Психолог Мария Протасова: Учурдун жин ургандай ылдамдыгына такаат бер

  • 12.03.2021
  • 2678

Көз ирмемге токточу! Сен кандай кереметтүүсүң!

Биздин замандаштарыбыз болушунча, мүкүнчүлүгүнүн жетишинче ылдам, тез жашагылары келишет. Бирок ылдам жашоо – сапаттуу жашоо дегендик эмес да. Бул жүйө “Эгерде жашоону толук кандуу жашагың келсе, эч качан токтобо, эки жагыңды аңырайып караба” деген көз карашка каршы турар жүйө. Биз чабагандап, ары-бери карбаластап жүргөндө, жашоо биздин жаныбыздан шуулдап өтүп, жашоонун ширин даамын татканга үлгүрбөй калабыз. Тилекке каршы, муну баары эле түшүнө бербейт.

Адатта көйгөйдү түшүнүү үчүн организмдин реакциясы талап кылынат. Эгерде сиздин организмиңиз дайыма шашып жүрүүдөн улам чарчаган болсо, ал ар кандай сигналдарды жибере баштайт, мисалы, иммунитет начарлап, суук тийүүнүн белгилери байкалат, маанайыңыз чөгүп, арыктай баштайсыз, айлана-чөйрөңүзгө кызыгууңуз жоголуп, өзүңдү башкалардан төмөн көрөсүң. Бул деген биздин денебиз: “Жетишет! Мен мындан ары чыдай албайм!” деп кыйкырганы. Ошондой эле сигналдардын бири үй-бүлөдөгү ыйкы-тыйкы мамилелердин келип чыгышы да болушу мүмкүн.

Дайыма шашып жүргөндөргө жооп катары Slow Life (жай кыймыл) коомдук кыймылы жаралды.

Бул коомдук кыймылдын негизги принциптери төмөндөгүдөй:

✏ Шашпагыла, баарына жетишесиңер. Маанилүү ишти баштаарда тайм-аут алып, ар тараптан ал иштин майда-баратына чейин ойлонуп, жиликтеп чыккыла.

✏ Дем алыш күндөрү саат деген нерсе бар экенин унуткула, а калган күндөрү аны азырак караганга аракет кылгыла. Ашыкпаңыз, толкундоолорго эч себеп жок.

✏ Шашпай баарларшып, китептердеги ар бир айтылган ойлордун маанисин түшүнүп окуңуз.

✏ Иш кылганда да ойлонуп, шашпай жасаңыз. Жасалган ишиңиз чарчатпай, өзүңүзгө ыракат тартууласын, шыктандырсын.

✏ Ишти жасоо процессинен ыракат табыңыз, ал жетишилген жыйынтыктан көп эсе маанилүү.

✏ Учурдагы тез жашоо сунуш кылып жаткан “азгырыктарга” “жок” деп айтканга көнүңүз.

✏ Адамдар менен бетме-бет жолугушуп сүйлөшүүлөрдөн жыргал издеңиз. Ал канча көп болсо, ошончолук жакшы.

Ушул жөнөкөй эрежелерди сактоо менен сиз күнүмдүк күлала болуп өтүп жаткан жашооңузга сергек көз караш менен карап, анын ар бир көз ирмеминен ыракат таба аласыз. Бирок сизди жамбаштап жатып алып, дүйнөгө сырттан көз салып олтурганга чакырып жатат деп ойлобоңуз. Бул философия учурдун жин ургандай ылдам темпине туруштук берүү үчүн, өзүңдү болушунча шашпай кармап, өзүңдүн жашооңо сырттан көз жүгүртүп, анын ички гармониясына назар салууга чакырат. Ошондон кийин гана жетишкен жыйынтыктарды пайдаланып, жашооңузду ойлонулган, жаңы нукка бурууга шарт түзүлүшү мүмкүн.

Мына ошентип Slow Life жашоого болгон көз карашыңыздын чегин кеңейтип, анын аркасында өзүңүздү таанып-билүүгө – бул жашоодо сен кимсиң, дүйнөдөгү ээлеген ордуң кайсы деген суроолорго жооп таба аласың.

Демек, максат шашпай үлдүрөп, өлбө жаным өлбө деп жүрө берүү эмес, максат – жашоонун ар бир көз ирмемин бош коё бербей, жөнөкөй нерселерден жана сезимдерден ыракат ала билүүдө...

Булак: psychologist.ru

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз