ТҮНКҮ МОЗАИКА
Чаар-ала түн,
асфальттуу жол төшү өгөө,
а фарлардан аккан жарык — кызыл-тазыл көшөгө
сен турасың жол жээгинде ак парафин шамындай
түн койнунда күн желеси өңдөнүп
эх, көпүрө боло калсам көчөгө!
Аялдар кооз —
рекламалуу дүкөндөй:
көйнөгүнүн жарымы кызыл, жарымы ак,
байпактары кабыгындай жыландын,
каректери кара курттай чагып... ах!
«Былчылдашып» ай жоготкон булуттар
жети катар асман жакта мас каңгып,
пружинадай солкулдашып негедир
шайдоот келет сириялык, афгандык:
басат сүйүү, басат тер
ууз кыздарды уяттуу,
алмашылып шакектер
көз жаштары сыяктуу.
Таптап кындай шым кийген,
галстугу канжардай
кара жигит да бир кыздын саясында салкындап,
жарк эттирип чакмак канттай тиштерин,
кыя карайт балтырды ак...
Сен турасың жол жээгинде
шабдаалыдай жаңы ийген шагын жай.
Турам мен да, колдо чатыр куду козу карындай
көздөрүбүз бир-бирине октолду.
Көздөрүбүз бир-бирине оттору
шорголонгон терезе:
алоолоном табийгаттын кан-сөлүн
бүт сиңирип алган өңдүү денеме.
Жол үстүндө дайра болуп шаркырап,
жашыл жарык, куба жарык, ак жарык,
автобустар, таксилер
өтүп жатат, өтүп жатат
экөөбүздү как жарып...
ШААР ТАҢЫНДА
Тоо артынан таңды чубап айгерим
кире качып шаардын жылуу койнуна,
таскак урат жолдордон,
а бак-дарак маашыр болуп ойнуна
көтөрүлөт жалындай
көздөрүмө баар жыя,
жасап жатат гүлдөр дене тарбия.
Ак кайыңдар —
моряктардай шыгырап,
көлөкөсү аллеяга чапталган,
«океандын» тамчылары мөлт этет —
шатыратып кол чабуулар асмандан...
Күн кызыган —
күчүн төгүп жарыктан,
эрктей бекем эстеликтер
сценасы ачылды —
уюп калган кыйырына тарыхтын!
Селт этемин ойдон кылдай суурулуп.
Кадам туурайт өрт жүрөктүн кагышын.
Ак эмгектин ритими кез болуп,
сиңип барам жашыл шаарга тер болуп..
Мезгил менек кырчылдашат колдо саат,
О алдымда поэмадай жол жатат!
* * *
... Өскүн! - деп мезгил акынга
үй берди он бешинчи кабаттан,
Машинесин белек кылды: "Сыз мына!"
Лайнерин берди: "Ана, ай - асман!"
Заводдорун тартуу кылып:
"Сүйгүн - деди, - үлгүрсөң".
... Бирок дале жазганы
Жайлоо, тоо-таш, бүлдүркөн...
ҮЙ ЖОМОГУ
Бир үй турган шаң менен
бардык үйдөн бою ашып,
бактар ага жете алышпай,
балдар аң-таң ооз ачып.
Жамгырлар өөп эң биринчи,
шамал аймап биринчи,
күн нуруна, ай нуруна
эң биринчи киринчү.
Бүгүн мезгил жоокерлери ал үйдү
тросторун камдашып,
сом темирин кармашып,
бульдозёрун күркүрөтүп бузабыз деп келишти.
Сыймык менен кекирейип бекем турду үй бирок,
өз жагына ыйгарып
алуучудай жеңишти.
Бекем турду дубалынан жарака
кеткенине карабай,
бекем турду адамдары башка үйгө
кирип ырдап жатканына карабай,
бекем турду... Кант бербейт деп дулдуюп
энекесии бек коркуткан баладай.
Мына, мына кайран үйдүн кабыргасы сөгүлдү,
быт-чыт болуп шыптары
күңгүрөнүп алды дагы
калды жайнап кыштары...
А башка үйлөр жарк дей түштү көздөргө —
күндүн нуру тийген белем эми араң!..
05. 06. 1970.
* * *
Ой шумдук ай, ушул суу сайын чанып
башка бир сайга кетти,
артынан каздар житти,
артынан гүлдөр кетти,
таштарга «чак-чак» тийип канжалады,
кыйрады күн илеби.
Балыгын түлкүлөр жеп,
балырын малдар жеп,
соксойуп калды суусап
сакташып аралдар кен.
Бир гана элдер калды
чаканы калдыратып,
чаначтап суу ташыган
чабандес чаң буратып.
Короздор коңуздардын көзүн ичип,
арпалар үйлөп койсоң тырс сынышып,
тилдерин салаңдатып байкуш иттер,
меймандар келбей калды шыпшынышып...
Күрөктү тепкиледи канча буттар,
канча кол сомтемирди жаадай ийди,
көздөрдөй бакырайып,
кудуктар көз жарышты —
козулар маарап ийди...
Аруулар күрпүлдөтүп
салышты бозолорду,
коноктор чай ичишпей,
сорпо ичип созолонду.
23. 09. 1970.
АВТОБУСТА
Автобус алга карай барат мөңкүп,
— Алга! Алга! — дейт шашып жүргүнчүлөр
чабуулга жаңы өткөнсүп.
— Алга! — дейт арттагылар
алдыга атырылып.
Баары алга жулкунушат
жетчүдөй чоң жеңишке аты улук.
Айнекте жапжашыл бак,
ак шаар калкып,
мени алга не деген күч барат түртүп,
бир гана сенин «сүйбөйм» деген сөзүң артка тартып!...
11. 10. 1970.
ЖЫЙЫРМА
Галлактиканын жылы[1] менен айтканда,
20 жашта Жер шары!
Бирок карып бараткансыйт: согушта
топуракка аралашса эл каны...
бирок карып бараткансыйт: сулуудан
өчкөн кезде жалбырттаган ай жамал,
талкаланып аска-зоо...
бөксөргөндө дайралар!
Кылымдын саны менен айтканда,
20 жашта адамзаттын акылы!
Жашоонун жок, күндөн башка жакыны.
Акыл-дарак көктөп барат дүркүрөп,
Мөмөлөрү — жылдыздар сан жетпеген.
Акыл акса бир нук менен күркүрөп,
Жердин үстү ааламдан да кепкенен!
Кээде акыл муңга түртөт жүрөктү...
Неге акыл карылыкка жаадырбайт
өзү жасап өмүр жыттуу мүрөктү?
Акылдардын жемишиби бомбалар?
Ичиркентип, уу заттарга толбосо
биз суу куюп... химиялык сыйынтта
колубуздан түшүрбөгөн колбалар!
Төрт мезгилдин жылы менен айтканда -
Жыйырмадамын мен дагы.
Дегим келет бергендерге ал жашты: "Же Күн менен же, Жер менен тең кары!"
Адамдардын жашоосу үчүн бактылуу
Жер огунда чимирилип токтобой,
Бейкуттукка символ кылды ак кууну
бүгүнкүгө эртеңки күн окшобой.
... Мен эч тойбой үлпөтү күч өмүргө,
Сүзүп келем жыйырма жаштын көлүндө.
Акылдардын саясында
жанып турган жүрөгүм
жер сыяктуу дайыма жапжаш,
күн сыяктуу дайыма ысык,
ай, жылдызда өмүр сүрүп
телескоптой көзүмдө!
[1] Галлактика жылы — Күн биздин Галлактиканы 190 миллиард жылда бир айланып чыгат, бул — галлактикалык бир жылга тете. Жер жаралгандан бери (болжол менен) Күн Галлактиканы 20 жолу айланып чыккан.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR