Мусакун Сатыбалдиев: Каргашалуу жылан

АҢГЕМЕ

Тээ жердин жети катар түпкүрүнөн ээ-жаа бербей оргуп чыккан көз жашындай тунук булактын көзүн бүтөп, токтотуп коюуга болобу? Албетте жок. Аны канчалык далбаса кылып, зылдай таш менен бастырсаң да, акыры дал ошол таштын ортосунан как жарып чыгат. Ошол булак сыңары менин көкүрөгүмдө көп жылдардан бери бугуп, уюган коргошундай салмактанып келе жаткан бир сырдуу окуя катылган бек сандыктын капкагынын ачылышына жакында Каракол шаарында болуп өткөн бир концерт себепкер болду.

Белгилүү эстрада ырчысы Айчүрөк Иманалиева жетектеген «Кызыл гүл» тобу көл кылаасынын эмгекчилерине өз өнөрлөрүн тартуулап чыгышкан экен. Июль айынын акыркы күндөрүндө Каракол шаарына келишти. Аталган топтун ичинде кыргыз жигиттеринин арасынан чыккан алгачкы иллюзионист Жетимиш Доскаев да сейрек кездеше турган кызыктуу оюнун көрсөтүп жатты. Айрыкча мага анын эткээл аялдын балтырындай келген жоон, чубалжыган узун кара чаар жылан менен көргөзгөн оюну катуу таасир этип, жүрөгүмдү опкоолжутту. Негизи эле жылан тукуму негедир сүйкүмсүз келип, адамга жагымсыз сезимди пайда кылат эмеспи. Анын үстүнө мынчалык чоң жыланды эки-үч кадам жакындан көрсөң ого бетер сүрдүү, коркунучтуу сезилет экен.

Жетимиштин мойнуна оролтуп бөпөлөгөн килейген жыланын карап отуруп, бейиши болгон атам менен энемдин жана айылдаштарымдын (саруулуктардын) бир тобунан уккан чоң карачаар жылан менен байланышкан, бир чети кайгылуу, бир чети сырдуу окуяларды кайрадан эстедим. Жок, мен аларды эч убакта унуткан эмесмин, жөн гана көкүрөк түпкүрүндө кеч күүгүмдө бүлбүлдөгөн шам чырактай элес-булас болуп, бу жалгандын кыйчалыш жолдорунда мени коштоп келаткан эле. Өзүм көрбөгөн ошол карачаар жылан жаркыган ак таңынан нөшөрлүү кара булуту басымдуу менин тагдырыма да өтмө катар байланышкан. Эмесе, ошо уккандарымды, өзүм күбө болгондорумду окурмандарга алымча-кошумчасыз баян этейин.

...1950-жылдын көктөм айы. Кыш бою тизеден өтө жаман кар эрип, айыл аралаган кол арыктарга батпай аккан кочкул суулар пастаган. Кемпир-чалдын буттарынан кепичин чече талашкан көчөдөгү баткак кыйла тоборсуп, айрым көчөлөр кадыресе кургап калган. Айылдын үстүндөгү келберсип жаткан талаа да ак шейшебин чече, күндүн жылуу нуруна кактана, белгисиз бир ырахатка баткансыйт. Көк буу көтөрүлөт. Өр таянган талаанын орто ченинде эс алып отурган алп дөөлөрдү элестеткен «Үч-Дөбө». Андан нары али ала-телек кар жаткан, алакийиз жамынгансыган адырлар. Ал эми андан нары карасаң чокусунан эзели кар кетпеген Ит-Тиши тоолору асман мелжийт. Кылымдарды койнуна катып катмарланган мөңгү бетинде күн нуру ойноп, караган адамдын көзүн жалтантат. Тиги чоң сайда Жууку суусу кыштата күрткү алдында жатып тумчукканынын эсесин эми чыгаргандай алда кайдан добуш сала күрпүлдөйт. Ага ободогу таңшыган торгойлор кошулат. Кооз канат калдыркан көпөлөктөр эми жаңыдан көз жарган жоогазындардын улам бирине учуп-конуп, өздөрүнчө тирүүлүктүн ырахатына чабак урушат.

«Үч-Дөбөдөн» жогору, Жууку суусун жакалай орун алган айылдын кырманы боло турган. Аны «Чоң-Кырман» деп коюшчу. Бирок, анча деле чоң эмес. Анан эмнеге андай аталып калганын ким билсин. Ошол кырмандын жогорку, тээ күн чыгыш капталындагы Таш-Кыянын жакасында эртеден бери эрбеңдеген бир топ караан кериле кетмен чаап, талаа бетине арык салып, кулак байлап жүрүшөт. Алардын дээрлик бардыгы аялдар эле. Буга таң калуунун эч кажаты жок. Далай жандын өмүр шамын жалп өчүргөн каргыш тийген согуштун жеңиш менен аяктаганына беш жылга аяк баскан. Чакан айылдан кан майданга жоо беттеп кетишкен жигиттердин эки жүздөн ашыгы тууган  жерге кайра кайтышпады. Көпчүлүгү кыз-келиндердин жүрөгүнө чок сала караган жайнаган көздөрүнөн, ойду омкоруп, тоону томкоруп коё турган колу-буттарынан биротоло ажырап келишкен.

Кудайдын буйругу менен аман-эсен кайтышкан айрым адамдар колхоздун орчундуу жумуштарын өз ийиндерине жүктөшүп, жеңил-желпи дегендери жалаң аялдардын мойнунда. Баса, ушу жумуш жеңил болбой жемирен калсын. Бел созулта кетмен чаап, арык казуу тал чыбыктай ийилген, назик денелүү кыз-келиндердин кыла турган ишиби, катыгүн. Арга канча, турмуш кысымына моюн сунушка туура келет тура. Бирок, буга кейип, нааразы болгон жан жок. Себеби Батыштагы алоолонгон өрт өчүп, ажал издеп ызылдап учкан ок житип, адамдар жеңиш кубанычынын деми менен жашап, ошол дем менен бөксөнү толтуруунун, жыртыкты бүтөөнүн камында шымаланып, жан үрөп иштеп жатышкан. Ошол дем тигил аялдарга да арка-жөлөк болгондой, арча менен жоогазындын көңүл сергиткен жыты келип, жаз илеби менен кошо көөдөндөрүнө кандайдыр бир шаң, кубаныч сымал сезим агылып киргенсийт.

Алардын арасында Керез да бар эле. Ай-күнүнө жетип, көз жарууга чукулдап калган болучу. Эртең менен жумушка чыгаар маалда араларынан бир аял ага: «Сенин ыраңың азып, кыйналып турасың. Бүгүн ишке чыкпай эле кой. Талаада төрөп коёсуң», – деп эскерткен. Бирок, ага муюган эмес. Арыктын өзүнө бөлүнгөн жерин бүтүрүп коюп, жакага биротоло кетүүнү ойлогон. Жакага түшпөгөнүнө он беш күндөй болуп калган. Кечинде күйөөсү келип алып кетейин десе да көңүлсүнбөгөн. Иштен качкандай болбоюн деген ниетинде. Эми ар бир шилтеген кетмен оорлоп, жерге араң эле кирип атты.

Бүткүл денеси талыкшып ооруп, бели сыздап чыкты. Чекесинен муздак тер куюлду. Жаны жер тартып, жаткысы келди. Аялдар андан бир топ алыстап кетишкен экен. Анын кыйналып чыкканын эч кимиси байкабады. Кетменди арыктын кырына коюп, сендиректей басып төмөн – жаканы көздөй жөнөдү. Эптеп айылдагы үйгө жетейин деп ниеттенди. Жуукунун күрпүлдөгөн суусун бойлой кеткен жалгыз аяк жолго салды. Айыл кыйла алыс эле. Кыбырап жүрүп отуруп, түш оой бергенде «Чоң-Кырмандын» оюна жетти. Айылга али көп бар. Күн батканча «Үч-Дөбөгө» да жете албасын билди. Бараткан жолунан чыгып, чоң таш жолго түштү. Колхоздун бирин-серин машинасы, же арабачан бирөө жарым өтүп калаар деген ойго жетеленди. Жок, көзгө урунган жан чыкпады. Барган сайын алдан тайып, толгоо чукулдады. Айласы кетти. Иштеп жаткан аялдар да алда кайда алыс калышкан. Жыгылып кетпөөнүн аракетинде ар бир кадамын аяр таштап, жолдон чыгып, түзөңгө түштү. Качанкы бир кездерде казылып, эми чымга басырылып, көмүлөйүн деп калган эски арыкта жеңдей суу агып жатат. Нары арыктын имерилген жеринен чоң түп чий, анын этегине жайыла өскөн көк чөптү көрдү. Ошол жерге барып кыңайды. Чий бир топ бийик экен. Кадимкидей көлөкө түшүп турат. Бул жер жолго да жакын эле, өтүп бараткан бирөө сөзсүз көрмөк.

Күн улам ылдыйлап баратты. Оо бир оокумда жалгыз түп чийдин түбүнөн «баа-аа-а...», деген наристенин үнү жаңырды. Бул үн сайдагы күркүрөгөн добушка, ободогу торгойлордун шаңына кошулуп, мейкин талааны аралай чаап жөнөдү. Жаңы гана жарык дүйнөгө келген ымыркайын эски кемселине ороп, дарманы кеткен жаш келин жалгыз түп чийдин түбүндө олтурду. Бул анын экинчи перзенти эле. Күйөөсү эркек бала көрсөм деп ак эткенден так этип жүргөнүн жакшы билчү.

Кудай анын тилегин кабыл кылып, эркек төрөдү. Анын кандай кубанаарын көз алдына келтирип, өзүнчө жылмайып алды. Кичинекей жалпак тамына тез эле кирип баргысы келип кетти. Ушул учурда жогору тараптан калдырап арабанын келатканын укту. Сүйүнүп кетти. Негедир ого бетер шалдырай түштү. Ордунан турайын деп обдулуп, тура албады. Араба тез эле жетип келди, аны айдаган кырмандын сакчысы Бегалы абышка экен. Аны аялдар «Керез жаканы көздөй кетти. Жолго төрөп койбосун», – деп жиберишиптир. Абышка арабадан түшүп, келиндин жанына келди. Бир нерсе айтайын деп баратып, тык токтоду. Жүрөгү шуу этти. Денесин майда калтырак баса түштү. Баласын бооруна кыскан келинден эки кадамга жетпеген жерде, чийдин каптал тарабынан бир чоң, карачаар жылан башын жогору көтөрүп, келинди карап туруптур. Анан ал башын жай буруп, абышканы карады. Анын ирмелбеген, кара топчудай жылтырак көздөрү абышканын көздөрү менен чагылышкансыды. Көптү көргөн кыраакы абышканын үшү кетип, көзүн жуумп жиберди. Көп турдубу, аз турдубу ким билсин. Кайра көзүн ачканда жылан ордунда жок эле.

Көз ирмемдин ортосунда болуп өткөн бул окуяны этек-жеңин кымтылап аткан келин байкабай да калды. Колундагы ымыркайын бооруна кыскан боюнча абышканын жардамы менен арабага олтурду да, айылга жөнөп кетишти. Ошол келин – менин энем, ал эми бооруна кыскан ымыркайы – мен экемин.

Бегалы абышка энемди үйгө алып келгенден кийин атамды жалгыздатып алып мындай дептир: «Асаке, уулуң төрөлгөн жерден аялыңды башын көтөрүп карап турган чоң карачаар жылан көрдүм. Аялың коркот экен деп айтканым жок. Он беш жылдан бери ошол жолдон өйдө-төмөн өтүп жүрүп, андайды көрбөптүрмүн. Эмне үчүн аялыңды же балаңды чагып албаганына түшүнбөйм. Деги жакшылыкка эле көрүнгөй эле».

Дагы бир жолу ал карыя атама жолугуп, баягы чийдин түбүн атайын издеп, жыландын эч кандай ийинин таба албаганын айтыптыр. Ошондон көп узабай эле каза болгон экен жарыктык киши.

Кыйла жылдар өтүп, мен эс тартып чоңойгондон кийин атам кеп салып калаар эле: «Ыраматылык Бегалы карыя айткан жылан тууралу адегенде анча элес албадым. Ал каза болгондон көп узабай колхоздо көп жыл шоопур болуп иштеген Ишен деген жигит аварияга учурап, ары барып эле, бери келди. Машинасы талкаланды. Ооруканадан чыгып келди дегенин угуп, ал-абалын сурап койгону барып калдым. Жакшы тыңый элек экен. «Күтпөгөн жерден кырсык чалды, Асаке. Ошол күнү эртең менен кампадан жем жүктөп, «Жаман-Суудагы» малчыларга жеткирмекмин. Күн чыга электе жолго чыккам. «Чоң-Кырмандын» оюнан машинага суу куюп алмакчы болуп токтодум.

Толгон жерден баягы сиздин уулуңуз төрөлгөн жердин өзүнө токтоптурмун. Ал жердин жөн-жайын кулагым чалган. Чоң түп чий өскөн арыктын имерилген жеринен чакага суу сузуп, бери бурула бергенимде жүрөгүм шуу этти. Чийдин түбүнөн чаар жылан башын көтөрүп, мени карап туруптур. Жоондугу менин балтырымдай бар, куйрук жагы чийдин арасында экен. Андыктан узундугу канча экендиги билинбеди. Аралыгыбыз анча алыс эмес болучу. Бүткөн боюм калчылдап, эмне кылаарымды билбей турдум. Ал былк эткен жок. Жылтыраган кара көздөрү менен карап тура берди. Анан артка жылып, төрт-беш кадам чегиндим. Ал дале ордунан козголбоду. Жыландан көзүмдү албай, акырын эңкейип жерден муштумдай таш алдым. Аны менен урмакка колумду жогору көтөрдүм да, селейип калдым. Эми эле көз алдымда турган жылан заматта жок болду. Ары-бери карап таппай койдум. Ошондон баратып эле эмне болуп кеткенин билбейм. Жолдон чыгып, коктуга түшүп кетипмин. Машинам аласалып, өзүм ичинде калдым», – деп кобурап олтурду ал. Анын сөзүн угуп олтуруп, бир түпөйүл ойдо калдым.

Кийин дагы бир нече шопур кырсыкка учурады. Алардын баардыгы ошол жерден жылан көргөндүгүн айтышты. Бул окуя чакан айылдын баш-аягына тарап, адамдар ошол жерден өткөндөн коркуп калышты. Алыстыгына карабастан шоопурлар батыш тараптагы чоң жолго салышат. Ал жерден жалаң эле шоопурлар эмес, башкалар деле зыян болушту. Даркан айылынан бир чабан бөлүнүп кеткен койлорун издеп жүрүп, ошол жерден өткөн экен. Атчан баратып жылан көрүптүр. Муну ал аялына айтат. Кечинде үйүндө кыңайып жаткан боюнча жан бериптир.

Кийин колхоз ошол тарапка апийим өсүмдүгүн айдады. Бир күнү эртең мененки апийимдин кырымынан машинада келатып, биздин эле жакын туугандардын келини баягы жыланды көрүптүр. Жанындагыларга айтса эч кимиси көрбөйт. Айылга жете берген кезде машинадан кулап кетип, башы менен ташка тийип каза болду.

Дагы бир кызыгы бул – ошол сен төрөлгөн чоң түп чийдин берки жагындагы сенин киндик каның тамган жердин чөбү куурап, такырайып калды. Азыр деле кичирээк боз үйдүн ордундай жер бозоруп, бир тал чөп өспөй турат. Сенин дартмандуу болуп калышыңа ошол жарыктык жердин бир таасири тийдиби деп ойлойм» деп атам буларды эки-үч сапар айтып берген эле. Ал киши сексен жаш курагында сексенинчи жылдын жай айында келбес сапарга аттанган. Бир күн да төшөк тартып жаткан жок, жарыктык. Кийин бир күнү энем кеп салып калды: «Абышка каза болордон он чакты күн мурда таекеңердикинен келе жатып, жолдун боюнан карачаар жылан көрүптүр.

Карап туруп кошунанын кашаасынын алдына кирип кетти деп айтты эле». Энемдин бул сөзү угуп олтургандарга  кандай таасир этти билбейм. Менин жүрөгүмө тык этти. Мурда кийин адамдардын аягы суюлбаган чоң айылдын борбордук көчөсүнөн жылан көрдүк дегенди уккан эмесмин. Балким, ал баягы карагашалуу жыландыр? Эгерде чын эле ошол болсо айылга кандайча келип калды? Анын үстүнө биздин үйгө чукул келип, дал атама көрүнгөнүн кандайча түшүнүүгө болот? Мен буга жооп таба албайм.

Мен алиге чейин түшүнүп, сырын ача албаган киндик каным тамган ошол жерге байланышкан дагы бир окуяны баяндап берейин.

Жогоруда белгилегендей, мен тубаса бут оорулуу болуп баса албай калдым. Врачтар эч нерсе кыла алышпады. Алардан айла болбогон соң ата-энем кайсы жерде көзү ачык, молдо-кожо чыкса ошол тарапка сундуйтуп, мени жондоруна көтөрүп алып жөнөп калышат. Же бир алардан майнап чыкпайт. 1960-жылы Токмоктон кыйын молдо чыгыптыр деп угуп, атам экөөбүз жөнөп калдык. Ал кезде Каракол-Бишкек жолунда асфальт аттуу жок, кичинекей автобустар жүрө турган таш жол гана бар. Таң супа сала жолго чыгып, бешим маалда жеттик. Молдонун үйүн көпчүлүгү билет экен, бат эле таптык. Менин болжолумда азыркы «Токмок» мейманканасынын жогору жагында, темир жолчулардын клубу түшкөн жерде болсо керек эле.

Барсак молдо үйүндө жок экен. Кемпири бизди үйүнө киргизип: «Молдокем азыр келет, ал бүгүн алыстан бир киши келет, кетпей күтүп турсун деп айткан», – деди. Көп зарыктырган жок. Алтымыштарга таяп калган, чокчо сакал, кызыл жүздүү, эткээл, жапалдаш бойлуу адам үйгө кирди. Үй ээси ошол экен. Кайдан, эмнеге келдиңер деп сурабады. Жөн гана ал-жайды сураштырып олтурду. Кеп арасында: «Мен силерди кечээ күнү келет деп күттүм эле, эмнеге кармалдыңар?» – деди. Чындыгында эле биз молдо айткан күнү чыкмакчы болуп, бирок, кандайдыр бир жумуш чыгып, эртесине калган элек. Мен анда он жашка чыгып, көп нерселерге түшүнүгүм жетип калган. Анын үстүнө зээндүү да болсом керек. Анын билип койгонуна таң кала түштүм. Балалык кыялымда бул киши бардыгын билет тура, эми мени айыктырат деген ой пайда болуп, эргип кеттим. А атам болсо эмне үчүн кармалып калганыбызды жайынча түшүндүрүп берди. Кыязы, ал дагы таң калды окшойт.

Чай ичилген соң, алакан отундай калың китебин алып келип, мени маңдайына олтургузду. Анан колундагы китебин бирден барактап ача баштады. Аягына чыгып, кайра башынан түштү. Бул көрүнүш эки-үч кайталанды. Арадан эки-үч саат өтүп кетти окшойт. Мен үргүлөй баштадым. Жатып уктагым келди. Бирок, аны айтууга батынбадым, молдону карап олтура бердим. Бир оокумда: «Мына, таптым!» – деп сүйүнүп кеткенсиди. Менин көзүм ачыла түштү. Атам да аны ынтаасы менен карап калды. Китебинен көзүп албай олтурган боюнча молдо жай, коңур үнү менен сүйлөп кирди: «Бала талаада төрөлүптүр, чынбы аксакал?» – деди. Атам: «Чын, молдоке» – деп башын ийкеди. Молдо сөзүн андан ары улантты: «Кичинекей эски арыктын жээгинде жалгыз түп чий бар экен. Төмөн жагы чоң сай.  Андан ат агызган суу агат экен. Туурабы?». Ал кайра атама көз кыйыгы менен карап койду. «Туура» – деди атам. Эми молдо шыдыр сүйлөй баштады: «Бала түшкөн жер абдан эски, унутулган мүрзө турбайбы. Мал бутуна тепселип отуруп, тегизделип калган. Анын ээси айрым адамдарга карачаар жылан болуп көрүнүп, зыянга кирептер кылат шекилдүү. Анткени ал адамдарга каршыгып калыптыр.

Ал бала төрөлө электе малга гана көрүнчү экен. Анан бала төрөлгөн күндөн тартып адамдарга көрүнө баштаптыр. Ымыркайдын киндигинен тамган кан ага кандайдыр бир таасир эткендир. Муну ачык билүү кыйын, Кудаанын колундагы иш. Ошол жерге кара козу союп, жыт чыгаргыла. Куран окугула. Кудай буйруса жакшы болуп кетет бала» – деп, көпкө чейин дуба окуду, дем салды. Бул канчага созулганын билбейм, олтурган боюнча уктап калыпмын. Эртеси ойгонуп алып, молдонун мен тууралуу бардыгын ачык билип алганына ого бетер таң калып, акылым айран болду. Өзүнчө бир кереметтүү адамдай сезилди. Атам деле менден кем эмес абалда калган окшойт.

Азыр ошол кишиде телепатиялык биотолкундар күчтүү өнүккөн болсо керек деп да ойлоп кетем. Циркте иштеген айрым кишилер адамдын оюн аралыктан билип коюшат го. Ушул сыяктуу эле молдо деле атамдын, же менин оюмду билип, өзүнө керектүү маалыматтарды чогултуп, анан аны кайра бизге айткандыр. Антти дейин десең кийинки окуялардын жүрүшү бул ойду жокко чыгарып, молдодо чындыгында эле кандайдыр бир сырдуу күчтүн бардыгынан кабар берип тургансыйт...

Молдонун үйүндө канча күн жүргөндүгүбүз эсимде жок. Көп эле жүргөнсүдүк. Атам базардан бир кой алып келип сойду. Күндө бир маал дуба окуйт, анысы көпкө созулат. Эртең кетебиз деген күнү молдо (баса, анын аты-жөнү эсимден такыр чыгып кетиптир) кичинекей жибек баштыкка толтура буурчактын данындай көлөмдөгү таштарды дасторкондун четине төгүп, атама карады: «Бул токсон ташты дубалап койдум. Эртең кетип баратканыңда ар кай жерге үчөөнү ташта. Калгандарын күн чыга элек маалда баланын төрөлгөн жерине күндө бирден ачкарын таштап жүр. Куран оку. Теңирим жалгаса балаң басып кетет» – деди.

Үйгө келип атам молдонун айтканындай кара козу союп, жыт чыгарды.  Куран окуду ошол жерге. Бирок, негедир мени алып барышпады. Ниетимде мен да барып, өз көзүм менен ошол жерди көргүм келип турду. Бирок, ачык айта албадым. Атам колхоздон бир ат сурап алды. Күн сайын таң кулан ээк салган маалда аттанып жөнөйт. Айыл менен «Чоң-Кырмандын» ою алты-жети чакырымча келет. Күндө куран окуп, таш таштайт. Кудайдын куттуу күнү чала уйкулуу болуп, ушунча жол жүрүү жашы өтүп калган киши үчүн жеңил-желпи иш эмес экендиги айгине го. Бирок, ата-эне балдарынын кандай гана азап-тозогуна чыдашпайт дейсиң. Алар үчүн колдорунан келгендеринин бардыгын жасашат эмеспи. Ал эми биз ата-энелерибиздин кыйынчылыктарына чыдап, жонубузга көтөрө алабызбы? Ай ким билет. Болбосо мусапырлардын үйүндө күн кечирген кыргыз абышка-кемпирлердин саны жыл өткөн сайын арбыбайт эле го...

Токсон таш түгөнөйүн деп калган маалда атам үйгө бир кызыктай абалда келе турган болду. Энем чыгып жардам бермейинче аттан түшө албайт. Көрсө, баягы жерге барып куран окуп, ташты таштаганда эле жер көчүп, кандайдыр бир үндөр угулуп, элес-булас сөлөкөт сымалдар көрүнө баштайт дейт. Көзү караңгылап, жанында турган атын таппай калчу экен. Эки-үч сапар аттана албай, жыгылып калганда бирөөлөр көрүп, үйгө жөлөп-таяп алып келгендери али көз алдымда. Акыркы таштарды таштай баштаганда жанына бирөөнү ээрчитип, араба менен барып атты. Себеби эс-учун жоготкон абалда келүүчү болду үйгө. Келгенден кийин бир-эки сааттан соң гана эсине келе турган. Акыркы, токсонунчу ташты таштап келгенде эки күн бою өзүнө келе албады. Айылдагы Исабек молдону алдырып келишти. Ал оо кыйлага дейре дуба окуп, дем салды. Экинчи күнү кечке жуук гана көзүн ачты. Ошентип, атамды азапка салган токсон таш түгөндү. Буга баарыбыз тең кандайдыр бир жеңилдей түшкөнсүдүк. Ал эми бул таштардын мен төрөлгөн жер, андагы карачаар жылан жана Токмоктогу молдо менен кандай байланыштары, кереметтери бар экенин күнү бүгүнкүгө дейре түшүнбөйм. Таштын атама тийгизген таасири дагы табигаттын чечилбеген түйүндүү табышмактарынын бири болуп калды. Эмнеси болсо да, ал таштардан мага тырмактай жылыш болбоду.

Дагы бир өкүнүчтүү да, таң калыштуу да окуя болуп өттү. Атам жакшы болуп кеткенден көп узабай менден эки жаш улуу эжем Зина арууркап, бир жумага жакын кыйналып жүрдү. Көзү көрбөй, дубал сыйпалап калды. Жер көчүп атканын айтып атты. Андан кийин иним Исакун, ал жакшы болуп кеткенден кийин андан кийинки иним Өмүракун арууркады. Мени эмне үчүн «аттап» кеткени түшүнүксүз болду. Мындай «аруу» мени кармаган күндө жакшы болуп, тактап айтканда, басып кетет эле деген да пикирди айткандар чыкты. Мунун канчалык деңгээлде чындыкка жакындыгы бар экендигин ким билсин.

Ал эми ошол каргыш тийген касабалуу жыланга байланышкан трагедиялуу акыркы окуя 1981-жылы күзгө жуук болуп өттү. Күнү бүгүнкүдөй эсимде. Бир жерим ооруп, күүгүмдө эле жатып алгам. Уктай элек болсом керек. Бектурсун аттуу жолдош бала келип калыптыр. Биз аны Бекилиң деп эркелете атачубуз. Жалгыз бала эле. Экөөбүз көп жылдардан бери жакын, жакшы мамиледе элек. Анча-мынча «сеп» эткен түрү бар. Өткөн-кеткенден кеп козгоп кыйла отурдук. Анан бир маалда кабатырлангандай: «Билесиңби Мусаке, кечээ малчыларды кыдырып (ал колхоздо веттехник болуп иштөөчү) келатып, «Чоң-Кырмандын» оюна ат чалдырайын деп түшө калдым. Ал жерди атайылап деле тандаган эмесмин. Сен төрөлгөн жер, андагы жылан жөнүндө укканым бар эле, бирок анча элес албаптырмын. Кээде адам колу менен кармап, көзү менен көрмөйүнчө ишенбейт тура.

Ошол жерге түшүптүрмүн. Атымды тушап коюп, чоң түп чийди карай бастым. Ошонун көлөкөсүнө кыңайып жата тургум келди. Жакындаганда анын түбүнөн башын жогору көтөрүп, мени тигиле карап турган билектей карачаар жыланды көрдүм. Негизи мен жыландардан коркчу деле эмесмин. Көп кармачумун. Бирок, бу сапар абдан коркуп кеттим. Көзүмө бир башкача көрүндү. Саамга тиктешип турдук. Анан акырын эңкейип муштумдай таш алып, тап берерим менен көздөн кайым болду. Эгерде сойлоп качса көрөт элем го. Ордунан козголбой жок болду. Чийдин түбүн аңтарып, ийнин таппай койдум. Борпоң топуракта сойлогон изи да көрүнбөдү. Куран билбесем да, келме келтиримиш болдум. Аттанып алып артымды карасам дале карап туруптур. Бастырып жүрө бердим» – деди. Байкасам сарсанаага батып алгандай. Бир нерселерди айтып жубатымыш болдум. Ага деле муюбады көрүнөт. Үйүнө чакырды,  негедир баргым келбей мойноп туруп алдым. Кайсы бир жерим ооруп, жаным жер тартып турган. Анын үстүнө, эмелеки айткан сөзү негедир мени түпөйүл ойлорго салып, көңүлүмдү ого бетер чөктүрүп койду. Мени көндүрө албасына көзү жеткен Бекилиң суз коштошуп, чыгып кетти. Атын короого байлаптыр. Дүпүрөтүп катуу чыкты. Мага таарынып, ачуусун атынан чыгаргандай ойдо калдым. Бир нече мүнөт өтүп-өтпөй эле көчөдө чуру-чуу чыга түштү. Антип-минтип кийинип тышка чыктым. Биздин үйдөн нары элүү-алтымыш метр ченде эл чогула баштаптыр. Эми эле аттанып чыккан Бекилиң бараткан машинага урунган экен. Ооруканага жетпей каза болгонунун айтып келишти.

Ошондо өзүмчө бир айтып түшүндүрө алгыс азап чектим. Көңүл чөгөргөн ойлордун тепкисинде чайналдым. Бекилиңдин чакырганына болбой койгонум үчүн өкүнүп, өзүмдү өзүм жек көрүп кеттим. Эгерде мен анын атын минип алганымда ал аман калат беле? Чын эле анын өлүмүнө жылан себепкер болдубу? Кандай каргыш тийген жерде төрөлгөм, ал эмне деген сырдуу жер? Андагы жылан эмне деген жандык? Деги тирүү нерсеби ал өзү? Эмне үчүн аны көргөндөр соо калышпайт? Неге ал адамдарга ушунчалык каршыкты экен? Неге мени жарым жан кылып, ушунча азапка матырды? Анын алдында эмне жазыгым бар? Бирок, бул сыяктуу жана дагы жүздөгөн суроолордун бирине да жооп таба албадым.

Кудайга шүгүр, ошондон бери «Чоң-Кырмандын» оюнан жылан көрдүм деген жанды уга элекмин. Каргашалуу ошол жыланды эч бир пендеңдин көзүнө мындан ары чалдыктыра көрбө деп, Көкө Теңирден миң мертебе суранып келем.

Комментарий калтырыңыз