Динара Бейшеналиева: Абдырахмановдун акыркы күнү

Согуш ардагери Аскар Абдыразаков менен  маек...

Кыргыз элин  бир эмес, эки жолу сактап калган эл уулу Жусуп Абдрахманов  26 жашында Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин төрагалыгына дайындалып, эли-жерим деп күнү-түнү күйгөн чырактай жанып кетти. Жакшынын жарыгы өчпөйт экен. Эл жакшысын унутпайт тура.

“Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат,
Осмо кетет каш калат, оомат кетет баш калат”- деп Барпы атабыз айтмакчы, эл калат экен. Элим деген сүйүү түркүгү урабас экен. Андай түркүк кургак эмес, күн өткөн сайын тамырлап, тереңдейт тура. Кечээги өткөн замандын жарыгы жанып туру бүгүн. Эртеңге жарыгыбыз барбы?  Оомат кетип, баш калганда, баш да  барар жерине барганда өкүнүү, өкүрүү күтүлүү турак.  Дегеним, ар жасаган жамандык, жакшылык да текке кетпес, эсеп дүнүйө  бу жалган. Кудайдын бардыгы кандай жакшы. Биз Жусуп Абдырахманов жөнүндө көп эле жаздык. Бу жолкусу эл уулунун ошол Жараткандын астында тургандагы ыйманы, улуулугу тууралуу азын-оолак кеп...

Абдырахмановдун акыркы күнү жөнүндө бирөөлөрдөн угуп калдым. Сураштырдым. “Ушул көп кабаттуу үйлөрдүн биринде  бир абышка жашайт. Зериккенде  сыртка чыгып,  “Жусупту аткан киши менен сүйлөшкөм”  деп калат. Өзү согушка катышып, Берлинге чейин барган экен”,- деди маңдайымдагы киши. Айткан даректи бат эле  таап алдык. Кирсем,  апа ооруп жатканбы, төшөктөн турган жок.  Ата: “Мен дагы ооруп калыптырмын, кызым. Бир аз сүйлөшсөк сүйлөшөлү” деди.

(Бул ата менен маектешкенден бери эки-үч жыл өтүп да кетти. Ошондо ооруп жатты эле, бар эле болсо экен деп тилеп турмун. Д.Б)

*     *     *

- Мен 90 жаштан өттүм. Эмнелерди гана көргөн жокмун. Жашымда Нарында кирпич заводдо, кийин  почтодо иштедим. Ошо почтодо иштеп жүргөнүмдө документ жоголду. 78 миң төлөнгөн  квитанция бизге түшпөй, Казакстандын темир жолуна өтүп кетиптир. Начальнигим барып, алып кел деп мени жөнөттү. Пишпек-Алматы каттамына билет алып, поюзга отурдум. Поюз кыйла жүргөндө ак сакалы жайкалган,  маңдайы жарык абышка биздин купеге түшүп  калды.

Аскар ата

- Кай жерден болосуң, карагым?

Баягы казак абышка мага кайрылды. Мен анда отуздардагы болуп-толуп турган  жигит курагым. Абышка болсо азыркы ушул менин жашымдагыдай көрүндү. Бирок баскан-турганы тың, шайдоот экен. Даанышман да көрүндү.

 - Ысык-Көлдөн болом.

- Аа, кыргызсыңбы? - деди  абышка алда  кандай бир нерсе айтчудай ойлуу.

 - Ооба, кыргызмын, ата.

- Аа, жакшы. Сени мага Кудай жиберген экен. Өлсөм көрүмө ала кетемби деп коркчу элем, сага айтайын. Кыргыздын Жусуп Абдырахманов деген мыкты уулу болгон, билчү белең?

- Билем. Ал киши менин таянемдин иниси. Репрессияда атылып кеткен.

- Ооба. Катаал замандын курмандыгы болду. Биз бардыгыбыз курмандыгы болдук. “Бөрк ал десе, баш алган” заман канча мыктылардын канына забын болду. Биз солдат элек. Жогортон болгон буйрукту аткарбаска айлабыз жок эле. Көкүрөктөгү санаа да ушул. Абдырахмановдун жалындаган көзү ушу күнгө дейре көз алдымда тартылат да турат...

 Ошол күнү күн  адаттагыдан тыш мемиреп, жылуу болуп турду. Биз шинелчен. Ал көйнөкчөн.  Суукту деле сезген жок. Бир аз мурун атылып кеткендердин жанына алып барып,  атмак болуп турубуз. Бир убакта:

- Жигиттер! - деди Жусуп Абдырахманов мылтык кезеп турган бизге  өктөм үн менен. - Баарыңар мусулман балдары экенсиңер. Жанымдагы күнөөсүз сулап жаткан эр-азаматтарга куран түшүрүп  алайын. Өзүмө да жаназа окуюн. Ыйман айтып алайын, мылтыгыңарды кезебей, түшүрүп тургула!

Мындайды күтпөгөн биз селдейе түштүк. Куралдарды төмөн түшүрдүк. Жусуп кыбыланы карай чөк түшө отура  калып,  көпкө  чейин куран окуду. Бир маалда ордунан турду.

- Жигиттер, эми милдетиңерди аткара  бергиле!”- деди, бизге артын салбай тике тиктеп. Шумдук, көзүнөн от чачырап турду го. Жалын жигит. Кайран жигит. Көзүнө карай албай койдум. Колум калчылдап аталбай  турдум....” – деди баягы абышка оор үшкүрүнүп. Бир нерседен бошонгондой жеңилдеп да алгансыды. Казакстандын Агаш деген жеринен  түшүп калды. Мен андан ары кеттим.

*     *     *

- Жусуп Абдырахманов таэнеңиздин иниси беле?

- Ооба, аталаш инилеринен болуп  кетчү. Жусуп өзү орусча, арабча кыйын билген киши эле да. Курч эле.  Ошол курчтугунан эл-жеримди сактайм деп атылып кетти да. Ак жеринен кетти эле, акталды. Ошонусу жакшы болду.

- Өзүңүздүн канча балаңыз бар?

- Бир уул, эки кызым бар. Бул үй кызымдын үйү. Кемпирим Нурбүбү  да токсон таяп келет. “Карыдыңар, айылда эмне кыласыңар? Биз бу жакта карап турабыз деп алып келишкен.

1945-жылы, 17 жашымда согушка кеткем. Берлинге 36 чакырым жетпей калдык. Согуштан 1950-жылы, 25-ноябрда келдим. Сталин “кайра калыбына келтирүү иштери”-  деп алып калган. Колго түшкөн немис, француз солдаттарын кайтарчубуз.

Убагында немистер басып алган жерлериндеги  кыз-кыркын, бала-чаканы   гана жыйнабастан, мал-салга чейин ташыган да. Биз дагы кулчулукта жүргөндөрдү мекенине кайра жөнөтүп,  туткунга түшкөндөрдү карап, кызмат өтөдүк. Согуштан 23 жашымда келдим. Келип, бу апаңар менен баш коштум. Ошондон бери биргебиз.  Жашоомо ыраазымын.

*     *     *

Узакка маектеше турган кырдаал эмес эле, бир-эки суроо берип эле чыгып кеттим. Жумуштан келаткам, кеч да кирип кетти. Ойлорумду салмактай жөө келаттым. Тээ алмустактан бери нече заман өттү. Нечендеген замандын курмандыктары өттү. Белгилүү, белгисиздери бар. Жусуп Абдырахмановго окшогон  аталарыбыз репрессия курмандыктары болсо, ата мекен үчүн канчалар боо-боо түштү?!.

Бейшеналиев Курманкожо

Бейшеналиев Курманкожо

Алардын арасында  менин да чоң атам бар. Бейшеналиев Курманкожо атабыз 16 жашында кетип, дайын оту жок. Өзү суранып, жашын жогорулатып алган дешет. Кан күйгөн согушта чыдап отуралбаган чыгар. Кай жерде, кандай өлгөнү белгисиз. Же байкуштун артында бала калган жок.  Бүгүн кези келиптир, атын атап койдум. Ата-Журтум деген аталардын баарына башымды ийип, таазим этем! Ылайым, элибиз тынч-эсен, узак-узак өмүр сүрсүн...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз