Патрисия Маклахлан, Эмилия Маклахлан Чарест: Сен туулгандан мурда

  • 14.02.2026
  • 109

АҢГЕМЕ

Сен келгенден мурда дарыя боюнда менин төрт айбандуу үйүм болгон. Кызыл кайыгым бар эле. Мен кайыкты калап, дарыя менен төмөн көздөй баратканда чабалекейлер өйдө-ылдый учуп, чиркей кармап жешчү.

Сен келгенден мурда менин багым болгон. Бакта көк ипомея менен кызыл цинния гүлдөрү жана боз дубалдын түбүндө кырмызы лаванда өсчү. Түнкүсүн канатын жайган көпөлөктөй болуп, менин айгүлүм бир түнгө гана апакай гүлүн ачар эле.

Сен туулгандан мурда менин София деген мышыгым болгон. Ал кээде муңайып жакшы болуп калчу. София бир күнү удаа-удаа үч мыймый тууду. Алардын өңдөрү боз, кара жана сары эле.

Менин Руди деген итим да болгон. Руди тыйын чычкандарды кууп ойногондон кийин жаныма келгенде, мен аны дүйнөдөгү эң сонун кумайык деп мактачумун. Ал чын эле жакшы ит эле.

Сен келгенден мурда мен жасаткан жыгач уяда кардинал, торгой жана көктеке деген чымчыктарым болгон. Багыбызда ала чыйрчык жана көгүчкөндөр да жашаган.

Сен келгенден мурда мен желбешикке жатып алып, китеп окучумун. Астыма жууркан төшөп, башыма жаздык коюп алчумун. Кээде мен күнү бою китеп окуганмын. Түндө китеп окуу үчүн фонарь жана жүзүмдөй сүйрү майда лампочкалары зымга чырмалган чок чыракты жагып алчумун. Чок чырак жылдыздай жаркырап турчу.

Сен келгенден мурда мен музыка укканмын. Атаң мага гитара ойноп берген. Ал өзү жазган ырларды гитаранын коштоосунда аткарганда, боорум эзилгенче күлчүмүн. Ай кээ күндөрү кызгылт, анан сары, анан барып ак болуп чыкчу. Ошонон кийин сен төрөлдүң. Мурда мага таандык бардык нерселер азыр эми сен үчүн.

Сен дарыянын акканын көрсөң болот. Сен кызыл кайыкты айдасаң болот. Айгүлдүн гүлүн ачканын көрсөң болот. Мышык сени күлдүрүп ойнойт. Ит сени күзөтөт. Сен китеп окусаң болот. Каалсаң күн бою, кааласаң узун түндө да китеп оку. Атаң сени уктасын деп ырдап берет. Жана сен айдын обол кызгылт, анан сары, анан ак болуп чыкканын көрсөң болот. Мурда менде бардык нерсем бар деп ойлойт элем. Азыр да ошентип ойлойм. Себеби сен барсың.

Англисчеден которгон Амирбек Азам уулу

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз