Атак-даңк жөнүндө уламыш

  • 03.09.2020
  • 3908

Акылманга келди бир күн жаш жигит
Кебин айтат, муңайыңкы, аз күлүп:

– Айтты элеңиз, бир күндөрү сурасам:
“Атак келет жакшы бир иш жасасаң.”

Көп жыл болду ак жолуна түшкөнүм,
Жакшы иштерди таппай калсам, издедим.

Ошентсем да, атак-даңктын изи жок,
Белгисизмин, элдин менде иши жок!

Анда акылман жооп берет жигитке:
– Анда угуп тур, кемчилигиң бул иште:

Доомат кылба, кылган жакшы ишиңе,
Күтпө, издебе, атак келет өзү эле!

Тыянак: Бирөөгө жакшылык кылсаң, кылган жакшылыңды чын дилден жаса. Кенедей жакшылык кылып коюп, өмүр бою унутпай, кылган жакшылыгымды билбедиң деп доомат артпа.

Атак-даңк, ийгилик башкаларга кылган жакшылыгын чын ниети менен кылып, алардан акысын күтпөгөн адамдарга келет.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз