Бери караң: Дос сыяктуу ата эмес, атадай ата

  • 05.05.2020
  • 4472

Эки муун мурунку  ата менен азыркы аталардын айырмасын билесиңерби? Кечээги аталар менен азыркы аталардын ортосунда ак менен кара түстөгүдөй айырма бар.

Бирөөсү “үлгүлүү ата”, экинчиси “заманбап ата”. Бирөө “атадай” ата, экинчиси “достой” ата. Бирөө үйдө “кадыр-барк” өкүлү, экинчиси үйдө “теңдик” өкүлү. Бирөөсү “мен өмүрүмдүн акырына чейин сенин атаңмын” деген ата, экинчиси “жашооңду адамдай жаша, башка эч нерсе каалабаймын” деген ата...

Ойлонсоңуз, мурунку аталар кандай аталар эле! Алардын баскан-турганы да нарк-насилдүү эмес беле! Алардын сөөлөттүү сөздөрү эркек адамга ушунчалык жарашып, өз ара курган маектери алардын токтоолугун айгинелеп турчу.

Эстеп көрүңүздөрчү, эски муундагы чоң аталар дайыма чөнтөктөрүнө момпосуй салып жүрүп, жанына келген жаш балдардын башынан сылап момпосуй таратышчу? Мен абдан жакшы эстеймин. Мисалы, мечит менен биздин үйдүн ортосундагы жолдон жолуккан ар бир атадан момпосуй алчумун жана аны мечитке чейин жеп барчумун. Мечит чөйрөсүндөгүлөр да өзгөчө абдан бир урмат сыйлуу эле. Тилдери таттуу, көңүлү жайдары ошол аталар пайгамбарлардын окуяларын айтып бергенде, балдар болсо кунт коюу менен угушчу.

Же болбосо, эстейсиздерби, карыялар чогулуп алышып өздөрүнчө (дагы деле эмне сүйлөшкөндүгүн билбеген бойдон калдык...) кызыктуу кеп курушар эле. Алыстан чуркап келген балдардын чөнтөктөрүн (кайдан табышары белгисиз) таттууларга же жемиштерге толтурушчу.

Эсимден кетпейт, ыраматылык атам көп иштечү, бирок үйдө жоктугун эч билгизчү эмес. “Апа, атам кайда?” деп сураганымды эстей албайм. Жашоо коом менен бирге болчу. Атам ишке кеткенде кошуна байке бар эле, атамдай сезилчү, боорукер, токтоо... Же болбосо, бир көчөдө чогуу жашаган бардыгы ишенген мугалим... Жоро-жолдош, дос көп болчу, атанын жоктугун эч убакта сездиришчү эмес. Көчөдө туура эмес жүргөнүңдү көрүп калса, “жакшысыңбы?” деп маңдайынан сылап, жылмайып караган айыл дүкөнчүсү бар эле.

Азыр үйдө, мечитке бараткан жолдо момпосуй тараткан чоң аталар, мечитте пайгамбарлардын окуяларын айтып берген аталар, бакчаларда балдардын чөнтөктөрүнө таттуу момпосуй салган карыяларыбыз, “жакшысыңбы?” деп сураган айыл дүкөнчүсү жок...

Жашоо кандай өзгөрсө да жоготпойт элек, ошол аталарды, мугалимдерди, көчө дүкөнчүлөрүн, бул жоготуу ар бирибиздеги рухий байлыгыбыздын бөксөрүүсү менен кошо келди окшойт. Үй бүлөдө эркектердин орду “жеңил ойго” айланды. Кайсы ата менен олтуруп сүйлөшсөм да: “Эх-хх, эч сурабаңыз, убакыт ушунчалык тез өтүп жатат, балдар уктагандан кийин үйгө барып, эртең менен алар турганга чейин жумушка чыгып кетемин...” дешет көпчүлүгү.

А энелерчи? “Чарчадым, күчүм жетпей жатат, балдарды да, өзүмдү да караганга шайым жок, кыйналып кеттим”,- деп кейишет.

Күнүмдүк жашоо түйшүгү аталарды балдарынан да, энелерден да ажыратты дээр элем, бирок антип да айта албаймын. Кечээги аталардын да иштери бар болчу, бирок мечитте пайгамбарлар жөнүндө айтып бергенге убакыт табышчу.

Болуптур, эми кайда ал аталар?

Аталардын колу бош эмес! Абдан көп иштери бар, баардыгы балдарына убакыт бөлө албагыдай маанилүү иштер менен алек...

Мындай көп иштин бир гана чечими: ата баласын сейилдетип алып чыкканда баласынын алдында милдеттүү экенин билип турса да, “аз болсо да саз көңүл буруп жатам балама”- деп жүрөгүн ыракатка толтуруп шылтоо табат. Тилекке каршы, балага убакыт бөлүүдө көпчүлүк ата “баламды достой көрөмүн”, ал эмес газета окуп жатып деле балам менен маек курам деп өздөрүн жоошутушат. “Ата, мага эч убакыт бөлбөйсүң, сен жокто бук болом” дегенде көңүлү ток гана: “Эй, кызым (балам) эки жума мурда бардык ко паркка, дайыма бар албайбыз. Көп иш бар, анын баарын жасашым керек”,- дей калат дароо эле.

Ата деген мындай болбошу керек! Эч ким таарынбасын, капаланбасын, бирок мындай ата – ата эмес!.. Эки жума мурун паркка барганын баласына эстетип, милдет кылган ата келечектен коркушу керек.

Эгерде сиз балаңыз үчүн эки жумада бир жолу паркка барганга убактыңыз жок ата болсоңуз, анда эртең сиз карылар үйүндө болуп калсаңыз, анан эки жумада бир жолу бир букет гүл менен (бир канча мүнөттө) көргөнү келген балаңызды эстеңиз. Ал эмес көрүшүү убактысы бүткөндө: “Уулум, (кызым), мага эч убакыт бөлбөйсүң, бул жерден жалгыз жадап кеттим”,- дегениңизде: “Ата, деги эмне дейсиз... Эки жума мурда келдим эле го. Дайыма келе албайбыз да, жасай турган көп ишибиз бар, эми..?”- деген балаңыздын (кызыңыздын) суроосуна капа болбошуңуз керек.

“Атадай” ата болуу аталарга кандай сонун жарашат!

Бала үчүн убактысын бөлө албаган “бошобогон ата” модасы рухубузга кандай сиңип кеткени белгисиз... Азыркы убактагы аталардын баардыгы сүйлөшүп алышкансып, бир ооздон: “Аз көрүшсөм да, балдарыма жеткиликтүү көңүл бурамын, алар менен дос сыяктуумун”,- дегенди бетине жамынып, чыныгы аталык милдетинен качышат.

Атанын милдети баласы менен дос болгонунда эмес, баласынын чөйрөсү менен достук мамиледе болуп, баласынын жөндөмдүүлүктөрүн эске алып, ага көп нерсени үйрөтүү болуп саналат.

Балдар аталарын достой эмес, атасындай сезишкенде гана бактылуу боло алышат. Атанын болушу бала үчүн орду табылгыс бакыт, бейпил жана ишеним чөйрөсүнүн булагы саналат.

“Менин канчалык көп ишим болсо да, балам үчүн колумдан келгендин баарын жасап жатамын”,- деп айтканга акыңыз жок. Эмнеге анткенге акыңыз жок? Ойлоп көрүңүз, мисалы, дарыгер оорулууну карап жатып кычкылтек жаздыкчасынын жардамы менен дем алып жаткан оорулуунун кычкылтегин алып салып:

- Капаланбаңыз, сизге көп убакыт бөлүштүрө албаймын, көрүп турасыз, абдан көп ишим бар. Кычкылтекти берүүнү токтотсом да, сиз эч бир кайгырбаңыз, улам анда-санда бир келип, кайрадан кычкылтек менен дем алдырып, улам келген сайын сиз менен көбүрөк сүйлөшүп турам,- десе, оорулуу:

- Ооба, доктор, сиздин ишиңиз көп, мен кычкылтексиз деле дем албай сизди күтүп жата турам,- дей алабы?

Оорулууга керек эң башкы нерсе – дарыгердин ишинин көптүгүнөн улам колунан келишинче кычкылтек менен дем албай, кыйналса да күтүп жатып туруу эмес, анын өмүрүн сактоого абдан зарыл эң алгачкы жардам болгон кычкылтек менен үзбөй дем алдыруу болуп саналат.

Ушул сыяктуу эле, атадан балага керек болгон көңүл буруунун, биз салыштырган жогорку мисалдан эч кандай айырмасы жок. Ата баласынын жанында ага көрүнүктүү эч нерсе кылбаса да, оорулуунун кычкылтек менен дем алганда эс алып калганындай, бала да атанын жанында бактылуу жана кенен дем алат. Анткени, Аллах аталарда, бейпилдик сезимин балдарына бере алаар жөндөмдүүлүктү жараткан.

Балдар мектепте бири-бири менен тирелише калса, “менин атам сенин атаңды жеңип коёт!”- деп аталары менен мактанышат эмеспи? Демек, ата - “кубат”, ата - “бейпилдик”, ата - “жашоо берген аба”.

Атасыз чоңойгон балдарда жүрүш-туруштун бузулганы байкалат

“Күнүмдүк иштер менен балдарга жеткиликтүү көңүл бура албай жатабыз” деген шылтоого жамынган аталардын балдарында жүрүш-туруштарынын терс жактары пайда болот. Атасыз (атасы бар убакта атасыз) чоңойгон балдар бир жактуу багыт алууда кыйналышат. Эрксиз жана чыдамсыз болушат. Чыгарган чечимдерин миң жолу карап чыгышса да, бирок баары бир ийгиликсиз болушат. Мындан улам көңүлдөрү ооруп калат. Мындай балдарга ишенүүгө болбойт. Мүнөздөрү тез өзгөрүлүп, бир күнү башкача болсо, экинчи күнү такыр башкача болушат.

Айрыкча кыз балдарына аталык милдетин аткарган аталарга айта турган болсок: “Кыз балага таалим берүүгө келгенде, атанын баалуу милдеттерин аткарууда иш, жумуш деп алмаштырбаңыз!”. Анткени кыз баланын атадан алаар сезимдери абдан маанилүү. Кыз баланын мүнөзү табиятынан уяң жана назик болгондуктан, атасынан ала турган тарбияда камтылган эрктүүлүк менен чечкиндүүлүктүн мааниси абдан чоң. Мисалы, атанын кыз баласын кучагына алып чачын тарашы, сылоосу аталык жылуу мээрим болуп саналат жана ушундай аталык рух менен сугарылган кубатты бала башка эч жерден ала албайт. Атасынын жанында сезген бакубатчылыкты эч бир нерсе менен салыштырууга болбойт. Атасыз чоңойгон көпчүлүк кыз балдарда кеңири тараган жүрүш-турушундагы адепсиздикке төмөнкүлөр кирет: тартынчаактык, чечкиндүүлүктүн жетишпестиги, ички дүйнөсүндөгү бейжай сезим менен орунсуз тажаалдык.

Карышкыр тумандуу күндү жактырат

Азыркы жашообуздагы рухий баалуулуктардын бөксөрүп жаткандыгын эске алып, буга терең маани берип, анын урунттуу каталарын жоюу менен “идеалдуу ата-эне болуу” темасына кайрылып келишибиз керек.

“Кандай кылуу керек? Иш, түйшүк, тиричилик...” маселеси - чын-чынына келгенде жөн гана шылтоо. Тилекке каршы, бул шылтоолор биздин азыркы күндөгү кабылдообуз боюнча абдан маанилүү шылтоо болуп калды жана убактылуу да эмес. Үйдө энени ар дайым балдар менен калтырып коюп же балдарга “мурунку жумада бардык ко, паркка!”- деп жоошутуп шылтоо айтууга атанын эч бир акысы жок.

Кайдыгер мамиле жасалган балдарды (Жараткан коргосун) көчөдө “карышкырлар” азгырат, эсиңизде болсун! Коомдогу жашоо ата-энени “идеалдуу ата-эне” болууга түртүүсү керек.

Педагог Адем Гүнештин “Бала тарбиялоодогу адашуулар” китебинен кыргызчалаган Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз