Салижан Жигитов: Чыңгыз кантип чыгып калды?

  • 26.08.2020
  • 3921

Чыңгыз Айтматовдун сүрөткердик жөн-жайы, адабий табыштары туурасында кандайдыр бир жаңы сөз айтып ийиш кыйын.

Анын калеминен жаралган орошон образдар, идеялар, көркөм көрүнүштөр, сюжеттик мотивдер, айрым сөз түрмөктөрү менменсинген философтор, социологдор, тарыхчылар, психологдор, дагы башка ойчулдар тарабынан арбын цитаталанат, анализденет, далил катары келтирилет. Айтор, Чыңгыздын чыгармачылыгы сыртка ачык койгон сыр аяктагы бал сыңары акыл-эс эмгегинин аарыларын (албетте, алар менен катар адабият илиминин чымын-чиркейлерин да) жабалактатып өзүнө тартып келет...

*      *      *

Тарыхый тажрыйбанын жарыгына салып караганда, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөгө дүң түшүргөн чыгармачылыгы өз маалынан эрте жаралган, атүгүл табият-тарых мыйзам ченемдерине каршы туулган бир табышмактуу кубулуш сыягында көрүнүшү мүмкүн. Мындай көрүнгөндүн бир себеби: “Айтматов феномени” бар болгону жарым кылым чамалуу жазма тарыхы бар адабиятта жарк этип жанбадыбы.

*      *      *

Талашсыз акыйкат ушул: дүйнөлүк көркөм адабият асманында чолпон жылдыздай жаркырап жанып, жалпы адам баласына таанымал болгону үчүн Чыңгыз Айтматов эң оболу керт башынын өзгөчө бүткөнүнө, тубаса акыл-эсине, жекече сүрөткерлик жөндөмүнө милдеткер. Ал ата-энесинен бадырайган тунук акыл, дирилдектей сезимтал жан, жагалмайдай учкул кыял менен жаралыптыр. Аны табият келбет-бой, саламатчылык, ноюбастык жагынан да таарынтпаптыр. Бабаларынын кан-жаны аркылуу узак кылымдар аралап өткөн кишилик гендер ага келгенде бөтөнчө бир мыкты шайкешке түшүп, жалбырт деп өзгөчө жанып, чоколок таш сыңары чулу таризде атып чыгыптыр.

*      *      *

Биздин айтылуу калемгерлердин сүрөткердик дээри улуттук рухий дөөлөттөрдөн да азыктанды. Элибиздин тил байлыгы, оозеки чыгармалары, адептик нормалары анын кан-жанына эне сүтү менен кошо сиңди, анын көркөм ойломунун өзөгүнө сорулду. Бирок жалаң гана эне тилинин алкагында жаратмандык иш-аракет жасаса, бир гана өз калкынын акыл-эс казынасына, ой-сезим тажрыйбасына, моралдык өрнөктөрүнө таянса, Чыңгыз Айтматов азыркыдай бийикке көкөлөй алмак эмес.

*      *      *

Болочок жазуучу балапан чагын шаар чөйрөсүндө бейгам өткөрдү. Анан капыстан тагдыр соккусун жеп, бөөдө кайгыга малынды. Атасы сталинизм зомбулугунан гүлгүн жаш маалында күнөөсүз жайрап калды. Бала Чыңгыз “эл душманынын” бүлөсүнө, совет коомунун өгөй перзентине айланды. Жашабай жатып коркуу абасынан дем алып, корсунуу мектебинен өттү. Тирүүлүктүн ачуу даамын эртелеп татты. Турмуштун жылаңач өзөгүн өз маалынан эртелеп көрдү. Эртелеп санаачыл болду.

*      *      *

Ошондо ал нака турмуштун ачуу-таттуу таасирлерин кан-жанына сиңирип, түркүн тагдырлар менен окуялардын элестерин көңүлүнө чөгөрүп, жасалмасыз жашоо акыйкаттарын көкүрөгүнө жат кылып, келечектеги адабий чыгармачылыгы үчүн өзүнчө бир гүлазык жыйнай берген эле.

*      *      *

Арийне, жер үстүнөн жакшы жашап өтүү качан болбосун өтө кыйын иш. Бирок Александр Твардовскийдин бир айтканы бар: “Өз өмүрүн баяндап жазып берүү ошол өмүрдү сүргөндөн оңой болбойт”. Ал эми калдайган калк өмүрүнүн эбегейсиз чоң акыйкатын көркөм сөз менен ташка тамга баскандай айтуу, айтканда да өз заманынын көкөлөгөн көркөм жетиштиктеринин даражасына барабар айтуу, андан да ошол акыйкат кагаз бетине көчкөндө деле нукура акыйкат бойдон калгыдай кылып айтуу оңбогондой оор жумуш.

*      *      *

Айтор, тынымсыз ой азабынан тартканы, сөз менен алышканы, кызылдай мээнетке башы байланганы Чыңгыз Айтматовду мактоолордон баш чайкап туруп калганга кириптер кылган жок.

*      *      *

Албетте, төгөрөктүн төрт бурчун чарк уруп жүргөнү, башка эл-журттардын жашоо ыңгайын көп жолу көргөнү, адамзаттын чыгаан акылмандары менен баарлашканы да Чыңгыз Төрөкул уулунун рухий жактан өсүп турушуна аралжы болду.

*      *      *

Советтик көркөм маданиятын кендирин кесип келген бийлик ээлеринин казабына калбас үчүн алардын табитине ылайыктап “Эрте келген турналар”, “Деңиз бойлоп жорткон ала дөбөт” деген өңдүү соцриализм духундагы баяндарын жазды, бирок боор этинен сууруп алган чыгармаларында (“Ак кеме”, “Кылым карытаар бир күн”, “Кыямат”) өзгөчө баатыр ойлонгон сүрөткер, нукура демократия менен жаңыча гуманизмдин жарчысы. прогрессчил идеялар менен көзкараштардын тарапкери катары кала берди. Адабий чыгармачылыгынын орчундуу учурларында ал өз мезгилинин өтө тар идеологиялык талаптары менен компромисске эч барган жок...

1988-жыл. 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз