Калемин саясый куралга айланткан жазуучу

  • 07.07.2026
  • 103

Каролина Нортон (Caroline Norton) 1808-жылы Лондондо төрөлгөн. Ал атактуу драматург Ричард Бринсли Шеридандын небереси. Үй-бүлөсү билимдүү болгону менен жакыр жашашчу. Каролина сулуулугу, акылы жана адабий таланты менен эрте таанылган. (victorianweb.org)

Он тогуз жашында адвокат жана парламент депутаты Жорж Чаппл Нортонга турмушка чыгат. Сыртынан караганда бул жакшы нике көрүнгөнү менен, көп өтпөй ал чоң жаңылыштык экенин түшүнөт. Күйөөсү кызганчак, орой жана зомбулукка жакын адам болуп чыгат. Айрым булактарда анын физикалык күч колдонгону, атүгүл бир жолу ур-токмоктон кийин Каролинанын боюнан түшүп калганы айтылат. (Энциклопедия)

Чыгыш элдеринде «эрден бак көрбөсөң да жерден бак көр» дешет. Каролина болсо өз бактысын чыгармачылыктан издей баштайт. Ыр, роман, макалаларын тынымсыз жазып, элге таанылат. Бирок бул жерде эң чоң трагедиясы жашынып жаткан эле...

«Сен жаздың, бирок акча меники»

XIX кылымдагы англис мыйзамы боюнча турмушка чыккан аял өзүнчө укуктук субъект эсептелген эмес. Аялдын тапкан акчасы да, мурасы да, мүлкү да күйөөсүнө таандык болуп келген. Каролина китеп жазып акча тапса да, анын баарын мыйзам боюнча Жорж Нортон алып турган. Ал тургай Каролина өз атынан келишим түзүп, сотко кайрыла албайт, мурас да ээ боло албайт. (English Heritage)

Кийинчерек Каролина ушул абалды сүрөттөп: «Мен укугумду сурабайм. Анткени менин укугум жок. Менде болгону адилетсиздиктер гана бар», — деп жазган. (English Heritage)

Бул сөз XIX кылымдагы аялдардын абалын бир сүйлөм менен түшүндүрүп турат.

Энелик жүрөктү жаралаган сокку

1836-жылы Каролина күйөөсүнөн кетет. Ошондо Жорж Нортон анын үч уулун тартып алып кошо кетет.

Азыр бул акылга сыйбас көрүнөт. Бирок ошол кездеги мыйзам боюнча балдар атанын «менчиги» катары эсептелген. Эне баласын көрүүгө да укуксуз болгон. Каролина сотко кайрылып, балдарын талап кыла албайт. Мыйзам анын тарабында эмес эле. (Northumberland Archives)

Ушул учурда анын жашоосундагы эң оор трагедиялардын бири болот. Уулдарынын бири эрте чарчап калат. Энелик азап анын мыйзамга каршы күрөшүн ого бетер күчөтөт. (National Trust for Scotland)

Коомдук маскаралоо

Жорж Нортон муну менен эле токтоп калбайт. Ал Каролинанын жакын досу, ошол кездеги премьер-министр Лорд Мелбурн менен ойноштук кылган деп айыптайт.

Англияда мындай доо «criminal conversation» деп аталган. Бул сот иши бүт өлкөгө чуулгандуу окуя болуп тарайт. Бирок сот Мелбурнду[1] актаган чечим чыгарып, Жорж утулат. Ошентсе да Каролина эч нерсе уткан эмес. Ал дагы эле балдарынан ажыраган, ажыраша албаган жана өз кирешесине ээ боло албаган аял бойдон калат. (Википедия)

Мына ушул жерден анын кайратмандыгы башталат.

Өз кайгысын жалпы элдин ишине айлантканы

Көп адамдар мындайда сөзсүз сынат, майышат. Каролина болсо калемин куралга айлантат. Ал парламентке кайрылып, памфлеттерди жазат. Гезиттерде талкуу ачат. Атүгүл ханышага кат жазып, өз жеке турмушун коомдук маселеге айлантат. «Менин башыма түшкөн нерсе миңдеген аялдардын башына түшөт» деп түшүндүрөт. (Northumberland Archives)

Анын күрөшүнүн натыйжасында үч ири мыйзам кабыл алынган:

  1. Custody of Infants Act 1839 — ажырашкан же бөлүнгөн энелерге балдарын көрүү жана белгилүү учурда камкордукка алуу укугун берүү.
  2. Matrimonial Causes Act 1857 — ажырашууну мурдагыдай байлар үчүн гана эмес, кеңири катмар үчүн жеткиликтүү кылуу.
  3. Married Women's Property Act 1870 — аялдын эмгек акысы жана айрым мүлкү өзүнө таандык болушун мыйзамдаштыруу. (Northumberland Archives)

Бул мыйзамдардын ар бири миңдеген аялдардын тагдырын өзгөрткөн.

Эмне үчүн Каролина бүгүн да маанилүү?

Таңгалыштуусу, Каролина революционер болгон эмес. Ал добуш берүү укугун да толук колдобогон учурлары болгон. Тек, ал өз доорунун өжөр каарманына айланып, жеке турмушундагы адилетсиздик менен тынымсыз күрөшөт. (Northumberland Archives)

Тарыхта кээ бир адамдар идея ойлоп табат. Кээси мыйзам жазат. Ал эми Каролина Нортон сыяктуу адамдар мыйзамдын эмне үчүн өзгөрүшү керектигин өз өмүрү менен далилдеп берет.

Кыргыз коому үчүн сабак

Каролинанын тарыхынан үч сабак: биринчиси — мыйзам адилетсиз болсо, салтка таянып эле жашай берүү кооптуу. Бир кезде Англия өзүн цивилизациянын туу чокусу эсептеген. Бирок ошол эле өлкөдө эне баласын көрүүгө укуксуз болгон.

Экинчиси — жеке трагедия коомдук өзгөрүүнүн булагы болушу мүмкүн. Каролина болсо адилетсиз мыйзамды өзгөрттү.

Үчүнчүсү — калемдин күчү. Анын колунда армия да, байлык да, бийлик да болгон эмес. Болгону таланты жана чындыгы гана болгон. Ошол эки себеп менен парламентти мыйзамдык өзгөртүүгө мажбурлай алган. (English Heritage)

Ошондуктан Каролина Нортон жөн гана акын же жазуучулуктан мурда, ал өзүнүн бактысыз никесин бүтүндөй бир доордун мыйзамдарын өзгөрткөн тарыхтын сейрек инсандарынын бири. Анын өмүр баяны — «адамдын жеке кайгысы коомдук адилеттикке жол ачышы мүмкүн» деген ойдун эң таасирдүү далили.

Даярдаган Ажар Кайрат


[1] 1835–1841-жылдары Улуу Британиянын премьер-министри болгон жана Каролина Нортондун эң чуулгандуу сот ишине байланышкан саясатчы катары тарыхта калган.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз