Аскадан ылдый туңгуюкка кулап баратсаң, эмне үчүн учууга аракет кылууга болбосун? Андан эмнең кетмек эле?
♦ ♦ ♦
Менин эң жакшы эрежем бар: айланамда болуп жаткандар жакпай калса, ал жерден дароо кетем.
♦ ♦ ♦
Экөөбүз азаматпыз, биз колдон келгендин бардыгын жасадык. Эми колдон келбеген нерселерди бүтүрсөк ийгиликке сөзсүз жетебиз.
♦ ♦ ♦
Өзүңдү сүй жана макта. Ушундай маанилүү ишти чоочун бирөөгө табыштаган болобу!
♦ ♦ ♦
Кээде алдыга жасалган чечкиндүү кадам, көчүккө жеген тепкинин жыйынтыгы.
♦ ♦ ♦
Аялдардын бардыгы – жин тийген канаттуулар сыяктуу. Маселе мында: алардын көпчүлүгү учканды үйрөнүүгө аракет кылгандан көрө, жылуу уя салып алганды артык көрүшөт.
♦ ♦ ♦
Бир мааниси чоң купуя сырды ачайын: керектүү деген жерге барба, каалаган жагыңа бар.
♦ ♦ ♦
Эмне туура, эмне туура эместигин ар бир адам өзү тандайт. Ойлонуп тандоону адатка айлантып алсаң, сага жаккан нерсенин бардыгы туура.
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ