Шайлоо жана шайлоочулар жөнүндө даанышман ойлор

  • 03.09.2020
  • 3912

Адамдар кылымдар бою өз эркиндиги жана шайлоо укуктары үчүн күрөшүп келет. Алар өз үндөрүн бийликтегилерге жеткизиш үчүн ыңкылаптарды, төңкөрүштөрдү жасашкан, кан төгүп, ар кандай зордук-зомбулуктарга чыдашкан. Көптөгөн акылдуу баштар өзүлөрүнө татыктуу бийлик ээсин шайлап алуу – элдин бирден-бир айныксыз укугу деп билишкен жана ар бир добуш окуялардын жүрүшүн өзгөртүүгө жөндөмдүү деп эсептешкен. Анда эмесе алардын айткан ойлоруна кайрылып көрөлү.

*     *     *

Добуш берүү жөндөмдүүлүгү гана атуулдун квалификациясын көргөзөт.
Иммануил Кант, немис философу

Жалпы шайлоо укугу жакшы тандоого кепил боло алат дегендер жаңылышат. Жалпы шайлоо укугунун көп артыкчылыктары бар, бирок эч качан бул нерсе эмес.
Алексис Токвиль, француз тарыхчысы жана саясатчы

Шайлоо бюллетени октон да күчтүү.
Авраам Линкольн, АКШнын 16-президенти

Өзүнө өкмөттү өлкөдө болуп жаткан окуялардан дайыма кабардар болгон эл гана шайлоого укуктуу.
Томас Жефферсон, АКШнын 3-президенти

Жалпы элдик добуш берүүнүн караңгы жактары болгонуна карабай, бул акыл-эс менен башкаруунун жападан жалгыз ыкмасы, анткени ал одоно күчтөрдү басып турган күч болуп саналат.
Виктор Гюго
Жыл сайын шайлоолор болбогон жерде, кулчулук башталат.
Жон Адамс, АКШнын 2-президенти

Эркиндик, демократия, таза шайлоолор, эркин пресса, көз карандысыз сот өкүм сүргөн бардык жерде адамдар материалдык жактан жакшы жашайт. Алар өз келечектерине ишенимдүү карашат, аларда стресс аз, психикалык оорулар жокко эсе. Бийлик коомго көз каранды. Ошондуктан ал жерде аз уурдап, параны аз алышат, калпты аз айтышып, аз ичип, аз сайынышат, жол кырсыктары азайып, мас болуп алып бири-бирин өлтүргөндөр аз болот, соттор акыйкат болушат, жолдор жакшы болуп, үй-жайсыз жетимдер менен кароосуз жолбун иттер жок болот.
Владимир Войнович, жазуучу

Эл добуштарын бергенде добуш берүү сөзсүз ачык-айкын өтүшү зарыл, мына ушул учурда демократиянын негизги мыйзамдарынын бирин көрүшүбүз керек.
Шарль де Монтескье, француз жазуучусу, философ 

Иши оңолбогондорго, ууруларга, алдамчы, журт бузарларга добушун берген адам алардын курмандыгы эмес, алардын шериги.
Жордж Оруэлл, жазуучу

Бир адам – бир добуш. Бул биздин келечегибиздин ачкычы.
Нельсон Мандела

Мен дайыма баардык шайлоолорго катышам, анткени добуш бербеген адам, жашоо начар деп арызданууга акысы жок экенин даана билем.
Арета Франклин, америкалык жазуучу

Бөлүп-жарып бийлик жүргүзүү – акылман эреже, бирок бириктирип, жолго салуу – андан да жакшы.
Иоганн Вольфганг Гёте

Тозоктун эң эле кайнаган жери, улуу моралдык кризистин убагында унчукпай бекинип олтургандар үчүн даярдалган.
Данте Алигьери

Демократия шартында бир шайлоочунун караңгылыгы, калгандарына зыян алып келиши мүмкүн.
Жон Фицжеральд Кеннеди, АКШнын 35-президенти

Добуш берүү окуялардын өнүгүшүн аныктабайт. Добуш берүү окуялардын өнүгүшүн ким аныктарын чечет.
Жордж Уилл, Пулитцер сыйлыгынын лауреаты

Менин өлкөмдүн адамдары учурдагы иштеп жаткан конституцияга ылайык жашыруун добуш берүү менен шайлоого катышууга укуктуу жана алардын өздөрү жашаган өлкөдө башкаруунун формаларын тандап же өзгөртүүгө мүмкүнчүлүктөрү болуш керек.
Уинстон Черчилль, Великобританиянын премьер-министри

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз