Акылай Суранчиева: Данакер

  • 24.04.2024
  • 4199

АҢГЕМЕ

Бүттү... Кайрылбаймын деди жан дүйнөмдө буулуккан үн. Сен жок деле жашап келгем, дагы деле жашай алам деп жатты. Ызалык каным менен бүт тулкумду аралап, сага деген  жек көрүүм тутанып турду. Бир кылчайып артты да карабадым. Намысым желкемден кармап, башымдын бурулбасын каалады. Балким сенин да куру намысың ошенткендир.

Таарыныч болгондо билегимден кармап өзүнө имерген, кеп менен кечирим сурабаса да, кечирим сурагандай каректериңди күткөн сезимим бул ирет андайды күтпөдү. Ишенимдүү кадамдарым алдыга шилтенип, алдыга гана умтула бердим. Эне деген бакытка балкыткан бөрсөйгөн бөпөм бүлкүлдөгөнүн бүгүн таштап койгондой, апасындай болуп болочоктогу атасына таарынгандай...

Жайкы күндүн аптабы, капкара жолдон чыккан ысык тап адамды эле эмес абаны да куйкалайт. Ушундай аптапты жан дүйнөм, сүйүүм сезбей ызанын ызгаарын чачып, ичимден ичиркенип турдум. Ошентип “үй” очогубуздун оту өчүп, чабалекей уябыз балапан басып чыгара албай, шыбы кулап, шыбагы жүрөк картын сыйрый түштү.

Аялдамага жеткенде араң эсиме келдим окшойт. Курсагымды аяр сылап, туюгум менен денемде жүгүргөн кан аркылуу, жүлүнүмдө жүргөн жаным аркылуу сүйлөшүп бараттым.

- Жаратканым... Колумду боорума кыстыра көр. Аманчылыктын айылында көз жарып алсам экен. Уулдурсуң? Уул болсоң улук адам болсун деп атыңды Улук коём. Анан сен атыңды актаган, жакшы окуган, тарбиялуу жигит болуп чоңоёсуң. Атаңдай сөз көтөрүмүң  жок болбошуң керек. Эркек эрктүү анан айкөл болушу шарт. Атаңды жаман дебейм, ал да жакшы жигит. Бирок бат эле таарына берет, кызганат. Анан уруш чыгат, ага мени күнөөлөйт. А мен аялзатымын да, аялга мындай мамиле катуу тийет.  Аял – назик жан. Балким сен да назик кыз баладырсың. Андай болсо апакеңдин дүйнөсү, ааламы  кандай гана бактылуу. Чоңойгондо менин оң да, сол да канатым болосуң, берекем. Таза, тыкан анан аруу кыз бол деп атыңды анда Тунук коём. Туптунук, татынакай кыз болосуң. Чачыңды өрүп, кооз көйнөк тигип берем. Күндө багыңды кудайдан тилеймин. Мендей болушуңду каалабаймын.

Урушка уулуккан жаным кыял менен алпурушуп атып автобустун келгенин байкабай калыптырмын. Зымырап шаар аралап кетип бараттык. Ар ким өз ою менен алек. Аңгыча жанымдагы жанаша орундуктагы жигиттин телефону ырдай кетти. Абай салсам жигит кабагы салыңкы тартып, салмактуу. Телефонунан кимдир-бирөө менен: 

- Сары, кандайсың?.. Сармашкам, – деп учурашты.

Бул атты атаган соң, байланышкан адам сары экенин баамдадым. Кызык... өзү да сары жигит экен. Бир аздан соң “Улан” деди жигит.

– Улан, берекем менин, сарым менин, сени аябай сагындым. Апаңды беймаза кылба, бүгүн ишим көп, эртең барамын сага... Ооба, балмуздак алып берем. Дагы эмне алып барайын... Автоматпы, танка дагы... самолёт. Макул, сен айткандай баарын алып барам, -деди мукактана. – Мен да сагындым, ыйлабачы, берекем.  Андан көрө апакеңе айтчы, атама кетели дечи... Мен да силерди сагындым, ыйлаба. Ыйласаң апаң бизди сүйлөштүрбөй коёт, - дейт чебелектей.

Улан деген үнүндө кусалык менен сагыныч турду.

Ошол сары жигит эрди титиреп, алкымы бүлкүлдөй алдынкы орунтукка башын тиреген калыбында сүйлөшүп да, жалынып да баратты. Карегинен кылгырып чыккан бирин-экин тамчылар эңкейиште калган кырдач мурдунун учунан төмөнгө тамып кетти. Аарчыганга дарманы жок эле. Алды жактагы катар орунтуктагы орто жашап калган эки аялдын заман бузулганы, алардын убагында айлананы көзгө илбей ачык сүйлөө эмес, ажырашуу да жок экени айтылып, шыпшынуу, баш чайкап жакасын кармануу да болуп кетти.

– Каралдым ай... Жаныңда болсом кана. Таятаң, таенең  уруксат бербейт, апаң да макул эмес. Сармашкам менин, сарым менин... апаңды атама кетели деп көндүрчү, берекем. Сен данакер болчу. Апабыз көнсө эле экөөбүз күндө чогуу болобуз, бирге тамак ичебиз, кучакташабыз. Сени баягыдай моюнума көтөрүп асманга да жеткизем. Апаң да биз менен чогуу болот. Ооба, берекем, жыргайбыз, өллө жыргайбыз уулум... – дагы-дагы сагыныч сөздөр...

Сары жигит эмес, айлананы унутуп уулум деген сенин элесиң көз ирмемде карегиме тартыла калды. Жүрөгүм булкуп алды. Ошол замат ордумдан турдум да, айдоочудан токтотуп  коюусун сурандым. Автобус кең кара жолдо сагынычтын сазындагы сары жигитти, жигит сөзүнө шыпшынган эки аялды жана мелтиреп айнектен алысты тиктеп тунжурагандарды, дагы-дагы көп кардарларын кайдадыр беттеген багытына алып жөнөдү. А мен сага гана бараттым. Жок-жок...биз сага гана бараттык.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз