Нурлан Абиев: Сур булуттун дайын көз жашы

  • 05.10.2026
  • 150

Суу тартылып, таңдар тумандуу,
Сулууланды бадал тулаңдуу.
Саар алдында түшкөн боз кыроо,
Саамайдагы буурул сымалдуу.

Саман жыттуу аңыз үргүлөйт,
Сайда чычкан ийин түрткүлөйт.
Салкын соккон желге чыйрыгып,
Саргыч түстүү кайың үлбүрөйт.

Сүңгүп түнгө күндүн кыскасы,
Суранбастан келмек кыш башы.
Сумсайыңкы сапар карытып,
Сур булуттун дайын көз жашы...
10.09.2023

Күз келгенде түндөр узарып

Күз келгенде түндөр узарып,
Күүгүм кирсе, каптайт кусалык,
Күтүүсүздөн жоолайт санааны
Күз козгогон дарттай күч алып.

19.09.2024

Ыр жазбаймын десем деле
Болду эми, болду го, ыр жазбаймын,
Десем деле, кайра-кайра кылчактаймын.
Ырыман да чыкпай жаткан эсебим көп
Арбытпадым албан иштин тырмактайын.
Адабиятта математик эмне унуттум?
Тешиктерин бүтөчүдөй тыртактаймын…
31.10.2024

Тыңшасаң шамалдын оюнун
(Гумберт Вольфтун ырынан котормо)

Тыңшасаң, шамалдын оюнун
Бариктер чимирик айланат.
Күз ачып боз чалган коюнун
Жай кечи коштошот жай гана...

Качырап ийилет карт дарак,
Серпиле келип, түзөлүп.
Очокко жылабыз жакындап,     
Өткөндү эскерип, түйшөлүп.

Толкунга таалайын табыштап,
Шамалга жолшерик жел кайык.
Балалык жээкте алыстап,
Барабыз күн санап улгайып.

1990-жылдар – 21.07.2023

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз