ысык-Көлүм, көрүп далай кылымды,
Айга, Күнгө, Жылдыздарга жылынды.
Көрдү бекен бирок мындай кордукту?!
Эч тыйалбай олтурамын ыйымды...
07.03.24.

Чын достук
(Бала күндөн бирге өскөн досум Касым Өмүракуновго арнайм)

Тоолорду тоолор тирейт, тоолор тайайт,
чын достук кыйын күндө жөлөйт, айайт.
Башыма сыноо түшсө сендей досум,
миң түмөн душманыма жалгыз жарайт.

Кокустан кырсык келсе кара басып,
чын достук күйөт экен каралашып.
Жалт коюп кетет тура жыгылганда
жалган дос жүрөгүңдү жара басып.

Туруксуз достор курчап, желелешип,
турчу эле тең бөлүшө «келе» дешип.
Кыйын күн башка түшсө о аларың
кыбасы канды канча жемелешип.

Тоо тиреп бийиктеги булуттарды,
бийиктик бийик дайым, унутпайлы!
Бийиктик бийиктикти тиребесе,
пастагы нааданчылык курутпайбы...

Тоолорду тоолор тирейт, тоолор тайайт,
чын достук кыйын күндө жөлөйт, айайт.
Башыма сыноо түшсө сендей досум
миң түмөн душманыма жалгыз жарайт.
03.03.24.

1-Июнь
Баарысы жалган жараян;
балдарды коргоп «аяган».

Ата-эне үчүн андан да
бөбөктөр дайым алданма.

Сооротуш үчүн баланы
түгөнгүс арга, амалы.

Мектепте, үйдө, бакчада,
сейилдеп жүргөн чакта да...

Калп айтуу көндүм күнүгө,
чеги жок калптын түбүнө.

Түрдүүчө ролду аткарган
калпыбыз канча актанган?!

Куткарат калп сөз баладан –
бабадан бери, бабадан!

Адамзат неге жалганчы
байыртан бери карганчу?..

Кайнатсак калптын казанын,
эселеп тартмай азабын...

Ишенип жүргөн бөбөктөр
о жалган канча жомоктор?..

Балдарды дайым алданган
коргойбуз кантип жалгандан?!
01.06.24.

Данияр Аманалиевге
Түш көрдүм. Күндүн таңында.
Кудай бар экен жанымда.
Шайтандар ойноп сценада...
Театр. Эл жык залында.

Сахнада оюн. Дүрбөлөң.
Актёрлор залдан сүрдөгөн.
Режиссёр – Кудай. Мен – автор.
(... көрүүчү калбай күлбөгөн...)

Чеберлеп ойноп каармандар,
баарысы шайтан, жаалданган.
Жактырбай Кудай отурду
кабагын түйүп каарданган.

«Режиссёр өзүң жараттың...
түйбө, – деп, – мага кабакты!
«Кудайды тилдеп отурдум,
карматып жинди адатты.
18.04.24

Жаңыл Жусупжанга
Ораторлор эч пайдасыз какшанган,
новаторлор керек коомду башкарган.

Ааламды бүт санарип доор тескеген
аңдоо калды баарын акыл-эс менен.

Көйү бүтпөс адам күчүн коротпой,
көмөктөшөр көбөйүүдө роботтор.

Алла-таала өзү кылбас шумдукту
адамзаттык кудуретке буйруптур.

Жан үрөбөс жатып ичер пенделер –
түркөйлүктөн түйшүк тартып сенделер.

Кара күчкө ишенгендер карандай;
карайлаган заман амал табалбай.

Жараткандын бизге берген күчүн көр,
жатат гүлдөп илим берген бүчүрдөн.

Илим-билим берип чексиз мүмкүндүк,
ошондо да кылат экен кул – кулдук.

Адамзаты кутулбады кулдуктан:
маңкурт, зомби – өз ою жок чулдуктар.

Жердин ээси кылса Кудай пендени,
пенде кайра кул дейт өзүн жердеги.

Адамзаада не Кудайдын эркеси?
Кудай мээрин шак унуткан эртеси!
05.04.24.

Кенже уулум Эвр үчүн

1.
Акыл, ойлор, идеялар үрөнү
асыл бермет китептерден топтолот.
Адамзатты китеп алга сүрөдү –
деспотторду, түркөйлүктү ноктолоп.

Адабият – бүт адамзат мурасы,
адабият – кең дүйнөгө саякат.
Адабият – билим, акыл сурачу
зор мугалим, эң гумандуу саясат.

Адабият – адамзаттын устаты
кылымдардан кылымдарды карытар.
Илимдеги китептердин кызматы –
караңгыда чырак-жолду арытар.

2.
Адабият – жер шарынын мектеби,
окуучулар эрте кирген, кеч кирген.
Агер тайыз болсо билим чектелүү,
ач китепти акыл-мурас жеткирген.

Ата-эне берер мурас чектелүү.
Адабият – мурас, кенч. Түп чеги жок.
А түркөйлүк канча азап чекпеди –
казып табар илим-билим кени жок.

Эне-ата жетик өрнөк бералбас,
берсе дагы сүйүү, нуска, мээримин.
Эс-акыл – кенч: өрт жалмабас, жер албас,
чексиздикке тереңдетер зээниңди.

Агер мурас кылсам үй-жай, бак-шак жык –
атаң демек, сага кылган акмактык...
20.03.24.

Акыйкатка чыйыр
(Коом агартуудагы тилектеш досум Искендер Ормонго арнайм)

Темир тордо түшүнгөнүм оболу:
кайгы-шоруң – кубанычтан жогору.

Кубанычтын кыска билем өмүрү,
а кайгынын чеги терең, кеңири...

Кайгы сенин ким экениң таанытат.
Кубаныччы?.. Ал эмнени жарытат?

Кубаныч бул – жеңил мүнөз мүнөттөр.
Кайгың оордо – кайрат курчуйт жүрөктө.

Жан кайышып турган кезде кайгыдан –
эс ойгонот калпты чындан айрыган.

Кайгы гана козгоп жүрөк жараңды,
адам кылып турабы дейм адамды...
14.03.24.

Талант тагдыры

Акын эле алабарман, көңүлчөк,
тирлигинде жалкоочалыш, эринчек.
Тагдырына көп таарынган, кызганчак
таап алган анык кокуй келинчек.

Сулууларды сүйдү, чапты өпкөсүн,
жакчу ага ойношчулук, шок жосун.
Дили кирсиз байоо болчу ишенчек,
ажыратчу эмес кургур кас, досун.

Ичпеймин деп өзү менен күрөштү,
бирок болбой жармач-достор илээшти.
«Тартып ийчи жүз граммды калтырбай,
талантсың!» – деп жондон таптап сүрөштү.

Бук жазылбай ичсе дагы күнүгө,
бутун сүйрөп жетип-жетпей үйүнө...
жетелешип жүрүп кайран таланттын
жетти акыр жармач-достор түбүнө!
13.03.24.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз