Султан Жумагулов: Борбордук нерв системасынан репортаж

  • 21.04.2024
  • 3691
  • 1

Катышуучулар:
Борбордук нерв системасы (БНС)
Жүрөк
Көз
Өпкө
Ашказан
Боор
Кулак
Мурун

БНС: Э-эй ашыналар, ойгонгула, таң атты. Иштер кандай, айланайындар, түндөн аман-соо чыктыңарбы?

Жүрөк: Лак-лак-лак, кандай-кандай? Эми кыргыз да жаман демек белек, өлбөстүн күнүн көрүп атырбыз да.

БНС: Тэ-эк, бүгүн күнгө жекшемби, эңеле оор күн экенин менден жакшы билесиңер. Ошон үчүн шалдырабай, булчуңдарды бекем жыйрып дегендей, чымырканып тургула, садагаң кетейин ашыналар! Көз, эки жакты карачы, не движениелер бар?

Көз: Таңга маал гана чырм эттим эле да, ойготосуңар да турасыңар. Бу муздак суу келип, чылпакты жууп кетпесе, чала көрүп атам.

БНС: Өпкөбүздүн абалы кандай, э өпкө баатыр?

Өпкө: Күрс-күрс... Алынча. Түнү бою ооздон никотин келе берип, келе берип, ышталып жинди болубатам. Эми таңкы абага чыгып, таза кычкылтектен кере-кере жутсак болбойт беле.

БНС: Ашказан, ап бечара, сага убал болубатат, бизди бүгүн ачкадан өлтүрбөссүң?

Ашказан: Тирликке керек азык ныпым калбады. Өзүңөр билесиңер, кечээ болгону эки үзүм нан, бир кесим калбаса келген курсакка. А баса, пыяз да келген. Анын баары артынан удаа-удаа куюлган 670 грамм самапал менен күрөшүүгө сарпталып кетти. Силерден катып, жинди болдум беле? Эми тирүү жан болгон соң наар алаар деп ооз жакты үмтөтүп карап отурабыз.

Өпкө: Алло, Борбордук нерв системасы, балээ басты, ооз жактан жалаң көк түтүн келе баштады.

БНС: Далбастабай арасындагы кычкылтекти оп тартууга аракеттен. Эмине тамеки экен, эй көз?

Көз: Тэ-эк, тунарып да көрбөй атпаймынбы, же жууп коюшпайт, ошо да, баягыле термоядерный көрүнөт. Сабыр эткилечи чуулдабай, итак никотинге ышталып жатам.

Жүрөк: Алло, алло, Борбордук нерв системасы, эмне мени мынча лакылдатасыңар ыя? Кычкылтек аралашкан кан тартыш болуп атпайбы, аны кайсы бириңе жеткирем? Лак-лак-лак.

Көз: Эй, силер обужокле чуулдабасаңар. Мына буттар чалыштаган бойдон буюрса ашкана тарапка басып баратат. Өзөк жалгап, биртике кубаттанып алабыз, жинди болбосоңор.

БНС: Арааныңды кенен ач, ашказан! Бир күкүм нанды да текке кетирбе, уктуңбу?

Ашказан: Алло, какый-ай, тез жардам керек маган! Жүз грамм самапал куюлду, суволуш десе, оозго нандын күкүмүнөн ырымдап салып койбойт.

БНС: Көз, көз дейм, эмне, сен эшек такалап жатасыңбы? Алдынала кабарлап койбойсуңбу самапал ичкен атат деп!

Көз: Ой мен аны кайдан билипмин, ооз чайкаганга суу ууртап аткан дедим да.

Жүрөк: Эмне мынча кымгуут түшүп кирдиңер, менин толтомду айрасыңарбы ыя! Ашказан, алкоголдон башка аш болгудай ныпым заначка калбадыбы?

Ашказан: Болсо кана, же  силерден бирдеме аяп жүрдүм беле? Мына жаңы эле туздалган балык түштү. Неңди, кылканы кошо келбедиби. Эми биртике суу жутар ооз ботом, суу келсе эритип берем баарыңа, садага кетейиндер десе.

БНС: Алло, боор, катып койгондоруң болсо кайрылыш, кагылайын! Наар алгысы бардыр акыры, ошого чейин организмди кармап туралы.

Боор: Катканымдын баарын калтырбай какшытпадыңарбы, силер деп өзүмдүн кыпкызыл боор этимди четинен кесип жөнөтүп атпаймынбы, айланайындар. Минте берсеңер точно цирроз кылып тынасыңар!

Ашказан: Алло, алло, менден жардам да, ырайым да күтпөгүлө, тиги шүмшүк дагы жүздү куйду, ө-үх-х...

Көз: Алло, сырттан катыны кирди, кокуй. Колунда үбөлүк бар, көзүндө ырайым жок, бир чатак чыкчу өңдөнүп калды, кагылайындар!

БНС: Саат баскырдыкы, бир жагынан сабыр этүүчү нерв да ээ-жаа бербей баштаганын. Жүрөк, сабыр этүүчү нерв жакка аш болумдуу заты бар кандан арбынырак айдачы пажалыста. Алло, кулаксыңбы, тарсылдагыңды бекемде! Аялынын каргышын, ач кыйкырыгын сыртыңан кетирүүгө аракет кыла көр, садагаң кетейин!

Кулак: Катынычы “балакет ичкир, сендей алкаштар да өлбөйт, чык эшикке!” деп ажылдай баштады.

БНС: Кулак, сен жиндисиңби, каргаган, сай-сөөктү сыздаткан сөздөрдү сыртыңан кетир дебедим беле! Мына эми кыжырдануучу нерв козголо баштады. Тил, бай болгур, эми сенчи катынга жооп кылбай, тиштердин арасына кыпчылып жата тур, пажалыста!

Көз: Катыны сөөмөйү менен ортонунун ортосунан баш бармагын чыгарып көрсөтүп жатат.

Кулак: Катыны “ме, момуну же, сийдигиңди ичип өл, алкаш!” деп айкырды.

БНС: Көз, кулак, экөөң тең ит экенсиңер. Тил, алдыңа кетейин, сен эстүүлүк кылып, ачууга алдырбай турсаң. Какый-ай, кыжырдануучу нерв ээ бербей кетти, кармагыла!

Көз: Колу барып катынын чачтан алды, буту ичке бир тепти.

Кулак: Катыны “аай-ууй, өлтүрдү, жеди, ме сой!” деп айкырып, үбөлүк менен дал ортого бир согуп, тырмагы менен беттен аткыды.

Көз: Бут катынды жыга тепти, ал өзөөрүп жатып калды, колу калчылдай самапалды стаканга куюбатат. Бирдеме кылсаң боло, Борбордук нерв системасы!

Жүрөк: Алло, эй ашыналар, алло, угубатасыңарбы! Ашказан жалаң алкогол, өпкө никотин гана берип жатыр. Казыр толтом айрылат дей бергиле, айтып коёюн!

БНС: Өпкө! Өпкө дейм!

Өпкө: Кш-кш, кш-шш, кыйк...

Көз: Бөтөлкөнү шыпкап ичип, тамекинин калдыгын тарта баштады. Аялы айкырып атыр. Акыл-эс кошуучу нервди ишке сала көрүңүз, Борбордук нерв системасы!

БНС: Ал байкуш кечээле иштен чыккан. Мына бүгүн бутту башкаруучу нерв да паралич болду. Эми кимисине жин тийди, жүрөк, сага эмне болду, ишенген кожобуз сен болсоң!

Жүрөк: Түкү-түкү-түк-түк, түкү-түкү- түк-түк...

БНС: Көз, кулак, мурун, жооп бербейсиңерби, жашоо магале керекпи? Алло, угуп атасыңарбы мени?

Көз: Тольколе тунарган неме көрүнөт, бир жакка каалгып учуп бараткандайбыз, жырга-аал...

Кулак: Жымжырттыкка сүңгүп баратам, булардын кылганын мен укпайын, көз досум көрбөсүн, мындан көрө дүлөй болгон жакшы, жырга-аал...

Мурун: Быш-шш, быш-ш, а моя хата с краю...

БНС: Бүт баары менен байланыш үзүлдү. Өзүм да жинди болуп, эчтемени сезбей баратам, кош бол, көр дүйнө!

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - O ahx

    Hi, I've just been browsing ruhesh.kg and wondered if you've considered using an Appointment Scheduling App (run via AI), to schedule online meetings, appointments, events and calls? It does all the heavy lifting for you on complete autopilot: 1. Schedule unlimited AI meetings 2. Schedule unlimited AI calls 3. Accept payments for your meetings 4. Send AI email reminders 5. Send AI SMS reminders 6. Seamless integration with 600+ platforms The price is just $17 for today only. Watch our software in action: https://furtherinfo.org/kp92 Regards, Velva

Комментарий калтырыңыз