Сүйүү сегиз жашка чейинки балдардын көзү менен

  • 15.07.2020
  • 3249

Наристелердин жан дүйнөсү кандай тунук да, кандай аруу. Алар дүйнөнү өзүлөрүнүн булганбаган таза көз караштары менен көрүшөт. Ошондуктан алардын ою менен ооздорунан чыккан сөздөрү дал келип, көргөндөрүн жасалгалабай накта айтышат. Эмесе алардын айкандарына кулак төшөйлү.

Сүйүү деген, чарчап турсаң да сени кубандырган нерсе.
(Терри, 4 жаш)

Сени жакшы көрүшкөндө, ысымыңды башкача кылып айтышат. Сенин атыңды атаганда анын оозуна жагымдуу.
(Билли, 4 жаш)

Сүйүү деп кыздар духилерин себинип, а балдар одеколон себинип, экөө бирге сейилге чыгып, бири-бирин жытташканын айтышат.
(Карл, 5 жаш)

Сүйүп калганда Макдональска барып куурулган картошканын жарымынан көбүн ага берип, анын ордуна эч нерсе сурабайсың.
(Крисси, 6 жаш)

Сүйүү деген менин апам атама кофе кайнатып келип, ал даамдуу болуш үчүн адегенде өзү эки-үч ууртап туруп анан ага бергени.
(Данни, 7 жаш)

Сүйүү – бул бир балага көйнөгүң жакшы экен деп айтсаң, ал аны күнүгө чечпей кийип жүрө берет.
(Ноэль, 7 жаш)

Сүйүү бул менин атам жумушунан тердеп сасып келсе да, апам аны Роберт Редфорддон да сулуусуң деп айта бергени деп ойлойм.
(Крис, 7 жаш)

Менин чоң энем артрит менен ооруп, ылдый болуп буттарынын тырмактарын боёй албай калганда, чоң атам өзүнүн колдору ооруп жатса да дайыма боёп берип турду. Сүйүү деген ушундай болот.
(Ребекка, 8 жаш)

Сүйүү – менин карган чоң атам менен чоң энем канча жылдан бери бири-бирин жакшы билип калышканына карабай дос боюнча калышканы.
(Томми, 6 жаш)

Сүйүү – бул апам атама тоок этинин жакшы жерин атама бергени.
(Элейн, 5 жаш)

Сүйүү – бул эртең менен атам апамды өпкөнү.
(Ксения, 5 жаш)

Чоң энемди жакшы көргөндө, чоң атам атырды аябай себине баштайт.
(Артем, 6 жаш)

Сүйүшкөндөр бири-бирин тиктеп олтура беришет. Алар ошентип олтурганда тамактары муздап калат. Башкалар болсо тамак жөнүндө ойлошот.
(Марк, 8 жаш)

Сүйүү – бул мен тентек кылсам да апам урушпайт.
(Мила, 5 жаш)

Бирөөнү сүйүп калсаң кирпиктериң бирде өйдө, бирде ылдый болуп, көздөрүңдөн жылдызчалар учуп турат.
(Лиза, 7 жаш)

Сүйүү  — бул канча жолу кучактаганыңды санай албай каласың.
(Лев, 5 жаш)

Сүйүү — бул өбүш үчүн эриндери тийгенде бактылуу болосуң.
(Вика, 4 жаш)

Сүйүү — бул кучактап өпкөндө кытыгыңды келтирет.
(Лиза, 5 жаш)

Бул сурамжылоону Лео Баскаглиа жүргүзкөн. Анын максаты эң мээримдүү баланы аныктоо болгон. Жеңишти жакында эле улгайып калган кошунасы өлүп калганда, анын 4 жашар баласына ыйгарышкан. Кошунасынын ыйлап жатканын көргөн бала унчукпай барып, тизесине олтуруптур. Баланын апасы ал тиги адамга эмне деп айттың деп сураганда бала: “Эчтеке деген жокмун. Жөн эле анын ыйлаганына жардам бердим”—дептир.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз