Китепти кантип окуш керек

  • 09.06.2020
  • 4589

Мыкты китепкөй болгуңуз келсе, бир нерсени окуй баштоо керектир.

Адегенде өзүңүзгө кызыктуу китеп тандап алыңыз.

Бир нече суроого жооп берип көрүңүз:

1. Эмне максат менен китеп окууну чечтиңиз, жөн эле ыракат алыш үчүнбү же турмушуңузга керектүү билим алайын дедиңизби?

2. Балким, көр дүйнөнүн түйшүгүнөн алаксыйын дедиңизби? (Мунун эч жаман жагы жок)

3. Бир нече айдан бери бестселлерлер тизмесинен түшпөй келаткан китепке кызыгуу жаралдыбы?

Өзүңүзгө кызыктуу нерсени гана окуңуз. Муну сиз экзамен тапшыруу үчүн эмес, а өзүңүз үчүн кылып жатасыз.

План түзүп алыңыз

Өзүңүзгө кайсы убакытта окуган ыңгайлуу болорун карап көрүңүз да, окуй турган китебиңизге атайын убакыт бөлүп, белгилеп алыңыз.

Мындан тышкары, эмне максат менен окуп жатканыңызды да жазып алсаңыз болот.

Эң маанилүү эрежени эсиңизге түйүп алыңыз: китепти окуй баштаганда эле жакпай калса, андан ары окубай койгон оң. Өзүңдү кыйнап окуудан өткөн кордук болбостур.

Терең окууну адат кылыңыз.

Шашпай, маанисин түшүнүп окууга аракеттениңиз. Китепти бир дем менен окуп бүтүп, китепти жабар замат, жада калса андагы каармандардын аттарын же колдонулган терминдердин бирин да эстей албай калгандан көрө, 20 бет окусаң да анда эмне жөнүндө жазылганын түшүнүп окуган жүз эсе өйдө.

Терең окуу мындан тышкары, китеп менен иштөө дегенди билдирет. Керектүү жерлерин белгилегиле, көчүрүп алгыла, белгиленген жерлерди кайталап окугула.

Китепте жазылган нерселерге сын көз менен карагыла

Окуп жаткан кезде бир аз китептен башыңызды көтөрүп, сизди толкунданткан нерселер жөнүндө ой жүгүртүп көрүңүз. Автор менен макул болбосоңуз – бул нормалдуу көрүнүш.

Китептеги келтирилген аргументтерге макул болбогон ички дүйнөңдөгү талашып-тартышуу, жыйынтыгында ал китепте жазылган нерселерди эстеп калууга өбөлгө түзөт.

Китеп сизге аябай жагып, андагы айтылган нерселер сиздин көз карашыңызга дал келген күндө да, ал китеп жөнүндө жакындарыңыз менен ой бөлүшкөнүңүз түзүк. Мисалы, бул китеп эмнеси менен жакты деген суроонун айланасында оюңузду бөлүшүңүз.

Ридинг-группаларга катышыңыз

Эгерде окуган нерсеңизди башкалар менен сөзсүз бөлүшкүңүз келсе, ридинг-группа табыңыз же аны өзүңүз уюштуруңуз!

Бул китеп окуучулардын клубу же досторуңуз болушу мүмкүн. Мисалы, бир жумада бир жолу жолугуп, окуган китептериңер тууралуу пикир алмашып турсаңыз болот.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз