Макс Фрай: Эгерде бир нерсе жакпаса, аны тез арада өзгөрт

  • 21.07.2020
  • 3718

Айланаңда жымжырттык өкүм сүрүп, жалгыз олтурганда эмнелер жөнүндө ойлойсуң? Өмүрүңдө эмне ийгиликтерге жеттиң, канчасына жете албадың? Күчтүү жана алсыз жактарың кайсылар? Келечектен эмнелерди күтөсүң?

Максатыңа жетүү үчүн эмне кылсаң ийгиликке жетесиң да, эмнени кылсаң ара жолдо каласың? Ушундай жалгыз калган учурларда өзүңдүн ой жүгүртүүлөрүңө үңүлүп көңүл бур. Анткени, турмушуңда ийгиликке жетишип, бакыттын даамын татуу үчүн жалгыз жол – бул ой жүгүртүүңдү керектүү нукка өзгөртө билүү.

Төмөндө ой жүгүртүүңдү жөнгө салууга көмөк болор санаттарды сунуш кылабыз.

♦ ♦ ♦

Көзүнө тике кароодон качсаң, андай нерсени эч качан өзгөртө албайсың.

♦ ♦ ♦

Кээде жакшы иштин деле аягына чыга албаган учурлар болот, бирок анын ордуна андан да маанилүү жана ийгиликтүү иштер келерин унутпа.

♦ ♦ ♦

Баасын ойлобо, баалуулугун ойло.

♦ ♦ ♦

Катаны көп кетирип, алдыга эптеп жылып баратсаң да, дагы эле эч нерсе жасабаган адамдардын алдында бара жатасың.

♦ ♦ ♦

Бирөөнү жамандагандан эле өзүң жакшы болуп кетпейсиң.

♦ ♦ ♦

Жүз досту табуу оңой. Ал эми жүздөгөн адамдар сага каршы болуп жатканда сенин таламыңды талашкан бир досуң болсо, мына ушул таң калыштуу.

♦ ♦ ♦

Убакыт жетпей жатат деп эч качан айтпагыла. Силердин деле бир суткада Хелен Келлер, Пастер, Микеланджело, Тереза апа, Леонардо до Винчи, Томас Жефферсон, Алберт Эйншейинге жана башкаларга берилгендей эле убактыңыз бар.

♦ ♦ ♦

Эгерде бир нерсени чындап эле жасагың келсе, аны жасоонун жолун сөзсүз табасың, эгерде жасагың келбесе, шылтоо табасың.

♦ ♦ ♦

Кооз көрүнгөн нерселерди тандабай, жан-дүйнөңөрдү сулуу кыла турган нерселерди тандагыла.

♦ ♦ ♦

Көйгөйүңө жардам берер адамды эмес, көйгөйүңдү чечүүгө жардам берер адамды изде.

♦ ♦ ♦

Өзүң адилеттүү болсоң эле, бул дүйнөдө сага акыйкат мамиле жасашат деп күтпө – бул сен арыстанды жегиң келбесе да, арыстан сени жебейт деп ишенген менен барабар.

♦ ♦ ♦

Кээ бир адамдар аябай жарды, анткени алардын болгон байлыгы акча.

♦ ♦ ♦

Өз жашооңдун жаңы барагын, мурдагы баракты окуп бүтмөйүнчө баштай албайсың.

♦ ♦ ♦

Эгерде бир нерсе жакпаса, аны тез арада өзгөрткүлө. Эгерде өзгөрткөнгө эч нерсе таппасаңар, анда ой жүгүртүүңөрдү өзгөрткүлө.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз