Борис Углицкий: Аркы дүйнөдөн чалынган коңгуроо

  • 11.04.2024
  • 3543

АҢГЕМЕ

Башында мен аялдардын майрамына кош көңүл карар элем. Албетте, аялдарды майрамы менен куттуктачумун. Үйдө жана жумушта, кээ бир учурларда коомдук транспортто да куттуктаган күндөрүм болгон. Алардын ден-соолуктары үчүн каалоолорумду айтып, тост көтөргөм. Белекке гүл да бергем... Бирок мунун бардыгына олуттуу мамиле кылбаганымды билчүмүн. Бардыгы жасалма сыяктуу болчу: күтүлбөгөн жерден эле пайда болгон эркектердин аялдарга деген жылуу мамилеси, кайдан-жайдан чыга калган тунук сүйүү тууралуу сулуу сөздөр...

Анан эле менин башымдан бул майрам жөнүндө ойлонгондо бүткүл денем калчылдамайынча тура албаган бир окуя болуп өттү.

... Бул иш дал биз сөз кылып жаткан майрамдын алдында болгон эле. Мени поюз менен барганга эле үч күн талап кылынган түпкүрдөгү чарбанын бирине карагай даярдоо боюнча кызматтык тапшырма менен жиберишкен. Албетте, өзүмдүн Люсямды бетинен өөп, ал жакта өзүмдү жакшы алып жүрүшкө жана барар замат телефон чалышка убада кылдым. Ал болсо майрамды чогуу тоспогонубузга капаланып жатты. Мен аны келгенде чогуу майрамдайбыз деп тынчтандырдым.

... Майрам астында капилеттен бажам Николай ооруп калат. Эртең менен ал өзү кыбырап басып ооруканага барат да, кечинде өлүп калыптыр. Жүрөгүнөн кетиптир. Ызы-чуу түшүп, майрам менен аза аралашып эле жатып калды... Аны мен кайдан билейин. Туугандарга кабар беришет. А мени эстерине жара чыгып унутуп калышат. Эми мындай учурларда андай иштер боло берет дечи, ал түшүнүктүү. Кыскасы, Колянды жерге беришип, үшкүрүнүп олтуруп калышат. Туугандар бул жолу майрамдык эмес, маркумду узатуу үчүн дасторконго олтурушат. Аңгыча телефон шыңгырайт...

Мен чалып жаткам. Майрамдын урматына бир аз сеп этип алганга үлгүргөн элем.Үйгө чалсам аялым албай койгонунан балдызыма чалгам.

- Але, - деп кыйкырып жаттым, анткени телефондо аялдын үнү жакшы угулбай жаткан:

- Олясыңбы?

- Олямын…- деген үн араң угулду.

- Оля, Люся силердикиндеби?

- Жакшы угулбай жатат, катуурак сүйлөңүз…

- Люсяны чакырып койчу, - деп кыйкырдым, -…Бул мен Лехамын…

- Мен угуп жатам…

Ошол учурда бирөө эшикти кагып, Оля алаксый түшкөнүн мен кийин билдим, ал өзүнө чалып жатат деп ойлоп алыптыр, а мен телефонду Люся алды го деп кыйкырып сүйлөй баштадым:

- Мен жакшы жетип алдым! Тынсызданба, менде бардыгы ойдогудай.

Телефондун трубкасында мукактанып чыккан үн угулду:

- Сен кайдан чалып жатасың?

- Кайда жиберсе, ошол жактан чалам да... Сен эмне тез эле унутуп калдыңбы? Баракелде... Мен башка кайдан чалмак элем!?

- Эмне ал жакта да телефон бар бекен? – деди ал чочулаган үн менен.

- Болбой коймок беле… Башка жактагыдай болбосо да бар экен. Анча алыс эмес жерде мончо да бар экен...

- Мончобу? Сен эмне тозоктосуңбу? – деген корккон үн чыкты.

- Жок, ай, - жылмайдым мен, - бирок бул жерди бейиш деп да айта албайсың.

- А сени кандай тосуп алышты? – анын тынчтана баштаган үнүндө кызыгуу жарала баштады.

- Тосушкан деле жок. Өзүм конторду издеп таап алдым, анан бир мастан кемпирдин бир бурчуна барып жайгаштым. Жарытылуу тамак жей турган жерлери да жок экен. Дагы жакшы кемпир чай коюп берди.

- Ал жакта сен тамактанып жатасыңбы?

- Сурайсың да… Анан эмне жел оомак белем. Чынын айтсам анча деле табитим жок.

- А сен мени эстеп жатасыңбы? – трубкадан бышактаган үн углду.

- Албетте, эстеп жатам. Менсиз майрамды кантип тосуп жатат болду экен деп сарсанаа болгонумду сурабасаң да болот... Ошондуктан, маанайымды бир аз көтөрөйүн деп бир чүтөк алып ууртап коюп олтурам.

 - Ал жакта да ичсе болот бекен? – деп таң калды ал.

- Ичпей коюшмак беле… бирок тартип кыйын экен, түнкүсүн бул жердин от жаккан жайынан гана тапса болот... бул шайтандарда арак дегеле үзүлбөйт экен.

- Сен аларга жакындабай эле койсоң болмок…

- Жок-ай… алар деле жаман балдар эмес. Кечээ алар менен бир аз карта ойнодум. Кыларга иш жок зарыгат экенсиң.

Трубкадан үн чыкпай калды.

- Але…- деп кыйкырдым, - бул жакта менин полисимди сурап жатышат… жанагы, эмканага баргада көрсөтүп жүрчү эмес белем. Аны эмне чөнтөгүмө салган эмессиң?

- А мен эч нерсе салган эмесмин. Ал жакта бир нерсе керек болот деп ойлогон эмесмин, – деп актана баштады.

-  Дагы жакшы, паспортту унутпаптырсың.

- Билгенден билбегениң көп... – деген үн чыгып, трубка кайра жымжырт боло түштү.

- Бул жерде деле жашаса болот... – деп жооткотумуш болдум.

- Ал жакта адамдар көппү? Тааныштар бар бекен? – деп сурады ал капыстан.

- Тааныштарбы? Жок, эч кимди жолуктурган жокмун. Кытайлар толтура экен.

- Ал жакта да алар көп бекен?

- Толуп жүрүшөт…

- Алар эмне иш кылышат экен?

- Бардык жерде эле ошолор соода кылышат да.

- Соода кылышабы? Кызык, эмне сатышат экен?

- Эмне болмок эле… кийим-кечек да.

- Ал жакта... кийимби?

- Анын эмнеси бар экен? Кийим, Африкада деле кийим да.

- Демек, сен тозокто турбайсыңбы? – бир азга унчукпай тургандан кийин кайрадан капилеттен сурады ал.

- Ошентип койсоң да болот.

- Мен сага айттым эле го, күнөөбүздү кечирип кой деп... чиркөөгө барып сыйыналы деп... үлгүрөбүз деп койбодуң беле... Мына эми эмне болду.

- Ой азыр жаш элебиз го, барайынчы, анан көрө жатарбыз, – деп каткырдым.

- Кантип келесиң?

- Сен эмне мени келбей эле кой деген турасыңбы?

- Эгерде арбак болсоң келбей эле кой, Коля, Мен арбактан корком.

- Эмнеге – Коля? Сен эмне менин атымды унутуп калдыңбы?

- Жок. Унуткан жокмун. Сени эми башкача чакырышабы?

- Жок. Кандай Леха болсом, Леха боюнча эле жүрөм.

- Сен эмне Лешасыңбы?

- Ооба, Лешамын…

Трубкада майрамдын эртесинде ичи ооруган кишиникиндей курулдап, шурулдаган үндөр чыгып, сөгүнгөн жаман сөздөр чыгып басылды. Мен албетте таарынып калдым, ошо боюнча үйгө кайтып келгиче телефон чалган жокмун. Келгенден кийин гана иштин жайын түшүнгөн соң, Оля экөөбүз бири-бирибизди кечиришип жарашып алдык. Бул окуя жөнүндө эч кимге айтпайлык деп убадалаштык. Ошондон бери аялдардын майрамы жакындап калганда эле, башымда бир башкача ойлор пайда болот. Досторум менин мындай маанайымдын себебин түшүнө алышпай таң калышат, а мен партизандардан бетер сырымды катып унчукпайм, кокус билип алышса шылдыңга калам деп корком. Мындай карасаң шылдың кыла турган деле эч нерсе жок. Турмушта боло берчү окуялардын эле бири. Күлкү менен кайгы аралаш өтө берет турбайбы...

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз