Динара Бейшеналиева: Раззаковдун көз жашы

Кыргызга түшкөн кут эле

Тээ Өзбекстандын жетимканасында кыргыздын бир жетим баласы бар экен деп түйшүк тартып түйшөлгөн  уулун эл эч качан унутпайт...

Тээ адам аягы жетпеген ак мөңгүлүү тоолордун арасында бир чабан бар экен деп, өзү кийбеген чийбаркут костюм-шым, ак көйнөк, китеп-калем алып барып берип, көңүл улаган уулду ким унутат? (Жаздык. Ал чабан өлөр өлгүчө Раззаковго куран багыштап жүрүп өтүп кетти...Д.Б.)

Шаардагы жалаң башка улуттун өкүлдөрү иштеген фабрикага айылдан бир кыргыз кыз (Бүбүйра Кыдыралиева апабыз. Д. Б.) келиптир деп атайын барып учурашып, дагы келе бергиле, көбөйө бергиле деп сүйүнгөн жолбашчыны ким сыйлабайт?..

Жыйым-терим учурунда эл менен кошо жатып, кошо туруп иштеген, элдин кымындай жакшылыгына сүйүнүп, кымындай кыйычылыгына жүрөк ооруткан, кыргызга түшкөн бир кут эле Раззаков. Көр пенделиктин, көрө албастыктын айынан эл-жеринен алыстап, “Туулган жерим, сага жетпесем да, сага жакыныраак Өзбекстанга барып, абаңды сезип турар күн келер бекен?”- деп зар какшаткан ак-каранын күнгөй-тескейи да эл эсинде...

Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат. Бу кара жан калбаган жалган дүйнөдө алты күндүк алкымды тыйып, калдайган калың журттун эртеңи үчүн кара жанын карч уруп иштеп койгон уул керек бүгүн да. Пенденин оозунда болсо, Кудайдын кулагында, бүгүнкү бардыгыбыз кечээ күнкү эл мыктыларынын, эл жакшыларынын ак ниет, ак сүйүүсү  эмеспи...

*     *     *

Тээ Өзбекстандын жетимканасында кыргыздын бир жетим баласы бар экен деп түйшүк тартып, түйшөлгөн  уулун эл эч качан унутпайт...

60 жылдан ашуун мамлекеттик телерадиодо адабий-драмалык программалардын режиссёру болуп иштеп келген, элге эмгеги сиңген Турсун Уралиев ата менен маектешип калган жайым бар.

80 жашка келип калган ата менен узакка сүйлөштү элек.

Маек түрүндө болсо узарып кетпесин деп ушул форманы тандап алдык, анда, эскерүү назарыңыздарда...

Баштыкка салынган бала

Мен төрөлгөн убакта репрессия деген башталган. Атам репрессияга учурап камалып, дайынсыз кетиптир. Андан көп өтпөй эле апамды, эки бир тууганымды куугунтукташып, камайбыз деп милийсалар келишет. Алар келатканда эле апам жамандыкты сезип, жаңы төрөлгөн мени баштыкка салып алган экен. Ошентип, айдап жөнөшөт. Эл менен кошо апамды да машинеге түртүп киргизе башташат. “Берки чоң балдарымды соо койбойт. Жок дегенде ушул балам аман калсын, бирөө-жарым таап алаар” деген кыязда баштыктагы мени арыктын ичине таштай салат. Артындагы милийса апамды машинеге түртүп киргизет. Ошондо да бирөө-жарым жолукса дайындайын деп машиненин кырына келип алат. Караса эч ким көрүнбөйт. Аңгыча тайкемдин: “Бурулкан!” - деген үнү чыгат. “Байкуш эжемдерди куугунтуктап атат деп укту элем, кантти экен?” – деп ат менен чаап келип калган экен.

Апам сүйүнүп кетип: “Алымкожо, мен мындамын!” - деп кыйкырат. Экөө бир-бирин көрүшөт. “Арыкты кара, арыктын ичин кара!” – деп кыйкыра берет. Бала деп айтсам милиция таап алып, өлтүрүп салат деп ойлойт. Тайкем арыктын ичин карап кирет. Бир жерде баштык турганын көрүп, ичин ачса – бала. Мени орогон жалаяктын баары суу болуп, суу оозума келип калган экен. Тирүү жанмын да, башымды көтөрүп, какап-чакап жатыптырмын. Таякем мени ала коюп: “Бурулкан! Таптым, таптым!” - деп кыйкырат. Апам: “Менден сага аманат, аман алып кал!” - деп кыйкырганга үлгүрөт. Машине ордунан жылат. 

 

Ошо боюнча атамдан, апамдан, эки бир тууганымдан кабар болбоптур. Мени тайкем үйүнө алып келип, аялына карматат. Багып жүрүшөт. Аңгыча таякемдин Ташкенден балалуу боло албай жүргөн бир тууган кайниси келет. Таякем: “Сен ушул баланы багып ал, Кудайдан болуп балалуу болуп каларсың”, - деп ага карматып жиберет. Ошентип, ал багып алат. Басып, чуркап ойноп калган кезимде ал аялы менен ажырашып кетет да, мени бир карачай досуна: “Келип алып кетем, карай тур”, - деп табыштайт. Ошол боюнча келбейт. Тиги карачай окуй турган болуп калганымда мени жетимканага өткөзөт.

Жетимканада

Мага эч ким келбейт, бирөө абалымды сурабайт. Калган балдардын баарына туугандары келет, дем алыш күндөрү үйлөрүнө алып кетишет. Мен гана бир байкуш. Башымды жерден өйдө көтөрбөй, жеркөз болуп калдым. Кабагым ачылбайт, өзүмчө ыйлап-ыйлап алам. Бир күнү Өзбекстандын элге билим берүү министри Исхак Раззаков деген келет экен деп эл дуулдап, ары-бери чуркап эле калышты. Биздин жетимкананын деректири менен Исхак Раззаков жетимканада бирге чоңоюшкандыгы үчүн бирин-бири жакшы таанышат экен.

Келди. “Тиги бала каяктан, бул ким?” - деп сурап кыдырып келатып, четте ыйлап турган мага көзү түшүп калды. “Йыглап аткан бала ким?” - деп сурады. “Ал кыргыз бала” – деди деректирибиз. “Нема? Канака кыргыз?” – деп чочуп кетти Исхак аке. “Ушунака, кыргыз бала, Көлдөн. Ич кимиси ёк, ич ким келмейди ям. Ысымы Турсунжан”, – деп бардыгын айтып берди эле, Исхак Раззаков мени карап: “Турсунжан, беракка чыгың”, – деди. Жалтак өскөн жаным ордумда ыйлап тура бердим. Өзү жаныма басып келди. “Нимеге йыглайсыз? Йигит киши ям йыглайдымы? Йыгламаң. Сизди йигит дейди”, – деп башыман бир башкача мээрим менен сылады. Ишенсең, анын колунан өткөн жылуулук ошол төбөмдөн төмөн куюлуп, ысык бүт денеме тарады. Эч ким мени ушул убакка чейин чекемен сылабаптыр. Абалымды сурабаптыр. Баягы жылуулук жүрөгүмө жетти, көзүмдөн жаш кетти...

...Эмне болгонун билбейм, бир убакта а кишинин бутун бекем кучактап алып, кыйкырып ыйлап жатыптырмын. Үнүм ушунчалык катуу чыкты окшойт, тиги жак, бу жактан баары чуркап келишти. Ичим толуп, бук болуп калган экенмин, өкүрүп аттым. Ошол күнгө чейинки көргөн азап-тозогум чыгып атты окшойт ичимен. Исхак акени карасам, ал дагы көзүнүн жашын төгүп туруптур. Эч ким биздин жаныбызга даап келе алган жок...

Ошо менен мени колуман жетелеп алып, өзү менен чогуу алып жүрдү. Конокто болсо да мен жанында болом. Бир колум менен а кишинин колун кармап алам да, бир колум менен тамак жейм. “Эки колдоп жеңиз, мен кетмаймин”, – дейт. Кечинде да менин жаныма төшөк салып бергиле дейт, а кишинин жанына жаттым. Эртеси кетээрде: “Турсунжан, мен 3 жылдан кийин келип, сизди алып кетемин. Якшы бала болуп жүрүңүз”, – деди. Мен ыйлап атам. Машине кетип баратканда аркасынан кол булгалап чуркадым. Чуркап баратам, ыйлап баратам. Мени досуна “Жакшы кара”, – деп дайындап кеткен экен. Бөлөк бөлмөгө которушуп, кийим-кечек берип, жуундурушуп жакшы карап калышты. Үч жылдан кийин кетем деген үмүт менен мен да жакшы окуп, жакшы жүрдүм.

Раззаков келген күн

“Мына Турсунжан, эртеге Исхак акеңиз келеди”, – деди жетимкананын деректири. Ордуман ыргып турдум. Жуунуп-тазаланып алып жол карайм. Түн ортосуна чейин күтүп жүрүп, уктап калыптырмын. Эртең менен жетимкананын деректири келип: “Туруңуз эми, Исхак акеңизди тосолу ээ”, – деди. Ордуман атып эле турдум. Күтүп атабыз. Тигине келатат дегенде өзүмөн өзүм эле машинени утурлай чуркап жөнөдүм. Чуркап баратам, чуркап баратам. Мени көрүп ал киши да машинени токтотту. Машинеден өзү түшүп келип, менин чекемен сылады. “Мына, мен келем деди элем го, келдим. Караңызчы, канака катта жигит болуп калгансыз”, – деп эркелетти.

Ошентип, самолёт менен мени Ташкентке алып кетти. Түн ичинде Ташкентке келдик. Ташкент түн болсо күндүзгүдөй жапжарык экен, таңкалып карап жүрөм. Мени Ташкент киностудиясынын деректири Камил Ярматов дегенге табыштады. Алишер Навои, Ибн Сина деген кинолорду тартып, сталиндик сыйлыктын 4 жолку лауреаты болгон. Азыркы Өзбекстандын киностудиясы ошо кишинин атынан. Ал киши анан мени үч жылдык студияга окутуп, ошол студияга иштетип да койду. 14төн 15ке караган убагым эле. Жаткан жерим, иштеген жерим, окуган жерим ошол жерде. Өзбекстандан тартылган кинолордун баарын каттайм, актёрлорду каттайм, ким келди, ким келген жок. Өзүм киного тартылам. Бардыгы Турсунжан деп жакшы көрүшөт. Кийин аны окуп бүткөндө искусство институтунун 4-курсуна отургузуп койду. “Камил аке, бу канакасы?” – десем, "Мен сизге ишенем, окуп кетесиз. Булар 3 жыл окуган нерсени сиз практикадан көрүп койдуңуз”, – деп койду. Жакшы киши болчу. Ошо менен окууну “эң жакшы” деген баага бүттүм. Камил Ярматов мени Ташкент телевидениесине режиссёр кылып калтырды. Исхак Раззаков ошол кезде Кыргызстанга келип, Министирлер Кеңешинин төрөгасы болуп иштеп калган экен. Анан бат эле Кыргызстан КП БКнын Биринчи катчысы болуп көтөрүлдү.

Бир күнү мени чакырышты. Камил акенин үстүнө колуму төшүмө алып учурашып, өзбекче сүйлөп кирсем, бир аял киши менен бир эркек киши өздөрүнчө сүйлөшүп атышат: “Ай, бул накта эле өзбек ко”, – дешип. Камил аке: “Бул кыргыз”, – деп күлдү. Мени узатып атып: “Турсунжан, сизди кыргыздар капа кылса бу тарапка ойлонбой туруп чаббың. Мына орун сиздики, эч кимге бербеймин”, – деди. Тигил аял Рабия Менсеитова экен. "Келбейт, бизге кадр керек. Бул биздин уул”, – деди. “Ие, биз багып-кагып, йигит кылып койгонубузда ээ чыга каласыздарбы?” – деп тамашаламыш этип, ичи тызылдап араң узатты. Себеби, “менин оң колум” деп жакшы көрчү эле. Көрсө, Исхак аке “Киши жөнөтөм, бизге бериңиз” деп телефон чалган экен.

КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Турсун Уралиев

КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Турсун Уралиев

Кыргызстандагы өзүбек

Мени алып келишип мейманканага жаткырышты. Күн мурун баарын даярдап коюшкан экен. Эртеси телевидениеге чакырышты. Барсам, Рабия Менсеитованын жанында Исхак Раззаков отурган экен. “Муну эфирге сүйлөтө көрбө, өзбекче сүйлөп турса оңтойсуз болобуз. Режиссёрлук кыла берсин. Тилине болсо азыр Кубанычбек Маликов келет, чакыргам”, – деди. Аңгыча ал да кирип келди. Кирип эле: “Өзбегиңер ким?” – деди шуулдап. “Мынакей, сен эми аны кыргыз кыласың”, – деди Исхак аке. “Оо, мен жанагы Муратбек Рыскулов менен Даркүл Күйүкованын колуна салам, эртең эле кыргызча сайрап калат”, – деп күлдү.

Ошо менен спектакль коём, өзүм ойнойм. Түшүнбөй калган жеримди чечмелеп айтып беришет. “Уядан учкандар” деген студенттер жөнүндө спектаклди коёсуң дешти. Койдум. Эл аябай жакшы кабыл алды. Исхак аке да келди. “Азамат, мен ушуну күткөм”, – деди. Аңгыча Райхан Шүкүрбеков артыман ээрчип алды. “Курорттогу окуя” деген комедиям бар, сен гана коё аласың”, – деп. Аны да койдум. Исхак аке келип, балконго отурганда спектакль башталды. Эл күлуп, “кыйрап” калды. Исхак аке да көзүнөн жаш чыккыча күлүп отурду. Бүткөндө эл туруп алып кол чапты. Исхак аке ордунан туруп келип: “Ой, сен кыйын экенсиң! Сен эми накта кыргыз болдуң” – деп колумду кармап, жылмайып турду....

Комментарий калтырыңыз