Наталья Антонова: Апрель кары

  • 11.03.2026
  • 108

ЖОМОК

Кар жумшак да, жеңил да эле. Ал түбөлүк океандай түнкү асманды аралап, жылдыздардын күмүш сыяктуу жаркырагын чагылдырып турду. Кардан жаңы нерсенин назик, кандайдыр түшүнүксүз, бирок жагымдуу жыты чыгып жатты.

Бул апрель айы эле, ал кыш тууралуу эч нерсе билчү эмес. Кар түндөсү жаады. Таңга жуук ойгоно калса, чыгыш тараптагы асмандын жарымында каалгый сүзүп, барган сайын бийиктеген чоң кызыл шарды көрдү.

— Бул эмне? — деп таң калган кар кыйкырып жиберди.

— Бул күн, — деп жооп берди түнкү чырак илинген карт мамы.

— Күн! — деп кайталады апрель кары, кубанганынан алтындын учкундарындай жаркырап. — Кандай кооз! Кандай сонун! Кандай жарык! — деп суктанды кар.

— Бери карай, мага сүзүп кел, — деп күндү чакырды апрель кары.

— Кеңкелес кар, — деп күңкүлдөдү карт чырак мамысы. Ал ушунчалык карыган эле, канча жашта экенин унутуп да калган, ошондуктан өзүн эң акылдуу эсептечү. Карт мамы ар дайым күңкүлдөп, ачууланып, баарына акыл үйрөтчү.

— Күн сени эритип, кир көлчүккө айлантат, — деди мамы наристедей ишенчээк апрель карына.

— Андай болушу мүмкүн эмес! — деп кыйкырды капа болгон кар. — Күн ушунчалык сулуу! Ал эч качан жаман боло албайт!

— Көрө жатарсың, — деп күңкүлдөдү карт мамы.

Күн барган сайын бийиктеп баратты. Нуру мүнөт сайын ысыды. Ал эми күнгө ашык болгон кар эрип баратканын сезди.

— Оо, Кудайым! — деп кыйкырды ал көзүнө жаш алып.

Бирок кар буга сулуу күндү күнөөлөгөн жок. Ал сүйүүдөн эрип баратам деп ойлоду.

Ошол учурда кеч кирип, түн кирди. Күн жашынып калды, ал эми кар аягына чейин эриген жок.

Ал көзгө сайса көрүнгүс караңгылыкта жатты, карайган асманды карап. Ал жерде күмүш ай, балык сууда сүзгөндөй сүзүп жүрдү. Ал муздак жана бардыгына кайдыгер эле.

Жок, ал күндү алмаштыра албады. Апрель кары кайгырып жатты.

— Мен эми күндү көрө албаймбы?! — деди үмүтсүздүккө алдырган кар.

— Унчукпачы, — деп күңкүлдөдү карт мамы, — уктап жаткандарга тоскоол болбо.

Карт мамыда чырак жок болчу, ал мурда эле талкаланып калган, ошондуктан эч кандай жарык жок эле.

— Күн, күн, — деди жаны тынбаган апрель кары, — кайдасың? Жооп бер!

— Үнүңдү басчы, акыры! — чындап ачууланды карт мамы. — Таң атканда көрөсүң күндү.

— Чын элеби?! — деп кубанды кар.

— Балким, акыркы жолу, — деди карт мамы шылдыңдагансып.

— Мейли, — деди апрель кары. — Эрип кетсем мейли! Бирок мен күндү көрөм!

Карт мамы эч нерсе дебеди, болгону жийиркенгенсип кычырап койду.

Таң да атты. Күн чыкты. Кар болсо карт мамы алдын ала айткандай, эрип кетти.

Бирок керемет болду! Кар өлбөдү, ал кир көлчүккө айланган жок! Ал жазда биринчи чыккан гүл түрүнө айланды! Жазгы күндөй жаркыраган сары гүл. Жука сабактагы сары желекчелери алтын оттой жанып турду. Адамдар бул сулуу гүлдү Байчечекей аташты.

Азыр деле ар жаз сайын күнгө ашык болгон апрель кары гүлгө айланат. Ал биринчилерден болуп жарыкка умтулат. Жана сулуу күндүн нуру астында сүйүүдөн жанып, күйүп турат – бул Байчечекей!

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз