Токтобүбү токол, томпой ооз жигит

  • 21.07.2020
  • 4017

АҢГЕМЕ

Куйручук казак туугандардан келе жаткан Шамшыны ашып кетмек. Бир коктуда төрт үй турат. Кеч кирип калгандыктан конуп кетүүнү туура таап, атынын башын айылга бурду. Түмөнбай байдын үч аялы бар. «Байлык эмне дегизбейт, жокчулук эмне жегизбейт» дегендей үч аялына үч башка энчи бөлүп берген.

Бул Токтобүбү деген токолунун айылы. Ак өргөөдөн окчун тигилген эки кара алачыктын бирөө жылкычыныкы. Бирөөндө койчусу турат. Тигилерге катарлаш тигилген дагы бир кара алачыкта орто жашап калган жесир аял он бир, он экилер чамасындагы эркек баласы менен Токтобүнүн күлү менен чыгышып, оту менен киришип кара тамак үчүн жалдангандар.

Куйручук токол менен учурашып, төргө барып отурду. Түндүктү, керегенин баштарын одурая карап алып:

— Түмөнбай байдын үйү ушулбу?

— Ооба, ушул!

Куудул бешмантын чечип, тебетейин алып топучан малдаш урунду. Анан сакалын сербеңдетип, оозун күбүрөтүп:

— А кудая парпардигер! Ак майга тоюп, кызыл чай ичип буюрса жакшы эс алат экемин!—деп тура калып жүктүн үстүнөн жаздык алып кыйшая кетти.

Токтобүбүнүн чыйпыйы чыкты.

— Эмне жумуштап келдиңиз? Үйдүн ээси жок. Өзү барда келиңиз!

— Өзү казанын, тамак-ашын артына кетти беле?

Аял мукактана түштү.

– Эркеги жок үйгө коно албайсыз.

— Ошол сени жалгыз эси чыгат? — деп мен келип отурбаймынбы.

— Чалымын ачуусу чукул. Баары бир жаткыра албайм.

— Койнуңа жаткырбасаң жаткырба. Мен капшытка эле жатам! — деп куудул мурдун чүйрүп, бир көзүн жуумп, бир көзүн тостойтту.

Акыры жадаган аял эшикке чыгып кетип, бир аздан кийин эки эркекти ээрчитип келди. Эркектер салам айтып киришти.

— Курдаш, жүрүңүз, биздин үйгө. Буюрган насипти татып, жатып аласыз. Бай үйүндө жок эле. Ал жокто бул үйгө эч ким конбойт,— деди анын бири.

— Ботом, эч ким жатпайт дейсиз. Береги аял өзүм жатам! — деп жатпайбы? Жалгыз жаткырбай мен деле жатсам эмне болот эле? – Куудул оозун кыйшайтып койгондо эркектин бирөө бышкырып эшикке чыга качты.

— Малга мал эш, жанга жан эш. Түмөнбайдын үйүнө түнөбөй эле коёюн. Мобул жарылып бышкан көмөчтөй болгон катыны өзү жата берсин! — деп эшикке чыгып кетти.

Ай төбөгө көтөрүлүп, ой-тоолор төгүлгөн нурга бөлөнүп жарык. Аңгыча тигил коктудан бир караан чыкты. Короонун четине келип, айлананы бир аз тыңшап туруп, Токтобүбүнүн өргөөсүн көздөй басты. Ооба, ал, сойку аялдын түнкү коногу. Мындай бир кызыктуу окуя болорун куудул жана өз белгисинде билип, тигил койчу Эрмектин үйүнө жатпай дөңгө чыгып кеткен.

Куйручук сыртка чыгып кетери менен Токтобүбү өз үйүнө казан асып, ойношун күтүп жатты. Тигил жигит кирип барганда кылыктана тосту. Эки кишиге ченеп салган чүйгүн этти булоолонтуп, чоң кара табакка чыгара баштады. Куудул жанагы киши кирген жакка утурлай басты. Нары коктунун таманындагы талдын арасында байланып турган тору кашка атты көрдү. Ачка жаныбар окуранды. Аны чечип алып өзүнүн атынын жанына аргамжылап, жайдактап ээр токумун алып койду. Анан кайра басып жанагы токолдун үйүнө келди. Тамагын эчак жешип, төргө керилте төшөк салып, ага орсок тиш, томпой ооз кара жигити жатып калыптыр. Аял да чечинип жатты.

— Муздап кетипсиң. Тигил чокко жылынып келчи,— деп жумшады жигит.

Токтобүбү келип отко кактанды. Шыкаалап турган куудул:

— Ой, томпой ооз, топоз мурун. Тигил аялды бышырып жейсиңби? — дегенде эси чыккан Токтобүбү төшөгүнө кире качты.

Тигил ойношу куур шымын, кемселин көтөрө эшикке чуркады.

— Эй, Түмөнбай! Токолуңду тозок отуна күйгүзүп, шишкебек кылып жеп жүргөн неменин шиши толуптур. Карма! — деп кыйкырды.

Иттер ажылдап, жылаңач качкан кишинин аркасынан кетишти. Токолдун жүрөгү оозуна тыгылып титиреп, чүмкөнүп жатты. Ойгонгон койчу чыга калып кыйкырды. Кудай бетин көрсөтпөсүн, айыл конгон коктунун ичин тажаал ээлегендей кылды. Койчу жигит Куйручуктун жанына басып келди.

— Ит, куш көрдүңүзбү? — деди.

— Көрдүм, томпой ооз, топоз мурун, орто бойлуу, арам ойлуу бир ит токолдун үйүнө шимшип кирди. Шишкебек эмес эле токолду бышырып жейин деп жатканда кыйкырып жиберип, араң аман алып калдым! Жүрү,— деп койчуну ээрчитип барып талдын арасында атын таппай жүргөн жанагы неменин үстүнөн чыгарды.

Жылаңайлак экен. Шымын кийе албай калтырайт. Көрсө ал «бирөөгө бекер бир чөйчөк айран куйбаган, кошунасын көөлөп, кошомат кылып корккон адамды сыйлаган, сасык айран, көк курут, малын ит жеп, желкесин бит жеген» Жаманбай деген сараң байдын уулу экен. Кармап алышты. «Ууру» дешти. Акыры томпой ооз жалынып Куйручук менен койчуга чынын айтты. Үчөө чогулуп Токтобүбүнүкүнө келишти.

— Эй, көчүгү сокудай, көкүрөктөгү эки эмчеги топудай болгон сойку, Куйручук деген мен болом. Ооз басырыкка мобул ак эмгеги менен алдында кызматын кылып жүргөн койчуга мен айткандарды бересиң. Тээтиги сандыгыңды ач. Беш кез карала сатинди бери алып чык. Койчунун келинчегине бересиң. Анын алдында көк гүлдүү чыт жатат. Аны тигил жылкычынын аялына бер. Булар сенин сойкулугуңду эч кимге айтышпайт.

Эми ал сараң байдын уулуна карады:

— Сенде күнөө көп. Эртең бийге салып тогуздап айып тарттырам.

— Атакебай, андай кылбаңыз! Мындан кийин ушул жакка бассам бутум сынсын,— деп томпой ооз жигит жалынып жиберди.

Куудул:

— Сенин төш калтаңда беш сом бар, ошону бери алып чык.

Жигит титиреген колу менен төш чөнтөгүн сыйпалап беш сом акчасын алып чыкты. Эртең менен аттанарда Кукең беш сомду майдалап өзү жанынан бир сомду жетим балага, эки сомун койчуга, эки сомун жылкычыга берди. «Байбиче, чепкен тиктирип кийиңиз» деп тиги жесир аялга куржундагы беш кез трайкесин карматты. Сойку аял менен томпон ооз Куйручуктан соо кутулгандарына сүйүнүштү.

Жыйнаган Эркалы ӨСКӨНАЛИЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз