Темирбек Алымбеков: Алтымыш жыл «аңызда» катылган ырлар

  • 16.06.2020
  • 3951

Кыргыз адабиятчылары, жалпы эле  кеп кадырын билген карапайым калкыбыз  калыстык  менен белгилеп жүрүшкөндөй, айтылуу Арстанбектин  акындык  карааны Кантеңирдей  калдайып  бөлүнүп турганын кантип  танабыз. Кашайганда, өзү жашап өткөн доордон, бүгүнкү күнгө чейин кыргыздын көзү ачык, керемет  акыны катары тааныганыбыз менен улуу ойчулдан  уучка толор мурас калбагандыгы сөз баалаган кимибиздин болбосун өзөгүбүздү өйүтүп, жүрөгүбүздү оорутуп келет.

Анан калса, эркин  ой жүгүртүүдөн  эки жашар баладай  эле эси чыгып  туруучу, эсил кайран эски системанын да кесепети  тийип, Арстанбектин  мурастарын  жыйнап, акындык  кудуретин  ачып  берүүнү көздөгөн  Тазабек Саманчин  өңдүү окумуштууларыбыз камалып кетип, кадеми катпадыбы. Анткени Арстанбектин  «Зар заманындагы» көзгө сайып көргөзгөн  айныксыз чындык, кимди гана болбосун ойго салып, санаасын «самандай» сапырары  шексиз эле. Көлөкөсүнөн «көр» издеген  тоталитардык  режимге Арстанбектин  «эл ойготор» ырлары кайдан жаксын, анын ыры түгүл, атын оозангандарды ороктой эле оруп  жибербедиби. Ошентип, кайран залкардын канчалаган ырлары калып кетти, сөз баккан, куйма кулактардан  жазылбай калды. Кантсе да Манас баштаган чалкыган эпосторун  «жазып  убара болбой эле» жадыбалдай жат айтып  келаткан кылым кыргыздын эс тутумунда  Арстанбек  өңдүү алп акындын  атка бергис сөздөрү калбай коймок  эмес. Калды. Айтылып да жүрөт. Акындын:

Карагайдын таңында,
Элик болду элибиз.
Каптаган тузду көтөргөн,
Көлүк болду элибиз.
Башка чапса былк этпес,
Өлүк болду элибиз, - деген ыр саптарын бала кезимде атамдан угуп, бул сөздөрдүн кудурет-күчүнө анча акылым жетпесе да, аны айткан Арстанбек деген сырдуу дүйнөгө астейдил арбалып калганым бар. Укканымды учурбасымды билген жарыктык атам, Арстанбекке келгенде анча чечилгиси келбей, бул ырларды бирөөлөргө  айтпай жүр деп  кабатырланганы да  али жадымда.

Сырын кийин билип жүрбөймбү. Ал эми окумуштуу Батма Кебекова  түзгөн «Арстанбек» аталган  көзгө сүртөрдөй  таберик китеп, Арстанбектин атын тамшана  айтып, талантына таазим этип жүргөн элибиз үчүн табылгыс тартуу болду окшойт. Жыйнактагы Арстанбектин  ай чапчыган акындык дараметинен кабар берген   «Керээз» ыры, терме, санаттары казактын даңазалуу акындары  Каңтарбай, Сүйүнбай менен айтыштары акындын кыргыз адабиятындагы ашкере бийик ордун аныктап тургансыйт.

Айтмакчы, китептеги башка ырларына салыштырмалуу жазма адабиятка  жакын,  эч кимге окшобогон Арстанбектин ырдоо ыкмасын, чалкыган фантазиясын, чоюндай уюган  теңдешсиз ойлорун өзгөчө чагылдырып турган жогорку биз атаган ырлардын  алтымыш жыл бою «аңызда» катылып жаткандыгын баарыбыз  эле биле бербесек керек. Адабият айдыңында алпурушуп келаткан эжебиз Б.Кебекова  белгилегендей, бул  ырларды кесиби «кызыл» мугалим, кийинчерээк репрессиянын чалгысына чалынган Кабай Абдырахман  уулу чоңкеминдик  асыл адам өз атасы  Абдыракмандан, ошондой эле кадимки Муратаалыдан жазып алыптыр.

Кабай каргашага кабылып камакка алынганда  ата-энеси  анын кол жазмаларын  кийизге  ороп,  жер казып катып коюшуптур. Буйрук экен, оо кийин  1992-жылы жер айдоо  убагында табылып жатпайбы. Кабай Абдыракманов жазып калтырган мурастардын  арасында Жеңижоктун  атайы издеп барып Каркыра жайлоосунан Арстанбекке жолуккан  учурашуу ырынын болуп калышы адабият-маданиятыбыздагы орчундуу окуялардан болуп калды окшойт. Башка ырларын айтпаганда да, Арстанбектин адамдык тутунган позициясын, өнөргө болгон ыйык мамилесин, сүттөй таза пейилин, Жеңижоктун кийинки тагдырын көрө билген  көзү ачыктыгын, адам акылын маң кылган акындык касиетин ачып турган ушул «Учурашуу ырын» аспиеттеп жазып, ардактап катып койгондугу үчүн эле Кабай атабызга  эстелик койсок жарашчудай. Өнөрүн, өткөнүн сыйлаган өсөр  эл сөзсүз ушундай кылмак. Анда эмесе, Арстанбектин «жер таянбас» Жеңижок акынга берген, ушу бүгүнкү күнү да акынбыз деп көкүрөк кагып  жүргөн көпчүлүгүбүзгө сабак болор,  «Ак батасынан» бир шиңгил…Окуңуз, тамшаныңыз...

Оо балам, ырчылык жайын айтайын,
Ырчы болсоң,сынчы бол,
Зөөкүрдү чабар камчы бол,
Кургак жерге тамчы бол,

Дүлөйлөргө кулак бол,
Чөлдүү жерге булак бол,
Аргымак минген баатыр бол,
Алсыздарга жакын бол,
Күлүк минген күчтүү бол,
Күйдүргөнгө миздүү бол,
Жесирлерге жөлөк бол,
Жетимдерге көмөк бол,
Канкорлорго касап бол,
Калп айтканга мазак бол,
Ууруларга айгак бол,
Ушакчыга сайгак бол,
Бечарага калка бол,
Беделсизге арка бол,
Ашта, тойдо мырза бол,
Алкынып алкым агытпай,
Акындарга нуска бол,
Кара өзгөй болбой калыс бол,
Кошаматтан алыс бол,
Усталарга балка бол,
Баатырларга калка бол,
Коркокторго уруш бол,
Кош сөздүүгө буруш бол,
Карыяга кайрым бол,
Алы жокко айбар бол,
Ашы жокко айран бол,
Эрегиш чыкса элчи бол,
Эл-журтуңдун кенчи бол,
Аш менен тойдун көркү бол,
Тону жоктун бөркү бол,
Желек кармаар жетик бол,
Жардыларга кешик бол,
Жармачтарга  эшик бол,
Жери жокко конуш бол,
Эти жокко союш бол,
Пейилдүүгө конуш бол,
Ысаптууга байыр бол,
Мүлдө журтка  шайыр бол,
Таразанын ташы бол,
Ырчылардын башы бол,
Калктын зарын зардап өт,
Качанкы ырын ырдап өт,
Калк көңүлүн чалкытып,
Каниет алып жыргап өт,
Элдин зарын зардап өт,
Эзелки ырын ырдап өт,
Эл көңүлүн чалкытып,
Эргүү алып жыргап өт…

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз