Эрих Мария Ремарк: Жарык жарык жерде жаркырабайт

  • 01.04.2026
  • 186

Сүйүү тууралуу

«Жок, — деди ал шашып. — Мындай болбойт. Дос бойдон калалыбы? Өчкөн сезимдердин сыябанында кичинекей бакча өстүрөлүбү? Жок, бул биз үчүн эмес. Мындай нерсе кичинекей интригалардан кийин гана болот, жана ал жалган нерсе. Сүйүүнү достук менен булгабайт. Бүттүбү – демек, бүттү.»

♦   ♦   ♦

Бир дагы адам мурда сүйгөн адамдай, сага бөтөн адамдай болуп кала албайт.

♦   ♦   ♦

Бир тамчы жылуулуктан башка бир адам экинчисине эмне бере алат? А мындан чоңурак эмне болушу мүмкүн? Бирок сен өзүңө эч кимди жакындатпа. Жакындатсаң, кармап калгың келет. Ал эми эч нерсени кармап калууга болбойт…

♦   ♦   ♦

Чындап сүйгөндө адам кандай гана ыңгайсыз абалда калат! Өзүнө болгон ишеними кандай тездик менен жок болот! Анын мактанчак тажрыйбасы түтүндөй тарайт да, өзүн таптакыр жалгыз, өтө ишенчээк адамдай сезет.

♦   ♦   ♦

Адам жашоосу бир сүйүү үчүн өтө эле узак. Өтө эле. Сүйүү – керемет. Бирок экөөнүн бири тажай баштайт. Ал эми экинчиси баарынан куру калат. Каткан боюнча бир нерсени күтөт… Акыл-эсин жоготкуча күтө берет…

♦   ♦   ♦

Жалгыздыкты бир нече жолу башынан өткөргөн адам гана сүйүктүү адам менен жолугушуунун бактысын билет.

♦   ♦   ♦

Сүйүү түшүндүрүүнү талап кылбайт. Ага иш-аракет керек.

♦   ♦   ♦

Сүйүү түбөлүк болгусу келет. Мына ушунда анын түбөлүктүү азабы жатат.

♦   ♦   ♦

Сүйгөн аялга акыл кирет, а сүйгөн эркек башын жоготот.

♦   ♦   ♦

Адам менен биротоло коштошкондо гана ага тиешелүү бардык нерсеге чыныгы кызыгуу пайда болот. Сүйүүнүн парадокстуу жагы ушундай.

Бактылуулук тууралуу

Бакыт эмне экенин бактысыздар гана билет. Бактылуу адам жашоо кубанычын манекен сыяктуу сезет: ал жөн гана кубанганын көрсөтөт, бирок ал чын дилинен эмес. Жарык жарык жерде жаркырабайт. Ал караңгыда жаркырайт.

♦   ♦   ♦

Бүгүнкү күндө уйлар гана бактылуулар.

♦   ♦   ♦

Бактылуулук тууралуу беш мүнөттөн ашык сүйлөөгө болот. Мында эч нерсе айта албайсың, жөн гана бактылуу экениңди айтпасаң. Ал эми бактысыздык тууралуу адамдар түнү бою айтып бере алышат.

♦   ♦   ♦

Чындыгында, адам убакытка эң аз көңүл бурганда жана аны коркуу ээлеп албаган учурда гана чындап бактылуу. Ошентсе да коркуп жатсаң да, күлүүгө болот. Андан башка эмне калат дейсиң?

♦   ♦   ♦

Бактылуулук – дүйнөдөгү эң белгисиз, эң кымбат нерсе.

♦   ♦   ♦

Эң сонун шаар – бул адам бактылуу болгон шаар.

Адам тууралуу

Адам багынып бергиче, өз тагдырынан күчтүү.

♦   ♦   ♦

Адам канчалык акыл-эссиз болсо, ошончолук өзүн жогору баалайт.

♦   ♦   ♦

Адамдын өз акылын көрсөтүп жатканын көрүүдөн өткөн жагымсыз нерсе жок. Айрыкча, акылы кемдерди.

♦   ♦   ♦

– Азырынча эч нерсе жоголгон жок, — дедим. — Адамды ал өлгөндө гана жоготосуң.

♦   ♦   ♦

Бетпактардын мүнөзү эң жеңил, идеалисттердики – эң чыдагыс. Бул сизге таң калыштуудай сезилбейби?

♦   ♦   ♦

Адамдын өзүн сыйлоо сезими канчалык аз болсо, ал ошончолук бааланат.

♦   ♦   ♦

Бардык адамдардын сезүү жөндөмдүүлүгү бирдей деп ойлоо жаңылыштык.

♦   ♦   ♦

Эгер адамдардын эч нерсени байкашын каалабасаңыз, этият болбоңуз.

Аял тууралуу

Бир нерсени эстеп кал, балам: эч качан, эч качан жана дагы бир жолу эч качан эгер сен ал үчүн бир нерсе жасасаң, аялдын күлкүсүнө кабылбайсың.

♦   ♦   ♦

Аял эркекке сүйөм дебеш керек деп ойлойм. Бул тууралуу анын жаркыраган, бактылуу көздөрү айтып турсун. Алар ансыз деле түшүндүрүп турат.

♦   ♦   ♦

Эгер аял башкага таандык болсо, ал оңой жетсе болор аялдан беш эсе артыкчылыкка ээ – бул байыркы эреже.

♦   ♦   ♦

Аялдарга эч нерсени түшүндүрүүнүн кереги жок, аларга ар дайым аракет кылуу керек.

♦   ♦   ♦

Аял – бул металлдан жасалган эмерек эмес; ал – гүл. Ал олуттуулукту каалабайт. Ага күндөй ысык, жагымдуу сөздөр керек. Аны менен ар күнү жагымдуу нерсени сүйлөшкөнүң, ага өмүр бою жиндидей иштеп бергениңден артык.

♦   ♦   ♦

Мен анын жанында турдум, сөзүн уктум, күлдүм да, ойлодум, аялды сүйүп, жарды болуу канчалык коркунучтуу.

Жашоо тууралуу

♦   ♦   ♦

Ала албаган нерсе ар дайым колуңда турган нерседен артык көрүнөт. Мына ушунда жашоонун романтикасы жана акылсыздыгы жатат.

♦   ♦   ♦

Айтышат, алгачкы жетимиш жылды жашоо эң оор. Андан кийин баары жакшы.

♦   ♦   ♦

Жашоо – бул парустуу кайык, анда өтө көп парус бар, ошондуктан ал ар дайым кулап кетиши мүмкүн.

♦   ♦   ♦

Өкүнүү – дүйнөдөгү эң пайдасыз нерсе. Эч нерсени артка кайтара албайсың. Эч нерсени оңдой албайсың. Болбосо баарыбыз эле ыйыктардан болмокпуз. Жашоо бизди кемчиликсиз кылууну ойлогон эмес. Кемчиликсиз адамдын орду музейде.

♦   ♦   ♦

Принциптерди кээде бузуш керек, антпесе алардан эч кандай кубаныч болбойт.

♦   ♦   ♦

Жашоону каалап турган учурда өлгөн, өлгүң келген кезге чейин жашагандан артык.

♦   ♦   ♦

Кандай болбосун – эч нерсени жүрөгүңө жакын алба. Дүйнөдө көп нерселер дайыма эле маанилүү боюнча калбайт.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз