Сулайман Кайыпов: Томуктай азил сөздүн аркасына тоодой тоңкойгон чындык батат

  • 13.05.2020
  • 3499

Белгилүү окумуштуу Сулайман Кайыповдун “Жылга бергис жарым күн” аттуу китебинен топтолгон орошон ойлор.

Жетесизди жетелесе болбойт.

*     *     *

Мурдакы, нукура, нак кыргыздар сан жагынан аз болсо да, азыркылар сыяктуу жүүнү бош, өзүмчүл, куйту, ээрчиме, нарксыз жандар болбогону алейне.

*     *     *

Бир жерде гана каккан казыктай какайып туруп алып, өзүбүздү өзүбүз аныгыраак билбей туруп: ээй, биз жөн эмес, канаттуубуз; басып убара болбойбуз, биз түз эле учабыз деп жар салдык. Аскер бизге керек эмес... дин дегендин баардыгына бирдейбиз... Кыргызстан – баарыңардын үйүңөр деп какшадык. Уккандар арты менен күлүп турду. Малдуу-пулдуу, жаңы тапкан “өгөй агаларыбыз” колубузга бир сындырым каткан нанын кармата салып: “Ме балээңе, кийин эселеп туруп кайтарып бересиң” деп желкеге нукуган сайын, ырсыйган бойдон кайра эле баягы чытырман токойду, сасыган сазды көздөй сенделектеп бара бердик, бара бердик... ошентип келер жерге мына, келдик...

*     *     *

Кайран гана кыргыздын чечендери, сөзгө уста, иш кыла албас бечелдери, ичкен-жегени, көргөн-бакканы чолок саясат болуп, бака сымал бакылдап сайрап туру, бардыгын тили менен жайлап туру... Ар баканын ээлеп алган чалчыгы, көлчүгү бар... Башка бака баш бакса башы кетет. Жалгыз бака эрмин деп төшүн какса, эки бака биригип алып элмин деп көбүрүп-жабырып жатат.

*     *     *

Айрым бир бакаларда акыл деген, эс деген калбагандай: кечээ менен бүгүндү, сааркы менен кечкини чаташтырып, ирети жок ой келди сайрап жатат, түндүктү түштүгүнө кайрап жатат... Кээ бири секиге сербең этип ыргып чыгып: “Мына, мен көлчүктө эмес, борчуктамын. Демек, мен бака эмесмин, текемин” деп бабалактайт. Мезгил деген ажыдаар күндөн күнгө жакындап, кашына келип оп тартканы турган менен бака аттуунун иши жок. Бак-бак-бак, бака-бака-бака-бак... Сыртынан эл көзүнө көрүнүү үчүн эр экен дегенчелик бакылдайм дейт; ичинен мына ошентип, сындап жаткан адамынын душмандары тарапка жагам жана жакындайм дейт. Кемпайлардын болгон ою, жеткен жери мына ошол...

*     *     *

Демократия, өлкөнүн бардык жеринде тартип, закондуулук орногондо гана күчүнө кирет, социалдык хаос бүтүп, өнүгүү башталат, андай өлкөгө укуктук өлкө делинет.

*     *     *

Эч бир коомдо абсолюттук эркиндиктин орношу мүмкүн эмес. Абсолюттук эркиндикти дөдөй жана дөпөрөздөр гана эңсейт.

*     *     *

Улуттук масштабдан алганда, тууган дегениң, күчтүү болсоң тууган, күчтөн тайып, карайлап калсаң, сырыңды билген душман турбайбы. Өзү душман болсо, анан сырыңды билсе, улутка мындан өткөн апаат барбы. Биз азыр ушундайбыз: сыр билген туугандарыбыз душман болуп турган кез.

*     *     *

Чоң кишинин жасакерлиги да өзүнө жараша, чоң болот турбайбы.

*     *     *

Көп илдеттин шыпаасы, көп кайгынын дабасы азил кепте... Азилсиз, тамашасыз өмүр супсак... күлкүсүз күн курусун... Апачуу акыйкатты таттуу кылып, бутага таамай тийчүү октой жонуп сунган азил... Томуктай азил сөздүн аркасына тоодой болуп тоңкойгон чындык батат. Азил сөзгө ары жоктор арданат, арамзаада кулпенделер теригет. Анык жигит, намыстуу эр азил кептен сабак алып, аяк-башын кымтылайт.

*     *     *

Эй, жаңы бака,
Эски бака!
Ууру бака,
Кески бака!
Бириң ава,
Бириң ака!
Бириң ини,
Бириң үка! -
Баарың бирсиң,
Кел берака!

Эй, артист бака -
Калтыс бака!
Физик бака -
Кызыр бака!
Журналист бака -
Шизик бака!
Оозу жаман,
Бузук бака!
Бирин-экин
Түзүк бака!
Баарың бирдей,
Шпанасың,
Кел берака!

Эй, аркалык бака,
Оштук бака!
Түндүк бака,
Түштүк бака!
Жаздык бака,
Кыштык бака!
Күйүп-жанып,
Быштык, бака!
Бөлүнгөндөн
Башка оюң жок,
Түф бетиңе,
Тур берака!

*     *     *

Аксы, Көл, Талас, Нарын,
Алай, Ош, Бишкек шаарың.
Алтыга бөлүп элди,
Акмактык кылбагыла!
Ашкеби бакаларым!

Карабас арка жагын,
Кашайгыр бакаларым.
Кандайча билбейсиңер,
“Кырк уруу – бир эл”деген,
Кыргызда бата барын?
“Көөдөнү бузук, ит”деп,
Көзүңү чукуйт эле,
Көрсө эгер аталарың!

Мыктысы бирди-жарым,
Мыкчыйган бакаларым,
Мен айтпайм бөлөгүңө,
Мына деп алга карай,
Майрыңдап жөнөгүлө.
Маңкасы аккан элди,
Май-сүткө бөлөгүлө.
Мыктынын жолун ачып,
Муңдууну жөлөгүлө.
Туш-туштан карагандар:
“Тумчугуп калар чакта,
Тууралап каталарын,
Торолуп кетти кыргыз,
Тарткан деп аталарын,
Тообо-о-о” деп таң калышсың,
Тутушуп жакаларын,
Тургула, бакаларым!

Азил сөзгө ачуу чындык. Чынында, бака болуп бакылдап жаткандардын арасында ак жүрөк, акылы тунук сырттандар да жок эмес, айыбы – буту майрык, башы жалпак, көзү тосток, оозу сасык, үнү заар.

*     *     *

Жайбаракат жүрүү – өлүмгө тете. Кылым кыскарып, жыл саатчалык болгон чак.

*     *     *

Бул дүйнөдө коколой баш, жалгызбыз... жаман болсок – өзүбүз, жакшы болсок – өзүбүз; сөзсүз ар нерсенин башында өзүбүз барбыз, ар нерсенин себеби өзүбүз ганабыз. Эмне издесек адегенде өзүбүздөн издегенибиз жакшы. Антиш үчүн кыргыздар адегенде өз көөдөнүн өзү жарып карашы керек; өзүн өзү талдап, өзүнүн ким экенин билиши, таанышы керек.

*     *     *

Азуулуу өлкөлөр азуусуз өлкөлөрдүн жолун таап, андан бетер алсыратат да, анан “боорукерлик” кылып, апааттан өзү келип куткарган болот. Бул жөн нерсе эмес – Күнбатыштан Күнчыгышты көздөй серпилген кылым тузагы. Бул тузакка көбүнчө башындагы кишиси саясат жүргүзүүнү билбеген, эл чарбасынан кабары болбогон, башкаларга мамилеси, сөздөрү, жылмаюусу, белектери, жасакерлиги менен жагам деген; анан ички саясий күчтөрү, лидерлери бир-бири менен ымала таба албай, ыдырап туруп алган өлкөлөр өзү келип чыркырап түшүп берет. Анан, коңулда даяр турган “куткаруучу” келе калып, иттерине талатып... башына кап кийгизип... дырдай кылып денесин жылаңачтап... калганын өзү билгендей кылып куткарат. Өлкөлөрдүн ортосундагы мындай “куткарууну” кыргын салуу, мындай “куткарылууну” кыргын болуу десе, эң туура болот. Мындан ары чоң балыктар кичинекей чабактарды көз жашына карабай, жаш-жалаң дебей, бүкүлү жута баштайт.

*     *     *

Өлкөнү “жуттуруп” жибербей сактап калуу үчүн, азыркы кыргыз жетекчилеринен болоттой бекем саясий эрк, ишбилгилик жана ахлакий тазалык, ынсаптуулук талап кылынат. Эң башкысы – алкымдын тазалыгы! Жөнөкөй катардагы кишинин жеген арам тамагы өзүнөн же балдарынан, ал эми мамлекет башчыларынын жеген арам тамагы бүткүл элинен, өлкөсүнөн чыга тургандыгын тарых өзү миң ирет далилдебедиби. Биз азыр буга мисал эмеспизби?! Кыргызды оожалтуунун жападан жалгыз жолу – ар түрдүү арамдыкка бөгөт коюу... абалкы аруулугун, тунуктугун кайрып берүү...

*     *     *

Биз дүйнөдөгү байрактуу элдердин бири катары, өзүбүздү өзүбүз издеп табуубуз, таануубуз керек. Өзүн таппаган, тааныбаган элдин өзгөнү таанып, кадырлоосу мүмкүн эмес. Өзүн-өзү билбеген эл башкалар менен жанаша басып тура албайт, артынан ээрчип гана жүрөт. Дос-душманды айрый албай, көчтөн калган улактай безелене маарап, кайсы көчтүн артынан ээрчинүү билбей титиреп турганыбыздын негизги себеби, өзүбүздү өзүбүз жаңылыш таанып, ички мүмкүнчүлүктөрүбүзгө натуура баа бергенибизде турат; өзүбүзгө өзүбүз башкалардын көзү менен карап жатканыбызда турат.

*     *     *

Күү сыдыргыдан өтпөйт, өтсө, канат-бутагы кайрылып, отолуп-буталып, уккулуксуз, кунарсыз добуштардын тизмегине айланып калат. Айрыкча көңүл күүсү.

*     *     *

Дүйнөдө эч ким окурманга жакпай калсын деп чыгарма жазбайт.

Топтогон Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз