Дилазык: Акылман башкаруучу керек

  • 20.04.2024
  • 3913

Самарканда Темирлан бийлик кылып турган учурда, анын катаалдыгынан чочулаган букаралар анын бийлигине каршы көтөрүлүп чыгуулары жокко эсе болгон.

Ошентсе да Хорасандын шаарларынын биринде көтөрүлүш чыгат. Темирлан ал шаардын башына койгон башчысы жана анын аскерлери көтөрүлүшчүлөр тарабынан кармалып, зынданга салынат. Көтөрүлүш жөнүндөгү кабар Темирланга жетти.

Темирлан армиясын алып шаарга келет. Шаар туш тарабынан жакшы корголгон эле, жеңилип калышса Темирландан аёо жок экенин жакшы түшүнгөн көтөрүшчүлөр жан аяшпай коргонушат. Бир нече жолку чабуулдун мизи кайтарылат. Жеңилбес Темирландын кадыр-баркы күндөн күнгө түшө баштайт. Темирлан абалды талдап көрүп, кошумча күчтөрдү алып келүүнү чечет.

Ал тегерегиндеги аскер башчыларынын көзүнчө Самаркандда өз ордуна калтырып келген улуу вазирге жиберүү үчүн, айтып берип кат жаздырат. Ал жаачылардан канча, жөө аскерден канча киши, атчан аскерлерден канчасын, таш ыргыткан жабдыктан канчаны жиберүү керектигин жаздырды.

Жаздырып бүтүп, жанындагылардан сурайт:

- Кана эмесе, силерде эмне ой бар, бул шаарды багынтыш үчүн дагы эмне керек?

Бардыгы унчукпай калышат. Бир гана эл арасында турган Насредин акырын үн катты.

- Эгерде өкүмдар уруксат берсе, айтсам болор бекен?

- Сүйлө.

- Мен туткундар менен аңгемелешип көрдүм. Жашоочулар арга жоктон бул ишке барышыптыр. Бул жердеги сиздин койгон башкаруучуңуз менен алардын желдеттеринин жасаган кордуктарына чыдагыча, сиздин куралыңыздан өлгөндү артык көрөбүз дешти. Эгерде акыйкаттык орнотсоңуз, шаар согушу жок эле багынып беришер эле.

Темирлан ойлонуп калды. Ал туткунга түшкөн шаардыктарды алып келүүнү буюрду.

Аларды алып келишкенде ал суроо берди:

- Кана айткылачы, эмне себептен көтөрүлүшкө чыктыңар?

Туткундар төкпөй-чачпай бардыгын айтып беришти. Башкаруучунун өзүм билемдик кылып, жашоочуларга жасаган мыйзамсыз аракеттерин, анын желдеттеринин каалаган учурда алардын мүлктөрүн чыркыратып тартып алышканын, аялдарды, кыздарды зордукташкандарын, баш көтөргөндөрдү өлтүрүшкөндөрүн, арыздангандарды зынданга салышканын, кыскасы, тигилердин кылган зордук-зомбулуктарынын эч нерсесин калтырбай айтып беришти.

Темирлан кунт коюп укту да, эмирлеринин бирине тапшырма берди:

- Баргын да, шаардыктардын кадырлуу аксакалдары, көтөрүлүштүн башында жүргөн адамдарды сүйлөшүүгө чакырып кел. Алардын өмүрүнө кол салбайм деп сөзүмдү берем.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин көтөрүлүшчүлөр шаар башчысын алардын аскерлери менен зындандан чыгарып Темирланга жеткиришти. Алар ошол эле жерден элдин көз алдында өлүм жазасына тартылып, өкүм ишке ашырылды.

Шаардыктар шаардын дарбазасын ачып, Темирландын бийлигине баш ийип беришти.

Акылман башкаруучу ар дайым акыйкат бийлик жүргүзөт!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз