Михаэль Лайтман: Адамзат кризиси – экономикалык эмес, руханий кризис

  • 03.03.2026
  • 65

Михаэль Лайтман — израилдик каббалист, философ жана коомдук ойчул. Ал 1946-жылы төрөлгөн. Лайтман — салттуу каббаланы заманбап тилде түшүндүрүп, аны коомдук өнүгүү, глобалдашуу жана адамзат кризиси менен байланыштырган изилдөөчү катары белгилүү.

Ал Bnei Baruch эл аралык билим берүү уюмунун негиздөөчүсү. Бул уюм каббаланы диний агым катары эмес, адамдын ички табиятын изилдеген илимий-руханий методика катары сунуштайт.

Лайтмандын эмгектери көп тилге которулуп, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө талкууланат. Ал бүгүнкү глобалдык кризистердин түпкү себебин адамдын эгоисттик табиятынан издейт жана адамзаттын келечеги өз ара биримдик маданиятын үйрөнүүдө деп эсептейт.

Глобалдашуу — табияттын мыйзамы

Михаэль Лайтмандын ою боюнча, бүгүнкү дүйнөлүк башкы көйгөй — саясатта же экономикада эмес. Маселе — адамдын эгоисттик табиятында.

Адамзат өнүгүүнүн жаңы баскычына чыкты, бирок ички моралдык деңгээл ошол эле бойдон калып, цивилизация дисбаланска туш болду.

Ал глобалдык кризистерди (экология, согуш, социалдык теңсиздик) адамзаттын өз ара байланышын туура түшүнбөгөндүктүн натыйжасы катары карайт. Лайтмандын пикиринде, адамзат бири-бирине көз каранды бир бүтүн системага айланды. Бул жөн гана экономикалык интеграция эмес, бул — табигый мыйзам.

Кааласак да, каалабасак да, бир организмдей жашоого аргасызбыз. Бирок адамдар өз-өзүнчө бөлүнүп жашагысы келет. Мына ушул карама-каршылык кризис жаратууда.

Эгоизм — прогресстин да, кыйроонун да булагы

Ал эгоизмди жаман нерсе деп гана баалабайт. Тескерисинче, эгоизм адамзаттын өнүгүшүнө түрткү берген күч. Бирок азыр ал чекке жетти.

Эгоизм мурда өнүгүүгө кызмат кылса, бүгүн бөлүнүүгө кызмат кылууда. Демек, эгоизмди жок кылуу эмес, аны башкарууну жана өзгөртүүнү үйрөнүү зарыл.

Тарбия — келечектин негизги куралы

Лайтман билим берүү системасын кескин сынга алат. Анын пикиринде, азыркы билим акыл-эс берет, бирок адамгерчилик байланыш түзүүнү үйрөтпөйт.

XXI кылымдын башкы предмети — өз ара байланыш маданияты болууга тийиш. Ал “интегралдык тарбия” идеясын сунуштайт, демек ал адамдарды атаандаштыкка эмес, кызматташтык логикасына үйрөтүү.

Лайтмандын философиясында эркиндик — каалаганды кылуу эмес. Чыныгы эркиндик — эгоизмдин үстүнө көтөрүлүү. Адам табиятынан эркин эмес. Ал өз каалоолорунун кулу. Эркиндик — ошол каалоолорду аңдап, багыттай билүү. Бул ой руханий өзүн-өзү таануу концепциясына жакын.

Дин жана илим жөнүндө

Ал согуштарды саясый эмес, адамдын ички табиятынын чагылышы катары карайт. Сырткы согуш — ички бөлүнүүнүн проекциясы. Эгер коом ички деңгээлде биримдикти үйрөнбөсө, кагылышуулар сөзсүз кайталанат.

Михаэль Лайтман каббаланы мистикалык эмес, адам табиятын изилдеген илим катары түшүндүрөт. Ал илим менен руханият карама-каршы эмес деп эсептейт. Илим — сырткы дүйнөнү изилдейт, каббала — ички дүйнөнү.

Лайтмандын адамзат кайда барарын эскерткени

Бүгүн дүйнө жүзү өзгөрүүнүн ылдам доорунда жашап жатат. Технология өнүгүп, маалымат агымы күчөп, чегаралар шарттуу болуп калды. Бирок ошол эле учурда адамзат тарыхта болуп көрбөгөн деңгээлдеги кризиске тушукту: согуштар, экологиялык коркунучтар, социалдык бөлүнүү, жалгыздык сезими.

Михаэль Лайтмандын пикиринде, бул кризистердин баары бир тамырдан өсүп чыгат, ал – адамдын эгоисттик табиятынан.

Глобалдашкан дүйнө — бөлүнгөн аң-сезим

Лайтман дүйнөнү бир бүтүн система катары карайт. Экономика, саясат, маданият — баары бири-бири менен тыгыз байланышта. Бирок адамдардын аң-сезими али деле “мен жана башкалар” деген бөлүнүү логикасында калууда. Мына ушул карама-каршылык — глобалдык системада жашап, бирок индивидуалдык эгоизм менен аракет кылуу — бүгүнкү кризистин өзөгүн түзөт.

Анын оюнча, табият адамзатты бир организмге айлантты. Эгер организмдин бир бөлүгү башкаларга зыян келтирсе, бүт система жабыркайт.

Эгоизм: өнүгүүнүн кыймылдаткычы же кыйроонун булагы?

Лайтман эгоизмди жок кылууну сунуштабайт. Тескерисинче, ал адамзат тарыхындагы прогресстин кыймылдаткычы болгонун моюнга алат. Бирок азыр эгоизм сапаттык жаңы чекке жетти.

Мурда атаандаштык илимди, технологияны, экономиканы өнүктүргөн. Бүгүн ошол эле атаандаштык коомдорду бөлүп, ишенимди жок кылууда. Демек, маселе эгоизмде эмес, аны башкаруу маданиятынын жоктугунда.

XXI кылымдын сабагы — бирге жашоону үйрөнүү

Лайтмандын негизги сунушу — “интегралдык тарбия”. Анын маңызы: адамдар бири-бирин угууга, түшүнүүгө, кызматташууга үйрөнүүсү зарыл.

Бүгүнкү билим берүү системасы адистерди даярдайт, бирок адам болууну үйрөтпөйт. Мына ошондуктан технология өнүгүп, бирок мамиле маданияты артта калууда. Анын ою боюнча, эгер адамзат өз ара жоопкерчиликти аңдап, биримдик принциптерин турмуштук практикада колдонсо, глобалдык кризистер жумшарат.

Эркиндиктин жаңы түшүнүгү

Көпчүлүк үчүн эркиндик — каалаганын кылуу. Бирок Лайтмандын философиясында эркиндик — ички көз карандылыктан чыгуу. Адам көбүнчө өз каалоолорунун, коомдук стереотиптердин кулу. Чыныгы эркиндик — ошол каалоолорду аңдап, алардын үстүнөн башкаруу.

Бул түшүнүк кыргыз коомчулугу үчүн да актуалдуу. Себеби биз да глобалдык процесстердин ичинде турабыз, бирок салт менен заманбап дүйнөнүн ортосунда тең салмак издеп келебиз.

Лайтмандын коңгуроосу

Анын негизги коңгуроосу жөнөкөй: Адамзаттын келечеги технологияда эмес, адамдардын ортосундагы мамиледе. Эгер мамиле маданияты өзгөрбөсө, технология канчалык өнүкпөсүн, кризис кайталана берет.

Агер адам өзүнүн эгоизмин аңдап, биримдикке карай кадам таштаса, цивилизация жаңы сапатка көтөрүлөт.

Михаэль Лайтмандын идеялары талаштуу болушу мүмкүн. Бирок ал адамзаттын келечеги тууралуу терең суроолорду коёт: Биз бир системада жашап жатып, эмнеге бөлүнөбүз? Прогресс эмнеге тынчтык алып келбейт? Адамдын ички табияты өзгөрбөсө, сырткы өзгөрүү жетиштүүбү?

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз