Бүбүкан Досалиева: Көзүң күлүп, көкүрөгүң күйүп тургандан өткөн азап жок

  • 06.07.2020
  • 4673

Бул сүрөт Бүбүкан эжебиздин 60 жылдык мааракесине арналган "Марал" радиосундагы "РухЭш" уктуруусунун алдында тартылган эле.

Бүбүкан эже менен бөтөнчө мамилелеш элек. Ал экөөбүздүн чыгармачылык алакабызды бекемдеген жагдай төмөндө жарыяланган накыл ойлордон улам... Тагыраагы: 2004-жылы дүйнө ойчулдарынын афоризмдерин которуп бүтүп, өзүнчө китеп чыгармай болдум. Ал китепти окурмандар чөнтөккө салып жүрүүгө ылайыктап, ширенкенин кутучасынан бир аз гана көлөмдүү форматта чыгарууну эп көрдүм.

Арийне, дүйнө ойчулдары менен катар кыргыздын аттуу-баштууларынын накыл кептерин топтоп, ошол алакан отундай китептин ичине берметтей ойлорду тандап берүү мүшкүлүн тартып: акын-жазуучулардын, жалпы эле коомдук ишмерлердин, атпай-журтка төбөсү көрүнгөн инсандардын учкул ойлорун жыйнап көрүү мага кызык көрүндү. Себеби кыргыз адабиятында афоризм жанры тамыр байлап, кыртыш түптөй электей көрүндү...

Мына анан тааныш-билиштерге байланышсам, Бүбүкан эженин мурдатан бери күндөлүк дептерге жазып жүргөн учкул ойлору мен үчүн чоң табылгамдын бири болуп калды.

Болбосо кыргызга белгилүү инсандардын ой казынасынан топтолор китептин бир бөлүгү абыдан бөксө болуп, ал эми дүйнө ойчулдарыныкы абыдан мол эле... эки көздүү куржундун бир тарабы таптакыр жеңил көрүнүп туруп алды... Айрым накыл ойлорду кыргыз авторлорунун көлөмдүү көркөм чыгармаларынын арасынан кезиктире калсам эле камырдан кыл сууругандай – афоризм жүгүн көтөрө алчу саптарды топтоп жүрүп, чакан китептик материал даярдап жүргөнүмдө, Бүбүкан эженин береги берметтей тунук ойлору колума урунганда – асмандан издегеним жерден табылгандай кубангамын...

Ошондон тарта Бүбүкан эжени терең урматтап, жакындан аралаша баштадык. Ал кезде “Айтыш” фондунда иштеп жүргөн кезим. Бир күнү төкмө ырчыларга лектор болуп берүүсүн сурандым. Анда элдик таланттар Ашыралы Айталиев менен Тууганбай Абдиевдин төкмө акындар мектеби жаңыдан калыптанып келаткан мезгили. Он күн сайын коомдун ар тармагынын өкүлдөрүн лекторлукка чакырып, төкмө ырчылардын чыгармачылык сапатын өстүрүү аракетинде элек.

Эже “Айтыш” фондунун босогосун аттаганда абыдан сүрдөдү. “Булар касиеттүү адамдар да, кантип лекция окуур экемин” деп бүшүркөп алган... Канча жыл журналисттерге лекция окуп, чыгармачылык чыйырында такшалып калган эжекебиз төкмө ырчыларга лекция өтүүгө абыдан жоопкерчилик менен даярдык көрүп келген экен, сабагы баарыбыз үчүн кызыктуу өттү. Эженин дүйнө таануудагы, коом таануудагы билими, тажырыйбасы элдик өнөрпоздорубуздун куйма кулагына сиңип калса дедим эле ошондо...

Ал эми ошондогу жарык көргөн алаканымдагы китепти азыр барактап отурсам, салмагы сайдын ташындай учкул ойлордун эң арбынын жараткан авторлор: Салижан Жигитов, Рамис Рыскулов, Кубатбек Жусубалиев, Ишенбай Абдуразаков, Алым Токтомушев, Шайлообек Дүйшеев, Алик Акималиев жана Бүбүкан Досалиеванынын төмөндөгү учкул ойлору кыргыз элине көркөм мурас эмей эмне?..

Олжобай ШАКИР

Ак эмгек менен ак ниет – өчпөй турган жылдыз. Бирок көп адамдар аны байкабаганы өкүнүчтүү.

*      *      *

Маалымат – алгыр куш, журналист аны кууган мергенчи.

*      *      *

Адамдын башкы душманы – жалкоолук. Күнүмдүк көртирликке топук кылуу – мажүрөөлүк.

*      *      *

Адам күчү – акыл-эси менен ар-намыста. Ал эми ач көздүк менен көрө албастык – басып турган жүгү. 

*      *      *

Аялдан ашкан амалкөй жок, бирок азыркы эркектер аялзатынан да ашып кетти.

*      *      *

Билим менен тажрыйба – сатылгыс байлык.

*      *      *

Көзүң күлүп, көкүрөгүң күйүп тургандан өткөн азап жок.

*      *      *

Дүйнөнү сүйүү кармап турат, бирок анын түрү көп.

*      *      *

Журналист кээде падыша, кээде бомж, кээде аракеч. Анткени падыша менен падышадай, селсаяк менен селсаяктай, ичкич менен ичкичтей сүйлөшүү парз.

*      *      *

Колунан жакшылык келбеген адам жакшылыктын да баркын билбейт.

P. S. Бүбүкан эже менен эң акыркы жолу 18-июнда WhatsApp аркылуу байланышкан экенбиз, арман! Өз кесибине болгон жоопкерчилиги, элинин эсендигине тынчсызданган жапакечтиги да мага жазган ушул алакандай катында көрүнүп турганына азыр ичим сыйрылат, жүрөгүм толгойт...

“Олжобай салам! Мамаңдын (келинчегимди “мамаң” деп эркелеткендегиси мени – О.Ш.) айыгып чыкканына абдан сүйүндүм. Эми оорубагыла. Эртең вирус жок дегендердин көзүн ачып, Назгүл программага катышып бере алабы? Телефондон деле болот. Башынан өткөргөнүн эле айтып, элди сактанууга чакырса таасирдүү болот го?”

Элди сактанууга чакырып тынчы кетип жүргөн асыл эжекебиз, ардактуу кесиптешибиз ошентип өзү күтүүсүз ажалдын жетегине түшүп кете берди!

Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун, Бүбүкан эже!

Үй-бүлөңүзгө, жакындарыңызга, “Азаттыкта” бирге иштешкен кесиптештериңизге “РухЭш” сайтынын атынан азадар кайгыда экенибизди билдиребиз...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз